Шэрон Стоунга «Курманжан Датка» фильми абдан жакты

10:20, 22 Ноября 2014

5- ноябрда, белгилүү англис гезити  «Дэйли Мэйл» «Курманжан Датка»  фильминдеги башкы ролду жараткан Элина Абай кызын, аны кеченин эң сулуу айымы деп атап, мактап жазды. Анын  супержылдыз  Шэрон Стоундун жанындагы сүрөтү байкалбай калган жок. Жылдыздар мына ушинтип белгилүү болуп чыга келишет да. Гезит анын улуттук колорити менен тигилген саркеч көйнөгүн белгилеп өткөн (Дильбар мода үйүнөн), анда Элина бир гана фильмге шайкеш келбестен, Голливуддук ак сөөктөрүнүн бул салтанатына да жарашып турду. 

Албетте, кыргыз фильминин премьерасы басма сөздүн көңүлүн биринчи кезекте, «Курманжан датка. Тоолор канышасы» фильмин Шероун Стоундун тааныштырганы менен бурду. Соцтармактарда режиссер Садык Шер-Нияздын  Голливуддун эң сулуу жылдызы менен баарлашканына арналган ырлардан бери чыгарып жиберишти. 

Бирок,  Шер-Ниязды таптакыр башка нерсе толкундатышы керек. Шерон Стоун, бир гана өзүнүн «Негизги Инстинкт» фильминдеги кумарлуу ролу менен гана эмес, өзүнүн болуп көрбөгөндөй акылынын жогорку  IQ – коэффициэнти менен таанымал болуу менен, биздин фильмди тааныштырып жатып өзүнүн мактаган сөздөрүн да аяган жок жана «Курманджан Датканы»  белгилүү англис драматургу Девид Линдин (Девид Линч менен алмаштырбагыла) эпикалык драмалары менен салыштырып өттү, ал азыркы Британиянын киноискусство институтунун  режиссерлорунун сурамжылоолорунун жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк кинонун мыкты он  режиссерунун катарына кирет.

- Кыргыз киносун Шерон Стоун кандайча тааныштырып калды? – Ушул жана башка суроолорду голливуд премьерасынын  башкы күнөөкөрү  Садык Шер-Ниязга узаттым.

- Көптөгөн голливуд жылдыздары кайрымдуулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүктөрү менен да белгилүү, алар коомдук иштерди да аткарышат. Шэрон Стоун СПИД менен күрөшүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн күрөштө эл аралык сыйлыктары бар, активдүү коомдук ишмер. Биздин публицисттер ага чыгышыптыр. Ал трейлерди көргөндө, өлкөбүздүн жаратылышын кооздугуна суктанып, көрүп чыгуу үчүн тасманы сураптыр. Андан кийин ага фильм абдан жакканын жана тааныштыргысы келип жаткандыгын айтышты. Менин оюмча, башкаруучу аял туурасындагы тасманын аталышы, о.э. көз карандысыздык жана тең укуктуулук үчүн күрөш да өз ролун ойноп кетти окшойт. 

- Бул фильмдин Лос- Анжелесте коюлушу эмнени түшүндүрөт? Бул  Оскардын алкагындабы?

-  Голливудда көрсөтүү – биздин фильм үчүн зарыл болгон атрибут. Чынын айтканда, биз фильмди алга жылдыруу боюнча стратегия иштеп чыга элекпиз. Анткени, биз аны августтун ортолорунда бүттүк. Ал эми 31инде аны Көз карандысыздык күнүнө карата  элибизге тартуу кылышыбыз керек болчу. Бизде өтө кыска мөөнөт болуп,  Монреалдагы фестивалга жумушчу версиясын жөнөттүк. Ал жактан көргөзүп, анан бир жумадан кийин Бишкекте бет ачары болду. Ал эми бир айдан киийн «Оскарга» сунушташты. Көпчүлүк фильмдер «Оскарга» январда эле көргөзүлүп баштаган, алар Сандэнстеги жана Берлиналдагы фестивалдарда көргөзүлөн эле. Ал эми биз өзүбүздүн фильмди ушул жерде, Голливудда тааныштырууга туура келди.

- Мен, «Оскар» комитети көргөзүүнү өзү уюштурган экен деп ойлогом.

- Жок. Биз өзүбүз. Кимдир бирөө өз фильмин бул жактан көргөзөт, дагы бири – башка жакта. Бул фильм жаратуучулардын тандоосу. «Оскар» Академиясынын мүчөлөрүнө таасир этүү механизми деп койсок да болот. 

- Демек, бул «Оскар» Академиясынын мүчөлөрүнө көргөзүлүптүр да?

- Ооба, бул Академиянын мүчөлөрү жана «Алтын Глобус» сыйлыгынын калыстар тобунун мүчөлөрүнө көргөзүү болду. 

- Аларга фильм жактыбы?

- Академиктер да, «Алтын Глобустун» калыстар тобунун мүчөлөрү да бул туурасында ачык айта алышпайт. Бирок, биздин байкоолорубуз боюнча, жакты окшойт.

- Анан бул тасма  «Оскардын» шорт-баракчасына киреби

- Шорт-баракчага кирүү мүмкүнчүлүгү абдан аз, бирок күн өткөн сайын жогорулап баратат. Мисалы,  кадыр барктуу «The Wrap»  басылмасы бизди көргөзмөлөрдүн атайын тизмесине кошуптур. Демек, бизди байкай башташты. Анын үстүнө, Шерон Стоундун чын жүрөгүнөн  чыккан тааныштыруусунан кийин бизге көңүл бурула баштады. Тасма өлкө тарабынан «Оскар» сыйлыгына гана коюлду. Бардыгы болуп, бардык мамлекеттерден 83 фильм коюлган, жана алардын ар бири сыйлыкты алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, тасманы байкашы үчүн, өтө көп иш жасоо керек, биз колубуздан келишинче аракет кылалы деп жатабыз. Бул жерде Оскарды алуу үчүн миллиондогон акча коротуп жаткан тасмалар бар, анткени,бул белгилүү сыйлыкты алгандан кийин, фильмди сатуу менен жүз эселеп ордун толуктап алаарын баары жакшы түшүнүп турушат. 

- Си өзүңүздүн жеке каражатыңызды коротуп жатасызбы?

- Ооба, өз каражатымды коротууга туура келип жатат, мунун баары кыргыз кинематографынын Голливудга болгон жолун салуу үчүн жасалган аракет жана биздин мамлекетти чет өлкөлөргө жакшы жагынан гана көргөзүүгө болгон далалатыбызды жасап жатабыз. Кандай болгон күндө да муну бирөө башташы керек болчу. Натыйжасы кандай болгонуна карабай, бул - бизден кийин бул жакка келе турган биздин кино тартуучулар үчүн баа жеткис тажрыйба болот. Биз пессимисттик көз карашта эмеспиз, тескерисинче биздин кичинекей  топ барган сайын өзүнө ишенимдүү боло баштады.

- Бул тасманы кантип коркпой тартып баштадыңыз, анткени Кыргызстандын тарыхындагы эң биринчи мамлекеттик кымбат тапшырык болду да. Жоопкерчилик өтө чоң. Сиз болсо биринчи жолу толук форматтуу фильм тартып жатасыз. Муну жасоо үчүн өзүңүзгө  катуу ишеним жана эр жүрөктүк талап кылынса керек.

- Бир нерсеге жетишүү үчүн, өзүң үчүн кыйын болгон жерлерди багындыруу, ошол жакта жүрүү керек деп эсептейм. Бул менин мүнөзүм. Убакыттын өтүшү менен тажрыйба да келет. Көпчүлүгү, муну тобокелчилик деп аташат. Алар менен да макулмун, бирок бир жагынан гана. Даярдыксыз, билимсиз жана тажрыйбасыз эпикалык  тарыхый тасма тартуу- бул акылсыздык.

- Сиз ВГИКте (БРМКИ) окуган эмессиз да? Кесипти кантип өздөштүрдүңүз?

- Мен Москвада, сценарийчилер менен режиссерлордун Жогорку курсунда, Владимир Иванович Хотиненкодон окугам. Бул мурдагы СССРдин аймагындагы жалгыз таанымал окуу жайы, анда жогорку билимден кийин режиссеорлор менен сценарийчилерди  даярдашат.  Ошол эле жактан  Александр Ефимович Роднянскийден продюсерликтин  арибин тааныгам. Айтмакчы, ал жактан  Океев, Карагулов, Сарулу, Тойчубеков, Мар Байжиев жана башкалар да окушкан.

- Кечириңиз, билген эмесмин. Анда, сиз профессионал режиссер болсоңуз, анда эмнеге Омбудсменде жүрөсүз?

- Мен Акыйкатчынын орун басарлыгынан бошонуп, окууга 2006-жылы кеттим. Чынымды айтканда, ушул жылдары мамлекетте болуп жаткандарды карап туруп, Акыйкатчынын орун басары болуштун өзү мага уят болуп калган.

- Сиз маданият минстринин кызматында иштедиңиз, жакында эле бул кызматка кайра өз талапкерлигиңизди койдуңуз. Бул иш сизге жагабы?

- Менден аксакалдар суранышкан, өтө кыйын болоорун билсем да мен  баш тарта алган жокмун. Азыр маданият министри болуу абдан кыйын. Анын үстүнө бул, биздин депутаттарыбыз маданиятка таптакыр көңүл бургулары да келбей жаткандыгы менен да шартталат. Биздин мамлекетибиздин негизинин ушул бөлүгүнүн маанисин толук түшүнбөө социалдык алааматка алып келет, ал ар бир беш жылда кайталанып жатат. 

- Сиздин бир тууганыңыз депутат болгону үчүн талапкерлигиңизди алып салышканда капа болдуңузбу?

- Капаланганым жок. Болгону, өздөрү мыйзам чыгаруучу болуп туруп, Конституцияны бузуп, четтетип койгонуна кичине ыза болдум.

- Эгер чынын айтканда, бир жагынан бул өзүңүзгө жакшы. Сиз болгон кубатыңыздын, күчүңүздүн баарын чыгармачылыкка жумшай аласыз. Биздин кыргыз чөйрөбүздө, өзгөчө чыгармачыл чөйрөдө ич күйдүлүк көп да. Сиз муну менен кагылышсаңыз керек

- Чыгармачыл адамдардын арасында ич күйдүлүк дайыма боло берет. Так ушул сезим чыгармачылыкка түртөт. Болгону бу сезимди туура пайдалана билиш керек. Сиз, ичиңизден өрттөп жаткан бул сезимден чыгуунун кыска жолун издеп баштаганда жакшы болбой калат. Сиз эмгек жана билим алууну тандап алсаңыз, анда сөзсүз жакшы чыгарма жаратасыз.

- Сиз үчүн режиссердук чеберчиликтин үлгүсү ким? Кайсы фильмди сүйүп көрөсүз?

- Вонг Кар Вай, Мэл Гибсон, биздикилерден - Океев, Актан Арым Кубат, Тарковский... Алар өтө көп. Сүйүктүү фильмим – Мэл Гибсондун «Апокалиптосу»,  «Троя»...

- Сиздин фильмге актерлорду, өзгөчө Элина Абай кызын тандап алганыңыз – чоң ийгилик болду. Аны кантип тандадыңыз?

- Өтө кылдат тандоо жүрдү. Кастингден жардам берген  Акылбек Абдыкалыковго өзгөчө рахмат айтам.  Элина  ролго абдан жарашып калды. Бирок, эң башкысы – эмгекти сүйүү. Элинада ушул сапат бар экен, ошондуктан жеңип чыкты. Шерон да ага суктанып жатат.

Маектешкен  Бермет Букашева. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине