Сөз эркиндиги: Жаңы Түркмөнстанга айланабызбы?

11:20, 3 Декабря 2018

Жакында эле парламенттин отурумдарынын биринде депутат Акылбек Жапаров интернет айкынында жана кагаз басылмаларында «жаман» жаңылыктарды орус тилинде чыгарууга тыюу салууну сунуштады.

Көрсө, Грузияда ошондой экен, терс жаңылыктар грузин тилинде чыгып, ал эми жакшы жаңылыктар орус тилинде жазылат экен. Болбосо биз туристтердин баарын коркутуп, жоготуп жатыптырбыз.  «2004-жылы Грузия президенти элге «келгиле жагымсыз жаңылыктарды грузин тилинде гана чыгарып, ал эми жакшы жаңылыктарды орус жана англис тилдеринде жарыялайбыз» деп сунуштаган. А биздин сайттарды карагылачы, 92-жаштагы кемпмир зордукталганы жөнүндө жаңылык бир жума бою  турат. Ошондуктан министр бул маселе боюнча кайрылуу жасашы керек. Кыргызда сөз салты бар эмеспи, «жакшыны даңазала, жаманды жашыр» деген. Биз ушул нерсени колдонушубуз керек» - деп билдирген Акылбек Жапаров.

Ишенесиңерби, муну ал чындап айтты. Демек, биз мамлекетти өнүктүрүү үчүн иштерди жасабай, криминал менен күрөшпөй, өлкөнүн атын жакшы жактан көрсөткөн долбоорлор менен иштебей, мамлекеттин маалымат саясатын өнүктүрбөй эле бардык жамандыкты жашырып коюп туристтерди алдап жүрө беришибиз керек экенда.

Акылбек Жапаров премьер-министрди биротоло тебелендиге калтырайын деген окшойт. Ойлонсоңор, эртең ал ушундай кайрылуу менен чыкса эмне деген жооп алат? Ал ансыз деле коом менен байланыш тармагында репутациясын жоготту. Анын үстүнө элден акча чогултуп мамлекеттик карыздан кутулуу сунушталгандан кийин нааразычылыктар али тынчый элек. А эгерде, болгондо да өкмөт башчы тарабынан биздин ММКга жалаң жалган жана «позитивчикке» өтүү сунушталса ал эмне деген реакцияга кабылат? Чынын айтсак, премьер ансыз деле жыргаган жери жок. Бирок иштеш керек да. Ага мындай «белектердин» эмне кереги бар?

Башкысы, жаңылыктарды кандай талаптар аркылуу «жаман» жана «жакшыларга» сорттойбуз? Мисалы, бир аткаминер мамлекеттин акчасын жеп кетсе, бул кандай жаңылык болуп саналат? Турист ал жөнүндө билиши керекпи? Эгерде шаарда дем алганга таза аба жок калсачы? Аны да жашырабызбы? Журналисстерсиз аны эчким көрбөй калат сыңар.

Анан дагы, өлкөдө Акылбек Жапаровдон башка дагы кайсы аткаминерге туристтер эс алууга өлкөнү интернеттеги жаңылыктардан улам танбаарын түшүндүрүү керек? Эс алууга орун тандап жатып эч ким криминалдык хрониканы окубайтта. Алар башка туристтердин ой-пикирлерин карайт. А ал жерде мына месе- тоноп кетишти, кол салышты, тейлөө начар, туура эмес эсептешишти, жана башка. Же меймандарга дагы тейлөөнүн начар экендигин айтууга тыюу салынабы? Маркумга карата айтылгандай: же жакшы нерсе гана, же эч нерсе деп. Терс маалымат таратпоо жөнүндө кол кат дагы алууну пландайбызбы?

Эми депутат ойлонбой сүйлөп алгандыгы түшүнүктүү дечи, бирок кандайдыр бир тенденция пайда болуп жаткандыгы анык. Мына мисал үчүн, жакында эле Жалал-Абаддын мэри абдан өзгөчөлөндү. Ал алды дагы шаардык кызматтарга анын уруксаты жок прессага маалымат берүүгө тыюу салды. Кандай маалымат болсо дагы. Эми мэрдин макулдугунан кийин гана жылуулук сезону, жарык менен камсыздоо, коммуналдык кызматтарынын ишмердүүлүгү, криминалдык абал жөнүндө пикир алууга болот. Көзөмөлгө алган экенда. Ал эми бул маалымат алууда Конституциялык мыйзамдын бузулгандыгы экени мэрди эч санаага салбайт окшойт. Жада калса  токтом  документалдык факт болсо дагы, Прокуратура дың деп койгон жок.  Бул иш аракет «Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагыдагы иштешүүсү» жөнүндө мыйзамдын аткарылышындагы маалымат саясатын коопсуздоо максатында кабыл алынганы имиш. Кайдагы Конституция? Кайсы ММК жөнүндө мыйзам? Муну билген жериңерге салып алгыла. Акыркы сөз- мэрдин артында.

Аткаминерлердин прессаны көзөмолдөө жөнүндө кыялдары кызыгандан кызып баратат. Алар бизде дагы Түркмөнстандай жалан жакшылыкты чагылдырган үч жарым сайт, беш гезит болушун каалап жатышса керек. Бирок бул нерсе эч качан ишке ашпайт. Кыргыздын (ал этникалык орус, украин же дунган болсо дагы) оозун жаба албайсың. Буга күчү жеткен нерсе жарала элек. Анткени эркиндик - бул биздин тоолордун, жолдорубуздун, шаарларыбыздын, өмүрүбүздүн жаны. Биз андан баш тартпайбыз.

Ал эми тартипти болсо оозду жабуудан башташтын кереги жок, ал эч кимге бийлигин кармап калууга же тартип орнотууга жардам берген эмес.

Айгүл Токобаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине