Сапар Исаков: далили жок айыптардын хроникасы

12:46, 17 Января 2019

Кыргызстандын мурунку премьер-министри  Сапар исаковго «Коррупция» беренеси боюнча жыйынтыктоочу айып тагылды. Сапар Исаков 13-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалат, ал эми камакка алынууну алдын алдына ала мөөнөтү кезектеги жолу узартылды.

Анын жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, Исаков 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал алданына ала кылмыштуу сүйлөшүп алуу аркылуу мамлекетке чоң материалдык зыян алып елгендигине айыпталууда. Ага Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 303 беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.

УКМКнын пресса үчүн тараткан маалыматына ылайык, «Улуттук коопсуздук мамлекттик клмитети Бишкек ЖЭБинин модернизазияланышы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү жыйынтыктады. Сапар Исааков жетектеген бир катар мамлекеттик жана башка кызматкерлер кызматтык абалын атайлап кыянаттык менен пайдаланып, кытайлык ТВЕА ишканасы менен мамлекетке пайда алып келе турбаган келишимге кол коюп, мамлекеттин кызыкчылыктарына 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян алып келишкен. 2010-жылдын февраль айында  Инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук мекемени жетектеп турган сапар Исаковдун катышуусунда Дүйнөлүк Банк тарабынан сунушталган150 миллион даллар жана кытайлык ТВЕА тарабынан сунушталган 200 миллион доллар каражатка ЖЭБди реконструкциялоонун варианттары каралган. Жыйындын жыйынтыгы боюнча ТВЕА ишканасы тарабынан түшкөн сунуштун баасы жогору жана техникалык жана технологиялык кемчиликтери болгондугуна байланыштуу өлкөнүн кызыкчылыктарына дал келбейт деп табуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул маалыматты Исаков атайлап көңүлгө алган эмес».

Аталган иш боюнча акыркы маалыматтарга жактоочу Нурбек Токтакунов социалдык тармактардагы жеке баракчасында каттуу пикир айткан: «Сапар Исаковго карата коррупция уюштурду деп айтылган айыптар ойдон чыгарылган. Бул иш боюнча  кандайдыр бир мыйзасмыз транзакциялар, каражат өткөрүлүп, алар колдонулуп, сакталып же кайсы бир жерге салынгандыгы тууралуу эч кандай материалдык тастыктоолор жок. Мафия менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдө ал чынында эле бар экендиги кантип далилденет? Ал жерде жөн гана «коррупция» деген беренени киргизип койюшпайт, ал жерде коррупция тууралуу атайын кеңейтилген мыйзамдар кабыл алынат. Ошол мыйзамдардын негизинде укук коргоо органдары табылган фактыларга таянып, уюштурулган структура бар экендигин далилдеп, байланыштарга көзөмөл жүргүзүп,  ал структкрадагы каржы агымдарына көзөмөл жүргүзүп, аталган структурадагы мамилелердин мүнөзүн аныктап, лидерлерин таап, аткаруучулар жана буйрук бергендердин ортосундагы мамиленин мүнөзүн аныкташат.

Негизинен алар дубалдарга мафиянын  болжолдуу мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн илип, андан соң ай сайын жаңы тикелей жана кыйыр далилдери чогултуп, аларды анализдеп, тизмеге жаңы ысымдарды кошуп, кылмыш байланыштарын аныкташат. Күбөлөрдү коргоо боюнча эффективдүү система иштелип чыгат. Качан гана бирдиктүү сүрөт пайда болгон соң, эл чыныгы мафия кармалгандыгын көрөт.

Ал эми УКМК болсо алар мафияны кармагандыгын көрсөтүү үчүн эмне кылышты?  Материалдык далилдер жок кезде алар математикалык формуланы өзгөртүп коюшту. Алар жөн гана ой жүгүртүшкөн. Кытайлык чыгымдар сметасы жок, алар аны беришпейт дагы, анткени долбоор «под ключ» болчу. Алардын сметасы - алардын көйгөйү, алар башкы милдетин аткарышты- долбоорду өз убагында бүтүрүштү. Анда УКМКнын тергөөчүлөрү өздөрүнүн сметасын ойлоп табууну чечишти. Алар биздин «Электр тармактары» ААК аркылуу ГП «энергопроектке» ЖЭБдин бүткөн модернизацияланышынын чыгымдар сметасын жаздырышкан. Бул үчүн «Электр тармактары» ААК аларга элдин акчасынан 11 миллиндон ашуун каражат төлөп берген. Бирок «Энергопроект» ишканасы 2013-жылдын сметасын кантип 2018-жылы тапшырган? Баалардын төмөндөгөнү, жогорулаганы, кандайдыр бир товарлар жана материалдарга болгон баалар барда. Алар баалардын кайсынысы өсүп, кайсынысы төмөндөгөнүн  эсептеп ойлонгон эмес, жада калса курулушту кытайлар жүргүзгөнүн дагы атайлап унутуп коюшкан, ал эми кытайлардын болсо материалдардын дагы, жумушчулардын дагы кучак жеткис рыногу бар. Алар жөн гана 2016-жылкы орус каталогун алышкан дагы, үч жылдын ичинде баардык товарларга болгон баа өскөндүгүн жазып коюшкан. Андан соң атайын «төмөндөтүүчү индексти» чыгарышкан. Кийин 386 миллионду ошол индекске көбөйтүп, модернизациялоого керектелчү бааны эсептешкен. Андан соң ал санды 386 миллиондон алып, 111 миллион доллар зыян келтирилгенин чыгарышкан.

Бизге анда укук коргоо органдарынын эмне кереги бар? Анда байланыш издөөнүн, каражаттар алынып, колдонулуп, сакталыгандыгынын далилдерин издештин эмне кереги бар? Математиктерди жалдап, ким канча акча уурдагандыгын эсептетүү керек. Алар башкарып жаткан топтун тапшырмасы боюнча формулаларды чыгарып, алардын каршылаштарын камап турушат. Андан кийин аларга мурун тапшырма бергендерди каматтырышат.

Андан сырткары, УКМКнын тергөө башкармалыгы Сапар Исаковго дагы бир иш- Мамлекеттик тарых музейинин реконструкцияланышы боюнча дагы айын такты.

Буга Нурбек Токтакунов социалдык тармактар аркылуу бүткүл элге жарыя жасады: «Коргонуп жаткан тарапка жаңы кылмыш процессуалдык кодекси жардам берет деген үмүттөрүңөрдү унута бергиле. Мына Сапар Исаковго 2019-жылы айып тагышты, бирок эски кодекстин эрежелери боюнча. Тергөөчүлөр «Иш 2018-жылы башталган да» - деп актанышууда. Аларга мындай буйрукту башкы проекрор жибериптир. Бирок жаңы кодекстин аткарылышынын убакыттык ченемдери тууралуу уставында ал процессуалдык иш аткарылганда колдонулат деп так жазылган. Иштин иликтениши- бул комплекс, ар кандай процессуалдык иш-аракеттердин хронологиялык чынжырчасы. Кылмыш ишинин жаңы кодекстин күчүнө кире элегине чейин козголушу иш мындан ары дагы эски кодекс боюнча жүрөт дегенди түшүндүрбөйт. Муну менен, алар сотту дагы эски кодекстин эрежелери менен өткөрүшөт. Саясий үстөмдүк кылуу,  бир саясий институттардынбашкалары жана саясий күчтөр тарабынан  басымга алынышынын шарттарында жаңы процессуалдык кодекстин позитивдүү мүмкүнчүлүктөрү пайдасыз. Жактоочу катары мен туңгуюкта турам. Сапар Исаков жана башкалардын кылмыш иши 40 томдон турат. Ал сотко 13-февралдан кеч эмес өтүшү керек. Демек, ал 8-февралга чейин жыйынтыктоочу айыптоо чыгаруу  үчүн башкы прокуратурага өткөрүлүшү керек.  Демек, 5-февралга чейин мен иликтенген иш боюнча өз ойлорумду билдиришим керек. Бул болсо, мен ойлорумду жыйынтыктап бериш үчүн 20 күндүн ичинде 40 томду окуп чыгуум керек дегенди билдирет. А менде болсо январда дагы соттук процесстер бар. Бул убакыттын ичинде мен иште керек болчу пикирлер жана кыстармаларга көңүл бурбастан, материалды гана окуп чыкканга гана үлгүрөм. Бирок кийин иш менен таанышкандыгым тууралуу протоколго «Иштин материалдарын изилдеп чыгып...» деп жазуу үчүн менде феноменалдык эс тутум жок.

Андан сырткары, Исаковго тарых музейдин реконструкцияланышына байланыштуу дагы айып тагылды жана жакында таанышуу үчүн бул иштин дагы 10 томдук материалды беришет. Андан тышкары, ипподромдун курулушугдагы коррупция боюнча тагылган айып боюнча дагы тергөө аяктады, демек, ал иш боюнча дагы 10 том келет. Балким, бул жактоочуларды нейтрализациялоо үчүн атайын методика.  Жана УКМК тарабынан келген макулатураны окуп, мен жөн гана алардын жибине байлангансып жүрөм. Ооба, УКМК тарабынан чогултулган кагаздар чынында эле макулатура. Бирок саманды чөптөн арылтып, таштандыны олуттуу маалыматтан арылтуу үчүн мен аны баары бир окуп чыгуум керек. Кээде таштандынын арасынын маанилүү нерселер чыгып калат. Бул кырдаалдан ткантип чыгам, азырынча билбейм, бирок январдын аягында тергөөнүн мөөнөтүн узартып, Сапар Исаковду сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотууну суранат окшойм. Акыры,эгере тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп бүткөндөн соң, аны жана башка айыпталуучуларды УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармоонун эмне кереги бар? Бул Алмазбек Атамбевге таарынган Сооронбай Жээнбековдун саясий өч алуусу экендиги көрүнүнп эле турат. Азырынча, мен, бизде мыйзам иштеп жаткандай эле иштин материалдарын иликтеп жатам. Жана жактоочуларга ишти толугу менен изилдөқөгө мүмкүнчүлүк берип жатышат.

Ал учурда КСДПнын басма сөз кызматы Исаковдун 18-декабрда өткөн соттук отурумда сүйлөгөн сөзүн таратты.

«Мен өлкөдөн качып кетип, тергөөнү жеңилдетиш үчүн баардык нерсе жасалды. Бирок мен бул нерсени эч качан жасабайм, анткени мен өлкө үчүн чын дилимден эмгектенип, анын улуттук кызыкчылыктарын коргогом. Муну ар дайым жасайм. Ал эми бул сасий картаны ойноп жптышкан адамдар эч кандай жакшылыкка алып келишпейт. Ишенип койгула. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурушат, ошондуктан мен айтам: мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат. Ал менин, менин процессимди жеке өзү көзөмөлдөп жатат. Ал мени 30 жылдан бери билет. Менин атамды дагы жакшы билчү. Менин дарегиме коррупция менен байланышкан айыптар айтылышына мен эч качан себеп берген эмесмин. Мени менен тышкы иштер министрлигинде, президенттин аппаратында же өкмөттө бирге иштеген адамдар мен алдымда турган баардык нерселерге принципиалдуу мамиле кылганымды билишет».

Бул маалыматка УКМК дароо пикир берген. «Өз билдирүүсү менен Сапар Исаков коомчулукту адаштырып жатат. Анын ишинде эч кандай саясий оюн жок», - деп билдирген улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Рахат Сулайманов.

«Тергөө уланууда жана ЖЭБди модернизациялоодогу Сапар Исаковдун коррупциялык иш-аракеттери тастыктоолорун тапты. Анын үстүнө, андан тышкары дагы эки долбоорду реализациялоодогу мыйзамсыз иш-авакеттердин далилдери бар. Бул фактылар текшерилүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен иштин материалдары Башкы прокуратурага, андан ары сотко өткөрүлөт,»-деп айткан журналисттерге Рахат Сулайманов.

Муну менен эл алдындагы салгылашуу токтогон эмес. КСДП ММК булактарына төмөнкү билдирүүнү тараткан: «Парламенттик комиссия дагы, башка компитетенттүү органдар дагы авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун аныкташты. Ага ким күнөөлүү экендигин азыр Биринчи май райондук соту териштирип жатат, бирок бул иште Сапар Исаков айыпталуучу, күбө катары дагы өтпөй эле. Анын аварияга эч кандай тиешеси жок, ага мындай айып тагылган эмес. Мындай билдирүүлөр Сапар Исаковго июнда тагылган айыптарда саясий мотив бар экендигинен кабар берет. Жана коомчулукту дал УКМК өзүа даштырып жатат».

Ал эми 14-январда Бишкек шардык соту Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн 13-февралга чейин узартуу боюнча чечимин күчүндө калтырды. Буга Нурбк Токтакунов: «Баардык тергөө иш-чаралары өткөлгөндүктөрүн, Сапар Исаковду камакта кармоого эч кандай негиз жок. Бирок Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Исаков СИЗОДО калат», - деп билдирген.

Серепти даярдаган Светлана Бегунова 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине