Ошто шаардык транспортту жакшырта башташты

14:06, 27 Февраля 2018

Өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргызсатандын аймактарын өнүктүрүү маселеси боюнча пикирин айтып жатып, Ош шаары башка шаарлар үчүн үлгү боло алаарын белгиледи.

“Ош шаарына жумуш сапарым менен келгенимде, жергиликтүү калк менен жолукканымда, мен көңүл жылытаарлык көп өзгөрүүлөрдү байкайм. Шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртууну, шаарды өнүктүрүүнү мындан да ары улантыш керек”, - деди премьер. Ошол эле кезде Ош шаарындагы эң курч маселелердин бири (бул борбор калаанын да баш оорусу) – муниципалдык транспорт жана жол тартибинин начардыгы. Шаар көчөлөрүндөгү транспорттук агымды азайтууну Ош мэриясы көптөн бери көксөп келет. Жолдун кесилиштеринде дайым тыгын, машиналарды койгонго аянтчалар менен шаарды айланып өтүүчү жол маселеси эң курч.

Эмнеден башташ керек?

Ош шаардык кеңештин депутаттары парламенттеги кесиптештери менен жолугушканда шаарды айланып өтүүчү жолду куруу маселесин дагы бир долу көтөрүштү, ал жол курула турган болсо Араванга, Ноокатка жана Баткенге бараткан машиналар шаарга кирбей өтүшөт эле. Учурда алардын бардыгы же Навои көчөсүндө жаңы курулган эстакадалык көпүрө аркылуу, же Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрө аркылуу өтүшүүдө. Экөө тең бир тараптуу кууш көчөлөргө барып такалат, а бул көчөлөр машиналардын чоң агымына эсептелген эмес.

Бир нерседен башташ керек болгондуктан, Оштун бийлиги Борбордук базардын жанындагы көчөлөрдү текшерүүдөн баштады. Анын максаты – шаардын жанындагы айылдарга каттаган жеке менчик таксилердин башаламан токтоочу жайларынан арылуу. Мэрия аларды шаардын түндүк жагында курулган жаңы автобекеттин кызматы менен колдонгонго көндүргүсү келет. Ал “Ош” эл аралык аэрпортунун жолунда жайгашкан.

Оштуктар үчүн жаңы троллейбустар

Ошто биринчи троллейбустар 40 жыл мурун пайда болгон. Анда, 1977-жылы, биринчи троллейбустук каттам ачылган, ал шаардын түндүк жана түштүк-чыгыш кичирайондорун бириктирген. Атактуу “энгельстик” троллейбустар “текстильщиктердин шаарчасынын” “студенттик шаарчага” чейин каттап турчу. Андан бери көп жыл өттү, бирок болгон аракеттерге карабай, генералдык жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн эмес.

Өткөн жылы Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча шаарга жаңы троллейбустар менен автобустар алып келинген. Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу боюнча насыялык келишимге 2014-жылдын декабрында кол коюлган болчу.

“Ош шаарын 2014-2017-жылдары өнүктүрүү программасындагы негизги багыттардын бири болуп коомдук транспорттун ишин жакшыртуу болчу. Ушул долбоордун алкагында биз машиналардын шаардык паркын жаңыладык. План боюнча, 20 троллейбусту жана 24 автобусту сатып алуу каралган. Ал эми ачык тендердин жыйынтыгы боюнча биз 30 автобусту жана 23 троллейбусту сатып алганга жетиштик. Долбоордун сметалык наркы 3 млн еврону түздү”, - деди Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев.

Ошол эле долбоордун алкагында жергиликтүү цыгандардын айылылын жанында жайгашкан троллейбустук депону да реконструкциялап чыгуу каралган. Ошондой эле троллейбустук линиялар оңдолот. Консервацияда турган линиялар да кайрадан иштей баштайт.

Жакында, мартта, экинчи троллейбустук линия ишке берилет. Анын курулушу мындан 15 жыл мурун башталган эле, бирок ар-түрдүү себептердин айынан аны ишке берүү улам-улам кийинкиге калтырылып жаткан эле. Айтиев көчөсүн бойлой курулган жаңы линия шаардыктардын жана туристтердин арасында популярдуу болуп эсептелген шаардык кварталдар аркылуу өтөт. Ал Ош шаарынын сол жээгин оң жээги менен бириктирмекчи.

Дагы бир жаңы нерсе – бул билеттердин автоматтык түрдө сатыла башташы. Шаардык автобустар менен троллейбустарда электрондук чиптер пайда болот. “Талонду компостирлеп коюңузчу” деп аталган советтик тутумду билбеген жаш оштуктар үчүн бул таңгалычтуу жаңылык болушу мүмкүн. Ал эми “космпостерлерди” көрүп калгандар буга таңгалбайт болушу керек.

Троллейбустар мурдагыдай эле Саратовдогу орусиялык “Тролза-Маркет” заводунан сатып алынды. Жаңы троллейбустарга 100 адамдан батат, аларда 27 отургучтан орнотулган. Эски троллейбустардан айырмаланып жаңыларында видеокамералар жана бекер интернет тараткан Wi-Fi роутерлер орнотулган. Дагы бир өзгөчөлүк – оштогу шаардык муниципалдык транспорттун айдоочулары атайын форма кийишет.

Маршруткалар жоюлбайт

Биздеги транспорттук тутумдардын дагы бир “кейиткен нерсеси” – маршруткалар. Учурда шаарда 60 шаардык каттам бар, алардын көбүндө немистер өндүргөн микроавтобустар, атактуу “мерседес спринтерлери” каттайт. Ар башка эсептөөлөр боюнча, алардын саны миңге жетет. Ал эми автобустар саны араң гана 50. Троллейбустук линияларда азырынча 14 “мүйүздүү” машиналар иштеп жатат.

Ошто жеке менчик маршруткаларды азырынча толугу менен жоюу мүмкүн эмес. Ошондуктан мэрия PricewaterhouseCoopers, 3sixty эл аралык консалтинг компаниялары жана жергиликтүү К.S.Solutions компаниясы менен биргеликте “маршруткалар маселесин” чечүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Биринчи кезекте, маршруттук тармактардын план-схемасы кайра жаңыдан караштырылып чыкмакчы. Андан кийин – муниципалдык автобустар, троллейбустар жана микроавтобустар кошулат. Андан сырткары, жеке менчик ташуучулар үчүн жаңы тендердик тутум иштелип чыгат. Ушул чаралардын бардыгы, шаар бийлигинин пикиринде, шаардык каттамдардагы тейлөө сапатын жогорулатышы керек. Бардык болжолдонгон иштер быйыл жазга чейин бүтүрүлүшү күтүлүүдө.

“Бул долбоордун негизги максаты – тейлөөнүн жаңы стандарттарын киргизүү, абаны булгаган заттардын иштеп чыгылышынын деңгээлин азайтуу жана шаардын борборун ашыкча машиналардан бошотуу”, - деди ош шаарынын жетекчиси.

Шаардык транспорттук инфратүзүмдүн реформасынын жыйынтыгында пик сааттарында машиналардын агымы азайып, алар зыяны азыраак отунга акырындан өтүшү керек. Бул шаардын жалпы абалына сөзсүз өзүнүн оң таасирин тийгизет.

Аны менен катар бир жарым жыл аралыгында шаардын ар кайсы жеринде “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 1500 видеокамералар орнотулат. Шаардагы жол коопсуздугун камсыздаш үчүн бул өтө маанилүү нерсе.

Шаардык коомдук транспортту масштабдуу түрдө реформалоо жана жаңы технологияларды колдонуу Ош шаарынын өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөдөгү эң келечектүү шаарлардын бири деген статусту сактап калууга жардам берет.

Алмаз Исманов 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине