Алтын Капалова: “Бийликте аялдар көбүрөөк болсо, Кыргызстанда өнүгүү болмок”

09:54, 20 Февраля 2023

Алтын Капалова – Кыргызстандын искусство тармагындагы лидер-айымы, ал искусство, илим жана саясатты бириктирип, эксперименталдуу арт-азыктарды жаратат. Алтын уюштурган феминисттик көргөзмөлөрүндө аткаминерлердин көңүлүн буруу үчүн  коомдун эң оорчундуу маселелери көтөрүлүп, ал эми эң аярлуу катмардын үнү катуураак чыгат.

Урматтуу Алтын, Кыргызстанда феминисттик багыттагы көргөзмөлөрдү уюштуруу кыйынбы?

- Мамлекет тараптан коюлган цензура биздин жумушту кыйындатат. Биз аны жеңип келе жатабыз. Музейлерге чыгуу кыйын, бирок бактыга жараша менчик мейкиндиктер бар, биз аларды колдонобуз. Жакшы жактары көп, анткени бизде таланттуу сүрөтчү айымдар көп жана контент жаратуу маселеси жок. Башка кыйынчылыктар анча чоң эмес, анткени эгерде контент болсо, баарын жеңүүгө болот.

- Эгерде бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын бийлигиндеги эң башкы фигуралар- президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдер сиздин көргөзмөңүзгө келсе, сиз аларга кайсы эмгектерди биринчи кезекте көргөзөт элеңиз?

- Мен баардык эмгектерди көргөзүп, экскурсия өткөрмөкмүн, анткени ар бир эмгек өтө маанилүү көйгөйлөргө арналган. Мисалы, Нурпери Орунбаева коргошундан аялдын өрүлгөн чачы менен жасалгаларын куйган. Өз эмгектеринде ал кыргыздын салттары тууралуу айтып берет, мисалы, ал ала-качууну көпчүлүк салт дегени менен, чынында ал кылмыш деген маанини камтыган. Бул патриархалдык салттар аялдарды өнүктүрбөй келет. Биз келечекке жакшы салттарды гана алып, ал эми өмүргө залакасын келтирген салттардан арылуубуз керек. Мисалы биздин Алина жана Айзирек аттуу сүрөтчүлөрүбүздүн эмгеги Кыргызстандын тигүү цехтеринде иштеген айымдарга арналган. Ал советтик стилдеги плакат түрүндө аткарылган. Бул чөйрө миграция сыяктуу эле Кыргызстандын экономикасынын манилүү бөлүгү экендигин билебиз. Бирок сүрөтчүлөр бул тармактын башка жагын көргөзүүдө. Бул эмгектин идеясы сүрөтчүлөр алардын жумушта жүрүп чарчап, укуктары корголбой, өтө көп иштегендин айынан дээрлик өлүмгө учурап жаткан тааныштарын талкуулап жаткан учурда пайда болгон. Кээ бир жумуш берүүчүлөр кол алдындагылардын жакырлыгын пайдаланып, каалаганын кылат. Бул сүрөт айымдар каржылык абалын оңго салабыз деп, ал максатына жетпестен ден-соолугун жоготуп, өлүмгө учурайт деген маанини камтыйт.

- Сиздин көргөзмөлөрдө жалаң гана кыйынчылык, адилетсиздик, көйгөйлөргө арналган эмгектер коюлат. Сиз коомдогу негативди жана көйгөйлөрдү ачыктоо менен аларды чечүү болот деп ишенесизби?

-Мындай эмгектер өтө чоң таасир берет, анткени биз капаны тең бөлүшөбүз, ал эми искусствонун эмпатия аркылуу таасир бердире турган өзгөчөлүгү бар. Көпчүлүк учурда биз адабий каармандарга өз тааныштарыбыздан көп сарсанаа болуп, жан тартабыз. Ошондуктан бүгүн искусстовнун алдында турган милдети чоң, ал дүйнөнү жөн гана чагылдырбастан, андан чоңураак нерсе кылуусу керек. Азыр искусство комплектсүү маселелерди чечип жатат, ал курч социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууда.  Ооба, ал мисалы зомбулук маселесин жок кыла албайт, бирок ал зомбулук болуп жаткандыгын элге жеткирип, аны талкуунун себебине айландырып, көйгөйдү чечүү үчүн талкуу аянтчаларын жаратууда.

- Сиз социалдык тармактарда ар кандай темаларды абдан ачык талкуулайсыз. Сизге сексуалдык ориентациядан баштап, бактысыз сүйүүгө чейин айтып берүүгө эмне түрткү болду?

- Чындыгындай мындайды көп адам кылат, алар өзүнүн ой-санаалары менен бөлүшөт. Болгону, андайды гетеросексуалдык адамдар жазса, ал эч кимди тодкундантпайт. Мисалы сиз бир дагы гетеросексуалдык адамдан ал эмнеге мынтип жазаарын сурабасаңыз керек. Сен гетеросексуалдык аял катары өз ойлоруң, бактылуу учурларың менен бөлүшсөң, ал көнүмүш катары кабыл алынат. Бирок эгерде сен лесбиянка болуп туруп ушундай нерселер тууралуу жасзсаң, суроолор пайда болот. Мен өзүмдү башка социалдык тармактары бар адамдардан ачыгыраакмын деп эсептебейм. Көпчүлүк мага “биз сен жөнүндө баардыгын билебиз, биз сени окуйбуз!” деп айтышат. Мен аларга алар 5пайызын дагы билберин айтам.  Мен жазып жаткан нерсе, жашоомдун кичине гана бөлүгү. Ошондуктан, мен өтө ачыкмын деп айта албайм. Мен эмнеге андай кылам? Анткени мен тирүү адаммын, мен өз эмоцияларым менен бөлүшкүм келет. Мен менин баяндарымды окуп, адам өзүнүн кемчиликтерин кабыл алуусу жеңил болушун каалайм.

- Сиздин балдарыңыз атанын эмес эненин атына болсундеген демилгеңизди көпчүлүк колдобойт жана түшүнбөйт. Бирөөлөр муну коомдун түзүлүшүн бузуу аракети катары көрсө, кээ бирлери баланы жалгыз тарбиялагандар үчүн туура эле чечим деп деп эсептешет. Мамлекеттик система менен күрөшүү кыйынбы?

-Жарандык активдүүлүк ар кандай болот. Бул учур жеке мага тиешелүү болуп жаткандыктан, кыйын болууда. Жана мен аны атайлап жасап жаткан жокмун. Менин буга толук укугум бар экендигин мен жакшы түшүнөм. Болгону менин жеке жашоом коомдун назарында болуп калып атат. Бул жагынан система менен күрөшүү оор болууда, анткени менин “иче-кардым сыртта” болуп жатат. Менин жашоомдо оор мезгилдер болгон, жана мен аларга кайра-кайра кайтып келүүгө мажбур болууудамын. А мен жашагым келген дүйнөдө мен мамлекеттик мекемеге барып, эч кыйынчылыктарсыз балдарыма өз атымды берип коймокмун, бирок система андайга жол бербейт, ошондуктан бул жагынан күрөшүүгө туура келип жатат.  Мен утулдум деп эсептебейм. Мен Жогорку соттон утулдум, бирок биз Конституциялык сотко кайрылабыз. Эгерде улуттук инстанциялардын баардыгынан утулсак, биз эл аралык сотторго кайрылабыз.

- Сиздин оюңузча, эмне үчүн Кыргызстанда 31 жыл эгемендүүлүк ичинде аялдарга болгон зомбулук маселеси эч өзгөргөн жок?

-Үй-бүлөлүк зомбулук менен ким күрөшүп жатат? Мамлекет күрөшкөн жери жок. Жарандык демилгелер көп аракет кылып жатышат. Бирок күчтөр тең эмес. Айылдарды кыдырып, воркшопторду жүргүзүп, ала-качуу жаман экендигин айткан айымдарды билем. Бирок алар канча адамды камтып атат, бир айылдан ашып кетсе 20 киши. Эгерде алар бир ай бою тынбай иштесе, 200-300 адамды камтый алышы мүмкүн, бирок ага бир ай убакыт жана ден-соолук кетет.

Ал эми ошол эле учурда коомдук биринчи канал зомбулукту романтизациялаган сериал чыгарат, же эрте турмуш курууну пропагандалаган индиялык сериалды көргөзөт. Же бир чоң аткаминер зомбулукка кабылган аялдар балким өздөрү күнөлүү деп айтат. Башкача айтканда, мамлекет зомбулукту токтотуу үчүн эч нерсе жасаган жок, ал аны тескеринче проецеиялап ошондой модельдерди берүүдө. Феминисттик марштар учурунда милиция атайлап анын катышуучуларын кармап кеткенде, бул “жашыл күйдү” дегенди билдирет.  Биздин маршка чыкканыбыз кооптуу эмес, коопту деп ошол чыккан аялдарды каалаганы келип уруп, машинага тыгып алып барып камаганы, ал эми зөөкүрлөрдү бошотуп койгону саналат. Эгерде мамлекет башкача саясат алып барса, биз көп нерсеге жетмекпиз, бирок мамлекеттин андай саясаты жок.  Аракеттин баарын кичинекей командаларга чогулуп алып, өзүнчө аялдар жасап жатат. Мамлекеттин Коомдук телеканалы бар (Улуттук канал - ред.) ал жерде каалаган нерселер көрсөтүлүп, сакталат. Мамлекеттин административдик ресурстары- мектептер, университеттер бар. Ал жерлереде дагы каалаган нерсе көрсөтүлөт.  Ал эми башка көз караштагы адамдарды жөн гана киргизишпейт.

- Эмне үчүн мамлекет гендердик зомбулук менен күрөшпөйт? Биз архаикага кайтып келе жатабызбы же бул бийликте жалаң гана эркек кишилер болгон үчүн болуп жатабы?

- Анткени адамдарда бийлик, кандай бир артыкчылыктар бар. Жана ал бийликтеги эркектер аны менен бөлүшкүсү келбейт. Мен дагы мурда “эмне үчүн билим берүү тармагында реформа жок деген суроону өзүмө-өзүм көп берчүмүн. Болгону ал реформалардын эч кимге кереги жок. Анткени билими жок адамдарды башкаруу оңой. Ошондуктан бизди башкаруу оңой болуш үчүн ошол бойдон калтырып коюшат.

- Сиз чын эле ошондой ойлойсузбу?!

- Ооба. Буга чейин мен чындап эле бизде бир нерсе туура эмес экен деп, ошондуктан мектептеги билим берүү начар, жогорку окуу жайларда билим берүү деңгээли заманбап талаптарга жооп бербей, ошого 20-кылымдагыдай деңгээлдебиз деп ойлочумун. Азыр болсо жашоо өзгөрдү, а биз дагы деле же акча табууну үйрөтпөгөн, же коомдо адаптацияалууну үйрөтпөгөн лекцияларды угуп отурабыз. Менин эжемдин кызы анын университетти таштап кетүүснүн себеби- мугалим лекцияларды Википедиядан алып окуп бергендигинде болгондугун айткан. Чындыгында, азыр жаштар мугалим канчалык кесипкөй экендигин жакшы баалай алышат. Бирок бул адат болуп калгандыктан, адамдар инерция боюнча эле ЖОЖдорго бара беришет. Жалпысынан айтканда, азыркы учурда сапаттуу билим берүү болбошу үчүн баардык нерсе жасалып жатат. Бирок бул нерсе дагы токтоп, сапаттуу билимге болгон талап чоңоет деп ойлойм. Мен ушундай тыянакка келдим.

- Биздин аткаминерлер такыр эле мээримсиз көрүнөт. Жакында алар журналисттерди негативдүү жаңылыктарды жазып, эл аралык имиджин бузуп жатат деп айыпташты. Алар зордук-зомбулук жөнүндө жаңылыктарды мындан ары чыгарбоону сунуштады. Сиздин оюңузча, аткаминерлер эмне үчүн мынчалык аёсуз деп ойлойсуз?

- Бул жерде кеп эмоцияларда эмес. Кеп алар өтө көп артыкчылыткарга ээ болуп, реалдуу жашоодон алыс болгондугунда. Журналисттер зордук-зомбулук жана башка негативдүү процесстер тууралуу жазганы менен, аткаминерлер такыр башка жашоодо жашайт, алар такыр башка акчаларды коротушат, алардын балдары башка инфраструктурада өсүшөт. Ошондуктан алардын иши жок. Жана мындай жаңылыктардын чыгышы алардын имиджин бузуп жатат, ошондуктан алар «жараны чукубагыла» деп гана айта алышат.

- Кыргыз саясатында өтө чоң гендердик дисбаланс бар. Анын себеби эмнеде, аялдар саясатка өздөрү баргысы келбейби, же аларды саясатка жолотушпайбы?

- Реалдуу бийлик жана акча бар жерге аялдарды жолотушпайт. Аялдар көбүрөөк кыйынчылыктарга кабылат, жана биздин музейдеги эмгектердин көпчүлүгү ушул тууралуу. Аялдар тиричиликтен чыгышпайт, бала багып, үйдү кароо өтө көп күч талап кылат. Бул жагынан эркек кишилерге жеңил. Жана бул риторика: “Эгерде аялдар менен эркектер бирдей болсо, анда эмнеге илимпоздордордун баардыгы, таланттуу жазуучулар менен композиторлордун баардыгы эркектер”. Бирок тарых китептерин карсаңыздар, аялдар үчүн университеттердин эшиктери өткөн кылымда гана ачылган. Устаканалардын эшиктери өткөн кылымда гана ачылган. 20-кылымдын илимпоз айымдарынын эмгектерин, алардын сыйлыктарын эркектер тартып алышкан. Албетте, айымдарга кыйыныраак, анткени алар аз дегенде эле үйдү карап, балдарды өстүрүшү керек. Ал болсо физикалык жана моралдык жаткан чарчатат. Андан сырткары ар кандай стереотиптер жана стигмалар көп, аял киши башкаруу баскычынын ортоңку деңгээлине жеткенде, аны ал жерден жөн гана алып салышат, анткени ага бийик кызматтарды бергилери келишпейт. Анткени, балким аял келип, абалды жакшыртат деп коркушат, анткени эркектерге анын кереги жок.

- Эгерде Кыргызстанда бийликте аялдар жок дегенде 50 пайызы түзсө, өлкө башкача болот беле?

- Ооба деп эсептейм. Эгерде саясатта кесипкөйлүгү жана эмпатиясы жогору айымдар болсо, өлкөнүн социалдык тармактары алда канча алдыга жылмак деп ойлойм. Бул биз ойногон гендердик ролдордон улам. Бирок бул нерсе бизге табияттан берилген болсо, эч нерсе кылып өзгөртө албайбыз. Ошондуктан, эгерде бийликте аялдар көбүрөөк болсо, Кыргызстан өнүгүү жагынан алдыга жылмак деп ойлойм.

- Сиздин байкооңузда, Кыргызстанда гомофобя күчөтүбү же азайдыбы?

- Кыргызстанда гомофобия менен көп кагылышам. Мен ачык лесбиянкамын, жана жалпысынан алганда, менде жумушта, тууган, кошуналар арасында эч кандай көйгөйлөрүм жок. Негизинен адамдардын баардыгы эле жакшы. Ал эми мага карата болгон хейттин баардыгы мамлекеттен жана анын сансыз троллдорунан келет.

- Ал эмнеден улам болот?

- Жакында мен изилдөө жүргүзүп, Кыргызстандагы квир-адамдардан маек алдым. Жыйынтыгында, бизде гомофобия өкмөт тарабынан трансляцияланаарын ачыктадым. Биз дээрлик баардык облустарды кыдырдык жана бүт жерде эле негизинен адамдар оң эле көз карашта экен. Ал эми социалдык тармактардагы хейт жасалма. Айылдарда адамдар бизге эч нерсе дешкен жок. Анткени алардын туугандарынын арасында дагы квир-адамдар бар. Башка кеп, айылдарда квир-адамдар үйлөнүп, бата алып, коомдук процесстерге кошула алышпайт. Бирок ал жерде эч кандай хейт же жазалоо жок. Жалпысынан, Кыргызстанда абдан боорукер, адаптивдүү адамдар деп ойлойм.

- Сиз көп тараптуу инсансыз жана изилдөөлөр жана көргөзмөлөрдү уюштуруудан сырткары, балдарга жомокторду дагы жазасыз. Сиз жомокторуңузда балдарга эмнени жеткизгиңиз келет?

- Мен бала кезимен жазгым келчү. Кийин көп жазаарымды байкадым,  бирок алар жөнөкөй тексттер же отчеттор эле. Балдар жазуучусу болом деп ойлогон эмесмин. Чоң кишилер үчүн деле жазгым келгени менен, аудиториямдын көпчүлүгү кичине балдар. Бул мени өмүр бою балдар тегеректеп тургандыгына байланыштуу болуш керек деп ойлойм. Башында аларга жомокторду айтып бергенимден баштап, кийин жомоктор менин кесибиме айланды. Жомокторумда мен өмүр ар тараптуу жана ар кандай экендигин айткым келет, ал био, этно же иденттүүлүктүн ар тараптуулу жөнүндө. Мен инклюзивдик ар түрдүүлүк жөнүндө айтып жатам. Негизинен башка мааниси деле жок. Албетте, тематикалар ар кандай, бирок алардын үйрөткөнү- адамды, ар кандай учурларды кандай болсо дагы кабыл алуу, аларды кордобой, атайлап жамандык кылбоо.

- Сиздин 1916-жылкы Үркүн окуясы боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

Илимий изилдөө катары ал 1-2 жыл мурун башталган.  Бирок анын тарыхы андан биртоп эрте башталган, анда мен туугандарымдын бул окуя тууралуу айтып берген кептерин угуп отурчумун. Иликтөө качан бүтөөрүн азырынча айта албайм, анткени азыр мен изилдөөчү катары чогулткан материалыма толук канааттана элекмин. Мен 1916-жылкы окуялар тууралуу материал жыйнап жатканымдын себеби- бул окуяны кандай болгонун колонизаторлордун өзү жазган, алар баардык кылмыштарды империялык Россия жасап, ал эми Советтик бийлик келип, баардыгын сактап калган деп айтышат, бирок бул калп.

Биз шериктештерибиз менен бул теманы талкуулап жатканда, биз советтик бийлик же империялык бийлик деп бөлбөйбүз. Анткени көп адам колониялык саясаттын айынан каза болгон. Ошондуктан бул мага изилдөөчү катары абдан маанилүү. Жана бул жеке өзүм үчүн дагы маанилүү, анткени бул менин үй-бүлөмдүн тарыхы. Мен тирүү калган үй-бүлөлөрдүн, алардын жакындарынын окуяларын чогултам. Бирок мен тарых өчүп бара жатканын сезип жатам, анткени төртүнчү муун болуп кетти жана мындан ары окуялар мынча деталдуу болбойт. Ошондуктан маалыматтарды кагаз бетине сактап калуу өтө маанилүү. 

- Азыр Кыргызстанда депрессияга батууга себептер көп, мисалы ушул эле аялдардын, кыздардын абалы. Менин айланамдагы адамдардын баардыгы эртең кетчүдөй маанайда жүрүшөт. Сиз Кыргызстандын келечеги бар деп ишенесизби?

- Мен көп нерсеге скептикалык көз караш менен карайм, бирок, жалпысынан алганда, Кыргызстандын келечеги бар деп ойлойм, анткени биз искусство аркылуу жүргүзүп жаткан жарандык күрөшүбүздү улантабыз. Менин бут алдымда катуу таянар жерим жок. Мен дагы бир жагынан скептицизмге, экинчи жагынан бир нерсени өзгөртүү керек деген ойго кабылам. Бирок мен азыр жаштар менен иштеп жатам жана алар мага абдан чоң дем берет. Алар айылданбы, шаарданбы, айрымасы жок. Азыркы жаштар жаңы нерсеге ачык, алар өз өлкөсүн жакшы көрүшөт жана алар абдан мобилдүү. Мындай жаштарды көрүп, коомдо өзгөрүүлөр болот деп ишенесиң...

- Демек, Кыргызстанда ушундай жаштар үчүн калып жашаса болобу?

- Эми азыр бийликте кимдер турат? 50-60-жылдары туулган кишилер, ал кезде оор совет мезгили болгон. Жада калса мен 80-жылдары туулсам дагы, ошондогу азык-түлүктүн дефицити болгонун жакшы билем. 90-жылдары курттап кеткен күрүчтү гуманитардык жардамдан сатып алып жегенибизди билем. Азыркы бийликтегилер эмнелерди көрдү эле? азыр болсо жаштар анчалык жакырчылыкта эмес, санаасы биздикиндей чоң эмес. Мен зөөкүрлөрдү алардын балалыгы оор болгон деп актагым келбейт. Бирок азыркы жакшыраак жашоодо өскөн жаштардын кайдан болсо да уурдайын деген эмес, жакшы жашоону курууга мүмкүнчүлүгү бар деп ишенем. Бийликтеги адамдар болушунча уурдап, ал эми жакырлар жок калбасын деп мүшөктөп азык-түлүктөрдү сактаганга аракет кылган мезгил кетти деп ишенем. Азыр эч кандай дефицит жок. Демек Кыргызстандын жаңы мууну жакырчылыктын стереотиптеринен бош болот деп ишенем.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине