Бермет Букашеванын америкалык күндөлүгү: Опра Уинфринин феномени

17:35, 10 Января 2018

Бүгүн Мэйсис дүкөнүндө  иштеген кара түстөгү кыз менен сүйлөшүп калдым. Жагымдүү, чакан бойлуу, тыкан, келбеттүү жана ачык мүнөз кыз экен. Нью-Йорктон келгенимди угуп кубанып кетти: “Мен дагы Нью-Йорктон болом!”. Күйөөсү “констракшнда” (курулуш долбоорлору) иштээрин, анын ишине байланыштуу жер алмаштырууга туура келээрин айтты.

“Быяктагы адамдар, кичине башкача экен...” Аны кейиткен сезимдерди айта албай буйдала түштү...

“Бул жерде негизинен актар жашайт. Алар бир аз расисттер экенин айта албай жатасыңбы?”, - деп түз эле сурадым.

“Ооба, ооба, - деди ал айталбай жатканын мен өзүм айтканым үчүн ыраазы болуп, жеңилдей түшкөнсүп терең дем алып. Сен да аны байкадыңбы?”

“Кээде”, - дедим мен.

Ал иштеген Мэйсис дүкөнүндө кардарлар аны менен бир кызык сүйлөшөөрүн, ага экинчи сорттогу адамдай мамиле кылышаарын айта баштады. Чогуу иштегендер да аны менен бой көтөрүп сүйлөшөт.

Мен бул жакка, Орегонго, келгенде мындай нерсени байкабаганымды, тескерисинче, сыпайылыкты көп жактыра бербеген Нью-Йоркко салыштырмалуу бул жердегилер өзгөчө кичи пейил адамдардай сезилгенин айттым. Расисттик нерселерди шайлоодон кийин гана байкай баштаганымды билдирдим, Трамптын жеңишинен кийин ак супрематисттер жандана башташкан эле. Башка жагынан алганда, Орегон башынан эле кыйла расисттик штат болуп эсептелип келген, ошону үчүн бул жерде жашаган афроамерикалыктардын саны да аз.

Кыз анын күйөөсү ак экенин, алар Түштүк Каролинада жашап турганда расисттик мамилелерди баштарынан көп кечиргенин айтты. “Эч качан, эч качан Түштү Каролинага жашаганы барбагыла. Аяктагы адамдар дагы эле конфедераттар, кулчулук заманында жашап жатышкандай... Күйөөм экөөбүз шаар кыдырып сейилдеп жүрсөк, же ресторанда отурсак, бизди ушундай жек көрүү менен карашаар эле”...

Америка күтүлбөгөн нерселерге толтура. Ага ар-бир күнү, ар-бир кадам сайын күбө болом. Жогорудагы сүйлөшүүдөн кийин үйгө келип, мен ал күндүн эң маанилүү жаңылыгы менен таанышып калдым – Американын кара түстүү жылдызы Опра Уинфри президенттикке ат салышаарын билдириптир. Бул тууралуу бир күн мурда Голден Глоб салтанатында Кинематографияга салган зор салымы үчүн Сесил Б. Де Миллдин атайы сыйлыгын алып жатып сүйлөгөн сөзүнөн кийин талкуулай башташты.

64 жаштагы Опранын жашоосунун жана ийгиликтеринин таржымалы адамды таңгалтырбай коё албайт. Опранын таржымалы мен бир жарым жыл мурда жазган Бен Карсондун биографиясына окшошуп кетет, бирок андан да асердүү, анткени Опранын жер жарган атагын, анын талантын жана байлыгын да эске да алыш керек болот.

Опра Уинфрины америкалык ханыша деп койсок болот. Болгондо да, кара ханыша. Бир да ак аялды эл ага окшош жакшы көргөн эмес. Анын басканын, кыймылдаганын, сүйлөгөнүн көрсөң – анын генинде падышалардын каны бардай сезилет. Ошону менен катар Опра – эбегейсиз бай адам. Ал Америкадагы эң бай кара түстөгү аял, АКШнын кара түстүү тургундарынын арасынан биринчилерден болуп мультимиллиардер боло алды. Өзүнүн ток-шоусу менен көп жылдары рейтингдин туу чокусунан түшпөй, өз медиа-империясынын ханышасы болуп, бул күндөрү да Опра 2020-жылдагы президенттик шайлоого барышы мүмкүн талапкер катары эл назарынын чордонундагы ыйык фигура.

Күйөөсү жок жаш өспүрүм-энеси 1954-жылы Миссисипидеги айылдардын биринде төрөгөн кара түстөгү шакмар бет кыздын келечеги ушундай болоорун ким айталат эле?

Мындай болгондогу адат боюнча, кичи кызды таянесине беришет, анын колунда ал 6 жыл болот. Жетипшпестикте жашашты, акчанын тартыштыгынан картошкалардын мүшөгүнөн тигилген көйнөктү кийип өстү. Бирок баланын зээндүүлүгү укмуш эле. Үч жашына чейин эле таянесинен окуганды үйрөнөт, ал эми жергиликтүү чиркөөдө Опраны “проповедник” (“үгүттөөчү”) деп коюшар эле, анткени ал Библиядан ырларды жатка айтат эле.

Кийин энеси кызды өзүнө алды, кээде аны атасы Вернон Уинфриге жиберип койчу, өзү болсо ар-кайсы эркектерден балдарды төрөп жатты. 13 жашында Опра үйүнөн кетип калат. 14 жашында ара бала төрөйт, бирок ал көп өтпөй чарчап калат. Ошондон кийин Опра балалуу болгон жок.

Сексуалдык зомбулукка арналган бир телеберүүсүндө ал көрөрмандарга 9 жаштайынан тартып ар-түрдүү эркектердин акидей асылуусунун курмандыгы болгонун айтып берген, алардын катарында туугандары, үй-бүлөгө жакын адамдар, энесинин жигити бар.

Жогорку класста окуп жүргөндө энесинен акча уурдай баштайт, жыртык, эски кийимдерди классташтарынын алдында кийгенден уялып, ал акчага өзүнө жаңы кийим-кече сатып алаар эле, энесин укпай, чоң балдар менен кетип калчу. Акыры энеси аны атасына Теннесиге жиберүүнү чечет. Кыздын атасы катуу киши болчу, кызынын билимдүү болушун эң башкы максат кылат.

Жыйынтыгында, жогорку класстарда Опра Мактоо баракчасын алат, мектептин эң көрүнүктүү кызы деп таанылат. Драма кружоктордун активдүү катышуучусу болуп, жалпы өлкөлүк чоң сынакта экинчи орунду ээлейт. Бул ага кара түстүү америкалыктар үчүн тарых боюнча жогорку окуу жайы Теннесинин университетинде бекер окуганга жол ачат.

17 жашында анын расасындагы кыздар арасындагы сулуулук сынагын жеңип алат, аны байкап калышып, жергиликтүү радиодо жаңылыктарда иштегенге чакырышат. Мына ушинтип анын таңгаларлык карьерасы башталат, башында радионун алып баруучусу катары, кийин теле алып баруучу катары.

“Опра жаңыдан сүйлөй баштаганда эле, ал сцена үчүн жаралганы байкалган”. Бул сөздөр Опраны эл алдында чыгып сүйлөгөндөн коркпогонго үйрөтүп, өзүнө болгон ишенимди жараткан таянесине таандык.

1984-жылы Опра Чикаго телеберүүсүнө келгенде ага рейтинги эң төмөн шоуну беришет. Болгону бир айдын ичинде бул шоуну ал Чикагодо биринчи орунга алып чыгат, ошол кездеги эң популярдуу болуп эсептелген Фил Донахьюнун ток-шоусун да артка калтырат. 1986-жылы эми жалпы өлкөлүк “Опра Уинфринин Шоусу” чыга баштайт, көп өтпөй эле ал эми өлкөлүк деңгээлдеги Донахьюнун рекорддорунан эки эсе ашып кетет.

1993-жылдагы Опранын Майкл Жексон менен интервьюсун бир убакта 37 миллион киши көргөн. Берүүлөрүнүн популярдуулугу алып баруусунун стилине байланыштуу болчу, ага келгендер башка эч бир журналистке ачылып-чечилип бербегендей, жеке турмушу тууралуу эч нерселерин жашырбай айтып беришээр эле. Адамды кепке тартып, сүйлөтүп, катып жүргөн сырларын айттырып койгондугу психотерапевттин сеансындай элес калтырчу.

Опра телеберүү менен гана чектелбеди, - кинолордо такай тартылып келет. Анын эң көрүнүктүү, эсте калаарлык актердук иши Стивен Спилбергдин 1985-жылдагы The Color Purple (орусча аталышы «Цвета лиловые полей») тасмасындагы роль болду. Аталган тасма 11 категория боюнча Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Уинфринин менеджерлик таланты да укмуш. Ал жеке киностудиясын, “O, The Oprah Magazine” журналын, коммерциялык жактан ийгиликтүү “Oprah.com” сайтын, радио тармакты жана “OWN: The Oprah Winfrey Network” аталышындагы кабелдик телеканалды негиздеген. Ошентип ал дүйнөдөгү эң таасирдүү медиамагнаттарды бири болуп калды. Forbes журналы аны 2007-жылкы эн таасирдүү аял, 2009-жылкы шоу-бизнестеги эң таасирдүү адам, 2010- жана 2013-жылдардагы эң таасирдүү атактуу адам деп атаган.

Көп адистердин пикиринде, Барак Обаманын 2008- жана 2012-жылдардагы жеңиши да көбүнесе Опра Уинфринин колдоосуна байланыштуу.

Кызыгы, ар башка саясий партияларда болгондуктарына карабай Дональд Трамп көптөгөн интервьюларында, кимди вице-президенттикке алат элеңер деген суроого жооп катары Опра Уинфринин ысымын атаган.

Мисалы, 1999-жылы CNNде ушул суроону берген Ларри Кингге жооп берип жатып мындай деген: “Мага Опра жагат. Опра дайыма менин биринчи тандоом болмок. Ал чынында эле улуу аял, укмуш, эч кимге окшобогон.”

Сүрөттө: Опра менен Дональд жаш кездеринде

Ошол эле кезде 2018-жылдын 9-январында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, эгер Опра 2020-жылдагы президенттик шайлоого бара турган болсо, ал Опраны жеңээрин айткан, бирок, анын пикиринде, Опра ага барбайт.

Опра тууралуу жазып жатканымда Интернационалдагы бир сап эсиме келди: “Кто был ничем, тот станет всем”. Биз ырдап гана жүргөнүбүздө, Америкадагы эл өзүн чындап эле жоктон жаратып жатышты. Барак Обамага байланыштуу бул мисал аягына чейин ишке ашты. Дональд Трамптын дагы чоң атасы Германиядан 16 жашында келгенде, чөнтөгүндө эч нерсеси жок болчу. Опра жакырчылыктын айынан картошканын мүшөктөрүнөн тигилген көйнөктү кийип жүрдү. Бүгүн ал билим берүү тармагындагы кайрымдуулукка жүздөгөн миллион долларларды жумшап келет. Президенттике ат салышабы, же жокпу, маанилүү деле эмес. Ал өзүн “жоктон жарата” алды.

Бермет Букашева,
АКШ, 8-январь 2018-ж. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине