КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АЙЫПТАЛУУЛУУЧУЛАРДЫН АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ

14:39, 13 Ноября 2020

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АЙЫПТАЛУУЛУУЧУЛАРДЫН

АЧЫК КАЙРЫЛУУСУ

  11-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө бөлүмү тарабынан Аламүдүн районунун прокурору Стакеев Эдилбек Аскарович пара алуу фактысы боюнча кармалды. Ал 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочулар тобунун мүчөсү.

 Ошентип, Эдилбек Стакеев Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк-кландык режиминин саясий буйруктарын аткаргандардын катарына кирет.

Мамлекеттик айыптоочулар тобун Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов Асылбек Жээнбековдун тууганы (кудасы) жетектейт. Ал аркылуу бир тууган Жээнбековдор сот ишин көзөмөлдөшкөн.

Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иши 84 томдон турат. Бирок иште айыпталуучулардын күнөөсүн далилдеген бир дагы далил жок. Бардык айыптоолор ойдон чыгарылган жана акылга сыйбайт, алар ачык-айкын саясий түскө ээ. Тергөө бир тараптуу түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана адам укуктарын одоно бузуу менен жүргүзүлдү.

Сот жараяны коомчулуктун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусуз жабык эшик артында өтүп жатат. Айыпталуучулар башынан эле объективдүү иликтөөнү жана соттун ачык өтүшүн талап кылган.

Белгилүү болгондой, Кой-Таштагы окуялары боюнча өткөн акыркы сот отурумунда судья Марат Сыдыков өзүн иштен чететтү чечимин кабыл алды. Айыпталуучулар мамлекеттик айыптоочулардын тобун өзгөртүүнү да суранды.

Мурда кысымга алынып, кыйноого кабылган адамдар тергөө менен кызматташууга аргасыз болгонун айтып, тергөө менен кызматташуудан баш тартуу жөнүндө арыз жазышканын эске алып, биз ишти кайрадан  тергөөгө жиберүүнү талап кылабыз. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө мыйзамсыз чабуулуна, УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын командиринин орун басары Усөнбек Ниязбековдун өлүмүнө жана тынч куралсыз адамдарга кол салган чыныгы күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жооп бериши керек. 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине