Эльвира Сариева: кызмат, «жакырчылык маданияты», үй бүлө тууралуу

15:46, 15 Сентября 2014

Эльвира Сариеванын социалдык блок боюнча вице-премьер министр кызматына дайындалышы коомчулукта кызуу реакцияны жаратты. Жаш кыз, мамлекеттик кызматта бир да күн иштеген эмес, эч бир саясий акцияларда байкалган эмес, турган турпаты менен да, жүрүм туруму менен да мамлекеттик чиновниктерден айырмаланып турат. Мурдагы иштеген жери – «КРТК»нын Байкоочу Кеңешинин төрайымы, жөнөкөй элдерге эч нерсе туурасында түшүнүк берген жок. Бул бир канча ушактарды, шек саноолорду жаратты. Биз, айрым маселелерди тактап, анын менен чогуу кыргыз мамлекеттик бийлигинин жаңы жүзүн көргөзүүнү чечтик.

- Эльвира, жөнөкөй адамдарга түшүндүрүп бериңизчи, социалдык маселелер боюнча вице-премьер министр кызматы эмне болгон кызмат? Кызматы кандай, эмне маселелерге жооп бересиз?

- Вице-премьер-министр– профилдик министрлер менен бирдикте аныкталган блок үчүн жооп берген өкмөт башчысынын орун басары. Вице стратегиялык багыттарды берет, социалдыксектордогу артыкчылыктарды аныктайт. Салттуу түрдө бул кызматты аялдар ээлеп келишкен, аны көп убакта этибарга алышпайт, анткен менен ал саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданияттан миграцияга, спортко, социалдык коргоого чейин камтыган абдан кеңири блок.

- Бир сөз менен айтканда тиричилик…

- Бул аймакты татаал жана кайтарымсыз деп эсептешет, бирок, булл мамлекеттин чыныгы турмушу – балдар, чоңдор, улгайгандар жана жаштар. Маселе саламаттыкты сактоо, билим берүү же пенсияга келип такалганда, адам- аскер кызматчысыбы же дыйканбы, айырмасы жок. Биз бардыгына социалдык эсептөөлөрдү жүргүзөбүз, акыйкат пенсияга ишенебиз, баланы бала бакчага беребиз, бейтапканадагы сапаттуу тейлөөнү күтөбүз. Бул тармактардын ар бириндеги тутум татаал багыныңкы, көп жагынан мамлекеттин жашоочулары, ар бирибиздин жашообузга таасир эткен негизги чечимдер кимден жана кантип кабыл алынаарын билишпейт. Ошондуктан, менин көз карашымда,алгач иштин ачык тутумун киргизүү керек: мектептерди каржылоо жана алардын көйгөйлөрү туурасында маалымат берүү, балдар үчү жана жатак мектептер туурасында маалымат берүү.

- Менде Кыргызстан социалдык жактан эң алсыз, корголбогон мамлекет катары сезим боло берет. Ушундайбы?

- Дагы көбүндө каржылоонун жетишсиздиги бар, бирок бюджеттин жарымы социалдык секторго кетет. Бул сезим эки себептен улам келип чыгат, биринчиден, социалдык сектор тутуму жабык, экинчиден, биз мамлекеттик тейлөөнүн сапаты менен мактана албайбыз. Социалдык сектор туурасында талкуулоо, жалпысынан айыкатсыздык болуп калмак жана кесипкөйлүккө жатпайт. Ар бир блок өзүнчө ыкманы талап кылат.

КР Конституциясында жазылгандай, социалдык мамлекетти жарыялап жатып, жардамга муктаж болуп жаткан жарандардын колдоо жана өнүктүрүүнүн ордуна, алардын арасында бакма экендигин таңуулаган маани түзөбүз, же муну менен дени сак, бирок иштегиси келбеген адамдар үчүн гана мүмкүнчүлүктү кеңейтебиз. Башка жагынан, айрым жакыр үй бүлөлөрдүн балдарына келечек үчүн жетишээрлик мүмкүнчүлүк түзүлбөйт. Жакыр үй бүлөдө төрөлүп, курсактары тойбой, бул балдар, эгер кырдаалды өзгөртпөсө, билим да албай калышы мүмкүн. Бир адам өмүр бою мугалим болуп иштеп, натыйжада 5000 сом пенсия алып калышы ыктымал. Бул учурда, башкасы, сотболуп жүрүп, мүмкүн болгон жана болбогон жыргалдын баарын көрүп жатып, силердин түшүңөргө да кирбеген пенсияны алат.

- Бул тутумду канткенде акыйкат кыла алабыз?

- Бардык маселени дароо чечүүгө мүмкүн эмес, анны үстүнө кыска мөөнөттө. Тутумду ачык кылууга болот – «билиши үчүн», андан кийин ресурстарды админстрациялоону жана мамлекет тарабынан көргөзүлгөн тейлөөнүн сапатын жакшыртса болот. Мээден мамлекеттин чоң сүрөтүн түшүрбөө керек, бул көрүнүш бийликке тиешеси барлардын бардыгы үчүн бирдей болушу керек.

Миграция маселесин мамлекеттин экономикасын өзгөртпөй туруп, чечүүгө болбойт.Билим берүү тутуму- эмгектин рыногунан, буга ылайык, экономикадан көз каранды. Жада калса социалдык кепилдиктер дагы МЧЖ (Мүмкүнүчүлүгү чектелген жарандар) үчүн эмгек рыногун түзүүгө мүмкүн болгон башка жолду талап кылууда. Иштегиси келген адам иштеп, өзүнө болгон мамилени өзгөртүү мүмкүндүгүн алышы керек.

 

 -Күн сайын барып, чоочун көйгөйлөргө сүңгүп кирүүгө эмне үмүт берет?

- Бул чөйрөдө бир нерсени өзгөртүү каалоосу. Мен бир нерсени так биллем – көйгөйлөрдү өз өзүнчө бөлүп кароого болбойт. Миграция маселеси өлкөнүн ичиндеги эмгек рыногу жана билим берүү тутумунун курчреформалоого муктаждыгы менен байланыштуу. Мамлекеттин биримдигине маалыматтык жана маданий саясат аркылуу жетет. Саламаттыкты сактоо туурасында айтып жатканда, айыккан оорулуулардын керебетин эмес, спорттун статусун жана дени сак жашоо образын көтөрүү керек.

- Бул дени сак идеяны мамлекеттик чиновниктин оозунан биринчи жолу угуп жатам. Кененирээк уксак болобу?

- Мамлекеттин калкынын өлүмүнүн негизги себеби – кан айлануу тутумунун оорусу болуп калууда – 51%. Көйгөйдү, аларды дарылоо жана дарыларды колдонуу аркылуу эмес, калктын жашоо образын өзгөртүү аркылуу чечүү керек. Мисалга, өзүңөр билесиңер, калктын ден соолугу медицинадан жарым жартылай гана көз каранды, көп жагынан дени сак жашоо образы,тамактануу жана спорт аркылуу дени сак улут калыптанат. . Бул узак жана татаал жол, баарыбызга жумшак жана акылсыз сезилиши мүмкүн, анткени баарыбыз көнүгүү жасагандын ордуна, ооруканага чуркаганды жакшы көрөбүз. Бирок, бири экинчисине жолтоо болбойт. Медициналык сектор, албетте, реформага муктаж, жок дегенде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу керек. Ошол эле убакта, дени сак калкты да калыптандыруу керек – келечектин күрөөсү ушул! Жашоо образы жана негизги баалуулуктар бала бакчадан жана мектептен түптөлөт. Биздин ким болуп кайда иштегенибизден көз карандысыз, жаштарга үлгү болушубуз керек. Мамлекеттин келечегине кошкон салымыбыз мына ушул болмокчу.

- Элдин өзүнүн ден соолугуна болгон сасмлесин мамлекеттик деңгээлде кантип өзгөртсөк болот?

- Социалдык сектор тутуму, документтер айлап такталуучу кабыл алынган чечимдер тутуму, министрликтердин түйүнү, жердешчилик жана күчтүү саясий кийлигишүү министрликтерге негизги ишине көп көңүл бурбай калуусуна шарт түзөт. Анын үстүнө, социалдык блоктун үч министрлиги (саламаттыкты сактоо, билим берүү жана спорт) адамзаттын болочок капиталын ДЕНИ САК, БИЛИМДҮҮ, МАДАНИЯТТУУ ӨЛКӨНҮ түзүүгө калыптандыруу боюнча иштерин башташты.

Биздин мамлекеттегибалдар дени сак жана билимдүү болушу керек. Бирок, мектептеги ар бир бешинчи бала ооруйт, 60% мектеп жашында башталган ар кандай оору менен оорушат, аскерге чакырылгандардын 90% кадимки нормативдерди тапшыра алышпайт. Жаңы окуу жылынан баштап Билим берүү Минитрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргелешип, окуучулардын ден соолугун текшерип башташат. Бул балдарыбыздын оорулары туурасында билип, ата энелерине маалымат берип, жана кошумча, Мамлекеттик Кепилдик Программасы (МКП) кантип иштеп жаткандыгынтекшерүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. МКПнын алкагында мамлекет КР жарандары үчүн медициналык тейлөөгө бюджеттен каражат бөлүп берет, бирок аны көпчүлүгү пайдаланышпайт же бул кызматтиешелүү адамга жетпей калат. Кошумча окуучуларга жана студенттерге мектептерде көнүгүү жана «Дени сак норматив» киргизилет. Анан, бир катар мамлекеттик агенттиктер дени сак жашоону үгүттөөнү башташат, о.э. балдар үчүн аянтчаларды жана спорттук жабдууларды оңдоп, куруп башташат.

- А билим берүү кандай болот?

- Бул жылдагы абитуриенттердин деңгээли, биздин «советтик резервди» түгөтүп бүтүргөнүбүздү көргөздү, көпчүлүк бүтүрүүчүлөр ОРТ тутуму боюнча зарыл болгон 100-105 баллды чогулта алган жок. Мектептерде мугалимдер жетишпейт, анткени педагогикалык ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү адистиги боюнча сейрек иштешет. Ошондуктан, мектептердеги белгиленген мөөнөттө иштөөдөн баш тарткан гранттык жана бюджеттик орундардын бүтүрүүчүлөрү үчүн каражаттарды кайтаруу жана дипломдорду бербөө тутуму иштелип жатат. Катаал, бирок акыйкат.

Мектеп тутумунда мектеп имараттардын жетишсиздиги деген курч көйгөй бар, анткени имараттардын көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен жана оңдоого же алмаштырууга муктаж. Мунун баарына акча керек.

- Ооба, кайда караба, көйгөйлөр жана акчанын жетишсиздиги. Бирок, Кыргызстан үчүн бүгүн өтө актуалдуу болуп турган көйгөй барбы?

- Тапткыр көңүл сыртында калган да, уялган да, кантип күрөшөөрдү билбеген да көйгөй – булл жакырчылык. Бул жерде кеп эмне туурасында болуп жаткандыгын дароо тактап алуу керек. Биз, турмушубузда, Кыргызстан – жакыр мамлекет, бизде мунай жана газ жок деп, наалый беребиз. Бирок, мамлекетте башка көптөгөн ресурстар бар, жаратылыш, адамзат ресурстары, географиялык мүмкүнчүлүктөр бар булар алга жылууда чечүүчү фактор болушу мүмкүн. Бирок, жакырчылык темасын көтөрүп жатып, Кыргызстан абдан олуттуу көйгөй- курамдык жакырчылык менен кагылышкандыгына абдан көңүл буруукерек. Бизде, экинчи муундагы жакырлардын социалдык топтору пайда боло баштады. Бул жакырчылык – социалдык көйгөй, бул адамдардын жеке сапаттары жана эмгек аракетине байланыштуу эмес. Мен, социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн жасалма документерди даярдап жүргөндөрдү айткан жокмун, мен жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүктөрү аздарды, балдары тойбогондорду айтып жатам. Бул алардын физикалык абалына да таасирин тийгизет - бойунун өспөй калышы, акылынын өнүгүшү үчүн кубаттуулуктун жетишсиздиги ж.б.

Тилекке каршы, социалдык коргоонун колдонуудагы тутуму «жакырчылык маданиятын» калыптандырууда. Бул абдан тобокел программа, ал калктын жакырданып бара жаткан бөлүгүнө кошумча «социалдык акча которууларына» негизделген. Экономикалык жыргалчылыкты бөлүштүрүү проблемаларынын алкагынан эбак чыккан социалдык саясат керек. Генезисти, жакырчылыктын пайда болу мүнөзүн жана динамикасын көңүлгө алган саясат. Алар социалдык жардамдын иштелип чыккан механизмдердин жардамы менен жакырчылык масштабын жөнгө сала алат.

Тизмени тышкы жана ички миграция маселелери, саламаттыкты сактоо,маданият, жогорку билим илим ж.б. менен улантса болот. Бул багыттардын бардыгында тең, эакында биз кеңири айтып берчү өзгөртүүлөр киргизилет. Ал туурасында сөз кийин болот.

- Сиздин үч балаңыз бар. Мамлекеттик медицина жана билим берүү кызматтарын колдоносузбу?

- Албетте. Бардык кыргызстандыктардай эле, колдоном. 

 

- Мен сиздин жолдошуңузду жакшы билем. Ошондуктан, ал америкалык экен деген имиш тараганда абдан күлгөнүм эсимде. Вице -премьер болгондо өзүңүз тууралуу эмнелерди билдиңиз?

- Мен абдан белгилүү адам эмесмин, ал эми маалыматтын жетишсиздиги ушактарга оңой толо турган вакуумду түзөт, ошондуктан менин жолдошум туурасындагы ар кандай имиштердин чыгышы түшүнүктүү. Анан, мен бардык Сариевдердин тууганы болуп чыктым, бирок, менин фамилиям окшош бир гана адамым бар, ал көп жыл мурда каза болгон – менин атам. О.э. мага сан жеткис байлыгым тууралуу айтышты, бирок мен жолдошум, балдарым болуп кадимки үч бөлмөлүү батирде турабыз, үйүр жылкыбыз жана короо-короо коюбуз жок.

-Адамдардын көрө албастыгына кандай карайсыз? Мындай терс көрүнүштөрдөн кантип коргоносуз?

- Иштин көзүн билгендер жана түшүнгөндөр эч качан көрө албастык кылышпайт. Вице-премьердин жоопкерчилиги укмуштай чоң, мен аны жакшы билем, жана албетте. Тынчсызданам. Ошол эле убакта, көп пайдалуу иштерди жасагым келет жана жасап жатам.

- Үч бала, анан вице-премьер кызматы. Баарына качан үлгүрүп жатасыз? Сизге ким жардам берет?

- МЕН иштеген ата-энелердин үй бүлөсүндө чоңойгом. Совет мезгилинде бары иштешчү, балдарды бала-бакчада. Мектепте тарбиялашчу. Ошондуктан, жолдошум экөөбүздө да ушундай шарт.Чынында, менин апам бизге абдан жардам берет, ал биздин балдарды өстүрүп чоңойтту жана бизге абдан колдоо көргөзүп турат.

- Жеке турмушуңуз тууралуу, жолдошуңуз сиздин кызматан мындай өсүүңүздү колдойбу?

- Жолдошум экөөбүздүн мамилебиз ар дайым бекем. Анын ресторан бизнеси бар жана стратегиялык өнүктүрүү тармагында консалтинг менен алектенет. Ата энем, менин билим алып, иштешимди каалашчу, жана ушуну менен өз балдарымдын жашоосу үчүн жоопкер болосуң дешчү. Менин жолдошумдун үй бүлөсүндө да ушундай эле принциптер, ошондуктан, булл жаатта көйгөй жаралган жок. Анын ишенимдүүлүгү жана боорукердиги менин жашоомдогу зор таяныч болуп келет.

- Өз балдарыңарды кантип тарбиялайсыңар?

- Балдарыбыз өз алдынчалыкты жактырышат, уулум жана эки кызым бар. Бардык ата-энелердей эле, биз аларга сапаттуу билим бергибиз келет, алар өздөрүнө кызыктуу жолду тандап алууга жетишиши керек.

- Качандыр бир кезде сизде өлкөдөн кетүү каалооңуз болду беле?

- Мен эч качан башка мамлекетке барып, жашайм деп кыялданган эмесмин. Мамлекет кандай гана укмуш болбосун, ал биз үчүн баары бир чоочун бойдон калат. Мен өзмдүн туулган жеримде жашайм, жана элибиздин өнүгүшү үчүн иштейм. Кыргызстан кырдаалды оңдоп кетет деп ишенем. Азыр турбуленттүү мезгил, биз бул саясий алааматтарды, аймактык жана глобалдуу өзгөрүүлөрдү жеңип чыгышыбыз керек. Ар бир өзгөрүү менен биз күчтүү болобуз, бул – өтүүгө тийиш болгон жол, эң башкысы – эч качан күчүбүз – рухубузду жоготпошубуз керек, ар бири өз жумушун жасап, мамлекеттин келечегине ишениши керек.

-Жаштар чет мамлекетке кетүүгө умтулуп жатышат. Биздин таланттуу, эмгекчил, келечеги кең жаштарыбызды канткенде кармап калабыз?

-Биздин жашообуздун дээрлик бардык тармагында жаштар үчүн жасалма тоскоолдуктар бар.Мисалга, саламаттыкты сактоо институттардын жетекчилерин шайлоону карагыла. Жыл сайын эле бир эле адамды көргөзө беришет. Жаштар өздөрүн көргөзүшпөйт дагы. Ошол эле убакта көптөгөн таланттуу жана жаш адамдар өз орундарын таап алышкан. Менин оюмча, жаңы муунду даярдоонун тутумдуу ыкмасы жана тажрыйба жана бийликти акырындап б өткөрүп берүү жок. Улуулар жаңы ыргактагы мамлекет кызматкерлерин даядоосу керек, канчалык эрте болсо, ошончо жакшы. Болбосо, биз дагы эле азыркы саясатчылардын сокусуна суу жанчып жүрө беребиз.

Суроо бергенЛейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине