Фейктердин чабуулу Атамбаев менен КСДПнын аброюн түшүрө алабы?

16:59, 19 Июля 2018

Саясат ушундай: бирөө бийликтен кетээри менен анын туура эмес кылгандарын эстешип, аны жалган жеринен каралоону аракет кылышат. Эмне үчүн ушундай деген суроону мөөнөтү аяктаар менен бийлигин тынч өткөрүп берген президентти жаманатты кыла ала турган кыпындай нерсени да жанталашып издеп жаткандарга бериш керек.

Алмазбек Атамбаевге тиешелүү бул ыкма азырынча жыйынтыгын бералбай келет, бетке чабаар олуттуу нерселерди таба алышпады. Балким ошондонбу, толугу менен июнь айында жумасына бир жолу элдин бүйүрүн кызыткан бирден фейкти сунуштап жатышты. Бул эмне экенин билбегендер үчүн: “фейк” – бул калпты, жасалма нерсени туюнткан термин. Фейктерди таратууга ким кызыкдар эле жана ал экс-президенттин аброюна кандай таасир берди болду экен?

№1-фейк – миллион долларлык паралар тууралуу

Айрым интернет-порталдарда жаран Сабыр Муканбетовдун коомдук тармактарда жазган постторуна таянып маалыматтык материалдар даярдалган. Муканбетовдун билдирүүсү боюнча, сурак учурунда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ТВЕА кытай фирмасынын кызыкчылыгын колдогону үчүн 7 млн доллар, аны менен кошо А.Ш.Атамбаев 100 млн доллар жана С.Дж.Исаков 40 млн доллар пара алганын айткан имиш. Саясий күрөштүн ыкмаларын жакшы билбеген эл бул “маалыматтын” тастыкталышын күтпөй эле аны кызуу талкуулай баштаган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул фейк боюнча пикирин билдирди. “ТВЕА кытай компаниясынан пара алуу тууралуу имиштерди таратууну биз белгилүү бир максаттагы чагымчылдык катары жана ЖЭБди жаңылоого тийиштүү кылмыш ишинде далилдик базанын жоктугун жашыруу аракети катары баалайбыз. Биз Айбек Калиевдин адвокаты менен байланыштык, ал айтылып жаткан имиштер калп экенин билдирди. УКМК С.Муканбетов жана анонимдүү авторлор ЖМКларда жана коомдук тармактарда таркатып жаткан бул имиштерди расмий түрдө төгүндөшү керек деп эсептейбиз”.

№2-фейк – тик учактар тууралуу

Айрым абройлуу ЖМКлар “Ата-Мекен” партиясынан депутат Каныбек Иманалиевдин айткандарына тянып, экс-президент Атамбаев жана экс-премьер-министр Сапар Исаков эки тик учакты Сомалиге ижарага бергенге аракет кылышканын, андан түшкөн 30 млн доллар акчаны Бириккен Араб Эмиратындагы эсептерге которууну көздөшкөнүн жазып чыгышкан.

Кундуз Жолдубаева атамекенчи-депутаттын бул фейк-билдирүүсү боюнча мындай пикирин айтты: “Тик учактар менен Сомалиге байланыштуу чатакты жаратыш үчүн айрым фактылар бурмаланып, дагы башка фактылар атайын жашырылган. Башкача айтканда, бул “кылдат жасалган фейк” болуп эсептелет. Биринчиден, бул Генштабдын демилгеси болчу. Экинчиден, ал ошол бойдон ишке ашпай калды. Тик учактар Кыргызстанда калган. Мунун негизги максаты – мамлекеттик каражаттарды өзгөчө чоң өлчөмдө уурдагандыгы үчүн кызматынан алынган мурдагы коргоо министрине (А.А.Кудайбердиев) таянуу менен экс-президентти жаман көрсөтүү экени ачык эле байкалып турат.

Биринчи кезекте, эмне үчүн ошол кездеги Генштабдын жетекчиси генерал А.Т.Алымкожоев бул демилгени көтөрүп чыкканы менен таанышуу керек. Эмне үчүн бул нерсе сунушталды эле? Анткени мамлекет башчы кайсы бир чечимди чыгарып жатканда сөзсүз түрдө тийиштүү органдардын негиздемесине жана сунуштарына таянат эле.

Андан сырткары, контракттын аткарылбай калгандыгы эмнегедир маалыматтарда учкай гана баяндалат. Тик учактар Кыргызстанда калган.

Тилекке каршы, экс-президентти жана анын айланасындагыларды каралоо максатында жүргүзүлгөн ушуга окшош кампаниялар көп уюштурулууда, аталган макалалар – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын жаманатты кылуу боюнча кезектеги аракет экенин расмий түрдө белгилейбиз”.

№3-фейк – тыйынын бербей, сүрөтчүнү таарынтышты

Бул жолу жалган маалыматты Жаналиев деген бир сүрөтчү таратты, анын айтымында, Атамбаевдин кеңешчиси Икрам Ильмиянов шефинин сүрөтү үчүн ага кошумча дагы 12 500 доллар төлөбөй туруп, ушундай кыянаттык менен уникалдуу картинага ээлик кылып алган. Сүрөтчү ал эмес УКМКга гонорарынын калган бөлүгүн кайтарып берүү тууралуу арызы менен кайрылган.

Чындыгында, сүрөтчү Жаналиев өзү А.Атамбаевдин портертин КСДПнын офисине белек катары алып келген. Бирок бир нече жумадан кийин, үй-бүлөлүк маселелерин айтып, алып келип берген “белегин” сатып алууларын жалынып жалбарып суранган. Ушинтип жатып И.Илмиянов менен жолугушууга жетишкен А.Жаналиев ага төлөнүп берилген 2500 долларга катуу кубанып, кошумча төлөм маселесин көтөргөн эмес. Буга күбөлөр бар.

“Биринчиден, И.Ильмиянов аркылуу белек кылынган А.Атамбаевдин портрети Жаналиевге кайтарылып берилет. Экинчиден, Жаналиевдин толук акча төлөнбөгөндүгү жана дагы башка “коллекциялык” сүрөттөрү тууралуу жалган жалаасы жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн ага каршы кылмыш ишин козгоого негиз боло алат. Ошол эле кезде А.Жаналиев менен И.Ильмияновдун ортосунда оозеки да, жазуу түрүндө да келишим түзүлгөн эмес, Жаналиев кайсы шарттарда сүрөттү саткандыгы тууралуу айткандарын эч нерсе менен далилдей албайт”, - дейт Кундуз Жолдубаева.

№4-фейк – Атамбаевди КСДПнын жетекчилигинен жылдыруу аракеттери тууралуу

Бул, балким, эң чоң кызыгууну жараткан фейк болушу мүмкүн. КСДП партиясынан куулуп чыккан кайсы бир Сагынбек Абдрахмановдун коомдук тармактарда жазганы бул фейкке негиз болгон.Анын билдирүүсүндө, КСДП кезексиз съездин өткөрүүнү уюштуруп жатат, анда Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан алуу маселеси каралмакчы. Сүрөттө бир нече адам столдо отурушат жана тамактанып жатышат. Ал эми ушул күндөрү таркатылган маалыматтарда съезддин өткөнү, ага 50дөй киши катышканы баяндалган.

Кундуз Жолдубаева ЖМКлар үчүн билдирүү кылды: “Маскарапоздордун айткандарына кайрылгым келбей жатты эле. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди гана эмес, энесин да сатканга даяр адамдар бар. КСДПда дагы кызмат, бийлик үчүн башка партиялардан өтүп келгендер жок эмес. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов “Ар-Намыстан” келген, бирок так ушул КСДПнын аркасы менен жана А.Атамбаевдин колдоосу менен ал ЖКнын депутаты, губернатор жана “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары боло алган эле. Тилекке каршы, Москва районунда да КСДПнын мурдагы жана азыркы мүчөлөрүнүн арасында ушуга окшош “экземплярлар” кезигет. Аларга бул жолу бир нерсе убадалашкан го, ошону үчүн алар жандалбастап аракеттенип жатышат.

Мисалы, ошол Москва районундагы жыйынга КСДПнын ашып кетсе 15 мүчөсү катышкан. Санын көбөйтүш үчүн дагы 50-60 кишини чогултушуптур. Алардын көбү, эмнеге чогулуп жаткандарын жакшы билген эмес.

А.Ш.Атамбаев КСДПда бийлик жана кызмат үчүн гана келгендерден арылуу жараяны жүрүп жатканын бир нече жолу айткан эле. Мындай “илешчээктер” акыркы жылдары өтө эле көбөйүп кеткен. Бул илешчээктер Сагынбек Абдрахмановдун аркасынан өзүлөрү КСДПдан кетишсе биз ыраазы гана болот элек.

КСДПда тазалануу жараяны мурда да болгон. 90-жылдардын аяк чендеринде Акаевдин бийлиги учурунда мамлекеттик машина А.Ш.Атамбаевди сындырганга аракет кылган, ошондо партиядан акимдер менен губернаторлордун жоон тобу чыгып кетишкен эле. Бакиевдин заманында да айрым чагымчылар КСДПны алсыратуу максатында анын “айыбын ачкан” пресс-конференцияларды уюштурушкан.

Белгилей кете турган жагдай, Москва районунда КСДПнын эң аз сандагы аймактык партиялык уюму жайгашкан, бул жерде 80 гана адамдын партбилети бар. Ошол эле кезде Кыргыстанда миңден ашкан партия мүчөлөрү бар райондор аз эмес.

Беловодский айылында өткөн жыйынды конференция дегенге болбойт, анткени КСДПнын Уставында жана Аймактык партиялык уюмдар тууралуу жобода каралган маанилүү шарттар аткарылган эмес.

Мурда айтылгандай, райондук партиялык конференция мыйзамдуу деп таанылыш үчүн ал райондук координатордун же партиянын жогору турган органынын демилгеси менен өткөрүлүшү керек. Райондук партконференцияларды уюштуруу иштери КСДПнын катчылыгы менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүшү зарыл.Мындай иштер бир дагы райондо жүргүзүлгөн эмес. КСДПда областтык координаторлор институту мындан бир нече жыл мурун жоюлган болчу, ошондуктан областтык партконференция борбордук органдардын – төрага менен саясий кеңештин чечими менен гана уюштурула алат. Уставга ылайык, калган башка иш-чаралар конференция боло албайт, алар айрым партия мүчөлөрүнүн жыйыны гана болуп эсептелет. КСДПнын кезексиз съездинин болбой тургандыгы айдан ачык эле байкалып турат”.

Фейк-чабуулдардын аркасында ким турат?

Саясий серепчи Марс Сариевдин баамында, бул фейктер замбиректен таранчыларды аткандай эле элес калтырат. Бир дагы фейктин аркасында реалдуу фактылар жок.

Менимче, бул, тескерисинче, Атамбаевдин пайдасына иштеп жатат. Анткени анын ысмын жана жалпысынан партияны жамантатты кылгысы келгендер бир дагы реалдуу фактыны көрсөтө алышпады. Ушундан соң экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун жана Атамбаевдин командасындагы дагы башка мурдагы аткаминерлердин камалыштарынын себеби боюнча күмөн пайда болуп: аларды туура эле камака алыштыбы? деген суроо жаралат. Бирөө өтө эле далбастап аракеттенип, болбогон нерсени болгон кылгысы келет. Фактылар, далилдер керек, а бирок алар жок. Ошондуктан, чындыгын текшерүүгө мүмкүн болгон бир да фактыны келтира алышпай, арам ойлуу пиар-чабуулдарга өтүшүүдө”, - дейт Марс Осмонкулович.

Андан сырткары, саясий серепчи Сомалиге тик учактарды жиберүү тууралуу фейк маалыматты депутат Каныбек Иманалиев тууралуу элге жайылтылганына кененирээк токтолду: “Ушуну менен депутат өзүнүн беделин түшүрүп алды. Анткени ал каалайбы, каалабайбы, калп маалыматты таркатуу каналына айланып калды. Ошондуктан, анын кийинки бардык билдирүүлөрү өтүмдүү болбой, эл анын айткандарынан күмөн санай баштайт”.

Бул фейктердин чабуулу КСДПнын аброюн түшүрүшү мүмкүнбү деген суроого саясий серепчи Сариев мындай жооп берди: “Чын-чынына келгенде бул кыянатчыл чабуул, ал медиасабаттуулугу начар, саясий оюндарды жакшы аңдабаган, маалыматты талдаганды билбеген адамдарга эсептелген. Ошондуктан бул фейктердин өз максаты бар, жана ал, таңгалычтуусу, калкта керектүү пикирди жаратышы мүмкүн. Алардын максаты – КСДПнын аброюн түшүрүү, партияны бөлүп, жаруу, аны алсыратуу, мындайда башка партиялар көтөрүлө алат”.

Марс Сариевдин пикиринде, бул фейктердин аркасында учурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өзү турат деген жарабайт.

“Бул жалган маалыматтарды таркатуунун артында даражасы төмөнүүрөктөр турат. Алар Атамбаев менен КСДПны каралоо толкунунун аркасында учурдагы мамлекет башчынын аброюн көтөрүп алууну каалашат. Бирок алардын эпсиз аракеттери тескери жыйынтыктарды берүүдө, элдин бийликке жана Жээнбеков демилгелеп, эл колдоп жаткан жемкорлук менен күрөшүү жараянына ишеними кетүүдө”, - дейт саясий серепчи.

Жөнөкөй калкка кезектеги маалыматтардын таратылышын күтүүдөн башка айла жок. Сак болушубуз керек, жийиркеничтүү жалаалардын курмандыгы болуп калбайлы.

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине