Балага белекке бакыт берсе болобу?

09:55, 21 Февраля 2020

Ар бир бала Жаңы жылда белек алгысы  келет жана ар бир ата-эне баланын каалоосун аткарууга умтулат. Ал эми балдар үйлөрүнүн балдары кантет? Алардын кыялдарын ким аткарат?

Игорь Беляев баш болгон «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун ыктыярчылары балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын кыялдарын үч жылдан бери аткарып келишет.

«Негизинен демөөрчүлөр менен ар кандай кайрымдуулук фонддору таттууларды жана спорт шаймандарын белекке беришет, бул жакшы. Бирок ар бир балага ага гана арналган белек берүү-бул такыр башка. Биз үч жыл мурун «Аяз Атага кат» акциясын баштаганбыз. Идеяны Москвадан алдык. Ал жердеги соода борборлордун бириндеги балатыда балдар үйлөрүндөгү балдардын каттары илинип турат, балдар бир жыл ичинде кандай жакшы иштерди аткаргандыгын жана Жаңы жылга кандай белек алгысы келе тургандыгын жазышат. Ар бир каалоочу каалаган катты окуп, Аяз Ата болуп, белек алып, аны балатынын алдына коюп коет. Ыктыярчылар ал белектерди чогултуп, балдар үйлөрүнө жеткиришет. Бул абдан соонун салт, анткени адамдар өз баласына кандай белек кылгандай эле башка балдарга дагы белек бере алышат. Ал эми балдар үйүндөгү бала ага гана арналган белек алганда абдан бактылуу болот. Аны менен ал өзүн анын дагы кыялдары орундала турган толук кандуу инсан катары сезе алат.

Дээрлик бир ай болу фонддун кызматкерлери менен ыктыярчылар балдардын каттарын чогултуп, аларды социалдык түйүндөргө жайгаштырып, белек бергиси келген адамдар менен байланышып, белектерди чогултуп, кооздоп, андан соң балдар үйлөрүнө жеткирип, балдарга тапшырып турган. Алардын арасында Жаштар үйүнүн дагы катышуучу кыздары бар.

«Жаштар үйү» долбоорунун катышуучусу Роза айтат: «Аяз Атага кат» акциясына мен 3-декабрда киришкем. Балдардын каалоолору ар кандай, кичинекейлер куурчак менен оюнчук машиналарды сурашса, чоңдор уюлдук телефондорду, блютуз наушниктерди, спорт бут кийимин сурап жатышты. Быйыл биз 400дөн ашуун белек уюштурдук. Бир нече балага белек жетпей калып, биз эртең менен «Дордойго» барып, баардык керекетүү нерселерди сатып келдик. Бул жылы биз Чүй облусунун балдар үйлөрүн камтыдык. Ал эми стандарттык белектерди баардык региондор боюнча 2 миңден ашуун балага жасадык. Жакынкы күндөрү белектерди региондордогу балдарга жеткиребиз. Абдан чарчадым, бирок өзүмдү бактылуу жана башкаларга керек адамдай сезип жатам».

29-декабрда биз Фонддун кызматкерлери жана ыктыярчылар менен бирге Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө болдук. Майрамдык салтанатка спорт залында 106 бала чогулду. Балдарга Аяз Ата, Аяз Кыз, Өлбөс Кощей, Жез Кемпир ырдап, бийлеп берип жатышты. Ал эми акырында эң башкысы- белектерди тапшыруу башталды.

Көрсө, жалгыз гана Игорь жана анын ыктыярчылары белектерди алып келбептир. Орус Элчилигинин кызматкерлери, «Дордой» базарынын сатуучулары, спорт товарларынын дүкөнү, тил мектеби жана жөнөкөй жарандар, алардын ичинде Суусамыр өрөөнүнүн классташтар тобу дагы балдарга Жаңы Жылга белектерин алып келишиптир.

Балдар белектерге абдан сүйүнүп жатышты, бирок алардын жүздөрүндө алар Аяз Атадан суранган, аларга гана арналган белектерди алышабы деген күтүү байкалып турду. Жана акырында Игорь Беляев жанан анын ыктыярчыларды балдарды бирден чакырып, аларга өздүк белектерин тапшыра баштады. Балдардын кубанычына чек жок эле.

Мен көптөгөн белек алган баланын көздөрүн эч качан унутпайм, ал белектерин көтөрүп бара жатып, көздөрү бакытка толуп турду, ал сезимдеринин ташкындаганынан ыйлоого жана ошол эле убакта күлүүгө даяр эле.

Бул күнү башка ыктыярчылар менен бирге бир нече жылдан бери АКШда жашаган Жылдыз Вууд келди. Ал Игорь менен социалдык тармактардан таанышып калып, ошондон бери анын ишмердүүлүгүнө көз салып келген.

«Мен Игорьдун жана ал жасаган иштин алдында жүгүнөм. Ал аны чын жүрөктөн жасап жаткандыгы сезилет. Менде мүмкүнчүлүк пайда болгондо, ал балдарга белек алышы үчүн фондуна бираз каражат котордум. Ал эми бүгүн эртең менен биз уулум экөөбүз Кыргызстанга учуп келип, ушундай соонун белек тапшыруу аземине катыштык»,-дейт Жылдыз. Ал анын уулу дагы Игорьдой ачык жана боорукер болушун кааларарын айтты.

«Бүгүн мен белек берип жатып, бир кыздын көзүнө карадым, алар бакыттан жанып турду. Ошол учурда менин ичимден дагы бир нерсе жарк этип күйүп калды. Бул кубануунун жылуу сезимин мен дагы көпкө чейин унутпайм»,-деди Жылдыз.

Качан  106 баланын баардыгы өз белектерин алган соң, чарчаган Игорь өз кабинетине келип, отуруп, «Бул акцияга ар кайсы мамлекттердеги адамдар катышып жаткандыгы абдан жакшы. Белек берип жатып, алар баланы өмүр бою бактылуу кылышат, анткени ал дал ошол белекти эстеген сайын жүрөгү жылыйт»,-деп айтты.

Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөттөрү

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине