Маалымат согушунун технологиялары:бул кантип жасалат

12:26, 16 Сентября 2014

Согуш – бул зомбулук аракет. Башкача болбойт. Андан сырткары, согуш – бул дайыма тактика жана стратегия. Каршылашынын күчүн так санай алган гана жак жеңет.

Маалыматтык согуш калкка каршы жүргүзүлбөйт, ал идеяга, парадигмага, сунуштарга каршы жүргүзүлөт. Ананчы. Бирок, мында таасир этүү обьектиси – маалыматтын катардагы керектөөчүсү жабыр тартат. Алдангандыгы үчүн жабыр тартат, анткени натыйжада, эгер кырдаалды мурда түшүнгөн болсо, коргогусу келбеген позицияны кабыл алгандыгы үчүн жабыркайт. Маалыматтык согуштардын стратегиясы жана тактикасы туурасында эксперттер айтып беришет.

«Элдик төңкөрүштөрдүн» ыкмалары

КМШ өлкөлөрүнүн Институтунун эксперти Григорий Михайлов мындай дейт:

Атайынар кандай типтегимаалымат операцияларыболжол менен бирдей схемада аракеттенишет. Ал, маанилүү ресурстардын тартуу менен саясий жана маалыматтык таасирди карайт. Сценарийлери окшош.

1-этап -даярдоочу. Маалыматтарды чогултуу, анализ. Чечимдерди кабыл алуучу жактарды аныктоо, психологиялык портреттерди түзүү, компрамат чогултуу, “мекемелердин картасын” түзүү, коомдун жана локалдуу коомчулуктардын “негизги түйүндөрүн” табуу. Аны менен катар лоялдуу ММК ларды, коомдук ишмерлерди даярдоо жүрөт. Көзөмөлдөнүүчү оппозиция түзүлөт. Милдеттүү шарт – ӨЭУ нун кеңири, жайылтылган түйүнү, ал расмий түрдө укук коргоочу ишмердүүлүк, жакырчылыкты жоюу боюнча ар кандай долбоорлор менен иш алып барышы керек. Алардын ишисиз эч нерсе ишке ашпайт. Бул, ӨЭУ нун ар бир кызматкери “кишенделген” деп айтууга болбойт. Алардын көбү пайдалуу жумуш кылып жаткандыктарына ишенип жүрүшөт. Бирок, керектүү учурда алардын бардыгы бир эле маалыматтык себеп менен биригишет. Алардын жактоочулары көп, алар – материалдык жана юридикалык жардам алгандар, ага тилектештер, боору ооругандар кошулушат. ӨЭУнун ишмердүүлүгү сөзсүз элдик болушу керек. 2-этап. Маалыматтык себепти издөө же түзүү. 
Кандайдыр бир окуя керек. Мисалы, катышуучуларды атуу менен аяктаган, аянттагы каршылык акциясы.. Милдеттүү шарт болуп, ММКнны тыгыз коштоосу саналат. Жок дегенде эле алардын бир нечеси операциянын лоялдуу “тапшырыкчыларынан” болушу керек. белгилей кетейин – ММКнын өзү, алардын жетекчилери кошулуп, даярдалып жаткан акция туурасында эч нерсе билбеши мүмкүн.

3- этап. Маалыматтык себепти"айландыруу" - операциянын негизги бөлүгү, бул натыйжага жетүүгө багытталган. Бул учурда, таасир этүү агенттерин колдонуу менен, каршылык маанайларды активдештиришет. Талкуулоодон аракет кылууга даяр болуп калган этапка өткөрүүгө жетишүү маанилүү. Бул, көчөгө чыгууга чакырык таштаган, бул топтор үчүн кадыр- барктуу каармандардын элге кайрылуусу аркылуу жетишилет. Муну менен бир эле убакта үгүт мштери жүргүзүлөт. Ал калктын негизги багытына арналган, б.а. “бир жакка аныктала албай жаткандарга”.Бийликтин жактоочуларын бардык жактан тосушуп, шылдыңдашып, кордоо сөздөрүн айтышып, этибарга алышпай, мүмкүн болушунча техникалык жактан тосмо коюшат.  Жаңы каршылык кыймылынын белгисин, анын аталышын белгилеп алган жакшы. Белги жөнөкөй жана кийимге оңой кадала турган болушу керек – мисалы, кандайдыр бир түстөгү тасма. Лидерлер менен окшош – бир нече таанымал жана чыгаан коомдук ишмерлер аларды колдогондугун жана жактырбагандыгын билдириши керек.   Көчөгө чыккан топ нааразы болсо да, тынчтык мааниде чыккандыгын көргөзүшү керек. Сулуу кыздар, жаш жигиттер, балпайган байбичелер жана карыялар (мүмкүн болушунча, орден-медалдары менен). Каршылык акциясынын бул тобун дагы жергиликтүү күч органдары кубалашы керек. Мүмкүн болушунча орой. Күч органдарынын мындай реакциясына кантип жетишүүгө болот? Буга кандайдыр бир каржылай колдоо, мамаппараттын тоңдоосундугу, о.э. ушулэле укук коргоо тутумундагы таасир этүүчү агенттердин ролу менен жетишсе болот. Андан ары бардык “армия”толугу менен тартылат. Коомчулук кандуу режимди алып түшүүгө даяр. Мурдагы айткандарымды жыйынтыктап, белгилей кетким келет, атайын маалыматтык согуштарды жүргүзүүнүн ийлигиликтүүлүгү – мындай чабуулду чагылдыруучу бута-мамлекеттин даярдыгынан түздөн түз көз каранды.

Кыргызстанар кандайманипуляциялар үчүн алсыз

Тилекке каршы,Кыргызстанда бардык маалыматтык долбоорлорго эшик ачык. Биздин буга окшогон долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгыбыз бир катар жагдайлар менен шартталган. Эксперттер, мындай долбоордун “ийгиликтүүлүгү” үчүн бир катар өбөлгөлөрдүн керектигин белгилешет. бул коррупциянын жогорку деңгээли, өзгөчө турмуштук, мамлекеттин индустриясызданышы, кеңири, бардыгын камтыган ӨЭУ тармагы,атайын кызматтардын эффективсиздиги, жана элитанын өзк апиталын чет өлкөдө сактоо адаты. Долбоордун ишке ашыруу үчүн өбөлгөлөр – гостарбайтерлердин көптүгү, кесиби жок адамдар, бул коомдун абдан катмарланышына алып келет. Социалдык лифттердин жоктугу. Принцибинде адам жашоону өзгөртүү үчүн эч нерсе кыла албайт. Бул белгилерди, биз тилекке каршы, бир гана Кыргызстанда эмес, мурдагы союз республикалардын бардыгынан байкап жатабыз.

Бардыгына жалпы, бирок жалгыз көйгөй эмес. Жайдын башында Бишкекте бул темада эксперттер, күч органдары жана мамчиновниктердин ортосунда маек жүрдү, алар “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун эгидасы алдында чогулушту.Эксперттердин пикирлери ал жакта да айтылды. Чогулушуп, мамлекетте мамлекеттик маалыматтык саясаттын жоктугун аныкташты, аны иштеп чыгууга убада беришти, ал эми азыркы иштеп чыккандарды августтун үчүнчү он күндүгүндө талкуулоого токтолушту. Бирок, пландар пландар боюнча калды. Анын ортосунда, коомчулуктун коогалаңы өсүп жатат. Эң чоң көйгөйлөрдүн бири – концептуалдык мамлекеттик маалыматтык саясаттын жоктугу. Маалыматтык каршылык көргөзүүнү Кыргызстан (мамлекеттин, бийликтин атынан) таптакыр жүргүзбөйт. Орой айтканда, бизге кол салып жатышат, а биз... “манты жеп жатабыз”. Анан сөз эркиндиги туурасында талкуулайбыз...

Саясатчы Марс Сариев мындай дейт:

Бүгүн бийлик курамдарын дискредитациялоо толук ылдамдык менен жүрүп жатат.Ал эми мамлекеттин концептуалдык борбору жок. Бул чакырыктардын,элитаны алмаштырмайынча мааниси болбойт.

Кызуу,аргументтешкен маек бүгүнкү күнү маалыматтык агымды чектөө, көзөмөл коюунун жактоочулары менен каршылаштарынын ортосунда жүрүп жатат. Дагы бир аспект – аныктоо боюнча бардык долбоорлор үчүн ачык маалыматтык ресурстар бар.“Интернет кыймыл” КБ аткаруучу директору Эркин Мамасалиев Интернеттеги бардык контенттин жеткиликтүүлүгү туурасында талкуулайт:

- Интернеттетрафиктин көлөмү чоң. Кытайда түйүндө маалыматты көзөмөлдөө үчүн көп каражат жумшашат. Дүйнөдө 600 миллионго чейинки домендерди эсептеп жатышат. Күн сайын жаңысайттар ачылып жатат, кандайдыр бир тыюу салгандары бар, көп учурда аларга жеткиликтүүлүктүн атаандаш ыкмалары пайда болуп жатат. Дүйнөлүк интернеттен коргонууга мүмкүн эмес, андан көрө зымдарды кесип салуу оңой. Интернеттеги колдонуучулардын коргонуу стратегиясын иштеп чыгуу кыйын. Дээрлик мүмкүн эмес.

Мамлекет бүгүнкү күнү бул тармактагы процессти таптакыр көзөмөлдөгөн жок. Медиа-эксперт, аналитик Игорь Шестаков кырдаалды мындай сүрөттөйт:Ким төлөсө, музыканы ошол койдурат.Кыргызстанда мамказынадан маалыматтык саясат үүчн бир да сом коробойт. Бизди бул маселеде Батыштан каржылашат.

КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарыАйнура Темирбекова мамлекетке айрым нерселерди демилгелегенге болбойт деп эсептейт:

Мамлекет маалыматтык аймакка тиешелүү болгон мыйзамдарды катуулатуу демилгеси менен чыкпайт. Бул коомдогу айтууга мүмкүн болбогон реакцияны жаратышы мүмкүню демилге менен кесипкөй коомчулук, б.а. журналисттер чыгышы керек.

Көйгөйлөр – айдала элек дың. Бүгүн бул кырдаалды эч ким колуна алгысы келбей жатат, ал эми кыргызстандыктарга болгон психологиялык чабуул дагы эле уланып жатат.

Кыргызстандыктар туура эмес маалыматтан жана үгүттөн кантип коргонушу керек?

Демек, маалыматтык жактан соо болуу- ар бир жарандын жеке милдети. Бизди дарга ойноткондордун бүтүп калган, сокур курмандыгы болбошубуз үчүн эмне кылышыбыз керек? Эксперттер мындай дешет:

«Угуп, көрбөстөн, окуганга аракет кылгыла.Адам окуп жатканда, ал ал сын көз карашта ойлоно алат, аны оңой эле алдаганга мүмкүн эмес.

Манипуляция кылуу ыкмаларын эстегиле жана аны жашоодо белгилеп жүргүлө. Жогоруда айтылгандай, эгер ошондой учурду байкасаңар, демек, ал сизге иштеген жок.

Бир да булакка баш отуңар менен ишенбегиле. Эгер бир тараптын үгүтүнөн кутула алсаңыз, бул экинчи тараптын курмандыгы болуп калбайсыз дегендикке жатпайт.

Ошондой эле, эсиңерде болсун, маалыматтык согуштар этап менен жүргүзүлөт. Чыңалуунун жогору температурасын көпкө кармап турууга мүмкүн эмес,ошондуктан абдан чыңалып кеткен учурларда маалыматтык диета кылып турган акылдуулук болот. Мисалы, эмгек өргүүсүнө чыгуу же кандайдыр бир сериал көрүү, китеп окуу, же видео оюн ойноо».

Редакциянын атынан кошумчалай кетээрибиз, бардык коомдук талкууда, сизде жалгыз сезимдер менен ушактар эмес, факты бар кезде гана катышуу маанилүү. Анткени бул, өзгөчө социалдык тармактарда, бирөөнүн таптакыр коопсуз эмес оюнунда оңой эле куурчак болуп калуучу жер – мына ушул.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине