Ош шаардык кеӊешинин депутаты Абдывахап Нурбаев: “Кыргызстан региондо интеллектуалдык борбор боло алат”

15:04, 26 Июня 2015

Абдывахап Нурбаев Ош шаардык кеңешинин депутаты, Ош жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, курулуш компаниясынын жетекчиси, меценат.

Туулган жылы – 1970 жыл, 22-март

Кичи мекени – Ош шаары, Гүлбаар-Төлөйкөн айылы

Кеңеш айылында орто мектепте аяктап,  Ош курулуш техникумуна тапшырып, ошондон бери курулуш тармагында иштейт. Эмгек жолун катардагы курулушчудан баштаган.

Кийин ОшТУнун инженер-курулуш факультетин, ОшМУнун юридика факультетин аяктаган.

1989-1991-жылы аскерде кызмат өтөгөн.

Үй-бүлөлүү, жубайы экөө бир кыз, төрт баланы тарбиялап жатат.

- Абдывахап мырза, сиз ишкерликтин сырын жакшы билесиз. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргени тууралуу эмне айтаар элеӊиз?

- Бул маселе көптөн бери коомчулукта талаш-тартыштарды, айрым учурларда тынчсыздандырууларды жаратып келип, акыры турмушка ашты. Албетте, Кыргыз Өкмөтү ЕАЭБге кирүү жагын ар тараптан талдоого алып, анан аягында чечим кабыл алды го деп ойлойм. Эми Бажы союзунун пайдалуу жактарын алышыбыз кажет. Оболу биз үчүн 170 млн калкы бар өлкөлөрдүн рыногу ачылды. Ири алды өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүлдү деп ойлойм. Эгер республикадагы калктын 70%ы элет жеринде жашаганын жана чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын дээрлик 90%ы да элеттиктер экенин эске алсак, бул элет жергесин көтөрүү үчүн мигранттардын Кыргызстанга кайра кайтышына мүмкүнчүлүктөрдү ачат. ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен биргелешкен ишканаларды ачсак, чет жактан өндүрүлүп, бизге келген товарларды Кыргызстанда өндүрүп сатканга жетишсек, өлкөдө жүздөгөн кошумча жумуш орундары ачылып, өлкө бюджетине миллиондогон салык түшөр эле.

-Мамлекет өнүгүшүнүн көрсөткүчү жана кыймылдаткыч күчү кандай болууга тийиш?

- Мамлекет өнүгүшүнүн көрсөткүчү бул элдин жашоо деңгээли. Ал үчүн: өлкө калкынын санына мамлекеттеги ресурстардын бөлүштүрүлүшү жана көлөмүнүн дал келиши; калктын өндүрүштүк жана техникалык даярдыгынын жогору болушу; элибиздин кесиптик жана билим деңгээлинин жогору болушу; жумушчу күчтүн маданияты, тартиби жана ишке болгон ынтаасы өтө маанилүү. Булар турмушка ашмайынча жашообуздун жогорку деңгээлге чыгуусу мүмкүн эмес. Экономикабыз туруктуу өнүгүүгө бет алганда гана негизги күч тууралуу сөз кылганыбыз туура болот деп ойлойм.

- Биз сыяктуу жерден боорун көтөрүп келаткан өлкөлөр тышкы инвестициянын көзүн карайт. Канткенде Кыргызстанга инвесторлорду тарта алабыз? Анткени бизде чиновниктердин төмөнкү жана орто звеносунда бюрократиялык көз караштар жоюлбай жатпайбы?

- Инвестиция келиши же келбеши объективдүү жана субъективдүү жагдайларга байланыштуу. Жеке пикиримде инвестиция тартуу үчүн: жеке менчикке кол тийбестигин камсыз кылуу; инвесторлорду коргоого мамлекеттин кепилдиги; мамлекетке же коомго зыян келбесе, ишкерликтин жолун тушаган мыйзамдарды жокко чыгаруу зарыл. Себеп дегенде инвестор деген жарандарды жумуш менен камсыз кылуучу, мамлекет бюджетине көптөгөн салык төлөөчү жана жергиликтүү тейлөө кызматтарынан пайдалануу менен башкаларга да киреше алып келүүчү киреше булагы. Өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн эң эле натыйжалуу жолу ушул. Сингапур сыяктуу алдыңкы өлкөлөр өткөн кылымдын 80-жылдарында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн көп мыйзамдарын өзгөртүүгө барган. Натыйжада экономикасы өтө өнүккөн өлкө болуп чыга келди.

- Кыргызстанда келечекте кайсы тармактын өнүгүү мүмкүнчүлүгү чоӊ?

- Кыргызстан - Борбор Азиянын интеллектуалдык жана маданий борбору болушуна толук мүмкүнчүлүгү бар. Жакында эле Жапониянын экономика министрлигинин отчетунда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнөн эркин экономикага басым жасаган, ыңгайлуу экономикалык шарты бар мамлекет деп көрсөтүлдү. Бул жакшы саамалык десек болот.

Биз жеке менчик мектептердин, окуу жайлардын, ооруканалардын жана эс алуучу жайлардын санын көбөйтүүгө шарт түзсөк, алардын ортосунда атаандаштык пайда болот да, кызмат көрсөтүү жана тейлөө деңгээли өсөт. Натыйжада коңшу өлкөлөрдөн бизге келип билим алгандар, дарылангандар жана эс алгандар арбыйт.

- Акыркы жылдары курулуш дүркүрөп өнүгүүдө. Бирок курулуштун сапаты кандай, заманбап технология колдонулуп жатабы деген суроо дайыма туулат.

- Ооба, курулуш тармагы аябай өстү. Учурда өлкөдө 300дөн ашуун ар түрдүү профилдеги курулуш ишканалары бар. Бул тармак тез арада өнүгүп жатканы менен анын ички процедураларын жөнгө салуу эрежелери мезгилден артта калды. Алсак, ар кандай курулуштун баштоочусу жана негизги катышуучусу  – инвестор. Чет элдик, же жергиликтүү инвестор болобу, ага натыйжага алып баруучу жолдун ачык-айкын, түшүнүктүү картасы керек. Башкача айтканда, бир объектти баштан аяк толук бүтүргөнгө чейин колдонулуучу жаңы технологияларды жана курулушка катышуучулардын укуктарын эске алган баарына бирдей инструкция жок. Күнүмдүк маселелер тааныш-билиштин же паранын күчү менен чечилип жатат. Себеби, укуктук актыларды анализдеп көрсөк, курулуштун ар бир этабында коррупциялык схемаларга жол салынган. Мамлекеттик органдар жалаң гана тыюу салуучу тарап сыяктуу. Мыйзамда инвестордун укугун коргоп, анын таламын талашкан актылар жокко эсе. Ошондуктан бардык курулуш тармагынын суроолоруна жооп камтыган жана системалаштырылган бирдиктүү курулуш кодексин кабыл алуу керек.

Экинчиден, курулуш нормалары эскирген. Күн өткөн сайын жаңы курулуш материалдары жана технологиялары табылып, ишке салынууда. Бирок алардын кайсынысы биздин жергиликтүү шарттарга ылайык экендигин изилдеп, аныктап берген документ жок. Биздин инженерлер кээ бир татаал конструкцияларда дале союз мезгилиндеги документтерди негиз кылып келишет. Бүгүнкү интеграция учурунда ЕАЭБге ылайыкташкан еврокодду кабыл алсак курулуш адистеринин иши жеңилдейт эле. Анткени баары бирдей техникалык терминдер жана нормалар тилине өтүшөт.

Үчүнчүдөн, шаар пландоо долбоорунун жоктугу. Мисалы, баш калаабыз 2006-жылга чейин башкы планы жана так өнүгүү концепциясы жок болгондуктан, шаар чеги башаламан болуп кетти. Ош шаарынын башкы планы жакынкы жылдары гана талкууга алына баштады. Каттоо жана кадастр департаментине баш ийген шаар ичиндеги көптөгөн жер тилкелеринин “дайын-дарегин” өзгөртүү маселесинде көптөгөн суроолор туулат. Территориялык пландоодо, инженердик байланыштарын долбоорлоодо жана эл жыш жайгашкан жерлерге жараша шаар схемасын түзүүдө кеминде 50 жылдык божомол менен башкы пландын болушу шарт.

Курулушка уруксат берүүчү органга ким уруксат берди деген маселе да бар. Кыргыз Республикасынын лицензия жана уруксат боюнча мыйзамында (8-пункт, 1-бөлүм, 5-статья) курулушка уруксат берүү укугу жокко чыккан. Ага карабай мамлекеттик органдар учурда да уруксат берет. Кээде уруксат бергенден кийин анысын кайтарып алып, компанияны чоң финансылык зыяндарга учуратат. Мыйзам боюнча, имараттын долбоорун мамлекеттик экспертиза текшерип берген аныктамасы менен куруу иштерин баштоого уруксат берүү керек.

- 2007-жылы айылдаштарыңыз “эгер депутат болуп калсаң, айылга мектеп куруп бересиң” деп өтүнүшкөндө, сиз “эгер бюджеттен акча бөлдүрүп курдура албасам, анда өз каражатым менен куруп берем” деген элеңиз. Дайыма мектеп, бала бакча маселесин көтөрүп, күйүп-бышып жүргөнүңүздүн сыры эмнеде? Жеке салымыңыз катары 8 жарым миллион сом каражат кошту деп айтышты эле, ал чынбы?

- Ооба, 2007-жылы эл алдында убада бергем. Кыргызда ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт дейт го, анын сыңарындай балдардын ырыскысы бар экен, мамбюджеттен акча бөлүнүп, мектеп курулду. Андан кийин да дагы бир айылга башталгыч класстар үчүн мектеп салынды.

Ал эми бала бакча маселеси тууралуу айтсам, Кыргызстандагы башаламан менчиктештирүүнүн кесепетинен улам ондогон балдар бакча имараттары жеке менчикке өтүп кетип, айрымдары мамлекеттик органдардын отурган кеңсесине айланып, дээрлик эки муун бала бакчада тарбиялануу бактысынан оолак калды.

Азыр мурдагы бала бакча имараттарын мыйзам чегинде кайтарып алуу жана жаңы бала бакчаларын куруу жолу гана бар. Ошондой эле жаңыдан ишке берилүүчү менчик балдар бакчаларын документтештирүүдө айрым чиновниктердин төрөпейилдигин, паракорлугун жоюу керек. Муну менен катар коммуналдык төлөмдөрдөн жана салыктардан жеңилдиктерди берүү абзел.

Ош шаарында 2 жаштан 7 жашка чейинки балдардын саны 39 миңди түзөт. Булардын ичинде шаарда каттоосу жок, бирок туруктуу жашагандары да бар. Бала бакчага болгон муктаждыкты жоюу максатында быйылкы жылга Ош шаарында бардыгы болуп 4 бала бакчасын куруу пландаштырылган. Азыр долбоорлоо-сметалык документтери даярдалып тендердин негизинде куруучу ишканалар тандалып алынып, курулуш иштери башталды. Алардын бири Жапалак аймактык башкармалыгына караштуу Гүлбаар-Төлөйкөн айылындагы балдар бакчасы. Бул мекеменин курулушунун учурда экинчи кабаты аягына чыкты. Чатырын жапсак, анан актоо-сырдоолорун колго алабыз. Ал эми жеке каржылоолорум тууралуу колко кылып айтпай эле койгонум дурус. Элибиз өзү күбө.  

- Кесибиңиз куруучу, жолдорубуз оңолуп келаткансыйт...

- Жолдуу адам жол курат. Биз тарапта Тээке-Төлөйкөн жолу эң чоң көйгөйлөрдүн бири болчу. Жамгыр жааганда баткак болуп, катуу кыйналышат эле. Улуу-кичүүнүн жайында чаң, кышында ылай кечиши зээнди кейитет. Биз бул маселени тынымсыз көтөрө берип, шаардын бюджетине киргизүүгө жетиштик. Натыйжада Тээке-Төлөйкөн авто жолунун 1,3 чакырымына асфальт төшөлдү. Долбоор Ош шаардык мэриясы тарабынан каржыланып, кеткен каражат 6 млн. сомду түздү. жол Жол салуу абдан кымбат иш, бирок “Кыбыраган кыр ашат” демекчи, улам жылып жүрүп отурсаң, билинбей жол салынып калат. Ошондо элден алкыш алганда ишке салымың бар экенине ичиңен сыймыктанып каласың.

- Ош шаарынын депутаты катары кайсы маселелерди чече алдыңыз?

- Эми жеке өзүм киришип чечкен маселелер көп эле. Бирок, өзүм ыраазы болгон иштерге токтоло кетейин. Ош шаарынын айланасындагы Керме-Тоо, Төлөйкөн жана Тээке айылдарында 6-7 миңдин тегерегинде адам жашайт. Калк жыш, таза суу тартыш болчу.  Суу түтүктөрүнө Союз мезгилинен бери көңүл бурулбай калган. Биздин талап аркылуу шаардык мэрияс түтүктөрдү тазалап жаңыртып, крандарды кароого каражат болдү. Эми бул башталышы гана. Албетте бардык маселе келип акча каражатына такалат. Бирок каражатты үнөмдөө, туура бөлүштүрүү аркылуу көп иштерди аткарсак болот.

Ош шаарынын 2015-жылга бюджетин кабыл алууда кыймылсыз мүлккө салыкты көбөйтүү сунушун берген элем. 2014-жылы кыймылсыз мүлктөн түшүүчү салыкка 58 млн сом план коюлган. 2015-2016 жылга да ошол эле планды коюу деген Ош шаарында эч кандай жаңы курулуш пайда болбойт дегендик да. А шаарда тынбай жүрүп жаткан курулуштарды кайда катабыз? Ошентип, менин сунушум жана депутаттарынын колдоосу менен кыймылсыз мүлккө салыкты 2 млн сомго ашыкча аткаруу тууралуу токтом чыгардык. Ошондой эле транспорт каражаттарынан түшкөн салык да эскиче көргөзүлгөн. Анда Ошко эч ким 2-3 жылда транспорт алып кирбейби? Талаш-тартыштардан соң, башка да булактарды да таап бюджетке 10 млн сомдой ашыкча акча каражатынын түшүүсүнө мүмкүнчүлүк бар экенин көргөздүк. Эгер пландагандай бул каражат түшсө бир катар көчөлөрдү оңдоп алабыз.

Сабырбек Дуйшенбеков

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине