Жаман оюндагы сүйкүмдүү келбет

14:32, 21 Сентября 2014

Келгиле, жаш «оппозициячыл» балдарга көңүл коюп, атүгүл өтө кызыгуу менен карап көрөбүз? Бул жолу «Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүүчүлөр» ким болду экен?

Бүгүнкү оппозициядагы жаңы жүздөрдүн кризиси- уктап жатып эле өзүн өлкөнүн башкаруучусу көргөн, түшүнүксүз жаш балдар тобун жаратууда. Дароо эле айта кесек, таза умтулуу жана өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин алып,  аны өркүндөтүү ою мактоого алынаарлык. Бирок, мунун бардыгы Мекенге болгон бекем сүйүүдөн улам, чын жүрөктөн чыкса кеп башка. Ал эми оппозициялык аянтчаны ток, жетишкен өлкөлөрдөн саясий качкын макамын алуу үчүн колдонуу таптакыр башка нерсе. Мындай шек саноо негедир өзүнөн-өзү пайда болууда... Келгиле бул шек саноолор канчалык деңгээлде негиздүү экенин талдап көрөлү?

Журналист-калпычы

Өткөн жумада журналисттик коомчулук журналист Адилет Айтикеев Норвегиядан башпаанек алуу үчүн үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти  дешип ызы-чуу болушту.

«Адилет Айтикеев өткөн жуманын башында аялы жана эки баласы менен өлкөдөн чыгып кетти. Ал мындай кадамга барууга мажбур болду. Ал азыркы бийликти сындаган бирден бир журналист болчу. Депутат Өмүрбек Текебаев, административдик ресурсту колдонуп, журналистти соттоп, андан соң түрмөгө отургузууну каалаган. Кетүүгө дал ушулар себеп болду», - деди анын жакын кесиптештеринин бири Дайырбек Орунбеков.

Мурдараак «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жалган жалаа жаап, каралаганы үчүн (өзүнүн макаласында журналист Текебаевди «мародер» атаган) журналист Адилет Айтикеевге карата Бишкек шаарынын Ички Иштер Башкы Башкармалыгына арыз менен кайрылган. Текебаев журналисттен болгону жазгандарына далилдерди келтирип берүүсүн талап кылган.


Айтикеевди тааныгандардын бардыгы бардар бир ооздон анын бардар, жетишкен өлөкдө саясий качкын макамында жашап калуу кыялы орундалганын түшүнүштү. Ал үчүн жаш жигит көптөгөн аракеттерди кылды, 2007-жылдан тартып, ар түрдүү саясий акцияларда жана митингдерге катышкан. Ар түрдүү түшүнүксүз сөздөрү, керек болсо ачык провокациялары менен өзүнө көңүл бурдургусу келген. Жада калса «Алиби» гезитинде иштеген кесиптештери дагы бул киши чет өлкөгө кетүүнү максат кылгандыгын айтышчу. Биз, журналисттер этикалык нормага туура келбеген тартибине эскертме айткан учурда да ал өз оюн жашырчу эмес.

«Силерге айрымасы кайсы, мен өлкөдөн кетемби же жокпу?  Кыргызстан чыр-чатактуу журналисттин бирөөнөн кутулат», -деп моюнга алчу Айтикеев.

Бардык жазган макалаларында эч далили жок туруп премьер-министр Жоомарт Оторбаевди «оорулуу», ал эми президент Атамбаевди «макулук» атаган эле. Журналисттин мындай ээн баштыгы кайсы бир убакытка чейин жазасыз калып жүрдү. Бирок, бул жолу «Ата-Мекен» партиясынын лидери Текебаев толук мыйзамдуу түрдө мародерлукка катышытыгы бар экендиги туурасында далилдерди талап кылды. Айтикеевде эч кандай далилдер жок болгондугуна байланыштуу, жаш жигит аны саясий көз карашы үчүн куугунтуктап жатышат деген өңүттө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууну чечти.

Журналисттик коомчулук, Норвегияга окуяны дыкат иликтеп, алдамчы-журналистке башпаанек бербөө өтүнүчү менен кат жазууну чечти. Бирок, бул факт жергиликтүү укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты. Биз журналисттер, «басымга» алынган кесиптешибизге болушпай, этиканы бузуп жатканыбызды айтышууда. Бирок, кечиресиздер, басым, басымга чоочун эмес. Журналистти чындык үчүн куугунтуктаган башка. Ал эми калп айтканы үчүн жоопкерчиликке чакыруу татптакыр башка иш.

Бүгүн Айтикеев өлкөдөн чыгып кетүү ою бар болгондугун жокко чыгарууда. Москва шаарына качкын президен Аскар Акаевге интервью алуу үчүн жолугууга кеткенин айтууда. Эмне дейбиз, Кыргызстанга кайсы бети менен келээрин кароо абдан кызык болуп турат.

Дагы бир качкындыкка талапкер

Бүгүнкү күнү алдыңкы катарда ар бир саясий окуя боюнча сөз тандоого убара болбой, активдүү  түрдө оңду-солду жалган-сын менен сүйлөгөн Адил Турдукуловдун төбөсү көрүнүп турган чак. Өзүнө коомчулуктун көңүл бурдуруу үчүн жалгыз максаты менен ар түрдүү акцияларды өткөрүп келет.

Бул жаш жигит бардык жагынан келишкен. Сулууча келген, кең далылуу, чачты да Кудай берген, шампундардын жарнамасына тартылса да болчудай. Мээси иштейт, муну тана албайсың. Тили да катуу иштейт. Оюн айта алат. Дымагы да абдан күчтүү.Кыскасы тубуса лидер. Бирок, бул кишиде адамды ирээнжите турган сапаты бар. Эмнегедир анын сөздөрүнө ишене албайсың. Эки түптүү кишидей туюлат.

Балким, ошондуктан керт башын гана ойлогон адамдыр? Жаштар кыймылы боюнча коллегалары 2007-жылкы митингдердин таркатылышынан кийин ал кантип Жаныш Бакиевдин канатаныа кирип кеткендигин эскеришет. Балким, ал өтө шыктуудур? Маселен, кайсы бир учурда СДПК партиясынын жаштар канатынын лидери болуу пайдалуу болчу. Ал лидери боло калды. Аталган орунда жарытаарлык деле иши менен эсте калган жок. Ошол эле маалда ушунучалык бой көтөрүп, тааныштары менен да араң учурашып калган.

Жаш жигит Жапон өлкөсүн самачу. Жапон өлкөсүндөгү Кыргызстандын элчилигинде дипломатиялык кызматтагы тажрыйбасы жок эле ал жерге да кызматкер болуп орношту. Ошол эле Жаныштын жардамы менен. Өзүнүн кыялындагы өлкөсүндө жаш адис туптуура 3 жыл иштеди. Адилдин ал жактагы иши жүрүшпөй калды. ТИМ аны чакырып алып кош айтыштыю. Адил аркасынан дубалдардын бары чиймеленген  батирди калтырып, элчилик бюджеттен аны оңдоо үчүн 4 миң АКШ долларын төлөп берди. Адил, абдан тырышчаак болгондуктан, өз укуктары үчүн соттошуп, кийинчирээк сотто ТИМди утуп алды. Муну анын кыйындыгына кошуп кетсе болот. Ага Астанадагы кыргызстандын эличилигин сунушташты, бирок ал баш тартты. Өлкөсүнө оор тармакта пайда алып келүүнү каалаган жок.

Бирок, Адлиде чоң катачылык бар-өзүнө дайым көңүл бурдуруу. Бирде, бийлик коркутуп жатканын айтат. Бирде, чокойлорду көтөрүп бульварга чыга калат жана аны Джон Леннонду аткан кишидей кылып милиция колун бурап, алып кетет. Бирде, жаш жигит менен дагы бир окуя болот. Мен ойлойм, бийлик Адил Турдукуловго бир тал чачы түшпөгөндөй кылып жансакчы жалдап бериш керек. Антепсе, ал саясий башпаанек алуу үчүн себеп болуп калышы мүмкүн.

Жаңы революциянын куштары

Дагы бир – Мавлян Аскарбеков деген жаш жигит бар. Ал дагы чуулуу акциялары жана биздин дүйнөнү коңторуп салуу чакырыктары менен белгилүү.  Керектүү акча үчүн ал каалаган темаңды жарыя салып берет, Евразиялык интерграцияданын пайдалуулугунан тартып, Бажы Союзунун зыяндуулугуна чейин. 27-сентябрга ал жана анын достору Таласта курултай өткөрүүнү пландаштырып, азыркы бийликти кулатуу үчүн акча-каражат топтогону  жатышат. Эл арасында кезектеги төңкөрүшкө акча келип түшкөндүгү жана балдар мындай ыкма менен алынган акчаларды мыйзамдаштырып жаткандыгы тууралуу кеп тарады.

Кезектеги революцияны жигиттер 2015-жылга болжошту. Ал жөнүндө дагы бир «куш», Азизбек Келдибеков ачык эле айтып жүрөт. Өз макаласында журналист «Атамбаевдин иши качан бүтөт? Эгер Атамбаев элдин нааразычылыгын токтото албаса, 2015-жылы жаңы революция болот» деп жазып чыкты.

Келдибеков: «Биз кыргыздар, тажиктер эмсепиз, өзбектер эмеспиз, казактар эмеспиз, каракалпактар эмеспиз. Биз Улуу улутпуз, биз Чынгызхан менен Атилланын тукумунанбыз» деп жазат. Кыргыз улутун башкалардан көкөлөтүп көтөрүмүш болуп, журналист-провокатор окурмандардын улуттук аң-сезимине ойноп, ошол эле учурда кезектеги революцияга чакырык таштоодо.

Бул эркектерди каалаганы эмне?

Эгерде дайыма биздин гезит жазып келген маалымат согушунун технологиясын эске алсак, аталган жаш жигиттердин ишмердүүлүгү ушул схемага туура келет. Саясий репрессиянын курмандыгы бар, адилеттүүлүк үчүн күрөшүүчүлөр бар, каршылык көрсөтүү акциялары болжолдонууда.

Бул балдарды карап туруп, бооруң ооруйт кээде. Сын аркылуу өзгөрүүлөрдү каалайбы, сындагыла, бирок ошол эле учурда дарамалык учурду ойнооонун канчалык кажети бар? Эрежесиз оюн уюштуруп коюп, билдирүү жасагандын канчалык кажети бар? Өздөрүн запкы жеген киши көрсөтүүнүн кереги эмне? Жалганчылык жана элдин көзүнчө ойноп жаткандары айдан ачык эле көрүнүп турбайбы! Силер начар актер экенсиңер! Ишенбейбиз биз силерге, силердин чын жүрөктөн күрөшкөнүңөргө!

Балким, бирөөнүн ролун ойноонун кажети жоктур, жөн гана өзүң болуу керектир. Мекениңди сүйөсүңбү?  Далилдеп бер, кандайдыр бир биз ыраазы болуп, артыңан ээрчигендей долбоорду түз! Дагы качанкыга чейин жешилген жол менен басып эле кайталанып: «Азыркы бийлик жаман! Бары жаман! Кетсин!» дей бересиңер?

Бүгүнкү күндүн көйгөйү жеке эле бийликте эмес, улуттун, жөнөкөй адамдардын өзүнө-өзү ишенбөөчүлүгүндө. Биз нерсени жарата алабыз дегенге ишенбегендикте. Анан Адилет Айтикеев, Адил Турдукулов, мавлян Аскарбеков сыяктуулар жана башкалар ал түшүнүктү ого бетер тереңдетип, жаш саясатчылар курулай сөздөн башка нерсеге жарактуу эмес экен деген ойду жаратышууда.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине