Эмилбек Каптагаев: теректер, Отунбаева, Бакиевдин тагдыры жана башка көп нерселер тууралуу

07:18, 9 Сентября 2014

- БизЫсык-Көл областынын ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен болгон маекти анын «Кандуу жол» китеби менен баштадык, аны 2009-жылыЭдил Кожошизи псевдониминин алдында жазган.Китепте сүрөттөлгөн окуялар Медет Садыркуловду саясий өлтүрүүнүн жагдайын жана чоо жайын толугу менен сүрөттөп берген, бул кийин тергөөдө да толугу менен далилденди. Бирок, Каптагаев азыркыга чейин сырын ачкысы келбейт: ал бул маалыматтарды кайдан билди жана аны ким кабардар кылды? Бирок, башка суроолорго ал кеңири жооп берди.

- Эмильбек Саламатович, бул китептин жазылышы сиздин революциянын ишине болгон жеке салымыңыз болду деп ойлойм. Бул жалпы маалымат берүү, аларга таасир этүү үчүн аң сезимдүү план беле? -Ооба, бул аң сезимдүү жасалган кадам. Ошол күндөрү, 2009-жылы Бириккен Элдик Кыймыл (БЭК) Атамбаевди оппозициянын атынан жалгыз кандидат катары көргөзүү үчүн Элдик Курултай даярдап жаткан. Бардыгы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Садыркулов, Слепченко жана Сулаймановду али унутуша элек болчу. Парламент бул ишти кароодон баш тарткан, тергөө бир гана версияга – аягы өлүм менен бүткөн жол-транспорт кырсыгы дегенге такалды. Бирок, баарыбыз мындай эмес экенин түшүнүп жаттык. Адаттагыдай эле коом муну көмүскө жерлерде, ашканаларда жана тамеки чегип жатып талкуулап жатышты, бардыгы нааразы болуп, Бакиевдердин колунан келгенин айтып жатты,бирок эч кимдин ачык айткысы келген жок. Жеке мен абдан сары санаа болдум. Анткени, Медет Чоканович менен анын өлүмү алдында сүйлөшкөн бир нече адамдын бири мен болгом.

- Эсимде, «Лица» гезитинде сиздин бул туурасындагы билдирүүңүздү басып чыккан элек. Аны менен бир музейден жолуккансыз...

- Бул анын офисинде,Аалы Токомбаевдин үй –музейинин имаратында болгон, - 12-марттаэртең менен, болжол менен9 дан баштап10.30 га чейин, аны мененжолугуп, күнүмдүк кырдаалдар менен, жакынчы келечекке болгон пландар туурасында сүйлөшүп отурдук. биздин маектин жалпы мазмунунан алып туруп, 13-мартта түштө, анын өлгөн күнү, бул саясий тапшырык өлтүрүү, өлкөдө саясий террор башталды деген билдирүү жасадым. Мен кылмыш болгон жерге барып, өрттөлгөн маркумдарды көрбөсөм да, трагедия болуп өткөн жерден дароо БЭК штабына келип, көргөндөрүн айтып беришкен Эльмира Ибраимова, Эрнест Акрамов жана Каныбек Иманалиевдин сөздөрүнөн улам, бул киши колдуу болгондугу түшүнүктүү болду. Андан кийин алар унчукпай калышты. Ошол күнү алар чыныгы окуяны сүрөттөп, нукура тапшырыкчылар жана аткаруучулар туурасында болгонун болгондой айтып жатышкан. Мамлекеттик органдын аппараттынын кызматчылары дел болуп, эмне кылаарын билбей калышты. Кимдир бирөө менен ушул темада сөз баштасаң, колу калтырап баштайт – баарында чоң коркунуч турду. мына ушул теманы дагы жалындатуу керек экени түшүнүктүү болду, коом бул өлтүрүүнү активдүү талкуулай башташы керек эле. Ошондуктан, апрелде мен китеп жазайын деген пландарымды, анын мазмунун Атамбаевгк, Отунбаевага жана Ниязовго айтып бердим. Андан кийин биз Болот Шер болуп, негизги учурларды талкууладык, кылмыш болгон учурду сүрөттөп, кайра түзүп чыктык. Экөөбүз тең жазып чыгабыз деп сүйлөштүк, мен кыргыз тилинде, ал – орус тилинде. Болжол менен бир жумадан кийин анын үйүндө жолуктук, ал өзү жазган бир нече баракты окуп берди, мен ага ноутбукта жазгандарымды көргөздүм – меники көбүрөөк экен. Ошондо ал мени өз вариантымды бүтүргүн деди, кийин орус тилине которуп алабыз. Негедир тез жана жеңил жаздым. Болгон окуялар көз алдымда турду, окуянын жүрүшү өзүнөн өзү чубала берди. Эки жуманын ичинде жазып бүттүм.

- Китепти конспиративдүү басып чыктыңарбы?

- Ооба. Жашырын басылды, түнкүсүн кичинекей типографиялардын биринде, эки миңден эки тираж. Эртең менен баарын тазалап, жүктөп, алып кетип жатышты. Ал жакта калтыруу коркунучтуу болчу, анткени типографиялардын бардыгы УКК тарабынан текшерилип турчу. Кол менен, «Улуу Биримдик» Элдик демократиялык партиясынын штабында брошюраланды, бул ишти Айнура Усенбекова жетектеди. Бул жөнөкөй бир бөлмөлүү батир эле. Биз, андан кийин гана, бул долбоорлорго катышкандардын үстүнөн кандай коркунуч келип каптап тургандыгын түшүндүк. Анда анча деле ойлонгон эмеспиз. Китепти 2009-жылы10-13-июнда тарата баштадык.

-Викиликсте, бул китеп чыккандан кийин сизди уурдап кетишти деген маалымат пайда болду.Бул туурасында айтып берсеңиз.

-Он күндөн кийин,19 унан 20-июнга караган түнү мени уурдап кетишти...Кудайга шүгүр, эртең менен«Манас»аэропортунун жанындагы буудай талаасынын чекесине ыргытып жиберишти. Чынында, жакшылап эзишти. Мен кийин түшүндүм, китептеги окуялардын сүрөттөлүшү чынында болгон факт менен жүз пайыз дал келгени үчүн мен аман калыптырмын. Бакиевдер түшүнүп турушту, кокусуннан мындай дал келүү болмок эмес. Муну көргөн гана адам жазды. Аларга бул маалыматты көргөн адам керек. Анын үстүнө, мени мындай жазат деп ишенишкен жок. Алар, мени даяр орусчадан кыргыз тилине гана которду деп ойлошту. Алар мени кайтарышып, авторду издеп, өздөрүнүн арасынан маалымат берген адамды издегиче 2010-жылы апрель болуп калды.

- Апрелде сиздин үлүшүңүзгө өтө жооптуу милдет түштү – Убактылуу Өкмөттүн аппаратын башкаруу. Башка талапкерлер болду беле, эмне үчүн сизди тандап алышты?

- Бул позицияда менин туруп калгандыгым кокусунан эмес. Өзүңөр билгендей, 2010 –жылы февралда Элдик Курултайды даярдоо боюнчаУюштуруучу комитет түзүлгөн, анын башында Роза Исаковна тургна. Мен Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары шайлашкан. Ошол мезгилде мен БЭКтин Секретариатын жетектеп тургам, жана отурумдарды даярдоо, кайрылуу долбоорлорун жана башка материалдарды түзүү менин милдетим болчу. Элдик Курултай 2010-жылы 17- мартта Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитетин түздү, жана БАКты чечимдерди алга жылдыруу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Роза Исаковна өзүнүн орун басарлыгына Атамбаевди, Текебаевди, Бекназаровду, Чотоновду шайлады, Исаков экөөбүзгө БАКты башкаруу милдети тагылды, анткени мурда эле, орун басарларынын ар бири төрага ачык ишмердүүлүк жүргүзө албагандыктан, БАКты башкаруу туурасында макулдашылган. Исаков түрмөдө отурду, бийлик ар бирибизди жок кылышы мүмкүн деген тобокел чоң болгон. Ошентип, революция күнү, 7-апрелде кечинде, биз Жогорку Кеңештин имаратында жолугуп, баш аламандыктан чыгуунун жолдорун табууну сүйлөшүп баштаганыбызда, мен эч бир талкуусуз өз ишимди колго алдым,б.а. штаб ишин өз жетекчилигиме алдым. Биз документтердин биринчи вариантын даярдай баштадык, кийин алар Убактылуу Өкмөттүн декреттери болуп калды. Ошол кезде, БЭКтин мүчөлөрүнүн бири дагы эмне кылабыз деп сураган эмес, аны кимдир бирөө бир кызматка дайындаарын күткөн жок, ар бири демилге көтөрүп, ишин аткарып жатты. Мисалы, Шерниязов өз командасы менен ИИМ тутумунда иштеп баштады, Дуйшебаев – СНБ тутумунда, Исаков, түрмөдөн бошоору менен дароо эле Коргоо министрлигине кетти, ал эми Жаныш аттуу жигит өздүк курамы менен Улуттук гвардияга жана мамлекеттик коргоо кызматында иштеп баштады. Азыр көпчүлүгү жазып жатышат, БЭКтин мүчөлөрү түнкү он экиге чейин отуруп алып, кызмат бөлүштүрүшкөн деп. Андай болгон эмес. Түнкү саат он экиде гана “Форумдун” имаратында,Атамбаевдин штабында чогулууга мүмкүндүк болду. Ошол убакта Убактылуу Өкмөт түзүлөөрү, аны Роза Исаковна башкараары, өткөөл мезгил орнотулуп, борбордук бийлик органдарынын баары тараары айкын болуп калган. Мунун баары иштин жүрүшүндө макулдашылып жатты. Ал жакта катышуучулардын ар бири тутумдагы кырдаалды кыскача сүрөттөп, дароо эле жетекчилик кызматка макулдук алып жатышты. Роза Исаковнанын орун басарлары чечилди, Бишкектин мэри аныкталды. Менин атым чыккан жок, бирок Отунбаева менен катар иштээрим ачык көрүнүп турду, ал кезде статус маанилүү деле эмес болчу. Аппарат башчысы кызматын Текебаев аныктап, бул кызматка менин ылайыктуу экенимди айтты. Баары макул болушту.

- Роза Отунбаева менен биргелешкен ишиңиз тууралуу эмне айта аласыз?

- Роза Исаковна менен иштөө оңой да, кыйын да болду, оңой жагы ал абдан коммуникабелдүү, аппараттын күчү менен бүтө турган жумуштарды ал кээде өзү эле чечип койчу. Мисалга, жарандык секторлордун өкүлдөрүнө өзү чалып, аларды чакырып алып, маселелерди талкуулап кое турган. Негизи, буга окшогон иштерди уюштуруу менен аппарат алектенет, бул абдан мээнетти талап кылган жумуш, көп нерсени катышуучулар менен, президент менен макулдашуу керек. Ал эми кыйын жагы, ал абдан динамикалуу, анын тапшырмаларын аткарып үлгүрүү, берген акылдарын иштеп чыгып, тиешелүү документтерди даярдоо - апаррат кызматкерлеринен да шамдагайлыкты талап кылчу.

- Ошол кезде жасай албай калган нерселериңизге бүгүн өкүнгөн учуруңуз болобу? жасаган иштериңизге канааттануу аласызбы?

-Бир нерселерге өкүнүүнүн азыр мааниси жок, мунун баары тарых. Тарых болсо, белгилүү болгондой, макулдашылып түзүлбөйт. Ал эми ички канааттануу сезими бар. Анткени, ошол кезде революциянын жеңишин сактап кала алдык. Бул оңой эмес болчу. Бир нече жолу күч колдонуп кулатуу аракети болду, админстративдик имараттарды тартып алышты, ал кандай тукуруу иштерин жүргүзүштү. 2010 –жылдын апрель, май айлары митингдер менен Убактылуу өкмөттүн аппараты жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратын жана телеборборлорду тартып алуу аракети менен өттү. 2010-жылы 12-13-майдагы Жалал –Абаддагы областтык админстрацияны басып алуу эки адамдын өлүмү, 50 дөн ашык кишинин жаракаты менен аяктады. Маевкадагы провокация дагы адамдардын ичинен курмандыктарга алып келди. Андан кийинки Ош окуялары, жаңы Конституциянын кабыл алынышына карата өткөрүлчү референдумга каршы чыккан күчтөрдүн аракети менен уюштурулган. Анткени, Конституциянын кабыл алынышы, өлкөнүн укуктук багытка киргендигин айтып турган, мына ушуну каалабагандар көп болгону. Алардын ою боюнча, башаламандыктын шартында Убактылуу өкмөттү түшүрүү оңой болмок. Оштогу бул кагылышуулар өзүнөн өзү токтогон жок, ал жакта да миңдеген, жүздөгөн адамдар өз аракеттерин көрүштү. Ал кезде биз гуманитардык алааматтын алдын алдык, 11-июндан баштап биз адамдарды жана азык түлүктөрдү самолет менен жөнөтүп жаттык, элди алып чыктык. Ошол күндөрү биз Ош жана Жалал-Абаддан 1500 баланы алып чыгып, Ысык-Көл областында эс алуу уюштурдук. Ооба, азыр эстечү нерселер бар. Ошол күндөгү окуялар жана кырдаалды турукташтырууга жумшалган чыныгы аракеттер дагы бир эле жолу айтылбайт деп ойлойм.

- Сиздин оюңуз боюнча, Бакиевди өлкөдөн чыгаруу керек беле? Бул үй бүлөнү эл алдында жазалап, соттосо өлкө үчүн пайдалуу болот беле деп ойлойм да. Түшүнөм, чуу чыгып кетүү коркунучу бар болчу, бирок ал чуу ансыз да чыкты го, ал эми чет өлкөдө алардын кол жолу бош жүрүшөт. Алар азыр да бош. Бүгүн, Белоруссиянын президенти ага орден такканын уктук. Алар Россияда жакшынакай, бардык сый урматы менен эс алып жүрүшөт, Белоруссияда андан кем эмес сый урмат көрүп жатышат. Эч кандай күнөөсүн мойнуна алуу, тазалануу жок. Коомдо коррупция менен чыныгы күрөш болооруна ишеним жок.

- Бул маселенин айланасында айрымдары саясий алып сатарлык кылууга аракетк ылып жатышат – жок, аны чыгаруунун кереги жок болчу, атайын кызмсатты жиберип, аны крамаш керек болчу деп. Кээде Бакиевдердин үй бүлөсү менен бирге Тейит айылын бомбалап салуу керек болчу деген да пикирлер айтылууда. Эгер бирөөлөр, Убактылуу Өкмөттү күнөөлөп, бул маселеден дивиденд алгысы келип жатса, башкалары ошентип Бакиевдерди жөн эле кармап калсак болмок деген ишеничте. Бирок, Бакиевдин жалал-Абаддан чыгып кеткенине чейин Ош шаарын басып алууга аракети болгон, ал жоон топ куралчан адамдар менен келген. Областтык админстрациянын алдындагы чогулган эл каршылык көргөзүп, аны кое бербей койгон учурда, кан төгүлүү коркунучу болгон, карапайым эл куралсыз болчу, ал эми бакиевчилер куралданышкан. Бирок, Кудайга шүгүр, кан төгүлгөн жок. Абаны атуу менен гана чектелип, Бакиев баштаган колонна кетүүгө аргасыз болду, алар Тейит айылына кайтып келишти. Бирок, түштүк областтарынын бардык милиция курамы Бакиев тараптык болуп, аны кармоого кенедей да аракет жасабагандыгын айта кетүү керек, ал Ош шаарына эч тоскоолдуксуз жетип, кайра артка кеткен. Ошол убакта постторду уюштуруп, куралдуу адамдарды кармоо туурасында буйрук келип түшкөн болчу. Эгер Бакиев жана анын бир туугандары дагы бир жума жүрүшкөндө, жарандык согуш башталып кетмек. Бишкек шаарынлагы курман болгондорлун жакын-тугандарынан турган кызууланган топтор, Ошко жулунуп жатышты, аларды күч менен гана кармап турууга мүмкүн болду. Алар, укук коргоо органдарынын күчү менен аларды кармап, Бишкекке алып келет деп ишенип турушту. Айтор, алардын көбү аларды өлкөдөн тыш чыгарып жибергенибиз үчүн дагы эле күнөөлөп жүрүшөт. кармоо үчүн күч жана ресурстар жок шартта, Бакиевди жана анын үй бүлөсүн өлкөдөн чыгаруу чечими тарыхый туура чечим болгон. Так ошондуктан, Роза Исаковна бул чечимди жеке жоопкерчилиги алдында кабыл алгандыгын ачык билдирип жатат. Роза эже өз чечими менен өлкөнү ажырымдан жана жарандык согуштан сактап калды деп эсептейм.

- Эгеркандайдыр бир топ Тейит айылына жулунуп кирип, Бакиевдерди кармоого аракет кылса, эмне болмок?

- Мындай ой кан төгүүсүз ишке ашмак эмес. Анткени “биздикилерди уруп жатышат” деген ураан жакшы иштейт. Түштүк элинин көп бөлүгү элдин Конгантиевди сабап жаткандагы видеосун көрүп, чекке жетип калышкан. Анын үстүнө, түндүктүктөр Акаев үчүн жеңиш алышып, жакшынакай Бакиевди жөндөн жөн кулатышты деген үгүт өз ишин кылып жаткан. Анын эч күнөөсү жок, аны орус аялынын балдары жана ач көз бир тууганлары ошого жеткиришти деп ишенип жатышты. Мындай үгүт жакшы таасир этти. айтмакчы, ал дагы эле иштеп жатта. Ооба, Бакиевдер күнөөсүн мойнуна алышкан жок, азыр чыныгы жазасын алыша элек. Бирок, баары алдыда деп ойлойм.Анын үстүнө, туулган жерден куулуудан өткөн жазаны ойлоп таба албайсың. Ал жакта жашоодон ырахат алып, жыргап жашап жатат деп ойлобойм. Күнөөсүз жүздөн ашык кишинин каны ага эч бир тынч жашоо бербейт. Энелердин көз жашы, аялдарынын жана балдарынын көз жаштары өз жазасын алып, түрмөгө отурмайын жанын койбой, ичинен жей берет. Түрмө камерасы же өлүм гана аны бул азаптардан куткарат. Ал эми Лукашенконун сыйлыгын айта турган болсок, бул чынында аны үчүн эч бир мааниге деле ээ эмес, ал анын ички жан дүйнөсүнүн кыйноосунан куткарбайт. Ал эми Президент Лукашенко болсо, өзүнүн белорус элинин алдында, КМШ, ОДКБ же Бажы Союзу сыяктуу биргелешкен өлкөлөрдүн алдында абдан жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатат. Аны кудай өзү таразалайт!

- Өткөн жылы 7-октябрда, Ысык-Көлдөгү козголоңчулар сизди барымтага алганда, эмне болду? Бул боюнча кайчылаш маалыматтар көп болду.

- Эгер ачык айтканда, мен өзүм да көптөгөн суроолордун жообун билбейм. Бүгүн даана билем, көптөгөн жигиттер, кумтөр маселеси боюнча активдүү уюштуруучулар болуп чыгып жатып, пландаштырылып жаткан барымта туурасында билишкен да эмес. Аларды атайын уюштуруп коюшту. Анткени, алардын айрымдары мени бошотууга аракет кылышты, машинанын кулпусунун пультун кармап, мени машинада кайрылып тургандардан суранып жатышты. Бирок, аларды машинага жолотушпай, кыйкырып ооздорун жаап жатышты. Анын үстүнө мени,Роза Имаковнаны жана Бабановду ачык күнөөлөп, митингди биз уюштурду деп күнөөлө саясаты да болду. Көрмсө, биз өзүбүз атыбызды чыгарып, бүт өлкөдө баш аламандыкты күчөтүү үчүн “барымтага алуу” шоусун уюштуруп жатыптырбыз. Мындай маалымат «Вечерний Бишкек» газетасынын сайтына Өкмөттүн Басма сөзүнүн берүүсү менен жайгаштырылды, элестетип жатасызбы? Анын үстүнө, кечки саат жетиде ИИМ да, УКМК да, “Каптагаев барымтага алынган жок, ал өз ыктыяры менен бензин куюлган машинага отуруп алып, митингге чыккан жигиттер менен сүйлөшүп отурат” деген жалгани маалымат таратышты. Анын үстүнө, барымтаны уюштурган башкы күнөөкөрлөр али кармала элек, алардын ким экендиги аныкталса да. Бул тема терең изилдөө үчүн обьект болушу керек деп ойлойм. Мен сотто айттым, митингдердин уюштуруучусу болгон жигиттерди жана өткөн жылы 7-октябрда болгон митингдин кокусунан катышуучуларын, барымтага алуу, өлтүрүү менен коркутуу ж.б. беренеси менен соттоого болбойт. Анткени, азыр соттолгондордун катарында отурган он алты адамдын ичинен, эки үчөө гана барымтага алуу планынан кабардар болушкан, калгандары бул туурасында билишкен эмес. Ал эми мамлекеттик айыптоочу, Каптагаев мындан ары да эл менен иштеши керек, ошону үчүн ушинтип айтып жатат деп жатат. Болбогон сөз. Ошол күндүн окуяларын ичимден улам-улам тегеретип көрүп кармоо мурунтадан пландаштырылган деген жыйынтыкка келдим. Бул планга бийликтин ар кайсы бутактарынан адамдар тартылган, эгер кармоонун максаты мени машинаны өрттөө жолу менен жок кылуу болбосо дагы, ачык эле мени четтетип, кызматымын уят кылып шыпырып түшүү болгон. Мага,жада калса, ээлеп турган кызматымдан бошотуу туурасындагы буйруктун долбоору даяр экендигин айтышты. Менимче, алардын ойлогону бир жеринен ишке ашпай калды.

-Соцтармактарда сизди Раппопорт жолундагы Чолпон-Атадагы бактаргы кыйгандыгыңыз үчүн катуу сындашты.

- Менден, бактар, автолор үчүн токтотмо даярдоо үчүн атайылап кыйылып жатканы туурабы, деп сурашканда, мен туура эмес деп жооп бердим, эгер муну бирөө жарым ойлоп тапкан болсо да, ал Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюнун өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн өткөрүлүп жаткан жалпы ишке кумалак кошкусу келгендердин атайын жасаганы. Бул оюндарды өткөрүүнү - ыйык иш деп эсеептейм, бул жалгыз эле Ысык-Көл үчүн эмес, жалпы өлкө үчүн сыймык. муну эл душманы же бир зулум ойлоп тапты деп айттым. Ал жакта унаа токтотуу үчүн жер жетиштүү, трибуналардыгн батыш жана чыгыш тарабынан жалпы аянты 4 га жер каралган. Ал эми аллеяга келсек, биз каалайбызбы, каалабайбызбы, бактар карып жатышат, ат майдандын маңдайындагы алардын көпчүлүк бөлүгү куурап калган, аларга 80 ашык жыл болуптур, бул теректер үчүн болгон чеги. Сүрөттөгү дүмүрлөр, алардын жаш жана дени сак болгондугун далилдебейт. Алар, тамырына жакын жактары тирүү болгондугун, бирок.ортосунан баштап учуна чейин куурап калгандыгын көргөзүп турат. Көрүнүш абдан начар болчу. Анын үстүнө, көпчүлүгү жайкысын ал жакта машина менен өтүшөт, жол болсо абдан кууш, болгону эки тилке, ал кыркынчы жылдагы кыймылга эсептелген, 3 километрден турган жолду кээде 10-15 минутада араң өтөсүң. Жолдун реконструкциясынын долбоору боюнча, ал жакта жолдун жанындагы коммуникациялары менен бирге төрт тилкелүү кенен жол болот, курулуштун башталышы менен баары бир эски бактарды кыюуга туура келет, андан кийин жаңы трассанын жээгин кайрадан жашылдандырып баштайт. жашоо ушундай, бул дүйнөдө бардыгы карышат, өлүшөт, буга окшогон кубаттуу теректер да куурайт.

Каракол шаары, областтын борбору киши ыйлагандай абалда – жолдор жана башкалар. муну кандай түшүндүрөсүз?

- Ооба,тилекке каршы, ушундай.КараколКудайдын унуткан шаары болуп калган, анын жолдорунда мащина эмес, жөө киши жүрүшү кыйын. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кыйын, таштандыларды ташып чыгуу, аларды иштетүү көйгөй жаратат, тазалоочу жабдуулар, көчөлөрдү жарык кылуу - мүмкүн эмес, мунун баарын чексиз санай берсең болот. Мунун баарын чечүү керек.Албетте, мунун баары каражатка келип такалатю Бирок, өткөн жылдан баштап кичине кыймылдар башталды, биз көчөлөрдү оңдоп баштадык, мэрия көчөлөрдү жарыктандырып, аларды оңдоо менен алектенүүдө. Акыркы жылдарда бир гана лыжа базасынын аркасында, кичи-мейман үйлөрүн куруу боюнча активдүүлүк абдан жогорулады, төрт жылдын ичсинде гана 137 си курулду. Канчалаган соода үйлөрү менен кафелер иштеп жатат. Тоо лыжа кластери идеясын өнүктүрүү – дагы көбүрөөк иштиктүү активдүүлүккө түрткү берет, бүгүн эле көптөгөн көп кабаттуу мейманканаларды куруу пландаштырылып жатат. Мунун баары, натыйжада шаардык казынанын көбөйүшүнө шарт түзөт, шаар акырындап өнүгө баштайт. Бүгүн шаардын мэриясынын алдына конкреттүү милдеттер тагылган. Анткени – Каракол шаарын таза жана кооз шаарга айлантуу – бул биздин жалпы ишибиз.

Маектешкен Бермет Букашева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине