Могерини жардам берет

20:24, 9 Июля 2019

2019-жылдын 6-июлунда Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Федерика Могерини менен эки тараптуу жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну парафирлөө болуп өттү. Документти даярдоону тараптар 2017-жылдын декабрь айынан бери жүргүзүп келаткан.

Жаңы Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташтыкты комплекстүү өнүктүрүүнү түзүүнү эске алуу  менен Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңыртылган укуктук негизин түзөт.

Мындан тышкары, 2019-2021-жылдарга 35,76 млн.евро суммасына билим берүү программасы боюнча Финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул КР үчүн ЕСтин Көп жылдык индикативдик программасынын алкагында Европа Союзунун бюджеттик колдоосу болуп саналат. ЕСтин бул жардамы билим берүү секторунда түзүмдүк реформаларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн колдоого багытталган.

Ушул жылдын май айында Европарламентке өткөн шайлоону эске алып, КР менен ЕСтин мындан аркы парламенттер аралык кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Кийинки жылы КР үчүн ЕСтин колдонуудагы Көп жылдык индикативдүү программасынын аякташын эске алып, тараптар 2021-2027-жылдарга жаңы Көп жылдык индикативдүү программаны иштеп чыгуу боюнча мындан аркы ишти талкуулашты. Ушул жылдын күзүндө ЕС менен тиешелүү консультациялардын башталышы пландалууда. Европа Союзунун КРдагы шайлоо системасын, сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, билим берүү, санариптештирүү, суу ресурстарын  интегрирленген башкарууну колдоо боюнча программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ушул жылдын 17-июнунда ЕС тарабынан жактырылган Борбор Азия боюнча ЕСтин жаңы Стратегиясы боюнча пикир алмашылды. Жаңы Стратегия Европа Союзунун Борбор Азия менен кыйла бекем өнөктөштүгүнүн жаңы көз карашын билдирет жана 2007-жылы түзүлгөн регион менен өз ара аракеттенүү стратегиясын жаңылайт.

Министр Ч.Айдарбеков менен Европа Союзунун Жогорку өкүлү Ф.Могерини Борбор Азиядагы уран калдыктары сакталган жерлердин көйгөйүн чечүү боюнча ЕС менен биргелешкен ишти кубатташты жана бул жаатта мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Ошондой эле ушул жылдын 6-июлунда Министр Ч.Айдарбеков менен Европа Союзунун Жогорку өкүлү Ф.Могерини 2019-жылдын 5-6-июлунда Бишкек шаарында өткөн ЕС-БА Форумунун жабылышында чыгып сөз сүйлөштү.

2019-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында Европа Союзу – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын 15-Жолугушуусу өтөт. Бул Жолугушуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков менен ЕСтин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Ф.Могеринин төрагалыгы астында жана БАнын башка өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өтөт. Министрлик жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия боюнча ЕСтин жаңы Стратегиясы презентацияланат жана анын мындан ары ишке ашырылуусунун негизги багыттары талкууланат. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине