Чакан Кыргызстан: Ар түрдүүлүгүбүздүн өзү байлык

17:17, 18 Октября 2014

Этникалар аралык мамилелер тууралуу кеп козголгондо, бизде негизинен:  «Кыргызстанда 80ден ашык улуттар жашайт» деген статистикалык маалыматтарды бергенди жакшы көрүшөт. Алардын бар экендигинин өзү эле бакубаттуулуктун белгиси деген түшүнүккө жетеленебиз. Бирок, ал сандардын артында эмнелер катылган? Улуттук диаспоралар жана коомдор эмне менен жашайт? Кыргызстанда чындап эле 80ден ашык улут жашайбы? Кыргызстанды байырлаган элдердин кандай маданий салттары жана үрп -адаттары бар? Бүгүнкү күндө улуттар аралык баш кошуулар канчалык көп? Алардын эне тилдери сакталып жатабы? Этностор аралык мамилелер кантип куралууда? Келечекте Кыргыз тили улуттар аралык катнашуу тили боло алабы? Эмне маанилүү- жарандык окшоштукпу же этникалыкпы? Эң негизгиси, этника аралык көп түрдүүлүк келечекте өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепилдиги боло алабы?

Мына ушул жана башка суроолорго «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен жаралган «Этникалык көп түрдүүлүк» долбоорунун алкагындагы «Чакан Кыргызстан» долбоорунда жооп издемекчибиз.

Биздин негизги максат- гезит бетинде бири-бирине болгон жалпы кызыгууну, аны менен катар чыдамдуулук көрсөтүү идеясын, коомдогу бири-бирин сыйлоочулукту колдоо аркылуу Кыргызстанды байырлаган бардык элдердин этиникалык, маданий мурастарын жана тил байлыгын чагылдыруу.

Кыргызстан- бир жагынан тоо чокулары, ал эми башка жагынан түгөнгүс талаалар, ошондой эле биздин ички турмушубузга активдүү таасир эткиси келген коңшулар менен курчалган чакан мамлекет. Ошондуктан долбоорубузду образдуу түрдө «Чакан Кыргызстан» деп атадык. Бизде бөлө турган эч нерсе жок. Андыктан адамдык, маданий, бай тилдүү жана тарыхий көп түрдүүлүгү бар чакан өлкөбүздү келечек үчүн сактап калууга милдеттүүбүз.

 Редакция  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине