КСДП: Коомчулукка А.Ш. Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө таңууланып жатканы жана кылмыштуулукту куугунтуктоодо күч түзүмдөрүнүн ылгоочулук мамилелери байкалууда

14:39, 23 Мая 2018

«Акыркы айларда биз коомчулукка Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө таңууланып жатканын, ошондой эле айрым кылмыш иштерин тергөөдө күч түзүмдөрүнүн ылгоочулук мамилелерин байкап жатабыз», - деп билдирди ЖМКнын Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду суракка алуу жөнүндөгү кабарларына түшүндүрмө берип жатып КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаттары өз сөздөрүндө 2018-жылдын 10 жана 16-майында Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кыйроонун себептери жөнүндөгү маселени кароо “сот процессин” эске салганын моюнга алышкан. Депутаттар өзүлөрү билдиргендей, кабыл алынган токтом айыптоочу тыянактарды камтыйт. 

Ошондой эле Жогорку Кеңештин токтому Бишкек ЖЭБдеги 2018-жылдын январында болгон кыйроого түздөн түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө пункттарды камтыбаганы таң калыштуу. Мунун ордуна парламент маселенин экинчи бөлүгүнө, тактап айтканда, адистердин пикиринде Бишкек шаарынын жылытуу системасын оңдолгус кыйроодон сактап калган ЖЭБди модернизациялоонун демилгечилерин айыптоого көңүл бурган.

Биз эл аралык аудит келишимин кошкондо, Бишкек ЖЭБди модернизациялоону жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтерди жана мүмкүн болгон тартип бузууларды тыкан териштирүү зарылдыгын четке какпайбыз, бирок адегенде ЖЭБдеги кыйроого түздөн түз күнөөкөр болгон адамдарга карата чара көрүлүүгө тийиш деп эсептейбиз. Кеп участканын мастерлери жана цехтердин начальниктери эмес, ЖЭБдин директорунун рангасындагы жана андан жогорку жетекчилер туурасында жүрүп жатат. 

УКМКнын АККнын мындай ылгоочулугу коррупция менен күрөшүү идеясынын өзүнүн беделин кетирет деп эсептейбиз. 

КСДПнын басма сөз кызматы

 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине