Аткаминерлердин «буржуазиясы» кантип жашайт: миллиондогон долларлар кайдан келип чыгат?

08:09, 13 Декабря 2018

Алар, 10-15 миң сом маяна алып жатып, жарым миллиондук хан сарайларды салышат?! Үстүбүздөгү аптада, күч структураларынын жардамы менен, экрандын артынан бизге кантип жашашты үйрөтүп, тойлордо акча үнөмдөө керектигин айткан кээ бир мамлекеттик аткаминерлер чынында кантип жашарын билдик.  Тергөө жарыялаган бааларды уксаң, оозуң ачылат. Ал эми чуулгандуу камоолор биринин артынан бири уланып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков инагурацияланган күнү ал өтчү трассада бомба бар деп жалган маалымат таратып, ызы чуу салгандыгы үчүн 3 жылга соттолгон мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалышы катуу чуу жаратты. Эми болсо ал мыйзамсыз байыгандыгы үчүн айыпталууда.

Зилалиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Айтор, вице-премьерлер менен Кыргызстандын жолу болбодуго. Коррупцияга айыпталган өкмөттүн мурунку өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгы океан артына качып жатышат. Бул алардын колунан кантип келүүдө? Ушундай эле жол менен, Хужант-Москва-Нью-Йорк маршруту аркылуу кызматын кыянаттык менен пайдаланууга айыпталган КР мурунку вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев дагы качып кетти. Тергөө Шадиевдерге таандык көптөгөн мүлктү жана дээрлик 24 коммерциялык банктардагы уячаларды кармоого алды. Андан сырткары, Шадиевдин үй бүлөсү эң кымбат пансионаттардын бири болуп эсептелген «Карвен 4 сезона» эс алуучу жайынын акцияларынын 33,3%, Бишкектеги бир нече батирлерге жана үйөлөргө  ээлик кылышкан.

Зилалиевдин кылмыш ишинин алкагында өткөрүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө коммерциялык банктардын бириндеги уячасынан 889 миң доллар табылган. Ал эми Бирдиктүү салык декларациясында болсо Зилалиев болгону 2,5 миллион, ал эми анын жубайы 400 миң сомдой гана киреше тапканы жазылган.

Андан сырткары тергөөчүлөр Зилалиевдин тууганынын атына жазылган,  53миллион сомго бааланган Бишкектин борборундагы кеңсени табышкан. Төртүнчү кичи районунда жайгашкан элиталуу беш бөлмөлүү батирден кымбат баалуу саат, 3 миллион сом жана 100 миң доллар тескелип алынган. Коттедждүү шаарчада 400 миң долларга курулган  хан сарайдын оңдоп түзөө иштерине Зилалиевдин үй бүлөсү 90 миң доллар коротконго үлгүргөн! Адам ишенерлик эмес сумма. Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинде иштеп жатканда Зилалиев (кайрадан тууганына) алтын жана акиташ кендери бар жерди иштетүүгө лицензия алып берген. Кармалганга чейин аткаминердин баш айландырарлык карьерасы болгон. 2002-жылдан баштап Зилалиев мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагында иштеп келген. Адегенде региондордо, андан соң борбор калаада. Бул орундар ар дайым кирешелүү болуп келген.

2017-жылы Зилалиевдин аты 1532КВ номурлуу укмуштай Lexus570 үгүсүндөгү автоунаага байланышкан чыр чатакта пайда болгон. Аткаминер дал ошол унааны айдап алып Президенттик инагурацияга шашып жүргөн. Ал кезде ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда төрага болуп турган. Кийин ал унаа Кытайдын “Тун Лин” тоо-кен иштетүүчү компаниясына таандык экени аныкталган. Зилалиев анын бул компания менен байланышы бар экенин танып, унааны жардамчысы уруксаты жок алып жүргөндүгүн билдирген. Зилалиевдин бул чуулгандуу иши боюнча дагы көп жаңы нерселерди билебиз.

Бул камоо үстүбүздөгү аптанын жалгыз кызыктуу окуясы болгон жок. Азербайжанда Бакунун аэропортунда Нью-Йорктон (эмнегедир бул мегаполисти биздин коррупционерлер абдан жакшы көрүшөт) учуп келе жатканда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганына айыпталган Адамкул Жунусовду экстрадициялап, камакка алууга уруксат берилди. Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, мурунку бажы кызматынын жетекчиси аталган кызматты ээлеп турганда, бир жеке ишкананын жана башка мекемелердин катышуусу менен туруктуу коррупциялык схемасын түзгөн. Анын кесепетинен мамлекетке тийген материалдык зыян 166 миллион сомду түзгөн.

Бажычылар коомдун көңүл чордонуна биринчи жолу түшүп жаткан жок. Былтыркы жылдын февраль айында бажы кызматкерлеринин массалык жаңы жылдык чет элдик эс алуусу жөнүндө тараган маалымат элдин эсин оодарган. Кийин мамлекеттик бажы кызматы эс алууга 16 эле адам кеткенин айтып, калган сандарды оңдоп коюшкан.

Ушул жылдын май айында Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери темир жол бажы башкармалыгынын мурунку жетекчиси Айбек Айбашовду кармашкан. Андан баасы 1 миллион доллардан көп  турган 25 кымбат баалуу сааттар алынган. Бул анын башка баалуу буюмдарын жана заңгыраган үйүн санабаганда гана!

Мамлекеттик бажы кызматы, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жана транспорт жана жолдор министрлиги - коррупция боюнча эң көп иш козголуучу тармактар. Мынтип, 5-декабрда КР УКМКнын антикоррупциялык кызматынын кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Ал 50 миң доллар пара алып жаткан. Бир белгилүү ишкананын кызыкчылыктарын жылдыруу үчүн ал 520 миң доллар өлчөмүндө пара алмак, алардын 120 миң долларын ал туугандары жана ортомчулары аркылуу алганга жетишкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, мындай чоң өлчөмдөгү пара үчүн Азимкан Жусубалиев жолдорду оңдоп-түзөө жана реабилитациялоого карата өткөрүлө турган тенднерди кайсы бир жактын пайдасына чечип бермек.

Жакында эле, эл аралык коррупция менен күрөшүү күнүндө КР президенти Сооронбай Жээнбеков “биз аткаминерлер жоопкерчиликке тартылбай, былыктарын туугандарына жана башкаларга жазып коюп кутулуп кеткен көптөн бери калыптанып келген системаны түп тамыры менен жоготууну баштадык” – деп билдирген эле.

Айта кетсек, Башкы Прокуратура тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштардан малекетке келген зыянды кайтаруу үчүн ачылган атайын депозиттик эсепте 316 миллион сомдон көп каражат чогулду.

Алмаз Исманов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине