Бермет Темирбаева: «Аялдар жоопкерчиликтүүрөөк болот, бул алардын канында»

15:48, 31 Августа 2018

Милициянын полковниги, Талас областтык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) штабынын жетекчиси Бермет Темирбаева – өтө сүйкүмдүү аял. Милиция органдарында 22 жыл эмгектенип, өз ишинин дасыккан адиси болуп калды. Көп кыйын кезеңдерди башынан өткөрдү: ыңкылаптарды, митингдерди, Талас ИИБинин имаратынын өрттөлүшүн, документацияларды калыбына келтирүүнү, эл ишенимин кайра кайтарууну. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабай жагымдуу, кыялкеч, акылкөй жана сулуу аялдык сапаттарын сактап кала алды.

Милиция кызматерлери менен дайыма чуркап жүрүп сүйлөшөсүң – алардын иши ушундай эмеспи. Бул жолу да так ушундай болду.

Элдин ишеними тууралуу

- Бермет, сиз милицияга академиядан кийин келдиңиз да?

- Жок, мен кадимки эле жожду бүтүрүп, эмгек жолумду машбюронун секретары катары баштагам. Милиция кызматкери болуу менин максатым эле. Менин атам милицияда кызмат кылган, тай атам дагы милиционер болчу, аларды көрүп мен дагы милицияда иштегим келди. Бала кезимен органдарда иштесем деп кыялданчумун. Бирок мектепти бүтүргөндөн кийин Бишкектеги милициянын жогорку мектебине өтө албай калдым – ал кездеги боюм жапыз эле. Кыздардын бою 165 сантиметрден кем болбошу керек, а мен ага бир аз жетпей калдым. Баса, милициядагы кыздардын санынын аздыгынын себебинин бири ушунда. Анткени Кыргызстандагы аялдардын орточо бою 165 сантиметрден аз болуп жатпайбы. Мен кадимки эле жожго өтүп, милициянын машбюросуна секретарь болуп орноштум. Кийин кадрлар бөлүмүнө которулдум, ал жакта мен бөлүмдүн жетекчилигине чейинки бардык “тепкичтерди” басып өттүм.

Менин бул кызматта иштегеним 2010-жылдагы апрель окуяларына туура келди. Эсиңерде болсо керек, Таласта бул окуялардын убагында ИИБдин имаратын бардык документациясы, өздүк иш кагаздары менен өрттөп кетишкен болчу. Мен болсо 2,5 ай мурдараак бул кызматка дайындалган элем. Кийин мага ал кезде кызмат кылгандардын, жумуштан кеткендердин бардык кагаздарын кайра калыбына келтирүүгө туура келди. Жалпысынан алганда 600гө жакын өздүк иштерди чогулттум. Союз учурунда, мурдагы ССРСтин башка республикаларында кызмат кылгандар да бар эле. Ушундан эле элестетип көрсөңөр болот, канча сурам-каттарды жиберип, аларды канча күтүүгө туура келгенин.

- Көтөрүлүшчү таластыктар күйүүчү заттар куюлган бөтөлкөлөрду колуна алып алып, курчоого алган имаратта белеңер?

- Ооба. Мен ошол имаратта болгом.

Билдирме: Бакиевдердин элге жек көрүндүү режимин кулаткан ыңкылаптын башаты болуп эсептелген 2010-жылдын 6-апрелиндеги окуялар жалпы эле Кыргызстан үчүн сыяктуу Талас жери үчүн да оор кайгылуу күндөрдөн болду. Укук коргоо органдарына да көп жоготууларды алып келди. Жергиликтүү калк 200 спецназчыларды сабап, областтык администрациянын жана милиция кызматкерлери баррикада куруп, калкаланып отурушкан ИИБдин иамаратын өрттөп салышкан. Алардын айрымдары качып кутулуп, шаар тургундарынын үйлөрүндө жашынып калышкан. Ошол эле кезде ИИБдеги 700 даана курал жарак жоголуп, убактылуу кармоочу изолятордо камалып отурган 70 адам качып кеткен. Түнү Таласка ИИМдин министри Молдомуса Конгантиев жана вице-премьер Акылбек Жапаров келет. Бирок алар менен кошо келген отрядды чачыратып кууп, ИИМ министрин колго түшүрүшүп, аны катуу ур-токмокко алышат. Атайын комиссиянын эсептөөсү боюнча, Талас областына 2,3 миллион долларлык зыян келтирилген болот.
- Ал кездеги эң жагымсыз окуялардын бири – ички иштер министрдин катуу сабалышы, аны дээрлик бардык дүйнөлүк каналдарда көрсөтүштү. Аны катуу сабап, барымтада кармап тургандары кандайча болуп калды?

- Ал убакта ИИМди Молдомуса Ташболотович Конгантиев жетектеп турат эле, ал эң мыкты ички иштер министрлеринин бири болчу. Мен аны азыркыга чейин урматтайм. Ал милиция кызматкерлерине катуу кам көрөт эле, көп жылдан бери чечилбей келген маселелерди четинен чече баштаган. Анын келиши менен материалдык камсыздообуз жакшырып, кадимки эле канцтоварлар, ыкчам кызматкерлери үчүн кызматтык автоунаалар пайда болду. Кезинде – ал министр боло элегинде – кагаздан бензинге чейинкисин өзүбүз сатып алат элек. Ал 7-апрелде келди. Аягына чейин милиция кызматкерлери менен бирге болду. Кандайча болуп калды дедиңер. Бирок бул жерде кеп, кандайча болуп калгандыгында эмес, анын кетип калбай, милиция кызматкерлери менен аягына чейин бирге болгондугунда. Ошондо көптөгөн аткаминерлер ИИБдин имаратын таштап кетишкен эле, ал болсо кетип калган жок, калды.

- Ошондо болгон нерселер катардагы милиция кызматкерлерине катуу таасир тийгиздиби?

- Ооба, ананчы. Бийликке нааразы болгондор бүт жинин милициядан чыгарышты. Милиция – элдин бир бөлүгү экенин, эл үчүн, элдин коопсуздугу үчүн иштей тургандыгын билишсе дагы. Мамлекетке таарынычын, көргөн кордугун бүт милициядан чыгарып алышты. Бул бизге оор тийди.

- Ошол кезде жердештериңерге, элге таарыныч болгон жокпу?

- Жок. Биз өзүбүз да ошол элден болобуз да. Кантип элге таарынам, мен өзүмдү элден бөлүп карай албайм. Жылдап топтолгон маселелер, бийликтин кетирген каталары чогулуп келип ошондо жарылды да. Анан да чагымчылар болду, алар каны кызып калган элди бизге тукуруп коюшту. Мунун баары – чоң трагедия, элге таарынуу болбойт.

- Элдин милицияга, милициянын элге ишенимин кайтаруу оор болдубу?

- Кеп мында, милиция – коомдун ажырагыс бөлүгү. Муну жакшы түшүнүш керек. Кыска убакыттын ичинде бир-бирине ишеним калыбына келтирилди. ИИБдин имараты күйүп кетип, шаардык милиция бөлүмү жарым-жартылай талкаланган болсо да 8-апрелде эле элден арыздар түшө баштады. Буга карабай кызматкерлер ишке чыгып жатышты, кооптуу болгонуна карабай патрулдук кайтарууга барып жатышты. Ошол эле кезде шаардын тургундары коопсуздугубузду камсыздап бергиле деп кайрылып жатышты. Ал эмес МАИ кызматкерлеринин да ишке чыгуусун суранып жатышты, анткени, бир аз убакытка жолдордо башаламандык болуп кеткен эле. Милициянын ишке чыгуусун суранып, эл кайрылып жатты. Тартипти орнотуп берүүбүздү өтүнүштү.


Милициянын иш күнү

- Ишиңер тууралуу айтып берсеңер. Сизге кандай милдеттер артылган?

- Мен штабдын жетекчиси болгондуктан, бөлүмдүн ишмердүүлүгүн камсыздап уюштуруунун бардыгы менин моюнумда. Анализ кылып, прогнозду түзүү да мага жүктөлгөн. Кылмыштуулуктун жана кылмыш иштерин ачуунун статистикасы – менин ишим.

- Учурда Талас областындагы криминогендик абал кандай болду экен?

- Жылдан жылга анын деңгээли түшүүдө. Аймагыбыздагы кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү төмөндөп, кылмыш иштери көбүрөөк ачыла баштады. Бул кылмыштуулуктун алдын алган иштерди жакшыраак жүргүзө баштаганыбызга байланыштуу болушу мүмкүн. Кызматкерлер менен да иш алып барууну күчөткөнбүз.

- Кайсы кылмыш иштери баарынан көп катталат сиздерде?

- Уурулук, бейбаштык, денеге анчалык оор эмес залал келтирүүлөр – бул негизгилери. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар да катталат, бирок статистика көрсөткөндөй, алардын саны азаюуда.

- Ишиңизге исламдык радикализм кандай таасир тийгизүүдө?

- Ооба, бул азыр бүт дүйнө жүзүнүн баш оорусу болууда, эң курч маселердин бири. Андай элементтер бизде да бар, алар менен катуу иш жүргүзүп жатабыз. Бул ишти укук коргоо органдары гана жалгыз алып барбастан, улуттук коопсуздук органдары жана Чек-ара кызматы менен тыгыз иш алып баруудабыз. Бул багытта да алдын алуу иштерине катуу көңүл бурабыз.

- Таластагы эң курч маселелер кайсылар?

- Талас областы негизинен Казакстан менен чектешет, Өзбекстан менен да чек-ара тилкеси бар. Эки ири – Кара-Буура жана Талас райондору – Казакстан менен көп чакырым чектешет. Болгондо да жайыт жерлеринде. Жыйынтыгында бизде көп мал жоголот, жок, мал уурулуктан эмес. Ээси жакшы көз салбагандыктан мал чек-араны өтүп кетип, аларды артка кайтаруу чоң маселеге айланат. Жакында эле бизде бир окуя болду, 115 жылкыдан турган үйүр Казакстанга өтүп кеткен. Ошол эле убакта коңшу райондо 20 бодо мал дагы чек арадан өтүп кетти. Мал деген мал да, чек-ара эмне экенин билбейт, кароосуз калгандыктан көргөн жагына жайыт боюнча кете берет. Эл үчүн бул өтө чоң чыгым! Бирок айтылган окуялардын арты жакшы болду. ИИБдин жана губернатордун аракети менен казак тарап менен тил табыша алдык. Жылкыларыбыз менен уйларыбызды кайтарып беришти. Баса, мына ушуга окшош иштер менен милиция элдин ишенимине кирип жатат.

- Учурдагы жаштардын милицияга мамилеси кандай?

- Союз урагандан кийин бизде кыска убакыт криминалды романтизациялоо күч алган. Жаштар рэкетир, же мыйзамдагы ууру болгусу келет эле. Мындай нерсе ССРСтин бардык өлкөлөрүндө байкалды. Бирок бул күндөрү жаштар милицияга, укуктук тартипке көбүрөөк ыктайт. Бул биз ачык эшиктер күнүн өткөргөнүбүздө, мектептерде жолугушууларды, лекцияларды уюштурганбызда жакшы байкалат. Жаштардын милицияга кызыгуусу чоң, алардан жакшы каалоо-тилектерди угабыз, биз менен кызматташкылары келет. Алар дружинник болгулары келет, мыйзамдарды билүүгө кызыгышат. Башаламандык аларга жакпайт.

- Сиз кадрлар менен көп жылдан бери иштеп келесиз. Кыргыз милиция кызматкерлери кандай өзгөрдү?

- Мындан 10 жыл мурун милиция кызматкерлери техникага анчалык жакын эмес эле, азыр болсо бардыгы мыкты билишет, Интернетке катуу кызыгышат. Мындай нерсе милицияда гана эмес, бардык жактарда да байкалып жатса керек. Биз XXI кылымда жашап жатабыз да. Жаңы кызматкерлердин билим жана интеллект деңгээлдери өсүп жатат. Бул факт.

- А мекенчилдигичи? Физикалык даярдыгчы?

- Жаштардын мекенчилдиги күчтүү, мында шек жок. Бир жылдары физикалык даярдыктары бир аз түшүп кеткен болчу. Азыр болсо, абал оңоло баштады. Кызматкерлердин физикалык даярдыгы боюнча сабактарды өткөрүү учурда ИИМдин бардык бөлүктөрүндө жолго коюлган. Стройдо жүрүү, мылтык атуу, мушташ өнөрү – булардын бардыгы боюнча сөзсүз түрдө жумасына эки жолу машыгуулар уюштурулуп турат.

Үй-бүлө тууралуу

- Үй-бүлөңүздүн жумушуңузга мамилеси кандай?

- Менин эки балам бар: кызым тогузунчу классты аяктады, уулум бир жаш кичүү. Күйөөм экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Ушундай болуп калды. Үй-бүлөнү жаңыдан гана курганыбызда бардыгы жакшы болчу, милиционер да болуу, аял да болуу колуман келет деп ойлочумун, бирок, андай болбоду. Сөзсүз, башка себептер да болду, менин ишим үй-бүлөбүздүн бузулушунун негизги себеби болду деп айта албайм, бирок ал себептердин бири болду десем болот. Мурдагы күйөм менин колдобой калган учур да келип... Негизги себебин айтпай эле коёюн, бирок жалпы себептердин катарында ал дагы бар.

- Балдарыңар сизди туурап милиция болгусу келбейби?

- Келет. Бул мени катуу кубантат. Кызым юридикалык факультетке тапшырам дейт. Уулум болсо милиция кызматкери болом деп кыялданат.

- Сиз аларды колдойсуңарбы?

- Албетте. Анан да, кандай болгон күндө да балага тандоо укугун беришибиз керек. Бул анын жашоосу да.

- Аял-милиционер болуу оорбу?

- Негизи, милиционер болуунун өзү эле оор. Бул чоң жоопкерчилик.

Билдирме: Кыргызстандагы ички иштер органдарындагы аялдардын үлүшү 15%ды түзөт. Аттестациядан өткөн аял-кызматкерлердин үлүшү 8,3%. Ал эми жалпы калктын 50,6%ын аялдар түзөт. Азарынча бул сандар бир-бирине көп туура келбейт. Бизде азыркыга чейин милиция – бул аялдардын иши эмес деген эски стереотиптик көз караш, түшүнүк али да күч.

Насаатчылык

- “Насаатчылык” долбооруна катышканыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Насаатчылык усулу ички иштер органдарында илгертен бери колдонулуп келет. Союз убагында насаатчылыкка катуу көңүл бурулат эле, анткени ал эң натыйжалуу механизмдердин бири болчу. Бул салт, бул жактан алганда, эч качан үзүлгөн эмес. Бул долбоорго чейин эле ички иштер органдарында насаатчылык кеңири колдонулуп келген, анткени тажрыйбалуу кызматкерлер жаш кадрларды тарбиялабаса, анда ким? Мен дагы бир кезде көп нерсени билбеген жаш кадр болчумун, менин да өз насаатчыларым болгон, мен аларга азыркыга чейин ыраазымын. Эми мен дагы бирөөнө жардам бергим келет, менин да шакирттерим болушун: “Биз Бермет Темирбаевадан үйрөнгөнбүз”, - деп айтышын каалайм. Бул долбоордун алкагында менин төрт шакиртим бар, бирок бул долбоор боюнча гана, а мындай алганда мага жыл сайын бир канча жаш милиция кызматкерлерин бекитип коюшат. Сенин бир кездеги шакиртиң учурда сени менен кошо насаатчы болуп жүргөнүн көргөнүңдө, кантип кубанбай коёсуң. Менде андайлар бар. Аларга мен толук ишенем, алар эч качан мени жер каратып, уят кылышпайт.

- Сизге “Насаатчылык” долбоору эмнеси менен жардам берди?

- Мен үчүн бул долбоор өз күчүмдү дагы бир жолу сынап көргөнгө мүмкүнчүлүк болду. Бирок эң башкысы бул эмес, эң башкысы – жаш кызматкерлерге тийштүү багыт берүүгө, бардыгы алардын колунунан келээрине шыктандырууга мүмкүнчүлүк. Эгер ишке жаңы орношкондор тажрыйбалуу кызматкерлердин көз жаздымында кала турган болсо, аларга кесибин жакшы өздөштүргөнгө, жамаатка аралашканга бир топ оор болот. Органдарда иштөөнүн көп нюанстары бар, аларды жождо окутпайт. Ченемделбеген иш күнү, субординация – булар жаштарга бери дегенде эң татаал нерсе. Насаатчың бар болсо, жаш кадр бул нерселерге бат көнүп кетет. Эгер шакиртиң кыйын чыгып, ишинин көрсөткүчтөру жакшы болсо – бул насаатчы үчүн бардык белектен артык нерсе. Бул адамга чоң дем берет.

- Аялдар милицияда болушу керекпи?

- Ананчы. Албетте. Бардыгы ойлошот, бул аялдын иши эмес, эркектин иши деп. Чоң физикалык, психологиялык кыйынчылыктар, ченемделбеген иш күнү – мунун баарын үй-бүлөң жана балдарың менен айкалыштыруу өтө оор, мен муну менен макулмун. Бирок ошол эле кезде, бул иште эркектерге караганда аялдар пайдалуурак болгон учурлар да кездешет. Аялдар жоопкерчиликтүүрөөк болушат. Бул алардын канында. Кыздар кичи кезинен эле үй тиричилигинде жардам беришип, ини-сиңдилерине каралашат, а демек өз иш убактысын жакшыраак бөлүштүрө алат, жана да аларды жоопкерчиликке үйрөтүүнүн кажети жок. Эркек кесиптештерим муну жакшы түшүнүшөт, ошондуктан алар бизге бардык жактан колдоо көрсөтүшөт. Анан да менин пикиримде, бул эркектин иши, а бул аялдын иши деп бөлүштүрүп кароо туура эмес. Менимче, кызмат – бул кесипкөйлөр үчүн болушу керек. Жашоо да, дүйнө да өзгөрүүдө. Бул күндөрү аял депутаттарга, ишкерлерге, чоң компаниялардын жетекчилерине көнүп да калдык.

- Эркек кесиптештер кантип колдоо көрсөтүшөт. Алар силерди аяшабы, бардык айткандарыңарды аткарышабы?

- Жок, андай эмес. Мен мындай стереотип менен биринчи жолу кездешпей элем, мындайды укканда айласыздан жылмаясың. Бизге эркектердей эле талап коюлат, алар менен тең кызматтын жүгүн көтөрөбүз. Бир гана физикалык даярдык боюнча нормативдер азыраак, физиологиялык өзгөчөлүктөргө жараша дегендей. А калган талаптар бардыгыбызга бирдей. Анан да мүмкүнчүлүктөрүбүз бардыгыбыздыкы бирдей. Эгер кыйындыгың көрсөтө алсаң – көтөрүлөсүн. Эгер алсыз болсоң, өзгөчө психологиялык жактан, анда сени алмаштырып коюшу мүмкүн. Бизге жеңилдиктер каралган эмес.

Лейла Саралаева, Светлана Бегунова

Вячеслава Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине