«Элечекке - Келечек» форумунан кайрылуу

23:21, 17 Декабря 2020

Биз, «Элечекке - Келечек» форумунун катышуучулары, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин, демократиялык институттарды, светтик мамлекеттин принциптерин жана мыйзамдуулукту коргоо боюнча жарандык коомдун жана жалпы коомчулуктун демилгелерин колдойбуз.

Өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздерин жана аялдардын, жаштардын, этникалык азчылыктардын жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик башкарууга катышуусуна квота берген шайлоо тутумун, гендердик теңчилик принцибин бузууга жол берилбестиги жана аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык укуктарын коргоо жөнүндө өлкөнүн бардык аймактарындагы активист аялдардын, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын билдирүүсү менен тилектештигибизди билдиребиз.

Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуунун бардык жол-жоболорунун бузулушуна, Конституциянын жаңы редакциясынан  жарандардын бир катар укуктарын, анын ичинде маалымат алуу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышуу, бюджеттин чыгымдары жөнүндө маалымат алуу, мамлекеттик бийлик органдарына жана адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга бузулган укуктарды жана эркиндиктерди коргоо учун кайрылуу укуктарын чыгарып салууга байланыштуу Кыргызстандын көз карандысыз юристтер жамаатынын тынчсыздануусун бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасы - көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болгондуктан Конституцияда светтик принциптин сакталышы конфессиялар аралык өз ара аракеттенүүнү жана тынчтыкты сактоонун негизги шарты болуп саналат.

Биз Кыргызстанды коррупциядан жана кылмыштуулуктан коргоого, өлкөнүн укуктук талаага кайтып келишин камсыз кылууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган демократиялык реформаларды улантууга умтулган жигердүү жаштарды колдойбуз. 

Биз мыйзамдуулукту сактоо, жеке менчикти басып алуудан коргоо, экономиканы өнүктүрүүнүн жана жарандардын жыргалчылыгынын өсүшүнүн зарылдыгы жөнүндө бизнестин бийликке кайрылуусун колдойбуз.

Медиа сектордун саясатчылар жана алардын колдоочулары тарабынан журналисттерге жана блогерлерге системалуу түрдө кол салууларга байланыштуу тынчсыздануусун бөлүшөбүз. Журналисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары коркутууларга дуушар болуп, бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерин сынга алганы үчүн жоопко тартылууда. Бир дагы саясий максат жарандардын коопсуздугу, сөз эркиндиги жана пикирлердин ар түрдүүлүгүнө болгон  укуктарынын алдында актана албайт.

Биз Кыргызстандын бардык жарандарын адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган жарандык демилгелерди колдоого жана  учурдагы улуттук мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын сактоого, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерине кол салуу аракеттеринин токтотууга чакырабыз!

1. Наталья Никитенко, депутат ЖК КР

2. Токтогазиева Сания, АУЦА

3. Бирюкова Жылдыз, Городской кенеш г. Кант

4. Булебаева Бибигуль, ЖДС

5. Олжобай Шакир, РухЭш

6. Бодбаева Назгуль, РухЭш

7. Кокомбаева Зарина, Полис Азия

8. Лаптева Светлана, журналист

9. Жолдошбек кызы Наргиза, Говори ТВ

10.  Жумакадыров Эрлан, Говори ТВ

11.  Саралаева Лейла, Новые Лица

12.  Байбетова Гульжан, ЖДС

13.  Сыйданова Элеонора, Беловодский а/к

14.  Эсенбаева Гульсина, ЖДС

15.  Оморова Дамира, ЖДС

16.  Дмитрий Кабак, Открытая позиция

17.  Субанкулова, ЖДС

18.  Дарипова Уулкан, Баткенский городской кенеш

19.  Кулдаева Айгуль, НЦО

20.  Дуйшенова Жылдыз, ГАООСЛХ

21.  Мамадалиева Буниса, член правления Ассоциации ЖИА

22.  Кожоярова Гульсина, Национальный центр медиации

23.  Сыдыкова Зауре, эксперт

24.  Ассанова Р., Биринчи радио

25.  Оморова Айнур, Сарууский ак

26.  Сырга Исабаева, ИМП

27.  Борончиева Гульсана, Высшая школа правосудия

28.  Нурланова Алтынай, Политклиника

29.  Темирболотова Эркеайым, Политклиника

30.  Ормонова Авазкан, ОФ “ДИА”

31.  Алма Карсымбек, ЖДС

32.  Тюлегенов Медет, АУЦА

33.  Апасова Гулкаир, Министерство труда и социального развития

34.  Байрамукова Ирина, Expert KG

35.  Шарапова Жибек, КЯШ “Тенсай”

36.  Сагынбаева Айнура, ЖФ Курак

37.  Салиходжаева Камила, ЖК КР

38.  Маслова Дина, Про Медиа Плюс

39.  Зухра Кемелбекова, Швейная фабрика "Zulya"

40.  Насиридинов, TV1.kg

41.  Капушенко А., Кloop.kg

42.  Дубинина Н., Кеминский городской кенеш

43.  Амираев, TV1.kg

44.  Бердибаева Азиза, Economist.kg

45.  Баялинова Е., журналист

46.  Уметалиев Эмиль, Кыргыз Концепт 

47.  Нойгойбаева Чолпон, Европейское партнерство за демократию

48.  Мурзашова Азиза, Европейское партнерство за демократию

49.  Асель Молдокматова, Европейское партнерство за демократию

50.  Асылгуль Акимжанова, Европейское партнерство за демократию

51.  Махабат Мурагзамова, Европейское партнерство за демократию

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине