Мээржан Касмалиева: “Генералдыкка чейин жетсем деп кыялданам”

18:22, 14 Июня 2018

Милициянын подполковниги Мээржан Касмалиева: “Бардыгы үй-бүлөдөн, бала чактан башталат”, - деп көп айтат. Бул сөздөрүндө көп чындык бар. Укук коргоо органдарында иштөөнү ал бала чагынан эле эңсейт болчу, анткенин анын көз алдында жакшы мисал бар эле – атасы менен апасы өмүр бою милицияда иштеп, пенсияга подполковник наамында чыгышкан. Бирок кырк жаштагы Мээржанга азыркы подполковник наамы – карьерасынын башаты гана. Нарын шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын жетекчиси Мээржан Касмалиева милиция органдарында иштегенине 18 жыл болуп калды, акыйкат жана калканыч издеп кайрылган жүздөгөн адамдарга жардам берип, ондогон жаш адистерди тарбиялып өстүрө алды. Эң башкысы бул жаш аялда мындан аркы карьерасы кандай болушу керек тууралуу так пландары бар, анын максаты – бара-бара Кыргызстандагы милициянын биринчи аял-генералы болуу.

Нарын тууралуу

Эми бул алыскы келечеги тууралуу кыялдар. А кадыресе жашоодо аны күнүмдүк иштер күтүп турат. Нарын шаарын тергөөчүлөрдүн жетекчиси колунун беш манжасындай жакшы билет. Аны да 38 миң нарындыктардын дээрлик бардыгы жакшы тааныйт.

Чакан, тыкан шаар сентябрда өзүнүн 150 жылдыгын белгилейт. Ооба-ооба, эки миң метр бийиктикте, тоолордун курчоосундагы бул эң кооз жерде биринчи тургундар борбор калаа Бишкекке караганда он жылга мурдараак пайда болгон. Нарын башында Чыгыш Түркестан (Кашгар) менен Орто Азияны байланыштырып турган соода жолундагы чакан чеп болчу. Орто Азия Орус империясына кошулгандан кийин 1868-жылы бул жерде орустардын чакан гарнизону жайгаштырылат, ошондон баштап шаар өсө баштаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындан он жыл мурда эле шаар чоң айылга көбүрөөк окшош болчу. Бирок акыркы жылдары жолдор оңдолуп, жол чырактар орнотулуп, имараттар оңдолуп, кооздолуп, бакзарлар пайда болуп, шаар жашылдандырылган. Шаарда 9 мектеп, 2 колледж, 2 училище – медициналык жана педагогикалык, 2 жож – Нарын мамлекеттик университет жана Борбордук Азиянын университети, музыкалдык театр жана сүрөт галереясы бар.

Мээржан Касмалиеванын айтымында, Нарынды жаштардын шаары деп койсо болот, акыркы жылдарда шаардагы кылмыштуулук акырындан азайып баратат.

Милициянын иши тууралуу

Нарындын шаардык ички иштер бөлүмүндө милициянын 55 кызматкери бар. Алардын 10у – аялдар. Башкача атйканда 19%ы. Шаардын тергөө кызматынын жетекчиси Мээржан Станбековнанын кол алдында 6 тергөөчү эмгектенет, алардын үчөөсү аялдар.

- Кылымштуулуктун бул жылкы көрсөткүчтөрү кандай?

- Кудайга шүгүр, кичинекей. Бирок кылмыштуулук такыр болбогондойго чейин дагы көп бар. 2018-жылдын төрт айында 16 кылмыш иши козголду, негизинен уурулук, бирөөнү уруп-сабоо, бейбаштык боюнча, баңгизатты сатуунун эки фактысы катталган. Аялзаты катары мени өзгөчө кейиткени – үй-бүлөдөгү зомбулуктар. 5 факты боюнча чара көрдүк – 2 кылмыш иши козголдү, үчөөсү боюнча административдик жазаны колдондук.

- Сиздин пикириңизде, үй-бүлөдөгү зомбулуктун себеби эмнеде?

- 18 жыл милицияда Нарын шаарында гана эмес, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда да эмгектенип, үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече себеби бар деген тыянакка келдим. Бул социалдык начар абал, агрессияны жараткан арактын таасири жана маданиятсыздык. Бирок эң башкы себеп – бул балалык кезинде көрүп, өзүнө сиңирип алганы. “Бардык нерсе бала кезинде калыптанат”, - деп бекер айтылбаса керек, адам бала кезинде көргөн ата-энелеринин мамилесин чоңойгондо өз үй-бүлөсүндө колдоно баштайт. Мисал катары кылмыш иши козголгон биринчи окуяны алалы, күйөөсү аялын катуу сабап койгон. Териштире келишкенде, ал мурда да аялын сабап турганы аныкталды. Бир гана анын да, аялынын да туугандары келинге: “Чыда! Бардыгыбызда деле ушундай” дешчү. Иш сотко берилип, күйөөсү шарттуу түрдө бир жылга кесилди. Экинчи кылмыш иши эң одоно адепсиздик боюнча козголгон – баласы энесин такай сабап турган. Мурда да соттолгон киши 144-берене боюнча (уруп-согуп кыйноо) жоопкерчиликке тартылды. Бул негизинен ыркы келишпеген үй-бүлө. Дагы бир факт: күйөөсү аялын такай сабап турган, аялы арыз жазып кайрылат, жыйынтыгында ал 3 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылган.

ИИМдин Маалыматы. 2018-жылдын 3 айында Кыргызстанда 1720 үй-бүлөлүк зомбулук катталган, анын 998и – уруп-сабоо, 675и – коркутуп-үркүтүү, басмырлоо. Бул убакыт аралыгында ички иштер органдары 1 669 коргоо ордерлерин беришкен. Алардын 1,5 миңи же бардык ордерлердин 92% эркектерга карата жана 174 ордер же 7%ы аялдарга карата. Аймактар боюнча алганда, эң алдыда Бишкек шаары турат, андан кийин Чүй областы турат, андан ары – Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын областтары. Үй-бүлөлүк зомбулук баарынан аз Талас областында катталган. Административдик жоопкерчиликке 840 адам тартылган. 52 кылмыш иши козголгон.

- Үй-бүлөлүк зомбулуктун санын азайтыш үчүн мамлекет менен коом эмне кылышы керек?

- Мамлекет социалдык маселелерди чечиши керек. Мисалы жумуш орундары менен камсыздап, анткени Нарында калктын 20% жумушсуз отурат. Билим бериши керек, статистикага таянсак, жалпы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 65%ын жалпы орто билими бар эркектер кылган. 3%ы гана жогорку билимдүүлөргө туура келет. Дагы бир аз статистикалык маалыматтар: зомбулук кылгандардын 79% жумушсуздар, 17% гана – жумушу барлар. Ушундан мындай тыянак чыгарсак болот: жумушу бар жана жогорку билимдүү жаран чанда гана зомбулукка барат. Ошондуктан биз, милиция кызматкерлери, аялдардын бейөкмөт уюмдары менен биргеликте жаштар арасында агартуу иштерин такай жүргүзүп турабыз. Ар-түрдүү тегерек столдордо, жыйындарда билим алуунун маанилүүгүн белгилеп келебиз. Ошондой эле аял-эркектин ортосундагы маданияттуу мамилелерди калыптандырууга көңүл буруш керек. Окуу мекемелери, жергиликтүү өзү өзү башкаруу органдары менен чогуу бул маселени зомбулукка каршы айлыкта чечкенге аракет кылып жатабыз.

- Коомдо кандай өзгөрүүлөр болууда?

- Мен мурдарак айтканымдай, кылмыштуулукту толугу менен жеңгенге азырынча жетише элекпиз, криминалдын кандайдыр бир бөлүгү коомдо баары бир калат. Бул көрүнүштү түп тамыры менен жок кылуунун жолун азырынча таба элекпиз. Бирок убакыт өткөн сайын анын деңээли төмөндөп баратат. Мен муну элдин жашоо деңгээли бир аз жакшырганы менен байланыштырам. Биздин жарандар, өзгөчө жаштар рыноктук шарттарды жакшы билип калышты, ишкерликтин жаңы түрлөрүн үйрөнүп жатышат. Экинчи жагдай: жаштардын спорт аянтчаларында жүргөндөрүн, футбол ойноп жаткандарын көп көрө баштадык. Аракечтик, адатынча, 40 жаштан улуурак муунда байкалат. Ал эми жаш нарындыктар сергек жашоону баалашат. Баса, шаардык милиция жаштар үчүн көп спорт мелдештерин уюштуруп турат. Эми үчүнчү жагдай: азыр исламдын таасири чоң. Жаштардын көбү намаз окушат, ошого жараша укук бузууларга, коомго каршы иштерге алар сейрек барышат. Шаарда 7 мечит бар экенин айта кетиш керек.

Насаатчылык тууралуу

- Сиздин милиция органдарында иштөө боюнча бай тажрыйбаңыз бар – Сиз Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында да (ЖӨИИ), кадр кызматында да, тергөөдө да иштедиңиз. Жаш кадрлар менен бул тажрыйбаңыз менен бөлүшөсүзбү?

- Сөзсүз да. Менин бактыма, мен КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Программалык Офисинин (БУУ БКБ) аял-милиционерлер менен иштешүү долбооруна катышып калдым. Долбоордун алкагында мен он чакты жаш милиция кызматкерлерине насаатчы болдум. Алардын бардыгы милицияда калып, учурда ар-башка райондордо, областтарда жакшы карьера жасап жатышат. Менин кеңештерим аларга мыкты кесипкөй адис болууга, өз кесибин жакшы көрүп калуусуна жардам бергенине кубанып, ыраазы болом. Азыр менин эки шакиртим бар: бирөө ЖӨИИнин инспектору, экинчиси – тергөөчү. Мен аларга иш алып баруунун ийне-жибине чейин үйрөтүп жатам. Милиция кызматы – оор жана опурталдуу кесип, жаңыдан кызматка алынгандар оңой эле ката кетирип коюшу мүмкүн. Өзгөчө эл менен мамиле курууда. Башында эл сен тууралуу кандай пикирде калса, кийин сага так ошондой мамиле кылып турат. Эң башкысы – элдин ишенимине жетиш керек болот. Эл ишенбесе милиционердин иши оңдуу болбойт. Негизгиси – камкордук көрсөтүп, бардыгы менен урмат-сый мамиледе болуп, бардыгын ийне-жибине чейин тактап, болуп жаткан жаңылыктар тууралуу кабардар болушуң керек.

“Насаатчылык” долбоору бардыгына пайдалуу болду. Биринчиден, семинарларга ар кайсы аймактарда иштеген аял-милиционерлер келишет, бир-бири менен таанышышат, баарлашат, тажрыйбалары менен алмашышашт. Экинчинден, тажрыйбалуу тренерлер кесиптик деңгээлди кантип көтөрсө болорун, кантип билим алыш керектигин, карьераны жасоо жолдорун айтып, өз кеңештерин беришет. Семинарларда бизге чоң пландарды коюуну, ага жетүүнү үйрөтүшүп, өсүүгө дем берип турушат. Мурда аял-милиционер РИИБ жетекчисинин орус басарлыгына чейин гана өсө алчу. Мен болсо ШИИБдин же РИИБдин жетекчилигине чейин жетсем деп кыялданам. Долбоор эч кимге, эч нерсеге карабай кесиптик жолдо өсүүгө шыктандырды.

Мен ошондой эле бизди колдогон Аял-милиционерлердин ассоциациясынын мүчөсү болом. Эркектер бизге кызганып карабай эле коюшсун. Ар-бирибиз жан отубуз менен берилип иштеп келебиз. Бүт күнүмдүк жашообузду, өмүрүбүздү кызматка байлап койгонбуз.

- Кандай ойдосуз, эл милицияны урматтайбы?

- Нарында бизди сыйлашат, анткени биз чынында эле аларга жардам беребиз. Биз адамдар менен эч качан чатакташпаганга аракет кылабыз, тескерисинче, достук, өнөктүк мамилелерди курганга умтулабыз. Шаарда, областта, өлкөдө тынчтык жана тартип болушуна алар дагы жооптуу экенин ар-бир адам билиши керек. Менин байкашымда, акыркы 3-4 жылда милицияга сый-урмат мамиле пайда боо баштады. Ага жетиш үчүн биз милициянын иш алып баруу принцибин өзгөртүп, калк менен тыгыз иштеше баштадык. Буга да бизди тренинг учурларында үйрөтүшкөн. Жакшы кабар дагы бат тарайт. Бирөөнө жардам берсек, башкалар дагы бизге жардам сурап кайрыла башташат. Бул “сарафандык радио” сымал. Бирок да терс ишиң андан да бат тарайт. Ошондуктан бизде башка жол жок, милиция менен коом тыгыз кызматташып иштеши керек. Баса, 2016-жылы жергиликтүү бейөкмөт уюм сурамжылоо жүргүзүп, Нарын калкынын 85% милицияга ишенээрин аныктаган.

Үй-бүлө тууралуу

- Мурда милиция кызматкерлери социалдык жактан корголбогон эле, мамлекет аларга начар камкордук кылат болчу. Азыр абал кандай болуп калды?

- Абал акырындан оңолуп баратат. Маселен, мамлекетибиз көз карандысыздык алгандан бери биринчи жолу милиция кызматкерлери үчүн Нарын шаарында көп кабаттуу үй курулуп жатат. Менин үй-бүлөм бул үйдөн батир алганга кезекте турат. Төрт кабаттуу 16 батирлүү үй күзгө чейин курулуп бүтүп калат го деп үмүт кылып жатабыз.

- Эртели кеч жумушта жүргөнүнүзгө күйөөңүз эмне дейт?

- Күйөөм мени түшүнөт, бардык жагынан мага колдоо көрсөтүп турат. Мага жеңилирээк, анткени ал дагы милиция кызматкери. Ал кайгуул-күзөт кызматында иштейт, прапорщик наамында. Наамы боюнча менден кичүү болсо да үй-бүлөнүн башы ал. Үй-бүлөдөгү маанилүү маселелерди ал чечет.

- Балдарыңардын үй-бүлөлүк салтты уланталы деген ойлору барбы?

- Жок, балдарыбыз милицияда иштегилери келбейт. Уулум мектепти бүтүп жатат, кызым бешинчи класста. Уулум теолог болом дейт, бул жылы медресеге тапшырганы жатат. Бул анын тандоосу. Мен ал ИИМ Академиясына тапшырса болот эле деген ойдо болчумун, бирок ал өмүрүн исламды казып үйрөнгөнгө арнайм дейт. Дин аны илим катары кызыктырат. Кызым болсо врач болом дейт. Мен алардын тандоосун сыйлайм. Негизгиси алар коомго пайдалуу уул-кыздардан болушсун.

Лейла Саралаева

Сүрөттөр Вячеслав Оселедконуку

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине