Мигранттардын эл аралык күнүндө ЮНИСЕФ камкорчуларды жана мекемелерди миграция таасирин тийгизген балдарды коргоону камсыз кылууга чакырат

15:57, 22 Декабря 2019

Мигранттардын эл аралык күнүндө ЮНИСЕФ камкорчуларды жана мекемелерди миграция таасирин тийгизген балдарды коргоону камсыз кылууга чакырат

18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күнү биз миграциянын коом, үй-бүлөлөр жана айрым адамдар үчүн пайда кылган мүмкүнчүлүктөрүн жана кыйынчылыктарын белгилей алабыз. Кыргызстанда миңдеген адамдар жакшы жашоо издеп, чет өлкөлөргө чыгып кетишкен. Миграция балдарга жана алардын ата-энелерине пайда алып келгени менен, ал ошондой эле ата-эненин камкордугу жок калган балдарды аярлуу абалда калтырууда.

Ата-эне баланын жашоосунда жана өнүгүүсүндө өтө маанилүү ролду ойнойт. Бирок 2018-жылы жүргүзүлгөн Балдардын жана аялдардын көп индикатордук кластердик изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, Кыргызстандагы балдардын 12 пайызынын – 277 миңден ашык баланын атасы же апасы, же экөө тең чет өлкөдө жашайт. Балдардын 4,3 пайызынын – 99 миңден ашык баланын атасы да, апасы да чет өлкөдө жүрөт. Ата-эненин баланын жанында болбогону ага эмоционалдык, психологиялык же социалдык кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Мындан тышкары мигранттардын балдары негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн, зомбулуктун курмандыгына айланып калуу тобокелчилиги жогору. “Ата-эне балдарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында акча таап жүргөн кезде, наристенин балалыгы тездик менен өтүп жатканын, эч нерсе ата-энелик мээримдин жана камкордуктун ордун толуктай албай турганын моюнубузга алышыбыз керек”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм. Балдар укуктары тууралуу Конвенцияда бекитилгендей, баланын тарбиясы жана өнүгүүсү үчүн негизги жоопкерчилик ата-энеге жүктөлгөн. Ата-эне балдарын башка бирөөнүн колуна таштап кеткен соң алардын бакубат жашоосун жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

Муну кантип жасай алат?

· Байланышты үзбөшү керек: ата-эне баласын туугандарынын кароосуна калтырып кетип жатса, бала менен тыгыз байланышты үзбөй, анын күнүмдүк жашоосунан (мисалы, мектептеги маселелерден, ден соолугунан) кабардар болушу керек. Ортодогу узак аралыкка карабастан, интернет аркылуу баарлашып, бала менен ата-эненин ортосундагы маанилүү байланышты үзбөш үчүн баласынын жашоосуна кызыгышы керек. Ата-эне (жана камкорчулар) баланын өзгөчө кичинекей кезинде чечүүчү ролду ойноп, камкордук, мээрим, баарлашуу, оюндар, китеп окуу жана ыр ырдоо өңдүү иш-аракеттер менен баланын мээсинин өнүгүүсүнө жардам беришет.

· Баланын коопсуздугун камсыз кылыш керек: балдар туугандардын колунда калган маалда (убактылуу калганда) баланын мыйзамдуу өкүлү (камкорчусу) болушу керек. Камкорчу ата-эне келгенче баланын тарбиясы жана өнүгүүсү үчүн жооп берет. Балага расмий түрдө бекитилип берилген камкорчу аны чукул кырдаалда, мисалы, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлдүн кол тамгасы керек болуп калганда коргой алат.

· Эгерде зарыл болсо, жардам сурап кайрылыш керек: кыйынчылыкка туш болгон балдар, ата-энелер же камкорчулар күнү-түнү иштеген 111 деген номерге же балдарды колдоо борборлоруна чалып, жардам сурай алат. Миграция боюнча суроолор менен Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат берүүчү-консультациялык борборуна кайрылса болот. Телефон номери: 18 99.

Миграция таасирин тийгизип жаткан балдардын укуктарын коргоодо Кыргызстан Өкмөтүнө колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ Европа Биримдиги, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда. ЮНИСЕФ Евробиримдик менен “Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азиядагы миграция таасирин тийгизген балдарды коргоо” долбоорунун алкагында кызматташып келатат.

Кыргызстан Балдар укуктары тууралуу Конвенцияны 25 жыл мурда ратификациялаган эле. Ушул мааракеге байланыштуу ЮНИСЕФ ата-энелерди, тарбиячыларды жана мекемелерди ата-эненин мээримине жана камкордугуна муктаж болуп турган #АрБирБалаҮчүн иш жүргүзүп, балдардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө чакырат.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине