Ирина Хакамада: «Бардык адам татыктуу жашай алалат, ал эмес түрмөдө отуруп чыккан адам дагы»

14:30, 18 Сентября 2018

Миңдеген аялдардын сүйүктүү тренери, орусиялык саясатчы, жазуучу, коомдук ишмер Ирина Хакамада Бишкекке келип кетти. “Турбулентүү замандагы лидерлик” деген мастер-классын “Бишкек Стайл Групп” уюштурду.

Иш-чара «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында өттү, ал жакта көптөн бери ушунчалык көп сандагы жагымдуу жана көрүнүктүү бишкектик айымдар чогулбаса керек. Билеттердин кымбаттыгына карабай, бош орундар болбоду.

Бул Иринанын Бишкекке акыркы сапары эмес, ал бизге бат-баттан келип турат. Салт катары мастер-класстын алдында ал кыргыз журналисттери үчүн пресс-конференция берди.

- Сиздин китептерден ийгиликке жол – бул өтө чоң максат, кыял, ага умтулуп көп нерсеге жете аласың деген ойду көп кезиктирсе болот. Сиздин ошондой максатыңыз, кыялыңыз барбы?

- Бар. Мен Орусия өнүккөн европалык өлкө болуусун каалайм.

- Бирок ошого карабай, сиз саясаттан кетип калдыңар

- Саясатчы: “Мага добуш бергиле, силердин ордуңарга бардыгын мен жасайм” дейт. А менин урааным башка: балдар, өзгөргүлө, бардыгын өзүңөр жасашыңар керек. Мен болсо жардам берем. Менин саясаттагы убактым өтүп кетти. Бирок мен силерди күч-кубат топтогонду, баалуулуктарды сактаганды, кийин силерден турган, силерден куралган өлкө, башкалардан кем болбогон өлкө болсун. Өлкөнү жогорудан ылдый өзгөртүүгө мүмкүн эмес, ылдыйдан жогору өзгөрүү болгондо гана өлкө өнүгө алат.

- Кандай дейсиз, сиздин пикириңизде, Кыргызстандагы такай туруксуздук – бул биздин эң чон маселебизби?

- Туруксуздук – бул да жол. Натыйжалуулук туруктуу болгону жакшы. А эгер силер өзүңөрдүн натыйжалуулугуңарга эми гана баратсаңар, анда туруксуздуктан качып кутула албайсыңар. Деградациядагы, алдамчылыктагы, бир орунда туруудагы туруктуулуктан ашкан жаман нерсе жок.

- Турбуленттүүлүк – бул кризиспби?

- Такай кризис. Кризистин жакшы жери – ал мүмкүнчүлүк берет. Анын кайсы бир күнү аяктай тургандыгы анын баалуулугун дагы арттырат. Ал баары бир бир күнү аяктайт. Эгер ал болбосо, кийин жашоо кандай керемет экенин билбей калат элек. Анткени канчалык жакшыраак жашасак, биз жашоодон ошончолук көп талап кыла баштайбыз. Бул Пушкиндин жомогундагы кемпир сыяктуу: алгач тепши, анан деңиз ханыщасы, андан кийин хоп – кризис! Ошондон кийин баягы тепши сага кудайдын белегиндей болуп алат. Турбуленттүүлүктөн өтүп, такай өсүштө болуш үчүн өзүңөрдү, жан дүйнөңөрдү, жакындарыңарды, Кудайды урматтап, сыйлап, аларды ийгиликтен жана карьерадан жогору коюшуңар керек!

- Кандай дейсиңер, бардык эле адамдар татыктуу жашап, жакшы айлык алалабы, же сөзсүз ага жете албагандар да болушу керекпи?

- Каалаган адам. Бардык адам татыктуу жашай алалат, ал эмес түрмөдө отуруп чыккан адам дагы. Эгерде гана ал айланадагы процесстерге көңүл буруп, алар тууралуу ойлонуп, аң сезиминин өсүшүнүн үстүндө иштей турган болсо. Күнүмдүк жашоонун чегинен чыккысы келип, учурдагы абалына ыраазы болбой, аны курчап турган дүйнөнү таанып, билгенге аракет кылса. Тилекке каршы, мындай адамдар дайыма аз болгон, бардык өлкөлөрдө, бардык заманда алардын саны бир пайыздан ашкан эмес. Бирок психофизикалык жактан алганда буга бардыгы жете алат.

- Эмне үчүн күчтүү аялдар дайыма жалгыз калат?

- Аны силерге ким айтты?

- Кандайча ким, татыктуу эркектерди таба албай жүргөн күчтүү, бирок жалгыз бой толтура аялдарды кезиктиребиз го...

- Демек, алар жетиштүү күчтүү эмес экен. Аялдын күчтүүлүгү эркек көтөргөн штанганы көтөрө алгандыгында эмес. Күчтүү аял өзүндөгү эркектерге жана аялдарга мүнөздүү энергияларды бир-бирине каршылаштырбай, төп келгендей кылып өстүрүп, өнүктүрө алат. Карьера курууда, бизнесте, бул жашоодо эркектердин эрежелери боюнча иш алып барып, катуу боло алган, ал эми үйдө – чыгыштын аялындай боло алган аял эч качан жалгыз бой болбойт. Мен бул жерде “чыгыш аялыныдай” дегенимде, мен акылкөйлүктү, психикалык жана физикалык жактан ийкемдүүлүктү, кадыр-баркты айтып жатам. Бул – күч. Аялдар эркектерди күчсүздүгүнөн гана кемсинтишет.

- Балдарды тарбиялоодогу принциптериңер кандай?

- Менин тарбиялоо принципим – аларды тарбиялаба. Акыл насаат айтпаш керек. Алар менен чоң кишилердей сүйлөшкөнгө аракет кылуу зарыл. Биз чоң кишиге же аялга, муну сага жасаганга болбойт дебейбиз да! Эгер аны айтсак, бул келесоолук. Чекпе, ичпе! Барба! Баары бекер. Чоңоюп калган адамды өзгөртө албайсың. Акылдуу адамдар шыктандырган нерселерди ойлоп чыгарышат. Балдар менен деле ошондой. Сен сулуу болууну каалайсыңбы? Ооба. Каалайм. Келбеттүү болгуң келеби? Анда, Маша, жатаарда таттууларды көп жебеш керек...

- Сиз кандай авто унааны тебесиз, кайсы өлкөнүн кандай маркадагы кандай моделин жактырасыз?

- Мен авто унааны айдаганды билем, бирок өзүм айдабайм. Анткени арттагы орун – тыгындарда иштеп алганга эң ыңгайлуу жер. Мен Москвада турам, бир убакта эле 25 жерде болушум керек болот, а бизде жолдо чыгуу кандай экенин жакшы билесиңер. Менден “Инстаграмга” бир нерсени чыгарганга, анан да көп иштерди жасаганга кантип жетишесиңер деп көп сурашат. А мен ушинтип эл жетишип жатам, тыгындарда турганда! Мага салону эң ыңгайлуу жогорку класстагы авто унаалар керек, анткени акыркы орундуктар – менин кабинетим. Ал эми ал кайсы маркадагы, кайсы өлкөдө чыгарылгандыгы – мени такыр эле кызыктырбайт. Эгер Кыргызстанда ушул класстагы эң ыңгайлуу авто унааны чыгара турган болсоңор – мен кыргыз авто унаасын колдоно баштайм, ишенип койгула.

- Сиз көптөгөн олуттуу китептердин авторусуз. Ар бир автордун жазгандарынын ичинен өзү жакшы көргөн китеби болот. Сиздин эң жакшы көргөн китебиңиз кайсы?

- Эң жакшы көргөнүм – эң акыркы китебим – “Рестарт. Кантип көп өмүрдү жашаса болот”. Ал мен жазгадардын эң чаканы, бирок баары бир мен аны башкалардан жогору коем. Дароо эле эскерте кетейин, ал татаал китеп. Эгер менин китептерим менен таанышкыңар келсе, анда ал китептен баштабаганды сунуштайт эле. “Жашооун Даосу. Өзүмчүлдөн мастер класс” дегенден баштасаңар. Ал жеңилирээк, анан да ал сизди “Рестартка” даярдайт десем болот, бул китепте татаал нерселерге баш багуу бар.

- Жазуучу жана тренер үчүн эң маанилүү нерсе бул эмне?

- Калп айтпоо. Бул саясатчы үчүн да эң маанилүү. Эгер кайсы бир өлкөдө бийликке калп айтканды таштаган саясатчы келе турган болсо, анын ысмы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат эле. Ооба, бул эң маанилүү нерсе. Өзүңөрдүн жеке жашооңордо бир жыл калп айтпай жашап көргүлөчү – жашооңор кандай өзгөргөнүн өзүңөр көрө аласыңар. Айтканга өтө жеңил болгону менен, аны аткаруу өтө татаал болгон нерселер бар. Бирок алар, адатынча, ушуга татыктуу.

Билдирме үчүн: Ирина Хакамада – коомдук ишмер, саясатчы, экономикалык илимдердин талапкери, доцент, Орусия Федерациясынын президенттигине талапкер болгон. Саясий ишмердүүлүгүн 2008-жылы токтоткон. Китептердин үстүндө көп иштейт. Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтунда (МГИМО) сабак берет. Жер-жерлерде лекцияларды окуп, мастер-класстарды өтүп турат.

Даярдаган Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине