Дмитрий Федоров: «Биз эмне, кийиз чокой тиккенден башка эч нерсеге жөндөмүбүз жокпу?»

22:42, 31 Октября 2014

Полковник Дмитрий Федоров, Кыргызстандын Бажы Комитетинин төрагасынын орун басары болуп жүрүп, апрель революциясынан кийин бул ведомствонун башчысы  болуп шайланган.  Бирок, бул кызматта бир гана күн турду. Убактылуу Өкмөттө  негизги орундар үчүн күрөш катуу жүрүп жаткан. Бакиев учурунда, 2009-жылы Федоров Ак  үйдө иштечү – коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болчу. Андан кийин бул кызматка 2010-жылы 7-апрелдеги жарандарды атуу туурасында соттолгон Эльмурза Сатыбалдиев келген.

МААЛЫМАТ: Полковник Дмитрий Иванович  Федоровдун эмгек жолу совет жылдарында социалисттик менчикти уурдоо менен күрөшүү (ОБХСС)  бөлүмүндө иштөөдөн башталган.  Андан кийин ал  өзгөчө оор кылмыштарды ачуу  жана опуза-талап менен күрөшүү боюнча борбордун ИИБ кылмыш-издөө бөлүмүнүн начальниги болду. Федоровдун кесиптик эсебинде  – көптөгөн аты чыккан операциялар жатат. Ал орусиялык «мыйзамдагы ууруну», Чеченстандык «гастролчуларды»  зыянсыздандырган,  эл аралык УКТ (Уюшкан кылмыштуу топтогу)  катар-катар буюрутма өлтүрүүлөрдүн бетин ачкан. Андан кийин Федоров Мамлекеттик бажы инспекциясынын баңги бизнеси менен күрөшүү боюнча башкармалыгын жетектейт, ички иштер министринин орун басары болуп иштейт.

- Дмитрий Иванович, сиз  революциядан кийин бажы комитетинин башчысы болуп бир күн иштедиңиз. Сизди ким дайындаган жана ошол күнү эмне болду? Анткени, убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү ал жакка өз кишисин коюуга жанталашып жатат дешпеди беле? 

- 7-апрелге чейин эле бажычылардын тобу бийликти басып алууга аракет кылышты. Эмнегедир менин иш бөлмөмө келишти, бирок аларды кууп жибердим. Өлкөнүн башчысы качкандын кийинки күнү, мен адаттагыдай эле МБИ ге, директордун орун басары болуп ээлеп турган  өз жумушума келдим.

Саат ондордо мени отурумдар залына чакырышты, ал жактан чогулган бөлүм башчыларын жана мага тааныш эмес адамдарды көрдүм, алар жыйын өткөрүп жатышыптыр. Мага Сариевдин жанындагы орунду бошотуп беришти,  ал мени көрөөрү менен дароо: «Мына, сиз жок болчусуз. Биз сизди төраганын милдетин аткаруучу кылып дайындадык», -деди. Албетте, мен үчүн  бул күтүүсүздүк болчу. Анын үстүнө, мен Сариевди биринчи жолу көрдүм, аны менен мурда жолуккан эмесмин. Ушуну менен жыйын бүттү. Мен өзүмдүн  эски иш бөлмөмө келдим.  Ошол замат импорт менен байланыштуу  келип чыккан кыйынчылыктарды чечүүгө туура келди , анткени акча операцияларын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок болчу, банктар иштебей турган.  Мен биринчи кезектеги керектелүүчү товарларга өз жоопкерчилигимди алып, бажы төлөмдөрүн кийинчирээк төлөй тургандыгы туурасында тил кат менен чыгарттым. Борбордук жана башка бажылардан кызматкерлер  ишти жакшыртуу сунуштары менен кирип жатышты. Бирок, мен аларга дароо эле бул кызмат жакында жаңы бийликтин адамдары тарабынан ээлене тургандыгын түшүндүрдүм. Ошондуктан, сунуштарын жазуу жүзүндө даярдай беришсин, аны кийин туруктуу  иштей турган  жетекчиге беришет.

Кийинки күнү, мен күнүмдүк маселелерди чечип жатканда, Бекназаров келип, жаңы команданы тааныштырды. Жамаат моралдык жактан начар абалда калды. Бул ишемби болчу, дүйшөмбү күнү башка адам автоматчылары менен келип, дагы жетекчилердин  башка командасын тааныштырды. Анда мен жок болчумун. Бекназаровдук команданын буйругу менен, мен үйдө элем. Бирок, бир нече ай бою жалгыз мен мыйзамдуу жетекчи болуп иштегендиктен, мага үйгө алып келип берген документтерге кол коюп берип жүрдүм. 

4 күндүн ичинде  үчүнчү команданын келиши бажы кызматкерлеринин нааразылыгын жаратты. Кулматовго ыраазычылык айтуу керек, бир нече күндөн кийин мага үйгө келип, өзүмдүн кийинки тагдырымды кандай элестетип жатканымды сурады. Мен чарчаганымды, эс алгым келээрин айттым. Кулматов мен туурасында  Атамбаев менен сүйлөшүү сунушун билдирди. Мен баш тарттым да, пенсияга чыгаргыла деп сурандым.  

- Бажыга эмне үчүн Кулматовду коюшту? Кулматов Орусиянын койгон кишиси деген чынбы?    

- Орусиянын койгон кишиси деп Кулматовду атоо кыйын, бирок анын РФ бажысы менен мамилеси жакшы. Эмне үчүн аны коюшту? Мен  жоромолдой гана алам.  Мүмкүн,  Кулматов өзүнүн бажы боюнча пландары жана РФ дагы өз байланыштары менен кызыктыра алса керек. Мен аны мыкты адис деп айта албайм,  бирок  Кулматовдо бир сапат бар, ал адамдарды ишендире алат. Анан, РФ бажы жетекчиси – Путинге жакын адам экендгин түшүнүү керек. Буга ылайык, кайсы бир расмий каналдардан айланып өтүп, кайсы бир маалыматты жеткирсе болот.

- Сиз 2009- жылы Ак үйдө иштегенсиз. Менимче, кайсы бир газеталар сизди Максим Бакиевдин досу деп атаса керек эле? 

- Революциядан кийин менин атымды ар кайсы кызматтарга коет экен деген имиш-имиш менен,  бир нече жолу  ар кайсы жерде айтып жатышты.  Б.а. мен кимдир бирөөгө атаандаш болдум окшойт. Муну менен  мени жерге тебелегенге аракет кылышты Бир эле учурда мени Максимдин да, Жаныштын да досу экенимди айтса кайра эле алардын душман экендигин жазып жатышты.  Бакиевдердин үй-бүлөсүнөн эч кимиси менен мурда жолуккан эмесмин. Алардын эч кимиси мага жаш курагы боюнча, окуган жери же жалпы кызыкчылыгы боюнча  туура келбейт.  Мени  Ак үйгө которгондо, Токтогул Какчекеев ачык эле өзүнүн нааразычылыгын билдирди. Анын мааниси мындай эле:  Тажрыйбалуу опер кызматкерди  ИИМден чыгарып, Акүйгө киргизип жатышат деген. 

Сиз ага чейин Ички иштер  министринин орун басары болчусуз да?

- Ооба, мен оперативдүү иштер боюнча Ички иштер министринин орун басары болчумун. Бирок, коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын  статусу жогору болчу. Менин түшүнгөнүмө караганда, Бакиевге  трайбализм менен иши жок жана айлана-чөйрөсүн укпаган адам керек болду окшойт. Ага күч курамдары боюнча обьективдүү маалымат керек болчу. Анан эске ала кетүү керек, бардык дайындоолор жана жогорку офицердик наамдар ушул бөлүм аркылуу өтчү.

-  Бакиев сизге муну кантип түшүндүрдүАга көз карандысыз киши керек экенинАнан, жалпы эле, ал бөлүм башчылары менен эмнени сүйлөшчү эле?

- Бакиев, анын туугандарынын өтүнүчтөрүн башкаларга таңууласам, мени жумуштан бошотоорун дароо эскертти. Менин миссиям мына ушунда болчу.  Мен биринчи жолу Бакиев менен сүйлөшкөндө, мени ГАИРТтин жетекчилигине дайындоо туурасында маселе турган. Ал, мени текшеришкендигин, менин оппозициянын кайсы бир өкүлдөрү, мисалы, Суваналиев менен достошуп жүргөндүгүм боюнча  маселелер жаралып жаткандыгын, аны жашырбастыгын айтты.   Мен буга, менин кесипкөй экенимди, жана өз ишимди так аткарам деп жооп бердим.  Бул футболдогудай, оюнчу өзүнүн ойноп жаткан командадагы чеберчилигин көргөзөт. Бирок, мен да андан, менин позициям кандай болуш керек, макул болуу керекпи же өзүм каалаганды тандасам болобу деп сурадым. Ал, эгер макул болушум керек болсо, анда менин керегим жок экендигин айтты. Биз экөөбүз тең, бири-бирибиздин жообубузга канааттанып калдык. Бакиев бөлүм башчылары менен өзгөчө деле сүйлөшчү эмес. Мен билгенден, мени менен. Иштеп жаткан убактымдын ичинде, чек ара кызматы боюнча тапшырма берип, болгону бир  жолу чакырды. Эки күндөн кийин менин докладымды угуп, дароо чечим кабыл алды. 

А сүйлөшүүлөрдү ким жүргүздү? Жанышпы, Максимби?

- Жаныш Бакиев дайындоо же наам ыйгаруу туурасында өтүнүчтөр менен кайрылчу. Менин ага барбай турганымды түшүнүп турса да, жана менин анча чоң мүкүнчүлүгүм жок экенин билип турса да, негизи эсиңде болсун, бир нерсе болсо, мен колдойм дээр эле. Эң кызыгы, ал суранган  адамдардын ичинен экөө  революциядан кийин биринчилерден болуп, ага каршы чыгышты.

Кеңири жайылган пикир боюнча, Жаныш укук коргоо органдарынын куратору болчу. Чын эле ушундайбы?

- Эң башында, баары чын эле ушундай болчу. Бирок, андан кийин   президент аны «четтетти» . Менин көзүмчө, алар анын кичүү инисинин өтүнүүчүн аткаргандыгын укканда, Конгантиев менен Усенов болушунча тил угушту. Мен  Жаныш  Бакиевдин көп курсташтарын жана досторун билчүмүн, алар Жаныштын аракеттерине карабай, эч кандай кызматтарды ала алышкан жок. Бул кандай гана күлкүлүү угулбасын, Садыркулов кеткенден кийин Ак үйдө  президентке Оксана Малеванаянын таасири күчтүү болчу.

- Президент  Садыркулов белекке «кулак менен манжаларды» алгандан кийин Жанышты четтете баштадыбы?   

- Ооба. Так ушул окуядан кийин  БКС ИИМдеги жетекчиликти алмаштырды. Ал жакка МЧСтин  койгон кишилери  – Турганбаев менен мен келдик.  Азыр,  Мелис Турганбаев аны ушул окуянын бетин ачкандыгы үчүн жумуштан алган деп айтканында,  кичине апыртып жатат.

Демек, сиз  Садыркуловдун кишиси экенсиз да?

- Мен, албетте, анын досу эмес болчумун, адистерди издөө боюнча тапшырманы аткарып жатып, мага чыккан. Бирок, аны менен экөөбүз көп ирет сүйлөшкөнбүз, мен анын досторун да билчүмүн. Менин айткым келгени, эң биринчи анын сапаты- ал достуктун баркын  жакшы билчү. Керектүү кишилер эмес, жакшы адамдар менен.  Аны тагдыр ким менен жолуктуруп, дос кылса, андан эч убакта баш тарткан эмес.  Анысы аз келгенсип, кызматы жоктугуна карабай,  алар активдүү  баарлаша баштачу.  Ал эми анын кудай берген жетекчи экендигин, канча саат айтса да түгөнбөйт.  Бир жолу мага  МЧС  чалып, менин кандай кийингенимди сурады. Мен, офистегидей деп жооп бердим. Ал, азыр мени президент чакыраарын айтты. Так ошондой болду.  Президент, мен ИИМде иштешим керек экенин айтты.  Президенттен кийин мени  МЧС чакырып,  эмне деп жооп бергенимди сурады. Мен, президент айтса, көчө да шыпырасың деп жооп бердим. Биз күлүп калдык.  МЧС эми күт деди. Бирок,  түштөн кийин ал мага телефон чалып, 17.00дө ИИМде болуп калышым керек экенин айтты. Мен эмнеге десем, ошол жактан билесиң деди. Анан, мени келип ала кетейинби деди. Мен, өзүм жетип алам дедим. ИИМдин жанында мен Конгантиевди жолуктурдум, анын бул жерде эмне кылып жүргөндүгүн сурадым. Ал, өзүм да билбейм деди.   Андан кийин  Мелис келди,  ал  Мусаке азыр министр болуп дайындалаарын, ал биринчи орун басар болоорун айтты.  А мен  - Бишкек ИИБ жетекчиси болот экем.  Анын артынан  МЧС келип, бизди коллегиялар залына алып кирди да, Конгантиев министр деп жарыялады.  Мелис биринчи орун басар, мен да орун басар болдук.

Сиз, Оксана Малеваная президентке таасири  күчтүү болчу дедиңиз. Эмне үчүн? Ал Максимдин идеяларын алып чыгуучу болгону үчүнбү?

- Малеваная  Максимдин идеяларын алып жүрүүчү да болгон, бирок ал барган сайын көз карандысыз боло баштады, акырындык менен Максимдин өзүнө да, президентке да таасир эте баштады. Бакиев гипноздогудай эле болуп калчу. Анын укмуштуудай ишендирүү таланты бар болчу,  ал өзүнүн жана өз долбоорлорунун мамлекетке канчалык деңгээлде керектүү экендигин  сүйлөшкөн кишисинин мээсине куюп койчу, эң башкысы – ал Максимдин сунуштарын аткарчу.

Анын Садыркулов менен жакын мамилесине карабай, ага эмнеге анчалык ишенишкен?

- Анткени, алардын мамилеси бузулганын баары билчү. Садыркуловду ал өзү четтетти да. Анын баласынын атасы жана каржы жагынан жардам берген багуучусу болгонуна карабай. Ал эпчил, каардуу жана эки жүздүү адам болчу.  

Сиздерде чыр чатактар болду беле?

- 2009-жылы августта, мамлекет менен башкаруу башка багытка түшкөнүн түшүнгөнүмдө, өзгөчө пикир менен кызматтык кат жаздым, ал эми Малеванаяга, эгер өз мамилесин өзгөртүшпөсө, улуттук коопсуздуктун жертөлөсүнө бараарымды, алардан баарысын тартып алаарын айттым. Ал дароо президентке чуркап барып, даттанган экен, мени бажыга жылдырып коюшту.

Сиздин катыңызда эмнелер козголду эле?

- Президент Бакиевдин тушунда менин көз алдымда өтө ачык апофеоздук идеологиялык операция жүргүзүлүп жатты, ал маңызы боюнча Кыргызстанга карата диверсия  жүргүзүп жатышты. Көз карандысыздык алгандан кийин жана мамлекеттик пландаштыруу тутуму кулагандан кийин бизде дагы эле башкаруунун эффективдүү, илимий, эксперттик-аналитик  жана маалыматтык коштоосунун бир бүтүн тутуму түзүлгөн эмес.  Мындай олуттуу маселелерди саясатчылар, юристтер, экономисттер  жана башкаруучулар  тарабынан чечилет деген пикир жасалма түзүлгөн. Бул, ушундай ойлонгондор үчүн адаштыруучу жол. Ал эми буга ишенгендер, анын үстүнө өз кызматын сунуш кылгандар – жөн гана алдамчылар. Мен, Малеваная тарабынан Украинадан  чакырылган «чыгаан усулчулар» бизге  эскирип, жарабай калган ыкмаларды үйрөтө баштаганда ушуну айткам.

Алгач Бакиевдин, бул украиналык ишкерлер тарабынан даярдалган жана биздин мамлекеттикине кичине окшоштурулган,  мамлекеттик башкаруудагы реформалары туурасында кеңири сөзү пайда болду. Мамлекеттик кеңешчилердин жана Жогорку Курултайдын институтунун киришүүсүнүн максаттуулугунун жоктугу дароо  эле көзгө урунду. Жогорку деген эмнени билдирет? Кайсы жерде жөн гана курултайлар болот? Бирок, кыргыздарда курултай деген бир гана түшүнүк бар. Анын кыла турган кызматы  ансыз да  «жогорку» деңгээлге ээ, ал ансыз да  урматтуу адамдар тарабынан маанилүү чечимдерди кабыл алат. Бирок, буга  парламенттин Жогорку палатасы түшүнүгү туура келет, мына ошондо эки палаталуу парламентти түзүү туурасында айтуу керек. Башкалары туурасында айткым да келбейт.   

Чыгып сүйлөнгөн сөздүн тексти  окуу куралынан алынган эскирген, бирок бурмаланган үзүндүлөргө окшоп калды. Коньюктуралык мүнөздөгү, бийликке жакын турган жалган эксперт-кеңешчилер тарабынан жазылган. Убакыт жана дүйнөлүк тажрыйба  тарабынан текшерилген институттар талкаланып, алардын ордуна түшүнүксүз,  сыноодон өтпөгөн мамлекетти башкаруу ыкмалары келди. Реформаларды жүргүзүүчү топтун мүчөсү катары, мен сын пикир айтып чыктым. Анын ичинде, мурдараак киргизилген  Катчылык институтунун максаттуулугу туурасында сын пикир айттым, ал институт президенттин админстрациясынын кызматын гана кайталайт, бирок, өзү кабыл алып жаткан  чечимдер боюнча жоопкерчилик албайт. 

-Сиз, биздин  мамлекетти «жайгаштырып кеткиси» келген Украиналык «адистер» менен жолугушуп, сүйлөштүңүзбү?

- Менин  айткан сынымдан кийин,  бул «реформалардын» автору, Украинанын жараны Никитинди чакыртышты. Ал, менин пикирлеримдин айрым  учурлары менен макул экендигин айтты, бирок, жалпысынан өзүнүкүн туура деп эсептейт. Ошондо мен андан мындай деп сурадым– ал бизге сунуш кылгандар кайсы бир жерде колдонулуп,  жакшы натыйжаларга алып келди бекен? Ал, Украинада жарым жартылай киргизип жаткандыгын, азырынча жакшы натыйжа боло электигин айтып, чынын жооп берди. Анда бул кайталанма тажрыйбаны менин өлкөмө эмнеге жасап жатасыңар, деп сурадым. Ошондо ал мунун башкаруунун эң мыкты, заманбап тутуму – Ватикан Катчылыгы экендигин айтты. Мен, Токто, дедим.   Ватикан – бул абсолюттук  монархия, бир гана мураскорлук боюнча  так берилбейт, ал эми Папанын айткандары ал жакта талкууланбайт, анын үстүнө, ал жакта экономика жок. Ошондо ал,  бул чөйрөдө өз орду бар  Ватикандын банктары туурасында кеңири айтып бере баштады. Качан мен башкаруу теориясынын негиздерине, башкаруучу жана саясий чечимдерди кабыл алуу принциптери туурасында айтып баштаганда, ал өздөрүнүн иштелип чыккан методология теориясын айта баштады. 

Анын маңызын түшүндүрүп отуруунун кереги да жок, андан сырткары, китеп окубай деле койсо болот, бир чечимге талкуунун процессинде гана келүүгө болот, айтор ал мени ишендире алган жок. Анализ чыгаруу ыкмалары да ага бейтааныш болчу. Тутумдуулук туурасында айтып жатып, алар тутумдук анализдин маңызын түшүнүшкөн жок. Качан, мамлекет башчыларынын бири менден, эмнеге бийликке каршы чыкканымды сураганында, мен өз башымды, өз жүзүмдү жоготуп алуудан корком деп жооп бердим.

Сиз  диверсия деп айттыңызБуларды  каардуу ой-максат менен атайылап жасаган деп ойлойсузбу? 

- Ошондой го. Негизи эле Кыргызстандан баары   «боз аймакты» түзгүлөрү келишет. Бүгүн, мамлекетти басып алуу үчүн, аскердик аракеттерди же танкаларды киргизүүнүн кереги жок. Бүгүн каршылашыңдын эркине кысым көргөзүп, жеңүүчүнүн атйкандарын аткарууга мажбурлоо эле жетиштүү. Ал эми буга каршылаштын элинин руханий дүйнөсүнө таасир этүү аркылуу жетишсе болот. 

О.э. баалуулуктарды жана максаттарды трансфармациялоонун эсебинен жетсе болот, жана ага ылайык, трансформацияланган баалуулуктары менен элдин катмарында коомчулукту калыптандыруу аркылуу жетишсе болот, мына ошолор  өз мамлекетинин аймагында чоочун маданияттын, башка мамлекеттин максаттарын жана милдеттерин  жеткирүүчүлөр болуп калышат. Өзүңөр эле карасаңар, башында  кыргыз маданиятынын жетишкен баалуулктары жана каада салттары туурасында унчукпай жатышты: булар жамааттык, Мекенине кызмат кылуу, жогорку уят сыйыттуулук жана ар намыс, эркиндик жана социалдык акыйкаттык, элдик демократия, агартуу жана үй бүлө. Андан кийин, бүгүн кино менен эстраданы да киргизүүгө боло турган  бардык ММКларды кошуу менен, базалык баалуулуктар жайгаштырылат, негизинен, эмгек жана билим берүүнүн ордуна көңүл ачуу жана оюн зоок үгүттөлө баштайт. Калкта түйшүксүз «кооз жашоо» туурасында түшүнүк пайда болот. Бул учурда эмгекке болгон , интеллектуалдуулукка, материалдыкка болгон  урмат жок болгон, ал эми эмгекчил адамдарды шылдыңдап башташат. Ушул эле жерге кылмыштуу дүйнөнүн «сайрандашын» жана алардын лидерлерин идеалдаштырууну да киргизсек болот. 

Бир  эле убакта Агартуу тажрыйбасынан баш тартууга мажбурлап жатышты, аны дагы өткөн турмуштун салтына калтыруу аракети көрүлдү. Анда жаман эч нерсе деле жок, бирок алар азыркы дүйнөдө маданий өнүгүүнү камсыз кылууда атаандаштыкка азыраак жөндөмдүү. Жада калса экономикада, бизге жогорку технологияларды берүүнүн ордуна, элдик кол өнөрчүлүккө түртүүгө аракет кылышты, өз убагында АКШдагы индеецтер менен ушундай кылышкан. Биз эмне, кийиз чокойлорду тиккенден башка эч нерсеге жөндөмдүү эмеспизби? Милдет, өлкөгө жана элге кызмат кылуу туурасындагы түшүнүктү адам укугу жана эркиндиги деп, бурмаланган түшүнүккө алмаштырууга аракет кылышты. Башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн, мына ушул түшүнүктөрдү  алмаштырууну демилге көтөргөн  адамдын укугу  өзгөчө корголду.  Ал эми көпчүлүктү түзгөн башка адамдардын укугун карашкан да жок. Мунун баары элитардык демократиянын түзүлүшүнө алып келди. Биз оңой башкарышыбыз үчүн, бизге аң сезимдин алааматын таңуулашты. ММКларда жаратмандык процесстер туурасында жаңылыктар улам азайа баштады, боло турган алааматтар туурасында жаңылыктар улам көбөйө берди.

Натыйжада, адамдардын кайсы бир бөлүгүндө басмырланган абал пайда болуп  жана жаратмандык ишмердүүлүккө болгон кызыгуу азайа баштады. Басынгандык жана үмүттүн жоголушу бардык ишмердүүлүктүн маанисин кетирет  жана конкреттүү социалдык жаңжалдарды локалдаштырууда ар кандай агрессивдүү-радикалдык кадамдарды актайт. Аны менен катар күч жана укук коргоо органдарын дискредитациялоо боюнча жалпы операция жүргүзүлүп жатты.

Бизди эмне үчүн  «боз аймак» кылып жатышат?

- Хаос – бул  геосаясат.  Туруктуу эмес өлкөлөр аркылуу алардын күчтүү кошунасы менен күрөшүү жеңил. Биз аларды кызыктырбайбыз. Аларга Кытай керек.

Маектешкен Бермет Букашева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине