Мактым Боронова, милициянын майору: “Мигранттардын балдары ырайымсыз болуп чоңоюшат”

09:57, 21 Сентября 2018

Кыргызстанда акыркы 20 жылда эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу маселе эң көйгөйлүү маселелердин бирине айланды. Сыртынан карасаң алар теңтуштарынан көп деле айырмаланышпайт, кээде башкаларга салыштырмалуу барчылыкта жашап, жакшыраак кийинишет. Бирок тирүүлөй жетим болуп өскөндөрү дароо байкалат, көз карашынан чоң кусаны, кайгыны сезсе болот. Эң жакын адамдары менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп турушат.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда эмгек мигранттары туугандарынын кароосуна калтырып кеткен 260 миң бала бар. Алардын дээрлик 40%ынын атасы да, апасы да эмгек миграциясында жүрөт. Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын милиция майору Мыктым Боронованын пикиринде, эмгек мигранттарынын, алардын туугандарынын жана жалпы эле коомдун бул балдарды тарбиялып өстүрүүдөгү жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө күчөтүү зарыл.

- Жалал-Абад областында чоңдордун дээрлик бардыгы эмгек миграциясында жүргөн айылдар бар. Ал жакта кары-картаңдар жана мектеп жашындагылар гана калган. Бизде мигранттардын 20 миңден ашык балдары катталган. Негизинен так алар физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктун курмандыктары болоору сыр деле эмес. Быйыл Базар-Коргондо болгон бир окуяны мисал катары келтиргим келет. Бир аял эмгек миграциясына кетип, жалгыз кызын эжесине таштап кетет, ал болсо баланы такай уруп-сабап турган болот. Кезектеги ур-токмоктон кийин кыз мектепке барат, бирок ал жакта анын абалы начарлап, эс учун жоготуп коет. Кызды ооруканага жеткиришет. Ал жакта кыз баш сөөгүнүн жаракатынан каза болот, экспертиза аныктагандай, бала катуу сабалган болуп чыгат. Кийин билингендей, кызды бир тууган тайэжеси сабап турган. Аны 15 жылга кесишти. Эгер ал юридикалык түрдө баланын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү болгондо, бардыгы башкача болот беле, - дейт майор Боронова.

- Аны мыйзам алкагында кантип жасаса болот?

- Мектептин директорлору Өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ал боюнча, эмгек мигранттары болгон ата-энелер балдарын калтырып кетип жаткан туугандарына юридикалык түрдө опекундукту каттатышы керек болот. Ошондо балдардын укугу бузулса, же аларга карата зомбулук көрсөтүлсө бул туугандарына мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлөт.

- Эмне үчүн мындай муктаждык пайда болду?

- Бул муктаждык эчак эле пайда болгон. Биринчиден, эмгек мигранттары көп учурда балдарын карып калган ата-энелерине таштап кетишет, алар болсо ден соолугуна байланыштуу тийштүү деңгээлде балдарга көз сала алышпайт. Мисалы, биздин областта ар бир класстагы 20 окуучунун 7-8инин ата-энеси эмгек миграциясында жүрөт. Мектепте ата-энелеринин жыйыны болгондо, бул балдардын бир да тууганы келбейт, баланын окуусу менен кызыкпайт. Мындай балдарга ата-энелик мээрим да жетишпейт, басып-турганына да көзөмөл начар. Экинчиден, мигранттардын балдары башкаларга салыштырмалуу кооптуу топко көп кирет, алар же мектеп рэкетинин курмандыктары болушат, же мыйзам бузуп, теңтуштарынын тоноп акчаларын тартып алып, уурулук кылып, мектеп тартибин бузуп, мугалимдер менен айтышып бейбаштык кылышат. Мигранттардын балдарына көз салгандар болбогондуктан алар кырсыкка көп учурашат, жайында сууга чөгүп кетишет, же дайынсыз жоголуп кетишет. Ошондуктан ата-энелери балдарын калтырган кишилерге юридикалык жоопкерчиликти бекитиш керек. Балдарын көзөмөлдөп, аларга тарбия бере алышпаса, анда неге ата-энелери балалуу болушту дейм да?

- Бул маселе көп жылдан бери байкалып келет. Жылыштар барбы?

- Чынында эле Кыргызстанда 20 жылдан бери эмгек мигранттары балдарын калтырып кетип жатышат. Мындай балдардын экинчи мууну өсүп калды, чоңоюп, үй-бүлө куруп, балалуу болуп, эми өзүлөрү эмгек миграциясына кетип жатышат. Алар бала кезинде үй-бүлө деген эмне экенин жакшы билбей, ата-энесинин мээримин жакшы көрбөй калгандыктан, үй-бүлөнү кантип куруу керек, аял күйөөнүн ортосундагы мамиле кандай болот, балдарды кантип тарбиялоо керек, булардын бардыгын жакшы билишпейт. Ата-энелик милдетти эжелерине, байкелерине, алыскы туугандарына оодарып коюшат, акыркылар болсо башканын балдарын тарбиялаганга анчалык деле умтулушпайт. Туугандары тараптан зомбулукка дуушар болгон балдардын санынын көп болушу мына ушуга байланыштуу.

- Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Учурдагы эң курч маселе – айыл жеринде үй-бүлө баалуулуктарынын бузулуп жатканы. Ата-энесинин мээримин көрбөгөн балдар ырайымсыз болуп өсүп, жашоосуна, тагдырына терең нааразы болушат. Алар чоңойгондо бала кезимде “акча кубалап” мени таштап кеттиңер, жакшы билим бербедиңер, тарбияңарды көрбөдүм, бардыгын акча менен бүтүрсө болот деп ойлодуңар деген сөздөрдү айтып, ата-энесин зекиген учурлар болот. Бирок өзүлөрү да бекем үй-бүлөнү курганды билишпейт, бат эле ажырашып кетишет, анан да эми өзүлөрү балдарын туугандарына калтыра башташат, ушинтип жылдан жылга маселе татаалдашып, кар көчкүдөй өсө баштайт.

- Сиз бул маселени тереңинен жакшы билет экенсиз.

- Мен өзүм да бир жыл эмгек миграциясында болгон элем. Үй-бүлөдөгү кырдаал ушундай болуп калып, Орусияга кетүүгө туура келди. Менин үч балам бар, аларды апама таштагам. Бул учур мен үчүн эң катуу сыноо болду, балдарымдын сүрөттөрүн көргөнүмдө, көзүмөн жаштар токтобой чубурат эле. Тирүүлөй жетим калган сыяктуу балдарымдын көз карашы ушунчалык муңдуу болчу. Кандай болгон күндө да чоң атасы менен чоң энеси ата-энесиндей мээрим бере алышайт. Балдарымды эми эч качан калтырмбайм. Мигранттардын жашоосу өтө оор. Аялдар башка эркекке турмушка чыгып, эркектер – башка аял алышат. А балдар болсо эми өзүлөрүнүн балдарын калтырышат. Мамлекет жаңы жумуш орундарын түзүп, жаштар өз мекенинен кетпей, балдарын калтырбагандай кылышы керек, балдар ата-энеси менен чогуу бир үй-бүлөдө өсүп чоңоюшу зарыл.

- Милициядагы ишиңер тууралуу айтып берсеңер.

- Ички иштер органдарында иштегениме 12 жыл болуп калды. Азыр мен Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгында кадрлар бөлүмүндө инспектормун. Мурда коомдук коопсуздук кызматында инспектор болуп, жергиликтүү башкаруу органдары менен тыгыз иштешет элем.

- КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык Офисинин “Насаатчылык” долбоору тууралуу оюңуз кандай?

- Мен 2010-жылдан бери Аял-милиционерлердин Аасоциациясындамын. “Насаатчылык” долбооруна эки жылдан бери катышып жатам. Долбоор карьерамды өстүргөнгө жакшы түрткү болду. Башка аймактарда иштеген кесиптештерим менен тааныштым, кесиптик жактан каякка өсүшүм керектигин өзүм үчүн тактай алдым. “Насаатчылык” долбоорунун алкагында менин эки шакиртим бар. Бирөөсү – жаш сержант, мурда конвоир болчу. Башында ал түнт келип, башка адамдар менен көп сүйлөшчү эмес. Аны жакшы билиш үчүн, эл менен мамиле курганды үйрөтүш үчүн ал эмес анын үй-бүлөсү, ата-энеси менен таанышып чыктым. Физикалык даярдыгына көз салып, кечигип жатса, чалып турчумун. Жергиликтүү эл менен, кесиптештери менен кантип сүйлөшүү керектигин үйрөтүп жаттым. Кийими дайым тыкан, таза болушун, кызматтык тартипти бузбашын көзөмөлдөп турдум. Жыйынтыгында милицияда кызмат кылуу эмне экенин жакшы билип, өзүнүн үстүндө иштей баштады, карьерасы да өсө баштады, жакында ал Токтогул районуна участкалык инспектор болду. Кварталда бир жолу элдин алдында отчет берип турат. Экинчи шакиртим – жаш кыз, ал дагы ишинде көп ийгиликтерди жаратып жатат. Шакирттеримдин ийгиликтерин көргөндө катуу кубанам, алар мага чоң дем беришет.

- Аял милиционерге жумуш менен үй-бүлөнү айкаштыруу оор эмеспи?

- Чынын айтсам, оор. Менин жолдошум – аскер киши. Анын артыкчылыгы, суткалап иштегенге туура келгенде ал баарын жакшы түшүнөт, бирок кемчилиги – анын да иш күнү ченемделбеген. Бир-бирибизге чалып, балдарды мектептен, бала бакчадан ким алып кетээрин такташып турабыз. Экөөбүз тең иш сапарында болуп калган күндөр болот, андайда ата-энем келип балдарга каралашат.

- Карьераңарды уланткыңар келеби?

- Сөзсүз. “Насаатчылык” долбоору милиция органдарында гендердик теңчилик бар экендигине, эртеби-кечпи аялдар да милициянын райондук бөлүмүн, ал эмес облустук башкармалыкты жетектей турган күндөр болооруна ишенимди жаратты. Менин жакшы тажрыйбам, билимим бар, мекеним үчүн бардык кызматта иштегенге даярмын.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөтү 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине