Азиза Абдирасулова – өзү жөнүндө, үй-бүлөсү жана адам укуктарын коргоо тууралуу.

13:02, 13 Апреля 2023

Азиза Абдирасулова белгилегендей, ал укук коргоо жолуна кокусунан келип калган. Бирок, анын өмүр жолун анализдей келгенде, аз камсыз болгон кыргызстандыктардын укугун коргоого анын инсандыгы, кулк-мүнөзү жана адеп-ахлактык баалуулуктары ушунча жыл эмгектенүүгө себеп болгону айкын болот. Бул боюнча Азиза Абдирасулова менен болгон маегибиз.

Биринчи митинг, биринчи махабаттай.

- Урматтуу Азиза эже, ушул жылы сиздин “Кылым Шамы” укук коргоо уюумуңузга 20 жыл болуптур. Ал эми жеке сиз үчүн укук коргоо ишмердүүлүгүңүз эмнеден улам башталган?

- Бул жашоо мени укук коргоочу болуума түрттү десем болот. Советтер Союзу тарагандан кийин мен дагы жаш балдары бар бардык эле аялдардай,  көп кыйынчылыктарды көрдүм. Биз ал учурда бизге ушунча жыл кам көргөн  Мекенибиз кайда экенин түшүнбөй калдык. Каякка кетти? Эмнеге бизди таштап кетти? Биз кимге, каякка барарыбызды билбей калдык. Ошол себептүү татаал болгон. Ал жылдары мен кичинекей балдарыма кам көрүп, курсактарын тойгузуп, кийинтүү камсыздоо менен алек болум. Эки диплому бар адам катары мен, бизге эмне болду деп кызыктым. Балдарымды Майлуу-Сууга таштап өзүм Бишкекке келгенде мени бул жакта эч ким күтпөгөнүн түшүндүм. Мендей болгон адамдар миңдеп саналат, баарынын максаты бир, үй-бүлөнү багып балдарды тойгузуу. Мына ошондо мен чындыгында карапайым адамдардын укугу бузулуп жатканына күбө болдум. Мен керек болсо өзүмдүн укутарымды билчү эмесмин. Өзүм үчүн кимдир бирөөдөн бир нерсе талап кыла аламбы? Дегеле эч бир түшүнүк болгон эмес. Бирок бул тууралуу ойлонуп жүрдүм. Мага окшогон балалуу аялдардын кыйынчылыгын көргөндөн баштап, өзүм жолуктурган окуяларды, ойлорумду кыскача аңгеме кылып жаза баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде журналист Замира Сыдыкова менен таанышып калдым. Ал менин жазгандарымды “Республика” гезитине кыргыз тилинде чыгара баштады. Ошентип 2000-жыл мен үчүн бурулуш болду. Андан кийин парламенттик шайлоо болду. Кыргыз саясатында жаш оппозиция өкүлү Данияр Үсөнов чыкты. Так ошол учурда мен ал талапкерлигин коюп жүргөн райондон батир ижарага алдым. Анын шайлоочулары менен жолугушуусунда катышып калдым, сүйлөгөндөрү мага жакты, эсимде, биринчи турда 50 пайыздан ашык добуш алган. Бирок ал соттун чечими менен шайлоодон четтетилгени белгилүү болду. Ал эми анын ордуна Иса Токоев депутат болгон.

- Сизге Данияр Үсөнов эмнеси менен жакты эле? Биз билгендей, ал учурда Даниил Урицкий ысымы менен жашырынып жүрөт да..

- Мага анын программасы жаккан. Ал маалда 10-20 жылдан кийин ал такыр башка адам болуп чыга келерин, баягы мен колдогон адам башка болуп чыгарын эч ким билген эмес. 2000-жылы Бишкекте алгач Агропромдун имаратынын жанында, андан кийин Горький сейил багында Феликс Куловду жана башка оппозициячыларды – Өмүрбек Суваналиев, Ноомжан Аркабаев жана Данияр Үсөновду колдогон ири нааразылык акциялары өткөн. Мен 2000-жылдын 15-мартында митингге чакыруу тууралуу жарыяны кокусунан окуп калдым. Эртеси базарга барып кечки тамакка нан тапкандын ордуна пикетке чыктым. Эртеси да бардым. Ал жерден канчалаган билимдүү, жарандык позициясы бар, бийликтин адилетсиздигине нааразы болгондорду көрдүм. Мени таң калтырганы, бул адамдардын бардыгы: кары-картаңдар, жаштар эмнеге плакат көтөрүп келгендерин, эмне үчүн Куловду, Аркабаевди, Үсөновду колдошкондугун билишкен. Мен анда Алевтина Проненкону, Бүбүсара Рыскулованы биринчи жолу көргөм. Алар анда жаш, сүйлөгөн создөрү эмоционалдуу болгон. Бирок күтпөгөн нерсе болуп кетти.  Айткандай эле батирди ижарага алгам, каттоом жок, мени митингде милиция кызматкери Аскат Султаналиев байкап калып,16-мартта үйдөн камакка алды. Бул пикеттер күн сайын уланып жатты.

- Эмненин негизинде камакка алышты?

- Уруксатсыз митингге катышканым үчүн. Мен өзүм менен кошо 8 жашар кызымды алып алгам, бизди Биринчи Май РИИБине камерага эмес, кабинетке камашты. Бул түнү болгондуктан, кызымдын уйкусу келип милиция кызматкерлеринен мени бошотушпаса, кызымды үйгө жеткирип коюуларын сурандым. Карандаш кичинекей кагаз таап Замира Сыдыковага кат жазып берип жибердим. Ал учурда мен “Республика” гезитинде штаттан сырткаркы кызматкер болчумун, жанымда күбөлүгүм да бар эле. Бирок мен аны көрсөтпөй бут кийимиме катып койгом. Мен редакцияга зыяным тийип калбасын деп корктум, анткени Замиранын өзүнүн көйгөйлөрү жетиштүү болчу. Аны соттоп, СИЗОго камакка алып, эми гана эркиндикке чыккан. Ошондуктан күбөлүктү каткам. А Замира менин РИИБде экенимди билгенде ызы-чуу чыгарып, менин сүрөтүмдү “Пирамида” телеканалынан саат сайын Азиза Абдирасулова аттуу журналисттин жүргөн жери белгсиз деп көрсөтүп жатты. Мен кесибим боюнча журналист эмесмин, бирок мени биринчи жолу эл алдына аталган редакциянын журналисти деп биринчи жолу айтышты. Убактылуу кармоо жайында митингдин катышуучулары 2 сутка кармалдык, бизге тамак беришкен жок, кар жаап суук болду, дааратканага кайтаруу менен алып барып жатышты. 18-март күнү түндө бизди Биричи Май райондук сотуна алып келишти. Алар мени журналисттерден жашырышты. Мени биринчи Бекташ Шамшиев аттуу белгилүү журналист көрүп калды, ал дагы “Республика” гезитинде иштечү. Ал мени тапкандан баштап көптөгөн адамдар келип, тамак-аш алып келе башташты. Ал учурда мени редакциялардагына башка эч ким билчү эмес. Азыр көбү түнү болгон соттук отурумдарга нааразы, биз ошол убакта эле машыгып калганбыз. Менден тышкары Алевтина Проненко, Данияр Үсөнөвдун өзүн жана катышуучуларды уруксатсыз митинг уюштуруу менен соттоп жатышкан. Мени сот залына алып келишкенде эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бир жаш бала келип “сизге жактоочу керекпи, сотту жылдыралыбы айтсаңыз” деди. А мага баарибир болуп, үйгө кетиш керек болуп жатты, үч суткадан бери балдарым жалгыз. Беш балам, кичүүсү 7 жашта. Сотту жылдыруу кеңешин берип жаткан жаш бала Эдил Байсалов болчу. Ал мени кеңсесине чакырып, дарегин берди. Ошентип мен Төлөкан Исмаилова жетектеген «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын мүчөлөрү менен таанышып калдым. Ошентип, адам укуктары чөйрөсүнө, жарандык коомго келип калдым. Өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ойлонгон жалгыз эле мен эмес экенимди көрдүм. Көйгөйдүн үстүндө иштеп, чечүү жолдорун издегендер бар. Ошентип, укук коргоо ишмердүүлүгүмдү 2000-жылы баштагам деп эсептейм.

– Айтсаңыз, мүнөзүңүз кандай калыптанып калган? Эмне үчүн дайыма адилеттүүлүк үчүн тынымсыз күрөшөсүз?

- Көпчүлүгү мени ушунчалык күчтүү, принципиалдуу деп ойлойт. Бирок, мени жакшы тааныгандар менин жумшак адам экенимди билишет. Балалыгым оор өттү. Ата-энем ажырашып, биз атамдын колунда калдык. Мен 10 жашта элем, менден кичүү сиңдилерим бирөөсү 5 жашта, экинчиси 2 жашта, алар менин карамагымда калышты. Алардын курсактарын тойгузуп, кийимдерин жууп, бардыгын кылдым. Менден улуу эки агам бар эле, бирок алар үй жумуштары менен алек болушкан жок. Ошентип 10 жашымда сиңдилериме жоопкерчиликтүү болуп калдым. Бул сезимдер, алсыздарга кичүүлөргө болгон жоопкерчилик менде өмүр бою сакталып калды. Сабактан кийин сиңдилериме кабатыр болуп, үйгө эрте кетчүмүн. Мен алардын алсыз экенин билчүмүн. Үйүбүздүн жанында терең арык бар болчу, ага кичүү сиңдим түшүп калабы деп дайыма коркчумун. Бир жолу сиңдим ал жака кулап кетти, арыкта суу аз болуп, убагында сактап калганбыз. Бирок бул окуядан кийин мен мурдагыдан да корко баштадым. Айылда жашап, үйдүн эч кандай тосмосу жок, бардык жак ачык болчу. Азыр балалыгыма баа берсем, акылдуу эле экенмин деп калам. Мектепте мага дайыма карандаш, сүрөт тартуу үчүн альбом, дептерлерим жетишпейт болчу. Бирок мен активист болчумун, ырларды бат эле өздөштүрүп алчумун, математикадан маселелерди жакшы аткарчумун, шахмат ойночумун. Ушул нерсе сактап калды окшойт, мугалимдер китеп, дептерлерим жетишсиз болгонуна карабай, көз жумуп жакшы мамиле кылышты. Мүнөзүм мына ушинтип калыптанган. Ар дайым алсыздарды аяш керек, ар дайым ишенимдүү болуш керек, сатып кетпөө керек деп сезем. Азыр байкасам, менде кекчилдик, өч алуу деген жок экенин байкадым. Мунун ордунда менде таарыныч калып калат. Мени капа кылган адамдарга көпкө таарынышым мүмкүн, ошол эле учурда аларга жамандык кыла албайм.

- Майлуу-Суудан Бишкекке жаңы келгенде, 90-жылдары, сырттан келген кыргыз жаштары үчүн жашоо кыйын болгонбу? Айтсаңыз, бул жылдар кандай өттү?

- Ар ким ар кандай жашоо кечирип жатышты. Мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан үй-бүлөсүн багууга аргасыз болгон аялдар алар соода менен активдүү алектенишкен. Кимдир бирөө чет өлкөгө кетти, бирөө бул жерде иштеди, бирөө бизнес уясын таап, ийгиликтүү болуп кетти, кимдир бирөө, балким, өзүн жоготуп, коммерцияда өз ордун таба албай калган. Эгерде Ош базарга карай турган болсок, бүгүнкү күнгө чейин жарандарыбыз эмне кылса да өз күчү менен жашап келет. Алардын арасында дайыма базарда жүргөндөр бар, көбү күнүмдүк күн менен жашап, эптеп акча таап балдарды курсагын тойгузуп келишет. Эртең эмне болору белгисиз. Балким, аларга жакшы шарттар түзүлсө, мамлекетке көбүрөөк жардам беришмек. Учурда алар жердин акысын төлөшөт, салык төлөшөт, кепилдик жок капысынан өрт чыгып, товар уурдалып кетсе орду толукталбайт. Мамлекет тарабынан кепилдик жана камсыздандыруу жок, колдоо жок. Булар мүмкүн болушунча өздөрү бир нерсе кылууга аракет кылган адамдар.

- Сиз дагы "Ош" базарда соода кылгансызбы?

- Мен бардык жерде болгом. Бишкекке 1996-жылы келдим, "Кылым Шамы" уюмун 2003-жылы уюштурдум. Биринчи гранттык колдоону 2005-жылы алдык. Ошол себептүү 1996-жылдан 2005-жылга чейин 10 жылдай өзүбүзгө өзүбүз нан таап жаттык. Биз 5 бала менен ижарага батир алып, аларды кийинтип, окуттук. Каттообуз жок, көп балалуу үй-бүлө үчүн эч кандай социалдык колдоо болгон эмес. Биз күнүмдүк турмушту көрүп жаттык. Менин көз карашымда биздин муун - бул мекенин жоготуп, жаңысын али ала элек муун. Азыр ушундай кайталанса көтөрө аламбы, билбейм. Ал учурда мага балдарга болгон жоопкерчилик күч берчү. Менде депрессия болууга да убактым жок болчу. Кээде саат кечки 10до үйгө келчүмүн, таңкы саат 5-6да турууга туура келчү. Мен жашоомду балдарыма арнаганыма өкүнбөйм, колдон келишинче окуттум. Бирок балдарыма мындан дагы жакшы билим берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок болгонуна өкүнөм. Мен аларды кошумча кружокторго, спорттук курстарга бере алган жокмун. Мунун баары бекер эмес да, а менин ар бир тыйынымдын эсеби бар болчу. Биз жолдошум экөөбүз бул тууралуу ойлондук, бирок толук кандуу окута алган жокпуз. Биз колубуздан келген бар күчүбүздү жумшадык. Ошентсе да баарыбир эле өкүнүч калып калды.

- Азиза эже, 20 жыл ичинде сиздин "Кылым Шамы" уюмуңуз канча адамга жардам берди, санап көрдүңүз беле?

- Муну саноо өтө кыйын. Эгерде кылмыш кодексине тартылгандарды, абактарда кармалгандарды эсептей келсек, болжол менен 1000 адамдай болот. Булардын ар бири ар башкача адамдар. Биз жардам берген адамдар эсимен чыгып кетет. Айрым гана учурлар эсимде калат. Мисалы, Шахида Аманбаева, биз аны көпкө коргодук. Ал 3 жыл абакта отуруп чыкты. Бул жаш кызды кошунасынын өлүмүнө айыпташкан. СИЗОдо жаткан 3 жыл  ооруду, биз аны Чүй облустук сотунда куткарып чыктык. Оштогу июнь окуясына байланыштуу ийгиликтүү мисалдар бар. Көпчүлүгү өмүр бою эркинен ажыратылышкан, биз болсо алардын күнөөсү жоктугун далилдеп, куткарып калдык. Алар азыр эркиндикте. Биз мындай ийгиликтерибизди жарыя кылбастан эле, акырын иштеп жүрө бердик. Бизге назар түшкөнү дагы туура эмес, анткени куткарган адамдарга зыяны тийип калышы мүмкүн. Бирок кимге жардам бере алган жокпуз, алар эсимде. Мисалы, Кара-Балтадагы өлтүрүү окуясы. Ал 19 жаштагы Саидали Ибраимов деген жаш бала эле. Аны күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн катуу кыйноого алышкан, далысын кесип, түз себишкен. Өтө кыйын абалда каза тапкан. Биз ал жигитке жардам бере алган жокпуз. Ошондой эле балдар үйүндө чоңойгон жаш жигитти дагы бат-баттан эстей берем. Мектепти аяктагандан кийин атасынын колуна барат бирок ал жерди башкалар басып алып, ордуна үй салып алышат. Биздин организация анын үйүн кайтарып берүүгө жардам бере баштадык. Анда бардык документтер сакталып калган экен. Биз бардык соттон утуп отуруп Жогорку Сотко жеттик. Ал жактан дагы бир адам пайда болот. Биз күйөөсү менен соттошуп жатсак, аялы пайда болот. Аны утсак кызы чыгат. 2 жылдай кыйналып жүрдүк бирок ишти улантып жаттык. Бул убакыт аралыгы баланы унаа жуучу жайга жумушка киргиздик, ага жакшы кесиптештер туш келип, колдоо кыла башташты. Кийин ал жоголуп кетти. Көп өтпөй анын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул өтө жаман өлүм болду, аны чөктүрүп салышкан экен. Өлүм боюнча ошол үйдө жашаган адамдар жоопко тартылышкан. Мындай жардам бере албай калган учурлар 10доп саналат. Ошондой эле бир катар аскер кызматкерлеринин өлүмү менен коштолгон окуялар көп. Мисалы, Кубанычбектин окуясы анын баш жагында  жарааты болгон, аны аскер бөлүктөн 2 километрдей жерден асынган абалда табышкан. Муну алар өзүнө-өзү кол салуу деп билдиришкен. Өкүнүчтүүсү, мамлекет өзү адам укуктарын коргоого кызыктар эмес болсо, биз укук коргоочулар жөн гана кичинекей түрткүнчу болобуз, биз чечим чыгара турган жак эмеспиз. Биздин роль кичинекей.

-Эмне үчүн бейөкмөт уюмдар гана калктын аярлуу катмарындагы адамдардын укугу менен алектенип, мамлекеттик мекемелер андай адамдарга маани бербегендей болуп жатат?

- Анткени бул биздин жумушубуз. Мамлекет дайыма эле кам көрө бербейт. Кээде адилетсиздик фактыларын аныктасак, мамлекет жардам бере баштайт, мындай иштер ийгиликтүү бүтөт. Ал эми кээде мамлекет укмаксан болуп, жардам бергиси келбей калат. Бирок дайыма коррупция, акча, туугандар деген адамдык факторлор бар. Мындай учурларда биз мындан дагы да алсыз болуп калабыз. Соттор, прокурорлор, ИИМдин кызматкерлери бардыгы шүмшүктөр деп айткым келбейт. Мен мындай ойдон алысмын. Алардын арасында да жакшы адамдар бар.

- Канча пайыз?

- Менин оюмча, мамлекеттик кызматкерлердин 40-50 пайызы түпкүлүгүндө иштегиси келет, бирок система аларга жол бербейт. Мен Ички иштер министрлигинин алдындагы Коомдук-байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары болуп 7 жылдан ашык иштедим. ИИМдин жанан анын ар бир бөлүмүн терең билем. Көптөгөн милиция кызматкерлери мыйзам бузуулар, режим, система боюнча көп айтып калышты, алар жетекчилерине каршы чыга албайт. Бул система андагы кызматкерлерди сындырат...

- Сиз көп жылдар бою тынч жыйындар, жөө жүрүштөр боюнча мыйзам иштеп чыгып коргодуңуз, бирок учурдагы бийлик жалпысынан бардык митинг, пикет, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салды. Ошондо, бул артка кайра тоталитаризмге кайтуубу?

- Ооба. Учурда иштеп жаткан тынчтык жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын өзүнүн кыскача тарыхы бар. Аксыда митингге чыккандарга ок атылгандан кийин 7 жыл ар кандай тергөө, сот процесстерине катыштым. Аксыда эмне үчүн элдерге ок чыгарганын ошондо түшүндүм. Көрсө, ал кезде Кыргызстанда митингдерди, пикеттерди жөнгө салган мыйзамдар жок экен. Анда Кыргызстан СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жобосу менен жашап, ал жобо ок атуучу куралды колдонууга уруксат берген. Ошентип 2000-жылы гана Аксыда атылгандарды көргөндө Өмүрбек Текебаев биринчи жолу тынчтык митингдер боюнча узун аталыштагы мыйзамды иштеп чыккан. Бирок ал дагы азыркы заманбап Кыргызстанга анча туура келген жок. Экинчи мыйзамды ошол кездеги депутат Исхак Масалиев демилгелеген. Азыркы мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Мен өзүмдү бул мыйзамдын авторлош катары эсептейм. Ошондой эле бизге алгач депутат, кийин Юстиция министрлигинде иштеген Эркин Алымбеков жардам берген. Учурдагы мыйзам Венеция комиссиясында эксперттик анализден өтүп, оң баа берилген. Азыркы мыйзамды дайыма макташат, өзгөчө дипломатиялык деңгээлде – Тышкы иштер министрлиги менен БУУ. Алардыкы бир жагынан туура, бизде либералдуу. Бирок, бул мыйзам бийликтегилер аны эл аралык коомчулукка көрсөтүп, колдоо иретинде грант алуу үчүн жазылган эмес. Бул мыйзам аны ишке ашыруу үчүн жазылган. Ал эми бүгүнкү күндө соттун чечими менен митинг, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салынганы одоно мыйзам бузуу болуп саналат, анткени белгисиз убакытка, белгилүү бир жерге митингди чектөө боюнча мыйзамда эч кандай норма жок.

- Учурда соттор митинге чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатышат да..

- Азыр бизде 26-декабрдан 31-мартка чейин митингдерди Горький атындагы паркта гана өткөрүүгө болот. Бирок эл алардын укугун бузган айрым мекемелердин жанына митингге чыккысы келет. Эмне үчүн ал жакка барышат? Аларды ошол жерде ким угат? Ал эми кайсы учурда чектөө, кайсы учурда тыюу салынышы мүмкүн экенин мыйзамда так айтылат. Чектөө - мисалы, темир жолдо болот, анткени ал жакта митинг өткөрүүгө тыюу салынат. Сиз буга каршы чыга албайсыз. Митинг өткөрүүгө болбой турган жерлер бар, булар стратегиялык объектилер. Эгерде бул жөө жүрүш болсо, анда ал унаалардын жүрүшүнө тоскоол болбой тургандай жүргүзүлүшү керек. Бийлик карапайым элдин үнүн уккусу келбей, алардын көйгөйлөрүн чечкиси келбей, элдин чогулуп, талкуу жүргүзүүсүн каалабайт. Бул чайнекте кайнаган чайдай, катуу жаап койсоң, баары бир, эртеби-кечпи жарылып чыгат. Буу чыгышы керек да. Нормалдуу мамлекеттер дайыма адамдарга ал бууну чыгарып алууга мүмкүнчүлүк берет. Тыюу салуу эмнеге алып келиши мүмкүн? Мен эч кимди коркуткум келбейт, бирок тыюу салуулар бийликтин алмашуусуна алып келет. Бизде ушундай кыргыз практикасы бар. Мисалы, 2000-жылдагы Аксы окуясында өтө узак, беш айга созулган пикеттер болду. Анда Куловдун тарапташтары да болду. Мунун баары 2005-жылы бийликтин алмашуусуна алып келди. Эгерде эл митингге чыгып, жана кеп болгондой, буусун чыгарса, алардын көйгөйүн мамлекет укса, эл менен түздөн-түз жолугушууга барышса, жок дегенде 10-15 пайызга күч жумшарат. А эгер элди укпаса, айта турган маселени ашканада, салондо деле айта берет. Баарыбир нааразычылыктар топтоло берет.

- 26 коомдук ишмер, укук коргоочу, журналисттер, блогерлер 4 айдан бери камакта болду. Алар Кемпир-Абад суу сактагычын коргошкон. Бул окуяга кандай комментарий берет элеңиз?

– Аларга карата кылмыш ишинин козголушу эле мыйзамсыз болгон. Хронологиялык тартипти карай турган болсок, Кылмыш жаза кодексине кылмыш жасалгандыгы тууралуу биринчи билдирүү 18-октябрда, башкача айтканда, жолугушуу боло электе эле козголгон. Ал эми 20-октябрда факты боюнча кылмыш иши козголду, негизинен жолугушуу 22-октябрда болгон, анан 23-октябрда таң эрте аларды кармай башташты. Ошондуктан алардын жолугушуусу чагымчыл, алдын ала пландалган деп айтууга негиз бар. Ал жерде көчөдөн эле баргандар чогулуп калган эмес. Билимдүү, таанымал адамдар чогулушкан. Алар үчүн мамлекеттин бүтүндүгү маанилүү. Ал эми Кемпир-Абад боюнча айта турган болсок, бул стратегиялык объект. Эң негизгиси кыргызстандыктардын нааразы болгону Өзбекстан Кемпир-Абад аларга тиешелүү экенин эч качан айтып, маселе көтөргөн эмес, жана бул суроо эч качан көтөрүлгөн эмес. Анан эле азыркы бийликтин демилгеси менен бул маселе көтөрүлүп, Кемпир-Абад өтө тез өтүп кетет. Албетте, адамдар чогулат.

- А сиз бийликти сындап чыктыңызбы?

- 22-октябрдагы бул чогулушка мен дагы чакырылгам. Бирок ошол эле күнү саат 10:00до Тарых музейинде Аксы окуясынын 20 жылдыгына жана Шералы Назаркуловдун 70 жылдык юбилейи болмок, ал ачкачылык жарыялап көз жумган. Тарых музейиндеги иш-чара мен үчүн артыкчылык болду, анткени мен көптөн бери аталган окуяда каза болгондордун жана жарадар болгондордун жакындары менен көрүшө элек болчумун. Убагында мен алар менен Оштон Кара Көлгө чейин 3 ай жүргөм. Мен алар менен көп жүрүп калдым, ал адамдар мага бир убакта абдан жакын болушкан. Аларды көргүм келип, тарыхый музейге келдим. Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өткөнүн кийин билдим. Бирок ал өзү келген жок. Сүйүмбек Касмамбетов, Нурлан Шакиев экөө келди. Иш-чарадан кийин бизди “Жанат” ресторанына алып барышты. Ал жакта салтанаттуу бөлүгү жакшы болуп, ошол жерде калып калдым. Мени Аксы эли сактап калды десем болот. Балким, мен да барып Комитетке кирмекмин. Көпчүлүк билгендей, мен Кыргызстандын чек ара маселелерин коргоо комитетинде жүрөм, ошондуктан чек ара маселелери боюнча эксперт катары чакырышкан. Мен ал жакка Динара Ошурахунова дагы чакырылып, анын апасы ооруп ал жанында болгонун билем. Биз камоолор тууралуу ойлогон да эмеспиз. Көптөрү мага окшоп чакыруу алып, жөн эле барып калышкан. Мисалы, Клара Сооронкулова. Акыркы 3 айда ал Кыргызстанда болгон эмес, жана ал эч жерге Кемпир-Абад тууралуу комментарий берген эмес. Гульнара Журабаева жакында эле жолдошунан ажыраган. Мен ага тынч чогулуштарга бөгөт коюу маселесин карап жаткан кезде жолуккам. Ал Ысык-Көлгө өз үйүнөн кыштаганы жатканын айтып, Асия Сасыкбаевага үйдө өстүргөн гүлдөрүн багып берүү суранычы менен бере турганын айткан. Ошондуктан мен Асия менен сүйлөшүү үчүн жолугушууга бардым. Ошондо ал гүлдөр үчүн абакта отурат. Бирок ал жерде бир гана комитеттин мүчөлөрү эмес, жыйынга катышпагандар, комитетке кирбегендер да жоопко тартылган. Мисалы, Атай Бейшенбеков.

-Эмне үчүн бийлик аларга мындай катаал мамиле кылды?

- Бул коркутуу. Үйдө ким кожоюн экенин билгизүү. Бийлик өкүлдөрү кыргыздар үчүн бийликти өткөрүп берүү тынч өтүп жатканы менен жерди берүү азаптуу экенин түшүнүп турушат. Ар бир кыргыз жүрөгүндө бул жер бизден кетип баратат, аны кайра кайтара алабызбы деген ойдо жүрүшөт. Бул Үзөңгү-Кууш, Каркырадан улам болду. Каркыра Түптөн жүздөгөн чакырым алыс болсо,Үзөңгү-Кууш да жетиштүү түрдө алыс. Ал эми Кемпир-Абад Кыргызстандын калкы эң жыш жайгашкан аймактарынын бири. Аны мынчалык оңой берип коюшат деп ойлогон да эмесмин. Бирок кармалгандарга өтө катаал мамиле жасашты. Биз байкоо жүргүзгөндө Өзгөн районунун жаштарына басым болду. Жергиликтүү калк да коргонууну каалашты. 70-80-жылдары бул суу сактагычты курууну Совет бийлиги пландап жатканда, ал жердеги төрт конушту суу каптап кеткенин көпчүлүк биле бербейт. Ошентип кийин аталган төрт конуштан адамдар көчүп келишкен. Ал жерде көбүнүн ата-бабаларынын мүрзөлөрү калган.

- Жергиликтүү эл менен бийлик гана эмес уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы иштешкен, эркектерди коркуткан деген версия дагы айтылып жүрөт ..

- УКТ мүчөлөрү боюнча далилим жок, бирок аймактын атайын кызматтар, милиция кызматкерлери, активисттер керек болсо мугалимдерди да эл тынч отуруусу үчүн аралыштырышкан.

- Бизде бийликте жана парламентте гендердик баланс сакталбайт. Мамлекеттик башкарууда мырзалар айымдарга орун берүүгө даяр эмес. Эмнеге?

- Биз аялдар өзүбүз күнөөлүүбүз. Шайлоо курагындагы 50 пайыздан көп аялдар эркектерге добуш беребиз. Балким менталитет ушундайдыр, анткени үйдө мисалы “төр” – эркектердики. Ошондуктан бийликте да мырзалар. Алар күчтүү, бизден акылдуу деп кабыл алып калганбыз. Болбосо, 50% - аялдар, 50% - эркектер болушу керек. Күлкүнү келтиргени, шайлоо мыйзамында 30 пайыз квота бир жыныстагы адамдарга жазылган, бирок эмнегедир биз автоматтык түрдө бул 30% аялдар деп ойлоп алганбыз. Балким, эркектер болуп жүрбөсүн? 30% аялдар болушу керек деп эч жерде жазылбаганы менен, биз өз ыктыярыбыз менен аялдар жөнүндө деп кабыл алабыз. Мыйзамдар жакшы, бирок баары биз кандай кабыл алганыбыздан, ага өз ыктыярыбыз менен баш ийгенибизден көз каранды.

- Бийликте 50% эркектер, 50% аялдар болсо, Кыргызстан такыр башка мамлекет болмок деп ойлойсузбу?

-Бийликте аялдар көп болсо, балдар укуктарына, мамлекет аялдардын социалдык көйгөйлөрүнө,мүмкүнчүлүктөрүнө жана үй-бүлөнү колдоого көбүрөөк көңүл бурат. Аялдарга жана балдарга материалдык, социалдык жеңилдик берилгенде, бул үй-бүлөнүн 90% көйгөйүн чечмек. А мамлекеттик деңгээлде ушундай болушу керек. Аял эч качан согуш баштабайт. Аял эч качан конфронтацияны баштабайт. Бизде эркектердин ортосунда тынымсыз тирешүүлөр жана бийлик алмашуулар болот. Аялдар эч качан кан төгүүгө, тирешүүгө барышпайт. Аялдын артыкчылыктуу багыты – социалдык, маданий, экологиялык маселелерди чечүү, саламаттыкты сактоону жана билим берүүнү өнүктүрүү. Эгерде ушул көйгөйлөр чечилсе, мамлекет күчтүү болот.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине