Исаков эмнеси менен жакпай калды?

21:14, 23 Марта 2018

Премьер-министр Сапар Исаковду ашынып каралоо боюнча кезектеги кампания күчөй баштады. «Коомчулук» - бул негизинен жыйырма чакты антиатамбаевдик, оппозициячыл депутаттар, журналисттер, блогерлер, коомдук ишмерлер – Сапар Исаковдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Бул жолу аны “Акылдуу шаар” долбоору оңунан чыкпай калды деп күнөөлөшүүдө.

Айрым ЖМКлар так ушинтип жазып чыгышты: “Акылдуу шаар болбойт” деп. А чын-чынына келгенде, январда биз кытай тарап менен долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз. Huawei Technologies Co. Ltd кытай компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ал эми эки айдан кийин “Акылдуу шаар” инвестициялык долбоору боюнча сүйлөшүлгөн милдеттенмелер аткарылбагандыктан Кыргызстандын өкмөтү келишимден чыгуунун чечкен.

“ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан КР Өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес. Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти”, - деп айтылат өкмөттүн басма сөзүнүн билдирүүсүндө.

“Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдонолу дегенбиз, бирок соинвесторлор долбоордун ишке ашырылышын создуктургандыктан, ал эми жолдордогу коопсуздук абал курч болуп жаткандыктан, биз бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашыралы деп чечтик”, - деди журналисттерге Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин директору Эсен Момункулов.

Баары түшүнүктүүдөй эле. Өкмөт иштин баарын абсурдга чейин жеткирип, маанилүү долбоорду эч бүтпөгөн ишке айландырбай, жыйынтыгы кандай болоору белгисиз болгон келишимди ал күчүнө кире электе бузууну туура көрдү. Башкача айтканда, бюджетке залакасы тие электе жана да айып төлөмдү төлөп калганга чейин жеткирбей. А долбоор болсо баары бир ишке ашырылат, анын бекем тылы болот. Жумшактатып айтканда, бул нерсе Өкмөттүн кетирилишине себеп боло албайт.

Бирок Исаковдун оппоненттерине салмактуу себептердин деле кереги жок. Келишим бузулганга чейин ага таптакыр башка суроолорду узатышкан эле: “Эмне үчүн өкмөт бардык кыргыздар тууралуу маалымат чогула турган борборду Кытайга берип жатат? Аларды ким көзөмөлдөйт? Ким буга жооп берет?” деп. “Оппозиция” деп аталгандар мурдагы айткандарына карама-каршы келген жаңы аргументтерди келтиргенден эч бир уялып да койбойт.

Өткөн жолкуда Исаковдун күнөөсү боюнча, ЖЭБдеги кырсыктан кийин бишкектиктер үч күн 15 градуста отурушту деп күнөөлөшкөн эле. А чынында, ЖЭБдин жаңыланышы, биринчиден, шаарды жылуулук берүү тутумундагы чыныгы коллапстан сактап калды, экинчиден, Сапар Исаков премьер-министр болуп дайындалганга чейин, бул абалга кандайдыр бир таасир бере алганга чейин эле болгон. Сандырактыкка чейин жетти – кээ бир “активисттер” “ал кыш катаал болоорун алдын ала билип, керектүү чараларды өз убагында көрүшү керек болчу” деген сыяктуу нерселерди уялбай жазышты. Башкача айтканда, аба-ырайы үчүн аны күнөөлөштү. Ал жолу кызматтан кетирүү тууралуу ойго келбеген талаптары оңунан чыкпады. Бүгүн болсо – мурдагыдан да ашса ашар, бирок кем эмес жаңы сандырактар айтыла баштады.

Ушуга окшош сандырактарды айтуудан неге тажашпайт? Бул жерде эч кимдин атын атабай эле, алар ансыз да белгилүү, такташып, ачыктап алышыбыз керек болот.

“Адилеттик үчүн күрөшкөндөрдүн” бир бөлүгү – бул ачыктан ачык эле реваншисттер. Алар 2010-жылы Бакиев мырза Минск шаарына качып кеткенде эле статустарын, бардык мүмкүнчүлүктөрүн жоготуп алышкан. Алардын көбү учурдагы абалды байкап, алкымы чоң үй-бүлөнү кайра алып келүү мүмкүн эмес экенин билип турушат. Бирок ыңгайы келгенде учурдагы бийликтегилерге бут тосуп, жамандык кылууну өмүрүнүн максатындай көрүшөт. Аларды абийирине коёлу, алар жок дегенде бир көз карашты тутутунуп карманышат.

Экинчилерин “бир өңчөй идеологияны тутунгандар” деп айтууга болбойт. Алар – чагымчылар. Аларды ЖМКлардын арасынан издегенге жарабас, алар премьерликти же министрлик кызматты көксөп келген аткаминерлер. “Алардын уяты барбы?”, - деген да жарабайт. Жок, алардын уяты жок. Алардын жашоосу ушундай, саясаттын айдыңынан такыр кетмейинче, эч нерсе өзгөрбөйт.

Үчүнчүлөрү – айрымдары (бардыгы эмес!) мурдагы “бейөкмөтчүлөр” жана “коомдук ишмерлер”. Алар бири-бирине окшош эмес. Кээ бирөөлөрү – айтып, жасап жаткандарына чын дилинен ишенишет, туура көрүшөт. Башкалары бардыгын билип. көрүп туруп атайын бузукулук иштерин кылышат.

Бардык бей өкмөт уюмдар бирдей, алар бузукулук саясатты жүргүзүшөт деп, бардыгын бирдей көөлөп, жамандагыбыз келбейт. Мынтип айта турган болсок одоно ката кетирген болобуз. Донорлук каражаттардын эсебинен иш алып барып, тазалоочу жайларды куруп, алыстагы айылдарга суу жеткирип, китептерди чыгарып, кыргызстандыктардын билимдүүлүгүн арттырып, экологиялык коопсуздук боюнча иштерди жүргүзүп, адам укуктары ж.б.д.у.с. тармактарда көп жакшы нерселерди жасап жаткандары толтура.

Бирок да өлкөнүн өнүгүп кетүүсүнө бут тосууну максат кылгандары да бар. Бир нерсе болсо эле дүрт этип кетмей кызуу кандуу мүнөзүбүз бар болгондуктан, алар бул максаттарына жеңил эле жетип жатышат. Алар бир колу менен коомдун таландысына сексазчылыктардын өкүлдөрүн таштап, элди ойлонулуп жасалбаган кадамдарга баруусуна, ар-түрдүү манифестацияларга чыгуусуна көкүтүшсө, башка колу менен көп сандагы “улутчул-жарма патриотторго” колдоо көрсөтүшүүдө. Алар элди дини, улуту, ал эмес жынысы боюнча такай кагыштырып, уруштуруп чагымчылдык кылып турушат. Алардын максаты – өлкөдөгү туруксуздук. Алардын бүт иш-ааракеттери, тилекке каршы, ушуга багытталган.

Төртүнчүлөр – диний экстремисттер. Булардын максаты түшүнүктүү. Террористик коркунучтан биз, тилекке каршы, кутула элекпиз. Бирок терроризм – жардыруулар, ок атуулар гана эмес. Бул саясий технологияларды жакшы билбеген жарандардын колу менен бүтүндөй өлкөлөрдү жок кылуу.

Бир карасаң, булардын ортосунда эч бир окшоштуктар болушу мүмкүн эмес. Бирок алардын максаты, тилекке каршы, бир болуп жатат. Ал максат – биздин өлкөбүздү жок кылуу. Өлкөнүн камын көрүмүш болуп, алар өлкөбүздү бузуп, талкалап, жер менен жексен кылгылары келишет. Ошондуктан өнүгүүгө шарт түзүлгөн, үмүт оту жанган өлкө жашоосунун, саясатынын, экономикасынын бардык тармактары алардын соккусуна бута болуп эсептелет. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс аяк болбойт дегендей, бардыгыбыз ката кетиребиз, ал эми аны көбүртүп жабыртып элге тартуулоо – билгендер үчүн оор иш деле эмес. Алар туристтер келбегендей, фермер жер иштетпегендей, жемкор кызматынан кетпегендей, фабрикалар курулбагандай, башаламандык токтобогондой, бардык демилгелер башында эле тоткотулгандай кылыш үчүн бардыгына барганга даяр. Мөмөсүн көрүп, бакты тааныйсың дегендей. Алар кимдер экенин аныкташ үчүн политтехнолог болуунун деле кажети жок.

Жана да “массалык аудитория” деген бар. Башкача айтканда, абалды жакшы аңдап билбеген, бирок туура деп ойлогонуна баш оту менен берилген көп сандагы эл. Ким катуураак кыйкырса, коозураак сүйлөсө ошону колдоп кетишет. Ал эми азыркы премьерге болгон жерде өзүн-өзү көкөлөтө мактоо, каршылаштарына карата “кара пиар” кылуу дегендер жат нерселер.

Бул шайка аудиторияны көндүрө алат болду бекен – Исаковду кууп кетирип, анан... (андан ары уланта да албайсың, анткени алар кууп кетирүүдөн башка эч нерсени сунуштабай эле)? Сөзсүз, мүмкүндүк бар. Бул мүмкүндүк дайыма бар, анткени биздин аудитория чечкиндүү келет... бирок көп учурда жакшы териштирбей туруп тыянак чыгарганга маш.

Бирок да, дайыма эле ушундай боло бербейт. Коомдук тармактарда Сапар Исаковду коргоп калуу боюнча активдүү кампания жүрө баштады. Аны жактагандардын, коргогондордун саны да бир топ экен. Аны күнөөлөгөндөрдөн кыйла көбүрөөк. Бул аз эмес!

Исаков начар премьерби? Ал бул кызматта турган убакыттын ичинде жылдап чечилбей келген маселелердин көбү чечилди. “Кумтордун” статусу аныкталды, “Таза коом” долбоору башталды, санарипке өтүү иштери катуу жүрүп жатат, Кыргызстандын тарыхында ушунчалык көп санда электрондук кызматтар ишке берилип, жемкорлук схемалар жабылган эмес. Жолдор оңдолуп жатат, жыл ичинде жаңы курулган мектептердин саны Акаев менен Бакиевдердин кланы башкарган жылдардарда салынган бардык мектептердин санынан да көп. Айыл чарбасына көңүл бурула баштады. Туризм тармагы да акырындан калыптана баштады. Аны бардыгы көрүп турат – инфраструктуранын өзгөргөнүнөн эле баамдаса болот, мисалы, ошол эле конок үйлөрүнөн, аны коштогон кызматтардан. Өткөн кышта тутум акырындан жандана баштаганы даана байкалды. Көп сандагы, эбегейсиз көп сандагы, аткаминерлер өз функциялары үчүн жооп бере баштады, анткени алардын мурдагыдай иш алып барышын, аз маалымдуу болушун, бюрократиясын, башкаруунун эски технологияларын колдонгондорун бүгүн эч ким жактырбайт. Сапар Исаков – иштерман премьер, фактылар аны тастыктап турат. Бирок бузуку элементтер бул фактыларды “элге” айтабы?!

Премьерлик кызматка жараган даяр, жаңыча ойлонгон, анан да – бул өзгөчө маанилүү- жемкорлуктун сазына эч малынбаган адам барбы? Жок. Жокту жок дешибиз керек. Убакыт өтүп, бардыгы калыбына келет. Бир гана ал өлкөбүзгө жакшылыкты гана алып келип, артка чегинбесек экен...

Айгүл Токобаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине