Гүлназ Жүзбаева: «Бизге бир өзгөчө шарттарды түзүп берүүнү талап кылбайбыз, жөн гана бардыгына бирдей ыңгайлуу шарттар болсо»

10:08, 21 Ноября 2018

Бул маектин башкы каарманы  көзү айланабыздагы дүйнөнү биз сыяктуу көрө албаган адамдарга коомдо болгон мамилени өзгөртүүнү сунуштайт. Аталган адамдар «көзу азиз адамдардын колунан эч нерсе келбейт, өзгөчө көңүл бөлүүнү талап кылышат» деген таржымалды жокко чыгарышат. Алардын жашоого болгон көз карашы дал ушул көзү азиздер менен жакшы көрө алган адамдардын ортосунда эч кандай айрыма жок болгонун, жана болбошу керектигин  далилдөөнү көздөйт.

үлназ,  сиздин уюм кандай иштерди алып барат?

-Мен жетектеген «Кыргыз  азиздер федерациясы» жашы жеткен көзү азиз адамдарга реабилитациялык треннингдерди алып барат. Ар бир треннинг алты ай убакытка созулат. Треннинге катышуу үчүн бизге Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчтарынан адамдар келишет. Бизде ал адамдар өз алдынча жашоого үйрөнүшөт. Биздин уюмдун мүчөлөрүнүн бардыгы, алардын ичинде 6 инструктор дагы көзү азиз адамдар.

-Бул кандай сабактар?

-Биз негизги 5 багыт боюнча сабактарды алып барабыз: Брайльдын шрифти менен окуу жана жазууну үйрөтүү, компьютер жана смартфон менен колдонууну үйрөтүү, узун ак таякчанын жардамы менен жерлерде басып, кыймылдап жүрүүнү үйрөтүү, күнүмдүк жашоодо өзүн-өзү тейлегенди үйрөтүү, мисалы тамак жасоодо, үй жыйноодо, дүкөндөн азык түлүктөрдү сатып алууда жана башка), ошондой эле биз орус жана англис тилдерин үйрөтөбүз. Бул сабактарды окуп жаткан адамдар күнүнө эртең мененки саат 9дан кечки саат 6га чейин окушат. Каалоочулар биздин треннингдерге төмөнкү телефондор аркылуу жазыла алышат: (0-707) 37-73-73, (0-773) 65-66-17, (0-777) 85-16-10.

-Жашка жеткен көзү азиздер сиз атап өткөн нерселердин көбүн жасаганды билишпейби?

-Ооба, билишпейт. Мисалы, кээ бир азиздер мектепке дагы барышкан эмес. Алар өмүр бою ата-энесинин көзөмөлү алдында үйдө чоңойюшкан. Тагыраак айтканда, алардын эч кандай билими жок. Кээ бирлер болсо кандайдыр бир себептерлен улам бала кезинен эле, же бираз чоңойгондо  көрө албай калышкан. Алар мурун көрүүнүн жардамы менен окуп-жазганды билишчи, бирок кийин ал мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калышкан. Брайльдын шрифтине үйрөнүү- алар үчүн кайрадан окуу жана көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна тең.  Ошол эле жөндөмдү таякчанын жардамы менен басып-турууга колдонууга болот. Албетте, көзү көрүп жүргөн учурда бул нерселер алардын колунан келчү эмес. Азыркы заманбап компьютерлер жана смартфондор көзү азиздер үчүн ыңгайлашкан атайын функцияларга ээ. Дал ошол программалардын жардамы менен биздин угармандар жазганды жана окуганды үйрөнүшөт. Чет тилдерин үйрөнүү дагы Брайльдын шрифти аркылуу жүргүзүлөт. Бизге өлкөнүн ар кандай региондорунан ар кандай билим деңгээлине ээ адамдар келишет. Алар мыкты жакка өзгөргөнүн көрүп, биз дагы туура багытта бара жатканыбызды түшүнөбүз, анткени алардын өзгөрүүсүнө биз дагы тиешелүүбүзда.

-Аталган курстарды канча адам  аяктады?

-Эң башында, мен өзүмдүн билимим менен көзү азиздер менен бөлүшө баштаганда, бир топто 10-13 адам бар болчу. Учурдагы  өтүп жаткан курстарды биздин уюм былтыркы жылдын башынан бери өткөрүп келе жатат. Окутуу убактысынын аралыгында жалпысынан билим алууну 35-40 адам аяктады. Ал эми азыр болсо треннингдерде 8 адам билим алууда.

-Треннингдин катышуучулары менен тил табышуу оңойбу?

-Абдан оор. Алардын ар бири менен мамиле куруу жеңил эмес. Бирин мактап, бирине тартипти катуураак коюп, бири менен олуттуу отуруп сүйлөшүү керек. Бирок жыл сайын иш алып баруу жеңилдеп баратат. Жыл сайын тажрыйбам кеңейүүдө, бирок жыл сайын жаңы адамдар келип, алар менен жаңыча мамиле куруу керектелет.

-Сиздин бүтүрүүчулөрүңүз сизге жардам көрсөтөбү?

-Ооба. Башында мен жалгыз болчумун. Азыр болсо мага жардам бере турган командам бар. Негизинен алар треннингдерди аяктаган адамдар. Ар бир треннингдин аяктоосунан кийин биздин командага бир же эки адам кошулат, кээ бирлер болсо жөн гана келип, жардам берип турушат.

-Сизге бул треннингдерди өткөрүүгө кимдер жардам берет?

-Уюштуруу иштерин биз өзүбүз жасайбыз. Треннингдерди өткөрүүгө кеңселерди бизге Кыргызстандагы Америка университети акысыз бөлүп берет. Биз үчүн бул абдан чоң колдоо. Каржылоону биз өзүбүз издейбиз, каттарды жазып жөнөтүп, гранттарды табууга аркет кылабыз. Жардамдын кандайдыр бир бөлүгү садагалардан келип түшөт, анын ичинде чет мамлекеттерден дагы, мисалы Жапония менен АКШдан. Былтыр биздин катыбызга экс-президент Алмазбек Атамбаев көңүл буруп, бизге материалдык жардам көрсөткөн.

-Өкмөт, Социалдык коргоо министрлиги, жергиликтүү бийликтер колдоо көрсөтпөйбү?

-Биз бийликке кайрылганда алар бизге оолуттуу көңүл деле бөлүшпөйт, себеби, биз азиз болгондуктан болсо керек, балким. Бирок келечекте алар бизге көмөктөшө баштайт деп мен үмүттөнөм. Менин оюмча, Социалдык өнүктүрүү министрлиги биздин уюм жана окутуучу курстарыбыз бар экенин билбейт деле окшойт.

-Сиз эмне үчүн өз билимдериңизди башкалар менен бөлүшүүнү кааладыңыз?

-Мен төрөлгөндө эле азиз болуп төрөлгөм. Менин көрүүм начар экенин ата-энем үч жашымда гана билишиптир. Бирок көрүүмдү кайра калыбына келтире алган жокпуз. Ал кезде азиздер үчүн жалгыз мектеп Фрунзеде гана бар эле. Мени ал жерге берүү ата-энемдин колунан келген жок, ошондуктан мен кадимки эле мектептен билим алдым. Албетте, мен үчүн көптөгөн чектөөлөр болгон, мисалы, мен доскада эмне жазылып турганын көрө алчы эмесмин, бирок ата-энемдин жана досторумдун колдоосу менен мектепти аяктадым. Университетке тапшыруу алдында дагы көптөгөн күмөн саноолор болду, мен тааныш эмес шаарда кантип жашап, басып-тура алам деп көп ойлондум. Башында бир чечимге келе албай, үйдө калмакчы болдум. Бирок кийин баары бир тобокелге салып, окууга өттүм. Университетте дагы көптөгөн чектөөлөр жана тоскоолдуктар болду, мен өзүмдү өзүм дагы чектеп жүрдүм, бирок акырында бардыгы колумдан келди. Чет тилдерин үйрөнүү үчүн ар кандай курстарга барып баштадым, ал жерлерде чет тилдерде мыкты сүйлөгөн америкалык, англиялык окутуучулар бар эле. Мен алардын сабактарына катышууну сурандым, бирок алар азиз адамдар менен иштебегендиктен, менин алдымда көптөгөн эшиктер жабылып жатты. Андан соң менен чет мамлекетте билим алуу үчүн билдирүүлөрдү толтура баштадым. Максатым ишке ашып, Жапония менен АКШга окууга өттүм. Ал жерлерден мен азиз болгонуна карабай ийгиликке жеткен адамдар менен тааныштым, алардын ичинде жада калса профессорлор дагы бар болчу. Бул нерсе мени жана мен сыяктуу адамдарды Кыргызстанда кадимки адамдардай эле кабыл алууга максат куруп, аны ишке ашырууга дем күч берди, биз дагы  толук кандуу жашоо менен жашай алаарыбызды даңазалагым келди. Мен өзүм чогулткан талырыйбамды башка адамдар менен бөлүшүүнү кааладым. Өз мекениме кайтып, кайрадан бул жерде жашай баштаганымда, мен билген нерселерди азиз адамдар билбегенине көзүм жетти. А мен болсо ар бир азиз өзүн өзү караганды, идиш-аяк жууганды, тамак жасаганды, үй жыйнаганды билсе керек деп ойлоп жүргөм. Дал ошол учурда мен өзүмдүн билимдеримди башка азиз адамдар менен бөлүшүүгө ашыктым, бирок, аны кантип ишке ашырууну билчү эмесмин.

-Сиздин ар бир азиз адам толук кандуу жашоого ээ болушу жөнүндөгү кыялыңыз орундалышы үчүн кандай чектөөлөр жоюлушу керек?

-Биздин учурдагы коомдо көптөгөн стереотиптер орун алган, алардын ичинде азиздерге болгон мамиле... Биздин коом азиз адамды көрсө дароо эле ал инвалид, эч нерсе колунан келбейт, сөзсүз жардамга муктаж, үйүндө эле отурат деп ойлойт. Тилекке каршы, мындай стереотиптер азиздердин арасында дагы бар. Эң биринчиден эч качан өзүңө чектөө койбош керек. Эгерде биз, азиздер, өзүбүздүн толук кандуу эмес экенибизди коомго көрсөтсөк, эч кандай алдыга жылыш болбойт. Биз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечишибиз керек, же болбой калды дегенде, аларды кантип чечүүгө болоорун билишибиз керек.

-Сиз ишмердүүлүгүңүздүн натыйжасында кандай максатка жетүүнү көздөйсүз?

-Биздин коом азиз адамдарды ошол коомдун толук укуктуу мүчөлөрү катары көргөнүн көздөйм. Мен бул максатымды ишке ашырсам, коомдо көргөндөр жана көрбөгөндөр деген боөлүнүү болбойт эле. Көпчүлүк “Мен көрбөйм, демек мамлекет мага жардам бериши керек, мамлекет эч нерсе кылбайт, жада калса жол чырактарын коюп койбойт”-деп ойлошот.  Бирок жол чырактар коюлган күндө деле адамдар жолдон өткөндү билбесе, анын эмне кереги бар?

-Бирок, айта кетсек мындай жол чырактары шаарда орнотулуп жатат...

-(күлүп) Биз ал сүйлөгөн жол чырактарга көп ишенбейбиз.Биринчиден, алар ар бир кесилиште орнотулган, ошонусу менен бизди чектеп жатышат, демек, биз аталган кесилиштер аркылуу гана жол жүрүшүбүз керек. Бирок биздин шаардын ар кандай бөлүктөрүндө иштерибиз бар болушу мүмкүн да, ошондуктан биз унаалардын үндөрүнө карап жол жүрөбүз. Демек, бизге ал жол чырактардын кереги деле жок. Алардын орнотуусуна короткон каражаттар троллейбустардын жана маршруткалардын сыртынан маршруттардын аттары угулуп турчу мансаптарды сатып алууга жумшалса жакшы болмок, болбосо аялдамаларга келгенде сен башкалардан жардам суроого муктаж болсуң. Азыр болсо көптөгөн жаштар кулактарына наушниктерди салып алып жүрүшөт, алар сени угуп, сен алардан сурагычакты унаа кетип калат... Ошондуктан унаалардын сыртынан маршруттарды жарыялап турган мансаптар болсо, бизге алда канча жеңил болмок. Бизге мындай нерсени ишке ашыруу үчүн көп каражат сарпталаарын айтып жатышат, балким бир күнү убакыт келээр.

-Сизди угуп отуруп, сиз мамлекеттен же коомдон кандайдыр бир жардам алууга ашыкпаганыңызды түшүндүм...

-Бизге кандайдыр бир өзгөчө шарттардын түзүлүшүн талап кылбайбыз, коомду биз үчүн адаптациялоонун кереги жок, тескеринче биз коомго адаптациялануубуз керек. Биз азбыз, жөн гана бардык адамдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлсө...

Бизге жөн гана чалына турбаган, дүмүрлөр жок, тетиктер жок, ачык кудуктарсыз жолдор болсо жакшы болмок, бул нерселер жасалса жалпы коом үчүн пайдалуу болот эле. Белгилей кетсем, Бишкекте акыркы 3-4 жылда абал бир топ жакшы жакка өзгөрдү. Мисалы, бардык жолдордун кесилишкен жерлери эл аралык стандарттарга туураланып салынууда. Же жолдордогу зебраларды айтсам. Биз таякчаларыбыз менен аларды сезе алабыз. Айдоочулар дагы көбүн эсе адамгерчидиктүү болуп калышты, бизди жолдон көрүп калышса, унаасын токтотуп, өткөрүп жиберишет. Биз треннингдерибиздин катышуучуларын өз алдынча жана мобилдүү болууга үйрөтөбүз. Көрүүсү жакшы адамдарга биз ар дайым “көчөдөн азиз адамды көрүп калып, ага жардам бергиңер келсе, ар дайым биринчиден жардам керекпи же жокпу деп сурагыла, эгерде керек болсо, жардамыңарды аябагыла” –деп айтабыз.

Александр Кулинский   

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине