«Могикандын акыркылары»

17:33, 18 Октября 2014


Оштун так ортосундагы көл өнөрчүлөр жайгашкан устаканадан күн сайын барскан менен темирдин үнүн укса болот. Бекеринен бул эзелки шаар катары Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө сакталып калган эмес.

Өткөн кылымдын башында, эркектер белиндеги курга, жергиликтүү, аты алыска тараган кол өнөрчүлөрдүн курч бычактарын сала жүрүшчү. Ал бычактардын саптары топоздун мүйүздөрүнөн жасалып, баалуу таштар менен кооздолчу. Ал эми мизине араб сөздөрү же улуттук оймолор чегилчү. Бирок, мындай канжарларга адатта колунда бар бай адамдар гана ээ боло алган. Ылдыйкы катмардагы жигиттер көбүнчө жупуну жана арзан , саптары жыгачтан болгон бычактар жасалчу.

Ал кезде канжарлар азыркыдай өнөр жайда жасалып, ашканада эле колдоно турган аспап эмес, башка максаттар үчүн да жасалчу. Айрымдары жашылча- жемиштерди тазалоо үчүн болсо, кээ бири эт кесүүгө, дагы башкалары ээсинин кадыр баркын айтып берген аспап катары саналчу. Ал эми канжарлардын кынын териден бычып, ар кандай оймолор түшүрүлчү.

Ашуровдордун тукуму

Бүгүнкү күнү, Ошто салттык бычактарды эки уста жасайт- алар ата- бала Ашуровдор.

Усталардын катарынын жогору жагында Махаммаджан ата Ашуров отурат- ал бирден бир «акыркы могикан» деп айтсак болот, анткени бир кездерде бүтүндөй Фергана өрөөнүнө таанымал ош бычактарын жасоо өнөрүнүн ээси. Махаммаджан ата жаш курагын так айта албайт, (болжол менен 80 ден ашты- дейт өзү) жашоосун тарсылдаган темир үнү жок элестете албайт. Бул жакта кетмен, күрөк (жыгач усталык иштерине керектелүүчү), орок, айрылардын мизи жасалып, араалардын тиштери курчутулуп, балка жасап, така жана ага мыктар, бычактардын мизин кайрап, айтор темирге байланыштуу көптөгөн иштерди аткарышат.

Ал эми канжарларды айта турган болсок, анда бул унутулуп бара жаткан өнөргө кирет, себеп дегенде салттык бычактар- жалгыздап, чет элдик туристтерге, Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнө кызыккандарга саналуу түрдө жасалат. Оштогу бычактарды учурда Махаммажан атанын беш баласынын кичүүсү Бахрам Ашуров жасап келет.

Бахрам Ашуровдордун үй-бүлөөсүндө өнөрдүн сырларын атасынан үйрөнгөн жалгыз уулу. Анын баласы окуудан колу бош боло калганда устачылык чеберчилигин жакшыртат. Ошентип, муундан муунга, атадан балага сейрек кесип уланып өтүп турат.


Эмгектин өчпөгөн баалулуугу.

Махаммаджан ата кол өнөрчүлөрдүн катары жакшы көрүнүп турган жердеги «тактысына» отуруп алып, үнүн акырын, жай чыгарып, өзүнүн турмуш жолун жана ишин айтып отурду. Жалгыз бир бычакты жасоо- абдан түйшүктүү иш:

- Азыр электр жарыгы, кыймылдаткыч болгон үчүн жумуш жеңилдеди. Менин учурумда баары колго жасалчу, - дейт Махаммаджан ата.

Ал бала кезинде эле атасы менен иштеп баштаган. Салттык канжарларды жасоо ыкмаларын чоң-ата жана атасынан үйрөнгөн.

Кубаттуу темирге алы жетпесе да, азыр үйдө жөн отура албайт. Махаммаджан атанын кыймыл аракетин карап отуруп, мен анын азыркы кылып жаткан жумушу акыл- насаат таратуу деп байкадым. Кишилер анын кеп кеңеш угуу, кээде жөн гана баарлашуу үчүн келишет. Ал эми атанын айтаар сөзү албетте, көп. Мисалга каардуу согуш учурунда жана андан кийин деле ал башкалар менен бирге улутчул Германияга каршы Жеңишке салымын кошкон.

- Ал учурда карточка заманы болуп, адамдар эң жөнөкөй нерселер жетишпегенине карабастан чарчоону билбей, керек болсо арыз- муңун билгизбей жашашкан. Аллахка ыраазыбыз, берекелуу жер-суубуз бар. Жер-суубузга жана албетте, адамдардын таалыкпас эмгеги учун ошол жылдардан чыгып кеттик,- дейт аксакал.

Дал ушундай эмгеги үчүн Махаммажан ата 10 баласын-5 кыз, 5 уулун тарбиялап, бутуна тургузду.

- Менин өнөрүм-мен үйрөнгөн жалгыз кесип. Эсимде, жаш кезимде досум мени айдоочулука чакырган эле. Бир аз иштеп ал менин келечегим эмес экенин түшүнгөм. Ошондо акыр аягы өзүмдүн устачылыгыма кайтып келгем. Аллахка ыраазымын, балдарым да эмгекчил болуп, жумуштан эч качан калышкан жок. Эгер түшүнсөңүз балдарды эмгектин пайдасы туурасында айтып чоңойткон башка ал эми өздөрүн эмгекке аралаштырып тарбиялоо бул башка нерсе экен.

Аксакалдын ою боюнча эмгектин баасы жана өз күчү менен иштеп тапкан нандын баасы жоголду. Эмгек азыр милдет катары, эч кандай ырахаты жок, жаза катары кабыл алынып калды.

- Ак ниет эмгектин азыр баркы жок. Акча табуунун аракети менен өз балдарыбызды унутуп койдук. Ал эми алар ата-энеси жана чоңдор кылгандын баарын көрүп, өзүнө кабыл алышат. Анан чоңойгондо улуулардын жолун улап: кудайга жаккан жол менен ак ниеттуулук менен акча табышат же башкаларды карактаган, керек болсо өз балдарын карактагандарга айланышат,- деп күнүмдүк турмушту ойго батырат Махаммаджан ата.

Аталардын изи менен

Темир устаканасында  эки диплом илинип турат, Махаммаджан ата Ашуров- 2008-жылдагы 2- эл аралык «Ош шаары Улуу Жибек жолунда» туристтик жарманкенин катышуучусу жана Бахрам Ашуровдун «Көп жылдык кажыбас эмгеги үчүн» ардак грамотасы.

Салттык өнөрдүн муундары Махаммаджан ата менен Бахрам Ашуров менен баарлашып отурганыбызда, бир нече киши кетменин, араасын жана чалгынын мизин курчутканы келип жатышты.

Бахрамдын айтымында, чет-өлкөлүк туристтерге, жана ар кайсыл өлкөгө кетип жаткандардын жеке өтүнүчү менен канжарларды жасайт. Көбүнүн эсинде Кыргызстан жана Ош дал ушул бычактар менен калышы мүмкүн.

Бирок акыркы учурда салттык канжарларга суроо талап төмөндөдү. Биздин бычак устачылыгы жоголуп кетпейби?- деген сурообузга Бахрам :

-Бычакты жасоо -бул биздин эле үй-бүлөнүн эмес, улуттук салт- дейт.

Үй-бүлөлүк кол өнөрдү сактап аны кийинки муунга калтыруу үчүн Махаммаджан атынын небереси, Бахрамдун уулу окуудан бош болуп калган учурунда келип үйрөнүп жүрөт.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө этнотуризм өнүгө баштады. Түрдүү этникалуу Кыргызстанда дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган адамдарга көрсөтө турган нерселери арбын. Улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнүн өсүп өнүгүшү эмгекти чындап сүйгөн биздин атуулдар ата-бала-небере Ашуровдорго байланыштуу.

Музаффар ТУРСУНОВ, Ош 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине