Таттыбүбү Эргешбаева: “Аялдар демократия барда гана өнүгө алышат”

11:13, 2 Февраля 2023

Юрист, “Тандем” коомдук фондунун аткаруучу жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева Кыргызстандын коомдук-сасий жашоосуна жаңы өзгөрүүлөрдү алып келе турган жазгы желдей болуп кирип келди. Ал Кыргызстанды өзгөртө турган чыныгы лидер айым. Сиздерге Таттыбүбү менен болгон маегибизди тартуулайбыз.

-Сиз бийликтин азыркы күндөгү олуттуу юридикалык бузуулары тууралуу ачык айтып келесиз. Андай кылгандан коркпойсузбу?

-Мен жакында 30 жашка чыгам. Ушул тапта жалгыз гана өзүм үчүн эмес, өлкө үчүн дагы бир нерсе кылгым келип турган учур. Тагдырдын жазганы экен, мен жарандык коомдун мүчөсү болуп калып, ал “Тандем” аталышындагы өз аналитикалык платформасы бар юристтердин коомуна айланды. Биздин максатыбыз - мыйзамдуулуктун үнүнө айлануу. Бул ар бир юристтин маселеси деп ойлойм жана биз аны аткарып келебиз.

- Сизге коркутуулар келген учурлар болду беле?

-Катуу кысым деле болгон жок. Болгону мен 2020-жылдын январь айында ИИМ тарабынан тыңшоого алынган 100 активисттин катарына кирдим.

-Сиздин Фейсбуктагы баракчаныздын жардамы менен мен көпчүлүк сасий окуяларды юридикалык жактан жакшы түшүнһм. Сиз  калкты жарыктандыруу милдетин атайлап өзүңузгө алдыңызбы?

-Бул менин өздүк тандоом. Мен юридикадык фирмада иштеп жүргөн кезде Think tank аталышындагы аналитикалык борборду өнүктүрүүнү кыялданчымун. Ал Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын өйдөлүгүн  улуттук коопсуздукту сактоо жагынан өнүктүрмөк. Мамлекеттин абалы саясий чечимдердин сапатынан көз каранды. Жана биз аналитикалык борбор болгондуктан аталган жараянга өз салымыбызды кошуп келебиз.

-Кыргызстандыктардын канча пайызы өлкөдө болуп жаткан окуялардын юридикалык жагын түшүнөт?

- 2007-2008-жылдары PISA эл аралык уюму тестирлөө жүргүзгөн. Анда Кыргызстандагы 15-жаштагы окуучулардын 80 пайызы уюмдун талабынын базалык деңгээлин ала алган эмес. Азыр ошол балдар 30 жашка чыгышты. Биздин калк аз билимдүү, критикалык ой жүгүртүүсү өтө төмөн. Азыр алар өздөрү ата-эне болуп, администативдик кызматтарда орундарды ээлеп, мамлекеттин жашоосуна тиешелүү документтердин көпчүлүгүнө кол коюшат. Мындан улам алардан кийинки муун андан дагы начар жыйынтыктарды көргөзүүдө. Калк деградация болууда. Укук маселеси массалык деңгээлде көтөрүлгөн жери жок. Саясий элитаны эптеп жан багуу үчүн бираз азык-түлүк берип кутулгандар түзөт. Бирок эгерде сен приоритетти сага эптеп жан багуу үчүн гана жардам бергендерге койсоң, чоң катаклизмдер жаралат. Бүгүнкү саясий элита саясат эмне экендигин түшүнбөйт жана анын укуктук сабаттуулугу өтө төмөн деп айтууга болот. Ошентсе дагы алар мамлекеттик бийликтеги чечүүчү кызматтарды ээлейт. Алардын ой-жүгүртүүсү криминалдаштырыган, ошондуктан кабыл алынган чечимдер башаламан жана концепсиясыз.

-Сиз юрист катары өлкөдө болуп жаткан жагдайга кандай баа бересиз? Азыркы абалды укуксуз башаламандык деп атоого болобу? Же мындан дагы төмөн деңгээлге түшүүбүз мүмкүнбү?

-Де-юре бизде Түркмөнстанда, Тажикистанда, Ажербайжандагыдай суперпрезиденттик башкаруу формасы. Бирок авторитаризм жагынан Казакстан менен Өзбекстандан ашып түштүк. Де-факто болсо кырдаал андан дагы начар, анткени биздеги башаламандык мыйзам чегинен ашты. Конституцияга ылайык, сот менен парламент кандайдыр бир эгемендүүлүккө ээ, ал эми укук коргоо органдары, тышкы иштер органдары, мамлекеттик бюджет толугу менен президенттик аппараттын айланасында топтолгон. Иш жүзүндө болсо, соттук корпустун калыптанышы, парламеннтин чечим чыгаруу жаряандары толугу менен президенттин администрациясына жүктөлүп, алар аталган институттарга болбогондой басым көргөзүүдө. Ушул себептен улам оппозиция массалык түрдө кармалууда. Өлкө укуктук башаламндык жана укуктук катастрофага көздөй жылууда. Бирок баардыгын укуктук талаасына кайтарууга болот. Бул саясий элитанын сапатынан көз каранды.

-Азыркы бийлик- эки дос Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевде укук талаасына кайтып келүүгө каалоосу жана саясий эрки барбы?

-Жогорку Кеңеште дагы, административдик деңгээлде дагы адекваттуу ойлонуп, жакшы идеяларды көтөрүп чыккандар бар. Бирок чечим көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынып жатпайбы. Кыргызстан укук талаасына кайтып келиши зарыл, анткени биз аскердик-коргонуу жана социалдык-саясий жактан дүйнөлүк коомчулуктан жана кээ бир геосасий оюнчулардан көз карандыбыз. Биз турукташуубуз керек. Азыркы учурда Кыргызстан өнүгүүгө карай жол тандоодо четки оюнчуларды карап кадам жасоодо. Биз бул жагдайда ийкемдүү болуп, аларга биздеги мүмкүнчүлүктөрдү сунуштообуз керек.  Спясий туруктуулуктун жоктугу улуттук коопсуздукту сактоодо жана Кыргызстанды башка өлкөлөр тарабынан кабыл алуусуна чоң таасир берет. Азыркы учурда бизде саясий катастрофа болууда. Бул учур эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң курч фазаларынын бири.

-Кыргыз бийлигинде чыныгы гендердик дисбаланс болууда. Парламентте айымдар болгону 19 пайызды түзсө, өкмөттө 20 пайыздан ашык эмес. Эмнеге мындай болууда?

- Бизде саясий потенциалы бар, эрктүү айымдар бар, бирок алар көпчүлүк учурда жарандык жана эксперттик коомдо гана көрсөтүлгөн. Эмне үчүн? Анткени өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бийликке келүү үчүн электорат менен капитал болушу керек. Аялдарга аларга ээ болуу оор. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын бир мандаттуу округ боюнча шайланган жалгыз айым-депутаты Элвира Сурабалдиева болду. Калган 18 айым парламентке квота аркылуу келишкен. Алар канча добуш алган? Жалгыз Шарапаткан Мажитова 10 миң добуш алды, калганы болсо 2 миң добуш ала алган жок. Кээбирлери араң дегенде 400 добуш алды. Бул аялдарды электоралдык жактан колдоо өтө төмөн экендигин көргөздү. Экинчиден, Кыргызстанда аял кишиге парламентке кирүү үчүн ресурс табуу оор. Мен үчүн, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова сыяктуу активист айымдардын массалык түрдө кармалышы өтө кейиштүү. Тергөө алардын күнөөсүн канчалык далилдей алышы чоң суроо жаратат. Жада калса алардын айтып чыккандары эч жерде жазылгпн эмес. Мунун баардыгы конституциялык түзүмдөн келип чыгууда. Элдин тандоосу прокуратура институтун күчөтүп, президенттин администрацисынын күчүн жогорулатып, сотторду жараксыз кылды. Ушундан улам соттор өз эрки жок, өйдөдөн болгон буйруктарды гана аткарып калышты. Тергөө өзүн-өзү билүүдө. 20 жылдан ашуун өлкө кызыкчылыгын коргоп келген айымдар бүгүн өздөрү ал өлкөнүн курмандыгы болууда. Мунун баары биз кабыл алган авторитардык башкаруу моделинен улам болууда. Алар эми дагы бир кылмыш иши козголуп, алар күнөөлүү эмес экендиги аныкталгыча отурушат, ал эми алардын кеткен убакыты, ден-соолугу үчүн ким жооп берет?

-Жакында эле WPS Index рейтингинде Кыргызстан Борбор Азядагы аялдар үчүн эң коопту өлкө деп табылды. Сиз бул менен макулсузбу?

-Бизде жашоо деңгээли төмөн. Акыркы 30 жылда коом кескин маргиналдашууда. Муну биз шайлоонун жыйынтыгы, ЖМКлардагы зордук-зомбулук жөнүндөгү маалыматтардын көпчүлүгүнөн улам көрсөк болот. Мунун башкы себеби - калктагы сабаттуулуктун жана эстүүлүктүн жоктугу. Мындан коомдун аярлуу катмары жана аялдар эң көп жабыркайт. Биздин бул маселелерге ачык мамиле кылганыбыз жакшы. Бизде чектөөлөр жок - бизнеске, саясатка аралашкан лидер-айымдар жок эмес. Бирок ошентсе дагы коопсуздук тармагы начар. Мен ар дайым сиңди-курбуларым үчүн санаа тартам.  Бул маселени чечүү үчүн саясатта, административдик кызматтарда айымдар көбүрөөк болуусу зарыл. Анткени балдар жана аялдарга тиешелүү көйгөйдү аял гана түшүнө алат. Биз өзүбүздүн коопсуз жашообуз үчүн күрөшүүбүз керек.

-Сиз кимди лидер айым деп атай аласыз? Ким өлкөнү жакшы жакка өзгөртө алат деп ишенесиз?

-Сиз жана мен сыяктуу айымдарды лидер деп эсептейм.  Биз үй-бүлөбүздү багып, иштеп, коомдук жашоого аралашып, салык төлөп, жумушчу орундарды түзүп, мамлекетке пайда алып келүүдөбүз. Жана Кыргызстанда биз сыяктуулар миңдеп саналат. Биздин эң көрүнүктүү лидер айымыбыз - Роза Отунбаева. Анын дарегине мактоо дагы, сын дагы айтылууда. Ал көптөгөн дипломатиялык кызматтарда эмгектенип, Убактылуу өкмөттү жетектеп, кийин Президент болуп, убагы келгенде кызматтан тынчтык жолу менен кеткен. Азыр болсо БУУнун Ооганстан боюнча өкүлү болуп эмгектенүүдө. Ошондой эле бизнес, чыгармачылык, өзгөчө бейөкмөттүк уюмдарда кызмат кылган айымдар көп. Алар Азиза Абдирасулова, Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова жана башкалар. Бул айымдар чындап урматка татыктуу, анткени алар өлкөдөгү жаңы саясий климат үчүн күрөшүп, аны тынчтык, цивилдүү, эволюциялуу жана прогрессивдүү жолу аркылуу жасоодо.

-Эгерде кыргыз саясатында айымдар 50 пайызды түзсө, Кыргызстан башкача өлкө болот беле?

-Биз экөөбүз тең аял болгондуктан, саясатка аралашуу канчалык оор экендигин жакшы түшүнөбүз. Бир мен өмүр бою орточо эркек кишиге салыштырмалуу үч эсе көп иштеп келем. Мен ар бир иштеген ордума келиш үчүн ар бир эркек кишиге караганда эки эсе оор жол басып өткөм. Жада калса Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына карата, кыз киши эркек балага караганда мектепте, университетте жакшы окуйт. Демек, кыз кишиде билимдин жана критикалык ой жүгүртүүнүн деңгээли өйдө. Бирок, тилекке каршы, биздин ментелитетте кызга көңүл буруу экинчи орунга жылып кеткен. Эгерде саясатта айымдар 50 пайызды түзсө, биз мамлекеттик саясатты реализациялоодо жана улуттук кызыкчылыктарды колдоодо системаны кармай алмапкыз. Туруктуулук, системдүүлүк, тартип, адилеттүүлүк- бул сапаттар аял кишиде көбүрөөк кездешет.  Менин байкоомдо, тилекке каршы, эркек кишилер аялдарга караганда бат сатылып кетет. Ошондуктан аялдарга болгон үмүт бар. Гендердик саясатты алдыга жылдыруу кажет. Жана аялдар ал саясатты бирөө жылдырат деп кыялданып отура бербеши керек.  Аялдар алар баардыгы менен тең экендигин түшүнүүсү зарыл. Аялдар тең укуктуулукту талап кылгандан кийин, оюн эрежелери дагы баардыгына бирдей экендигин түшүнүүсү кажет. Бул шартта биригип, баардык жараяндардын ачык болушун талап кылуу керек. Анткени аял кишиге укуктуу, демократиялык, ачык мамлекеттик талаа модели гана туура келет. Башка шартта аял кишинин алдыга жылышы мүмкүн эмес. Муну дүйнөлүк цивилизация дилилдеп келет.

Маекти алып барган Лейла Саралаева 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине