Америка христиандык жана европа баалуулуктарынын каршылыгында

11:49, 4 Марта 2015

2014-жылы сентябрда америка соту, АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн кызматкерлери, мекенине кызмат кылууда ант берүүдө  «So help me God!» («Мага кудайым жардам берсин!») деген сөздү айтууга милдеттүү эмес деген чечим чыгарды. Кайсы бир аскер кызматкери аны атеисттик ынанымдардан улам айткысы келген эмес, ал эми атеисттин укугун коргогон мекеме бул динсизди коргоп чыккан. 

Октябрда Арканзас штатынын мурдагы губернатору, 2008-жылы президенттикке өз талапкерлигин койгон белгилүү саясатчылардын бири  Майк Хаккаби, азыр 2016-жылы кайра ат салышууну көздөп турат жана, Республикалык партиянын катарынан чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Себеби – америкалык консерваторлордун партиясынын бир жыныстуу никедеги позициясы.

«Эгер силер, республикачылар, мен жана мен  сыяктуу Кудайдан корккон жана Библияга ишенген жигиттерди жоготкуңар келсе, анда тактан баш тарткыла жана силер үчүн бойдон алдыруунун да эч мааниси жок экенин ачык айткыла». Бул жерден, республикачылар Демократиялык партиянын «либералдык баалуулуктарына» - бойдон алдырууга жана бир жыныстуу никеге дайыма каршы чыгып келишээрин тактай кетүү керек.

Хаккаби, анын партиясы Жогорку Соттун 2014-жылы 6-октябрдагы чечими менен, буга чейин тыюу салынып келген штаттарда бир  жыныстуу никелерге уруксат берген чечимине каршылык көргөзбөгөнүнө кыжыры кайнап келет.

«Алар жинге тийип бүтүштү, мен көз карандысыз болуп, көтөрүлүү үчүн коркопогон адамдарды чогултуп баштайм», - деген өз опузасын билдирди Хаккаби. Ал, республикалыктар, эгер бир жыныстуу үй-бүлөгө карата өз аракеттерин алмаштырбаса, ал жана анын жактоочуларындай адамдарды жогото берээрин  билдирди.

2015-жылы январдагы абал боюнча АКШнын 36 штаты ( 50 дөн), о.э. Коламбия Дистрикти (Вашингтон шаары) бир жыныстуу никени каттай алышат. АКШнын мыйзамдары боюнча, үй-бүлөлүк укук штаттардын юрисдикциясында, ар бир штат кимди аялы күйөөсү деп чечүүнү өзү чечет, ал аял менен эркек,же эркек менен

эркек, же аял менен аял боло алат. Калган 14 штат, нике эки башка жыныстын биримдиги болот деген пикирди карманып келатышат.

25  штатта гейлердин никеси сот аркылуу мыйзамдаштырылган. Булар, Аляска, Аризона, Калифорния, Колорадо, Коннектикут, Флорида, Айдахо, Индиана, Айова, Канзас, Массачусетс, Монтана, Невада, Нью-Джерси, Нью-Мексика,Түндүк  Каролина, Оклахома, Орегон, Пенсильвания, Түштүк Каролина, Юта, Вирджиния, Батыш  Вирджиния, Висконсин жана  Вайоминг.

8 штатта чечим жергиликтүү мыйзам чыгаруучу бийлик тарабынан кабыл алынган, булар - Делавер, Гавайи, Иллинойс, Миннесота, Нью Хемпшир, Нью-Йорк, Род Айленд, Вермонт. Болгону үч штатта гана – Мейнде, Мэрилендде жана Вашингтондо – салттуу эмес никелер  элдик  добуш берүүнүн натыйжасында мыйзамдаштырылган.

14 штатта кабыл алынган жергиликтүү мыйзамдар менен тыюу салынып турат. Булар  Алабама, Арканзас, Джорджия, Кентукки, Луизиана, Мичиган, Миссисипи, Миссури, Түндүк  Дакота, Огайо, Түштүк Дакота, Теннеси, Техас, Небраска.

Тарыхый  Америка – дүйнөнүн картасындагы жаңы мамлекет- пуритандык болчу. Континентти пилигримдер – Жаңы жерге зыярат кылгандар, Библияда  жазылган ар бир сөзгө ишенген адамдар түзгөн. Ал эми христиандардын Ыйык жазуусунда мындай деп турат, «Бачабаздык – кудай үчүн ыпластык», жана  Содом жана Гоморр туурасында айтып берет. Улут атасы –негиздөөчүлөр  Джордж Вашингтон, Томас Джефферсон, Бенджамин Франклин жана башкалар кудайга  катуу ишенген христиандар  болчу жана алар тараптан жазылган АКШнын Конституциясы азыркыга чейин мамлекеттин негизги мыйзамы болуп келет.

Томас Джефферсон, бүт дүйнөдөгү адамдын демократиялык укугу үчүн күрөшкөндөр үчүн негизги адам болуп саналган жана 1779 –жылы мыйзам долбоорун киргизген, анда гейлерди бычтырып салууну жана лесбиянкалардын мурдун тештирип салууну сунуш кылган. Эгер муну өтө катаал деп эсептесеңер, анда көңүлүңөрдү кайт кылайын.  Джефферсондун бул долбоорун  сенат өтө гумандуу деп, четке каккан. Анткени гомосексуалдуулук үчүн Жаңы жерде өлүм жазасына тартышчу. Бүгүн бул маалымат туурасында жада калса Википедияда да бир сөз жок.

Негизи эле, гомосексуалдык мамилелер АКШга караганда Европа менен Канадада бир топ мурда мыйзамдаштырылганын айта кетүү керек. Анын ортосунда, дүйнөдө бир катар обьективдүү эмес стереотип жайылып кеткен, анда бардык либералдык баалуулуктар Америкадан чыкканы айтылат. Чынында,  Америка  «европалык баалуулуктарга» көпкө каршылык көргөздү.

1996-жылы 21-сентябрда демократтардан чыккан президент  Билл Клинтон да «Никени коргоо туурасындагы мыйзамга» (Defense of Marriage Act) кол койду, анда федералдык деңгээлде жубайлык – аял менен эркектин ортосундагы юридикалык жактан жоболоштурулган биримдик катары аныкталган. Расмий билдирүүдө ал, бардыгына жагууну каалаган саясатчыларга окшоп, карама-каршы пикирди айткан: «Мен  жашоомдун бүт бөлүгүндө бардык түрдөгү кодулоолор менен күрөшүп келдим, анда гейлер менен лесбиянкаларды басмырлоо да бар... Бүгүн мен бир жыныстуу никеге каршы мыйзамга кол коюп жатам. Көп мезгилден бери мен бир жыныстуу никеге каршылык көргөзүп келем жана бул мыйзам менин позицияма туура келет».

Содомия  үчүн (жашы жеткен өнөктөштөр ортосундагы аналдык секс) жазык куугунтуктоосу Америкада 2003-жылы, «Лоуренс  Техаска каршы» сот  отурумунун натыйжасында гана алынып салынган.

Өз чечими менен АКШнын Жогорку соту Техас штатынынын содомия туурасындагы Мыйзамын, о.э. он үч штатта бардык мүмкүн болгон  «табигый эмес» (мисалы, оралдык секс) ыктыярдуу сексуалдык практиканы тыюу салган буга окшогон мыйзамдарды  четке каккан, анда булар бир жыныстуу же ар жыныстуу өнөктөштөрдүн ортосунда болгонунан көз карандысыз болгон.

Бул ишти кийинки жагдайлар коштогон. 17-сентябрда 1998-жылы 60 жаштагы Джон Лоуренс жана  36 жаштагы  Тайрон Гарнер Лоуренстин батиринде эки тараптуу макулдук менен аналдык секс  менен алектенип жаткан, ошол мезгилде полиция кызматкери  Джозеф Квин тарабынан кармалган, ал батирдин бекитилбеген эшиги аркылуу оңой эле кирип келген.  Полицияны куралдуу чабуул болду деп алдап, анын кошунасы чакырган, андайларды гомофоб деп атап коюшат  (бул алдагандыгы үчүн аны кийинчерээк 15 күнгө камакка алышкан).

Техастык жазык мыйзамдарына ылайык, эркектердин ортосундагы аналдык секс кылмыш деп эсептелчү, ошондуктан кылмыш учурунда  кармалган  Лоуренс жана Гарнер  камакка алынышкан. Буга чейин мыйзам иш жүзүндө колдонулган эмес.

Шерифтин маалымат катчысы мындай деп билдирген: «Мен мындай шарттарда эч кимди камабайбыз го деп ойлогом. Бирок, мыйзам деген мыйзам. Биз, сөзсүз кармалышы керек болгон, жана кээде көз жуумп кое турган мыйзамдардын тизмесин полиция кызматкерлеринин колуна кармата албайбыз».

Лоуренс жана Гарнерге ар бирине  125 доллар айып салынды. Алар жазык сотуна доомат менен кайрылышты, алардын пикири боюнча, салынган айыптар АКШнын Конституциясынын 14-оңдоп түзөөсүнө каршы келет, анда бардык жарандардын мыйзам алдында бирдейлигине кепилдик берилген. Сот дооматты канааттандырган жок, аппеляциялык соттор да аны четке кагышты. Акыркы кадамы АКШнын Жогорку соту болду, анда 2003-жылы үч сотко каршы алты  добуш менен Лоуренстин дооматын канааттандырып беришти, алар Техастын сотунун чечимин жараксыз деп тапты. Өз чечимин, алар, мыйзам Конституция тарабынан кепилденген жеке жашоого болгон укуту бузуп жатат деп негиздешти. 

Судья  Кеннеди өз чечиминде 1981-жылы адам укугу боюнча Европа сотунда каралган «Даджен Улуу Британияга каршы» ишине таянды, анда эки тараптуу макулдук менен гомосексуалдуулук үчүн соттук куугунтуктоо Адам укугу боюнча Европа конвенциясынын сегизинчи беренесин бузат деп токтом кылган. 

АКШнын Жогорку сотунун  «Лоуренс Техаска каршы»  иши боюнча чечимине ылайык, содомияга каршы мыйзамдардын бардыгы бардык штаттарда алынып салынды. Алардын айрымдарында бир гана эркектердин ортосундагы аналдык сексти эмес, гетеросексуалдык аналдык алакалар, о.э. сексуалдык активдүүлүктүн  «табигый эмес» формалары, мисалга, оралдык секске да тыюу салынган. Бул мыйзамдардын бардыгы Лоуренстин иши боюнча Жогорку Соттун чечиминен кийин алынып салынган.

Американын үстүнөн Европа мамлекеттери менен Канаданын мисалына түшүү коркунучу келип, гомосексуалдардын никесин мыйзамдаштыруу керек болгондо, 2004-жылы февралда  республикачыл президент кенже  Джордж Буш Конгресске, никени «эркек менен аялдын ортосундагы биримдик катары» аныктама берген АКШнын Конституцияна тезирээк оңдоо киргизүүнү сунуш кылган.

Ошондо, президенттик шайлоодогу Буштун каршылашы,азыркы мамлекеттик катчы  Джон Керри, сунушталган оңдоого каршы чыккан, ал, бир жыныстуу никелерди колдоо же тыюу салуу штаттардын комтепенциясына кирээрин билдирген. АКШнын Конгресси көпчүлүк добуш менен оңдоону кабыл алуудан баш тарткан. «Макул»  деп  186 адам, «Каршы» – 227 адам добуш берген.

2004-жылы Буш тарабынан сунуш кылынган Конституцияга оңдоо киргизүү кабыл алынбаганынын аркасында, 2013-жылы 26-июнда АКШнын Жогорку соту, никени аял менен эркектин ортосундагы биримдик катары айтылган Мыйзамдын бөлүгүн конституциялуу эмес деп табат. Бул чечим бир жыныстуу жубайларга, ар жыныстуу үй-бүлөлөр алган федералдык жөлөк пулдарды жана жеңилдиктерди алууга мүмкүндүк берген, анын ичинде иммиграция, куралдуу күчтөрдүн катарында  кызмат өтөөдөгү артыкчылыктар ж.б. бар. 

Ак үйдүн азыркы башчысы Барак Обама гомосексуалдык никелердин жактоочусу болуп саналат, анын башкаруусунун тушунда көпчүлүк штаттарда аларды мыйзамдаштыруу башталды, негизинен – 2013-2014-жылдары. 1996-жылы эле Обама, Иллинойс штатына сенаторлукка талапкер кезинде эле,  The Windy City Times газетасынын суроосуна ушинтип жооп берген: «Мен бир жыныстуу никелерди мыйзамдаштырууну колдойм жана аларга тыюу салууга болгон аракеттер менен күрөшөм».

Либералдык баалуулуктар үчүн демократтардын көзгө көрүнгөн жеңишине карабай, алар менен Американын  христиандык баалуулуктарынын күрөшүн бүттү деп айтууга болбойт. 2014-жылдын аягындагы шайлоодо республикалыктар сенаттан жана ар кайсы штаттагы губернаторлордун кызматынан көп орун алышты.  2015 –жылы 22-январда 2016-жылкы президенттик ат салышуулардын бир талапкери болуп калышы мүмкүн болгон Майк Хаккаби, губернаторлор менен жергиликтүү мыйзам чыгаруучулар, бир жыныстуу никени конституциялык укук деп эсептеген  Жогорку соттун чечимдерине каршы чыгууга жол табышы керек деп билдирди. Муну ар кайсы штаттардагы референдум жолу менен кылса болот, деп эсептейт саясатчы, анын акыркы китеби бул жумада Амазон сайтындагы саясий  бестселлерлердин тизмесинин алдына чыкты. 

Бермет Букашева

Уландысы бар 

Фото В. Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине