Өлкөдөгү биринчи театрды молдонун жана жазмачынын уулдары негиздеген

08:43, 26 Ноября 2018

Сүрөттө: Оштогу Киров атындагы өзбек музыкалык-драма театрынын биринчи имараты. СССРдин мамлекеттик кино-фотодокументтер архивиене алынган сүрөт. 

Бүгүн бул окуягага ишенүү кыйын, бирок Кыргызстандагы биринчи жана Борбор Азиядагы экинчи театрды диний жана консервативдүү үй бүлөлөрдөн чыккан балдар негиздеген. Кыргызстандагы алгачкы театрдын тарыхы Бекназар Назаров ( бул адам тууралуу маалымат өтө аз) менен Жүрхан Зайнабидинов (азыр анын ысымы борбордук базарга чектеш жайгашкан көчөлөрдүн бирине ыйгарылган) Ошто 1914-жылы театралдык  кружок ачкандан тарта башталган. Бул окуяны өзүнүн берген көптөгөн маектеринде Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык драма театрынын мурунку жетекчиси Бахтияр Тухтаматов айтып келген. Википедияда болсо ошондой эле кружокту ошол эле жылы Балтыхожа Султанов менен Рахмонберди Мадазимов атуу Оштун туругундары  негиздегени тууралуу маалымат бар. Балким, театрдын өзүндөгү кызматкерлер аны ким негиздегенин жакшы билишет. Кандай болсо дагы, бул түшүнбөстүктөр биздин жергебиздеги биринчи театрдын негизделишине салым кошкон адамдардын эмгегин аз да болсо кемитпейт. Алардын бири, Балтыхожа Султанов, 1884-жылы  Оштун миңбашчысы, молдо, 1887-жылы  агасы  менен империя бийлигинин жардамы аркылуу орус-тузем мектебин негиздеген улук аксакал Султан Таирбаевдин үй бүлөсүндө туулган.  Кыска убакыттын ичинде эле Балтыхожанын өмүрү өзгөрүп, ал Оштун милиция жетекчиси болуп калган. Кийин ал атасынын ишин улап, Оштогу билим берүүдөгү жаңы системасын негиздеген.

Анын жолдошу, Рахмонберди Мадзаимов 1875-жылы белгилүү мусулман улеми Мухаммадзаимдин үй бүлөсүндө туулган. Журхан Зайнабидинов 1897-жылы Оштогу борбордук базардын жанында жайгашкан чарбакердин үй бүлөсүндө жарыкка дүйнөгө келген. Азыр болсо Оштун ошол району анын атын алып жүрөт. 

Сүрөттө: Журхан Зайнабидинов борбордо. Кызматкерлердин кесиптик бирликтер биринчи райондук конгресси. Сүрөт 1920  

Зайнабидинов Ош уездинин билим берүү башкармалыгынын биринчи жетекчиси болуп дайындалган. 1962-жылы  ал Оштогу аймактануу музейине атсынын айтып бергендери боюнча негизделген Курманжан датка жана Алымбек датка жөнүндө жазган  кол жазмаларын өткөрүп берген. Анын атасы Алай ханышасынын жазмачысы болгон. Ал эми Бекназар Назаров жөнүндө маалымат тилекке каршы биздин күнгө чейин сакталган эмес. 

1918-жылы Рахмонберди Мадазимов ал кезде укук коргоо органдарында иштеп жаткан Балтыхожа Султановдун демилгеси менен Туркестандын фронтундагы Революциялык кеңешинин алдындагы концерттик бригаданын базасында өз алдынча театралдык труппаны ачкан. Кийин ал жетилип калган актерлору бар дал ошошл труппаны жетектеген. Убакыт өткөндөн кийин 1919-жылы ошол кичинекей кружоктон азыркы театрдын профессионалдык негизин түзгөн кесипкөй драма труппасы жаралган. Рахмонберди жетектеген труппа бүткүл Фергана өрөөнүнө даңкы чыккан бир гана театралдык оюндардан сырткары музыкалык номурларды дагы аткарган. Музыка театралдык оюндун жөн гана фону болбостон, анын маанилүү бөлүгүнө айланган. Ошол себептен улам Бабур театры кийин башкалардан айрымаланып, музыкалык драма театы деп аталып калган. Адегенде, хандык бийлик алдында болуп, андан кийин совет мамлекетинин карамагына түшкөн Ош үчүн театралдык оюндар жарылган бомбадай эле эффект берген. Алар жашоодогу жана сахнадагы стереотиртерди түп тамыры менен өзгөртүшкөн. Алар адамдарды жашоо тууралуу ойго салып, акыл эсти, ой жүгүртүүнү алмаштырууга түрткү берген. 1919-жылдын жайында Бабур театры алгачкы жолу Өзгөнгө спектакль коюп барган. Алар өзбек театрынын негиздөөчүсү Манон Маджидовдун, Манон Уйгур каймана аты менен комедияларды жазган белгилүү акындын чыгыармасы боюнча негизделген спектаклы менен чыгышкан. Дал ушул жыл театрдын  туулган жылы болуп саналат. «Туркестандык дарыгер» атуу спектакль консервативдүү Өзгөндө өтө чоң чуу жараткан, анткени ал спектакльдагы аялдардын ролун эркектер аткарышкан. Труппада аялдар жок болгондуктан алардын ордуна эркеткер ойногон. Бул спектакльде  Журхан Зайнабидиновдун жылдызы жанган эле. Кийинчерээк труппада алгачкы актриса, балдар үйүндө тарбияланган Тажихон Хасанова пайда болгон. Балким, анын дал ошол социалдык абалы бул кесипти тандоого таасирин тийгизген, анткени ал кезде коомдо аялдын ордуна болгон көз караш али катуу консерватизмдин алдында болчу. 

1929-жылы музыкалык-драма театры негизделген, ошол учурдан тарта актерлорду жана режиссерлорду профессионалдаштыруу башталган. Ал учурдагы бардык театралдык постановкалар ачык идологиялык жана провакациялык мүнөздө болгон жана  элдин жашоого болгон көз карашын, адамдардын бири-бирине болгон мамилесин өзгөртүүнү көздөгөн. Бирок мындай өзгөрүшөр элдин баарына эле жага берген эмес. Ал жылдары коюлган постановкалар куралдуу күзөттүн көзөмөлүндө гана өтчү, анткени актерлорду өлтүрүп, же сабап кетүүнү каалаган адамдар көп болчу. Бирок, эки тараптын тең элдери бир эле катмардан чыккан адамдар болгон, бийлер, манаптар, молдолор, жазмачылар, миң башчылар жана башкалар. Алар идеологиялык согушту театр аркылуу жүргүзүшкөн, ал убакта азыркыдай интернет жок болчу да. Бул согуш жашоо эмес, өлүм үчүн жүргөн, ошентип, театр жаңы иштеп баштаган жылдары эки актриса өлтүрүлгөн. Рахмонберди Мадазимов Оштогу алгачкы музыкалык драма театрынын режииссеру болгон. Ал ошондой эле 1914-1915-жылдары Ташкенттеги Туркстандын генерал-губернатрунун канцеляриясында басылып чыккан «Оштун мүнөздөмөсү» аттуу жалгыз китептин автору. Эл ага өмүр бою Рахмонберди хожа деген ысым менен кайрылган, анткени  ал диний чөйрөгө таандык эле. Өмүрү аягына келгенин сезгенсип, ал 1932-жылы Өзгөнгө көчүп кеткен, бир жылдан соң ошол жерден көз жумган. Ал эки кызынан айрылганы ден-соолугуна залакасын тийгизген. Анын Уринбай жана Журхан Рхмоновдор атуу уулдары атасынын иишин уулап, өмүр бою Оштун театрында эмгектенишкен. Биз билген азыркы Бабур атындагы театдын имараты 1979-жылы курулган, ал эми театрдын мурунку имараты 1939-1992-жылдары Сталиндин жакынкы тарапташы Сергей Кировдун ысымын алып жүргөн. Ал азыркы Оштун Навои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурунку «Космос» кинотеатрынын мандайында орун алган. Биздин күнгө чейин театрдын афишалары тартылган архивдик сүрөттөр сакталып калган.

Сүрөттө: Ош шаарындагы мурунку Тельман жана Свердлов көчөлөрүнүн кесилиши, арткы планда- Киров атындагы театрдын имараты. СССРдин мамлекеттик кинл-фотодокументтер архивинен алынган сүрөттөр. 

Биз мне үчүн бул театрдын тарыхын мынча терең изилдөөнү чечтик? 1914-жылы  коомдун жашоосуна коңул кош эмес жаш жигиттер Оштогу биринчи театрдын,  коомдук китепканалардын жана мектептердин  негизделишине салымын кошкон. Алар сабаттуу, элге таасири бар үй бүлөлөрдүн уулдары болгон. Алар билимдин жардамы мене гана коом өзгөрө алат деген ойду карманышкан. Азыркы күндө дагы, биздин коомдо бул окуядан сабак алып, дал ошолордой сабаттуу, диний таанымы бар жарандар коомду бириктирип, өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү бере алат эле деген ой менен биз бул ишти жасадык.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине