Европа менен Азиянын кызматташуусу: жаңы деңгээлге чыгууга мезгил келди

12:22, 23 Сентября 2018

Евробиримдиктин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку Өкүлү Федерика Могерини

Европа менен Азиянын көп кылымдык жалпы тарыхы бар. Бул күндөрү эки континенттин ортосундагы байланыштар болбогондой деңгээлге жетти. Евробиримдик (ЕБ) экспортунун үчтөн бир бөлүгү азиялык рынокко туура келет. Ал эми ЕБ импорттогон товарлар менен кызматтардын дээрлик жарымы азия өлкөлөрүнөн. Жыл сайын миңдеген студенттер, окумуштуулар, изилдөөчүлөр ЕБ менен Азиянын ортосунда каттап турушат. Шаарларыбыздын ортосунда активдүү маданий алмашуулар жүрүп жатат. Биздин кызматташуубуз – бул жөн гана экономикалык же илимий алмашуулар эмес, анын мааниси кененирээк: Евробиримдик жана Азия өлкөлөрү бирдиктүү, тынчтыкта жашоонун эрежелерине баш ийген эл аралык системаны сактоого кызыкдар, бул системанын алкагындагы ар түрдүү уюмдар баарына туура келген чечимдерди табуунун аянтчалары болуп эсептелет. Бул алака-мамилелер натыйжалуу, функционалдуу жана туруктуу кызматташууга, башкача айтканда, товарлар, кызматтар, идеялар жана адамдар тоскоолдуксуз жүгүрүп, алмашып турган физикалык жана физикалык эмес инфраструктурага негизделиши зарыл.

Евробиримдиктин Азиядагы саясатында кызматташууга дайыма көңүл бурулганы менен, ЕБ бул күнгө чейин бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонгон эмес. Мына так ошондуктан биз ЕБдин ишмердүүлүгүн жана Европа менен Азиянын ортосундагы кызматташуу боюнча ЕБдин стратегиясын күчөтүү максатында жаңы нормативдик базаны сунуштадык.

Биздин позициябыз ачык-айкын: Еробиримдик жалпы кызыкчылыктардын жана максаттардын негизинде бардык азиялык өнөктөр менен кызматташуусун активдештирүүгө даяр. Кызматташуу маселеси башынан эле рыноктук интеграцияга негизделген саясий долбоор болуп эсептелген Евробиримдиктин түпкү маңызын түзөт. Биз жөнгө салуу айдыңындагы тажрыйбабыз, техникалык билимдерибиз менен бөлүшүп, каржылык жана экологиялык өсүп-өнүгүүнү камсыздай алган жана ортобуздагы мамилени бекемдеп, бардыгыбызга пайда алып келе алган долбоорлорду каржылаганга даярбыз.

Буга үч жол менен жетсек болот. Биринчиден, Евробиримдик Европа менен Азиянын ортосундагы жаңы байланыштарды, тармактарды колдогонго даяр. Мисалы, биздеги Трансевропалык траспорттук тармакты кеңейтүү оң кадамдардан болуп, соода-сатыктын жана мобилдүүлүктүн өсүшүнө жакшы өбөлгө түзөт эле. Аны үчүн транспорттук тармактардагы техникалык жана нормативдик тосмолорду алып, Евробиримдикке кирбеген башка өлкөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртуу зарыл. Биз ошондой эле санариптик технологияларга жана кызматтарга элдин жетүүсүн камсыздоо жана жеңилдетүү максатында Азиядагы саясатыбызда санариптик маселени күн тартибине коймокчубуз. Таза энергетикага өтүүнү колдоого алуу менен аймактык, эркин энергетикалык рынокторду түзүү боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшө алабыз. Аны менен катар байланыштарды түзүүнүн, бири-бирибизди жакшы түшүнүүгө жетүүнүн жана идеялар менен алмашуунун жолдорунун бири катары Erasmus же Marie Curie Action программалары алкагындагы адам алмашууларга көмөктөшө бермекчибиз.

Экинчиден, Евробиримдиктин терең ишеними боюнча кызматташуу өнөктөштүктүн негизинде гана курула алат. Мисалы, Европалык инвестициялык банк Кыргызстандын, Афганистандын, Тажикстандын жана Пакистандын ток өткөрүүчү линияларын кошууга, электрэнергиясына жетүүнү жакшыртууга жана жаңы рынокторго чыгууга багытталган CASA-1000 долбооруна 70 млн евро бөлүп берүүдө. Мындан сырткары Борбордук Азияда Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы (BOMCA) иш алып баат, анын максаты чек аралардан өтүүнү жеңилдетүү жана соода-сатыктын шарттарын жеңилдетүү үчүн бажылык, чек аралык процедураларды жакшыртуу болуп саналат.

Үчүнчүдөн, биз: ачыктык, дискриминациясыз рыноктук иш алып баруу, чарбалык субъектилердин бирдей шартта иш алып баруусу, интеллектуалдык менчикке укукту коргоо сыяктуу жалпы принциптерге таянуу менен кызматташып иштөөнү көздөйбүз. Буга жетүүнүн эң жакшы жолу – кайсы бир тараптын стандарттарын жана эрежелерин таңуулабай, эл аралык уюмдардын алкагында бардыгы макул болгон стандарттар жана эрежелер боюнча иш алып баруу. Европалык компаниялар атаандаштары менен бирдей шартта иш алып барып, башка компаниялар Евробиримдикте кандай иштей алса, алар дагы чет элдик рыноктордо ошондой иштей алышы зарыл.

Аягында, биз бул долбоорлорду колдош үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрбүздү колдонобуз, алардын катарында Европалык инвестициялык банкты, ЕБдин бюджетинде каралган сырткы инвестиция саясатынын бардык жаңы инструменттерин. Азия өнүгүү банкынын эсептөөсү боюнча, жакынкы он жылда Азиянын инфраструктурасына жылына 1,3 триллион евро инвестиция талап кылынат. Евробиримдик азия өлкөлөрүнө инвестицияларды тартуу багытында жардамдашканга даяр. Бул иш гранттарды, кепилдиктерди, насыяларды жана аралаш булактарды караштырган мамлекеттик жана жеке менчик каржылоону колдонуу жолдорун камтыйт. Ошол эле кезде инвестициялар үчүн фискалдык туруктуулуктун жана каржылык бекемдиктин болушу зарыл. Евробиримдик ички булактарды мобилизациялоону караштырган, жергиликтүү коомчулук үчүн баалуу болгон жана алысы келечекте туруктуу өнүгүп кете алган долбоорлорду колдоого алат.

Так ушул Борбордук Азияда экономикалык гана эмес, сапаттык да инвестициялар керек экендигин мага жакшы түшүндүрүп бере алышканын баса белгилеп кетким келет. Жаңы инфраструктуралар жана долбоорлор узак мөөнөткө эсептелиши керек, бул нерсени сапаттык европалык стандарттар камсыздай алалат.

Европа менен Азия биригип дүйнө калкынын 70% түзөт, дүйнөлүк ИДПнын 60% өндүрөт. Биздин байланыштар мындан да бекем жана пайдалуу болгонго бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бекем өнөктүк мамилелерге жана ачык-айкын эрежелерге таянган туруктуу кызматташтык ЕБдин, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн бирдей кызыкчылыгында, бул өнүгүүнүн эң мыкты жолу.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине