Туруктуу өнүгүү: 2040-жылга чейинки "жол картасы"

19:01, 22 Января 2018

Өткөн жылы 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы өз ишин аяктады. Ал али да жыйынтыкталып жатат, ал эми өкмөт болсо 2018--2040-жылдарга эсептелген “Таза коом. Жаңы доор” деген аталыштагы кезектеги стратегиянын үстүндө иштей баштады.

Жакында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда президенттик аппараттын, өкмөттүн, Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин секретариатынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышкан жыйын өтүп, Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына кезектеги сунуштарды талкуулашты.

Мөөнөтү – февралга чейин

Жыйындын катышуучулары Секретариаттын почтасына келип түшкөн сунуштарды, бардык аймактарда өткөрүлгөн талкуулар учурунда айтылган каалоо-тилектерди талкууга алышты. Февралдын аягына чейин Стратегиянын акыркы вариантын Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңеш бекитиши керек болот.

Эскерте кетсек, Стратегиянын долбоору 2017-жылдын 15-ноябрында кабыл алынып, коомдук талкууга коюш үчүн президенттин расмий сайтына жайгаштырылган болчу.

Мамлекет негизги максат катары калктын жашоо деңгээлин көтөрүүнү эсептейт. Аны үчүн, биринчи кезекте кыргызстандыктардын үзгүлтүксүз электр энергияга, жылуулукка, таза сууга, сапаттуу билимге, саламаттык сактоо, транспорт жана байланыш кызматтарына, ошондой эле дагы башка мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыздаш керек.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков мурда бир нече жолу прессага билдиргендей, жаңы стратегиянын өзөгүн адам түзүп, КР жарандарына ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган. Стратегияга учурда билим берүү, саламаттык сактоо жана коопсуздук тармактарын өнүктүрүү программалары киргизилген. Маселен, алардын катарына бир канча жылдардан бери коомдо катуу талкууга алынган Бишкек жана Ош шаарлары үчүн "Акылдуу шаар" долбоорлору да кирет.

Ишкерлик тууралуу

Өкмөт кайсы көрсөткүчтөрдү, кандай чараларды караштырып жатат? Салт боюнча, чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө чоң көңүл бурулат.

"Биз ишкерлер менен иштешүүнүн жаңы форматын сунуштап жатабыз, биз бири-бирибизге жакыныраак болушубуз керек. Бизнес тармагындагы жаралган маселелерди өкмөт чечип турушу үчүн бул маселелер ачык айтылып турушу зарыл", - дейт Сапар Исаков. Анын билдирүүсү боюнча, ишкерликке бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу өлкөнүн экономикасынын тезирээк өнүгүүсүн камсыздаса болот. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө эң кыска жана туура жол.

"Чакан жана орто бизнес ата-мекендик экономиканын локомитиви. Жаңы жумуш орундары так ушул тармакта ачылууда, алардан мамлекеттик казынага салыктар түшүүдө, ошого жараша социалдык төлөмдөрдү жана айлык акыларды бюджетте караштырып жатабыз", - деп белгилейт өкмөт башчы.

Маалыматтык агенттиктерине берген интервьюсунда көп жолу белгилегендей, аймактарга иш сапары учурунда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө күбө болгон. Премьердин айтымында, жаңы жумуш орундары ачылып, өндүрүштүн көлөмүн чоңойтуш үчүн кошумча технологиялар сатып алынууда. "Таза коом. Жаңы доор" жаңы стратегиясы ушул көрүнүштөрдү өстүрүп өнүктүрүүгө багытталган.

Эрежелери түшүнүктүү жана жеңил болгон ыңгайлуу жана атаандаштык орун алган ишкерлик чөйрөнү түзүп, өнүктүрүүнү да максат кылат.

Келечектеги санариптик экономикада өнүгүүнүн негизги себепкери болуп адам эсептелет. Адам Кыргызстанда - ишкер, жаратман жана мээнеткеч. Мамлекет менен ишкер өнөк болушу керек, ал эми ишкерликке мамлекеттин кийлигишүүсү мүмкүн болушунча аз болушу абзел. Бийлик менен ишкерликтин ортосундагы ушундай мамилелер ишкерлердин ишти ачык алып барышына, социалдык жоопкерчиликти сезе билишине жакшы түрткү болуп, "формалдуу эмес", көмүскө экономиканын көлөмүн азайтат. “Таза коом. Жаңы доор”до ишкерликти өнүктүрүүгө тиешеси бар салык төлөөдөгү, текшерүүчү түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүндөгү, насыя берүүдөгү, инфраструктурадагы жана дагы башка сфералардагы өзгөрүүлөрдү камтыйт.

Инфраструктуралык маселелер – башкы орунда

Кыргызстандын транспорттук туюкта болушу – кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө негизги жолтоо. Программанын аткарылышы менен автомобилдик жолдорубуздун тармагы жана темир жолубуз жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүшү керек.

Президенттин көрсөтмөсү менен өкмөт Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун үстүндөгү ишин күчөттүү. Өткөн жылдын аягында кезектеги макулдашуулар жүргүзүлдү, адистердин айтымында, бул долбоордун ишке ашырылышына үмүт пайда болду, бул, биринчи кезекте, өзбек тараптын бул долбоорго кызыга башташына байланыштуу.

“Транзиттик мүмкүнчүлүгүбүздү арттыруу траспорттук-логистикалык борборлорду түзүү, автомобилдик транзиттик каттамдарды өстүрүү аркылуу жүргүзүлөт, ошондой эле коомдук транспортту өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң маани берилет.

Келечекте мамлекетибиз экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр сыяктуу экологиялык таза транспортко өтүүгө өбөлгө түзүү менен экологиялык талаптарды катуулатмакчы.

Транзиттик темир жол тармагы жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген темир жол бутагы курулмакчы. Ушуга байланыштуу республиканын темир жолдору электр энергиясына өткөрүлүп, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландаштырылууда. Өнүгүү стратегиясында радиотехникалык каражаттардын жаңыланышы, радиолокациялык, навигациялык жана байланыш жабдууларын сатып алуу жана алмаштыруу каралган. Ички авиа каттамдар да жанданат. 2040-жылы Кыргыз Республикасы жүргүнчүлөрдү, товарларды жана жүктөрдү ташуудагы коопсуз жана сурам-талабы чоң жол коридорлору бар транизиттик өлкөгө айланышы керек болот”, - деп жазат “Кабар” маалымат агенттигинин аналитиги Мирлан Киизбаев.

Авиа каттам сөзсүз өкмөттүн көңүл чордонунда. “Кыргызстан деңиз жээгинде жайгашпаган тоолуу өлкө. Мындайда авиа транспорт тармагын өнүктүрүү маанилүү экени айдан ачык. Тилекке каршы, Жарандык авиация агенттигинде өлкөнү ИКАОнун “кара тизмегинен” чыгаруу жолун билген адистер жок болууда. Менин пикиримде, биз керектүү адистерди ишке тартып, алдыга жылганга мүмукүнчүлүк түзө турган иш-чаралардын планын түзүшүбүз керек”, - дейт Сапар Исаков.

Жакынкы жылдары ишке ашырыла турган инфраструктуралык долбоорлор көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң долбоорлордон болмокчу.

Насыя тууралуу өзүнчө кеп

Туура жүргүзүлгөн, эки тарапка тең пайдалуу болгон насыя берүүсүз өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан стратегияда насыя берүү маселесине өзгөчө маани берилет.

“КР өкмөтү “Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо–1” долбоорун ишке ашырууда. Аталган долбоордун башкы максаты ишкерлик субъектилерге, башка мамлекеттерге товарларын экпортко чыгарган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү. Белгилеп кете турган нерсе, «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын ишке ашыруунун алкагында Өкмөт ата мекендик экспортерлорго колдоо көрсөтөт”, – деди Сапар Исаков.

Жакынкы 23 жылда мамлекеттик каражаттарды түздөн-түз насыя берүүгө жумшабай, алар пайыздык үстөктөрдү субсидиялаганга багытталат. Башкача айтканда, үстөктөр туруктуу түрдө төмөндөп турмакчы. Ал эми банктык системанын тең салмактуулугун сактап, аны коргош үчүн мамлекеттик каражаттардын максаттуу түрдө колдонулушуна көзөмөл кылуу чаралары каралган.

Сөзсүз, айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулат. “Айыл чарба тармагынын келечегин биз айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү менен байланыштырабыз, - дейт премьер. Анын пикиринде, жеке менчик, майда чарбалар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн өсүүсүн камсыздай алышпайт.

“Аны эске алуу менен коммерциялык банктар айыл чарба тармагындагы кооперативдер менен тыгыз иш алып барып, алардын өнүгүшүнө финансылык колдоо көрсөтөрүнө ишенем. Анткени айыл чарба тармагындагы ишкерлер азыркы тапта финансылык колдоого муктаж болуп турат”, - деп кошумчалайт Сапар Исаков.

Жалпылаганда, адистер стратегиянын ишке ашырылышына ишенишет. Бир гана аны үчүн бийликтин бардык бутактары бир адамдай иштеши керек болот. “Биргелешип иштегенде гана “Таза коом – Жаңы доор” 2018-2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясында каралган башкы максатка – жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатаканга мүмкүнчүлүк алабыз”, - деп белгилейт Сапар Исаков.

Даярдаган Светлана Бегунова

Фотосүрөттүн автору Султан Досалиев 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине