Балдар үйүнүн мурунку бүтүрүүчүсү балдар үйүнүн жатканасасын оңдоп түздөөдөн өткөрдү

09:44, 12 Февраля 2020

«Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун жетекчиси Игорь Беляев өз демилгеси менен Чүй мектеп-интернатынын жатаканасынын оңдоп түздөөдөн өткөрүүнү уюштурду.

Эски курулуш совет мезгилинен бери ремонттолгон эмес. Игорь демөөрчүлөр менен кайдыгер эмес жарандарды таап, 100 орундуу жатаканы үч айдан ашуун оңдогон. Жумушчулар 40 терезени жаңыртып, жаңы пол салып, эшиктерди алмаштырган. Ремонттун жалпы баасы 3 млн сомду түзгөн.

Игорь Беляев «Бул мектеп-интернаты 1963-жылы ачылгандан бери ремонттолгон эмес. Өкмөт балдар жашаган мекемени оңдоп түздөөгө каражат бөлгөн эмес. Көйгөйдүн баары мамлекет бул мекеме бар экендигин унутуп койгондой маиле кылганында, балдардын коопсуздугу жана корголушу үчүн эч ким жооптуу эмес. Бул ремонт толугу менен биздин демилгебиз менен жүргүзүлдү. Качандыр бир убакта мен өзүм бул жерде жашагам, терезелерден такай суук уруп, пол чирип кетип, балдар такай суукка урунаарын билем. Ошондуктан мен жетекчиге келип, биз ремонт жасоого дяр экенибизди билдирдим»,-деп айтат.

Игорь дагы бир көйгөйгө туш болгон, баардык курулуш компаниялары мекеме кайсы жерде жайгашканын билери менен алыс деп баш тартып жатышкан.

Бактыга жараша, смета түзүп, иштеп баштаган компания табылган. Көз коркок, кол баатыр демекчи.

Дароо эле же ичи күйгөндүктөн, же өздөрүнүн колунан башка эч нерсе келбегенден душмандар пайда болуп, Игорь жана анын фонду тууралуу ар кандай ушактарды чыгара башташкан.

Бүгүнкү күндө балдар жылуу жумшак бөлмөлөрдө жашайт.

«Жетим балдар укуктарын коргоо» Коомдук Фонду үчүн бул биринчи долбоор эмес. Алар караколдук «Ирада» менчик балдар үйүнө мончо куруп, Таластагы балдар үйүнүн жатаканасындагы эшик терезелерин алмаштырып, токмоктогу менчик балдар үйүнө ашкана куруп берип, Беловодскидеги балдар үйүндө санузелдерин жаңыртып беришкен. Азыркы учурда Чүйдөгү иектеп-интернатынан сырткары, фонд кара-балталык балдар үйүнүн ашканасын ремонттоодо.

«Мамлекет бизге тоскоолдук жаратып, кайра-кайра текшерүү жүргүзбөстөн, бизге колдоо көрсөтүп,  балдар-үйлөрүндөгү шарттарды жакшыртууга жардам берүүсү өтө маанилүү»,-дейт Игорь Беляев.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине