Жетимдер үчүн “Жаштар үйү” ачылды

19:03, 4 Июля 2018

Сүрөттө: Игорь Беляев жана “Жаштар үйү” долбоорунун юристи Айнура Чокоева

3-июлда Бишкектин жанында жайгашкан Новопокровка айылында “Жаштар үйү” ачылды. Анда балдар үйүн жана интернатты бүтүргөн 8 кыз чоңдордун жашоосуна даярдык көрө алышат – кесипке үйрөнүп, паспорт алып, тамак жасоонун, кир жуунун сырларын өздөштүрүшөт.

Бул мекемени ачуу демилгесин Красноречкадагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү 25 жаштагы Игорь Беляев көтөрүп чыккан. Жетимдердин маселесине мамлекеттин, жогорку даражадагы аткаминерлердин көңүлүн бурдурам деп ал эки жыл алпурушту. Бирок бардык аракеттеринен майнап чыкпады. Анда Игорь өзү демөөрчүлөрдү таап, бул социалдык мекемени ачты. Муну менен ал жетимдерди коргоо – жетимдердин өзүлөрүнүн аракеттерине гана көз каранды экенин көрсөттү.

Билдирме: Кыргызстанда 13,5 миң жетим жана кароосуз калган балдар бар. Жыл сайын балдар үйлөрүн жана интернаттарды 350-400 бала бүтүрүшөт. Жашоо көрсөткөндөй, 18 жаштагы бул балдардын өз алдынча жашоого эч кандай даярдыктары жок. Алардын 5% гана кийин ыңгайлашып кетишет, билим алышып, үй-бүлө куруп, өз жашоолоруна тың болушат. 6% маргиналдашып, ичип кетишет, селсаяктарга айланышат, криминалдын катарын толукташат. 80%дан көбү ар кандай кыйынчылыктарды баштарынан кечиришет. Кыздар турмушка эрте чыгышат, адатынча 16-17 жаштарында, башка бирөөнө толук көз каранды болушуп, укуктары тебеленип, кемсинип жашап калышат. Эркек балдар болсо оор кара жумуштарга орношуп, кээ бирлери “баш калкалаар жер” жана бир табак тамакка жалданып иштеген малайга айланышат.

Биздин редакция Игорь Беляевдин демилгесин толук колдоп, колунан келген жардамын берип жатты, биз анын “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук фондусу менен биргеликте мүмкүнчүлүк боло калса эле балдар үйлөрүн жана интернаттарды бүтүргөндөрдүн маселелерин көтөрүп, айтып жаттык. 2016-жылдын декабрында атайын тегерек стол уюштуруп, ага депутаттарды жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырган элек. Президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясына, өкмөткө, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине, Чүй областынын губернаторуна, ар түрдүү айыл өкмөттөргө “Жаштар үйүн” ачып берүүгө көмөк көрсөтүү суранычы менен баш аягы 15тен ашык кат жөнөткөнбүз. Игорь Беляевдин коомдук фондусуна адаптациялык үйдү ачууга бош жер же бош жаткан имарат гана керек болчу. Бул маселе менен президенттин өзүнө пресс-конференцияларда эки жолу кайрылган элем, ал көмөктөшөм деп убада берген. Бирок аткаминерлер Игорь Беляевге жардам берүүгө  шашылышпады, көрө албас бирөө Игорь Беляев шизофрения менен ооруйт экен деген ушакты таратыптыр. “Мындай адамга” президенттик деңгээлде жардам көрсөтүү жарабайт, ал акыл-эси жакшы адам болушу керек дегендей мамиле кылышкан.

Бул ушак тууралуу уккан Игорь ооруканага кайрылып, эч качан каттоодо турбаганы жана психикалык жактан эсен-соо экендиги тууралуу маалымкатты алат. Мамлекетке ишеними кетип, көптөн бери көздөп келген максатын өзү иш жүзүнө ашырууга аракет кыла баштайт.

Азырынча “Жаштар үйүн” өзү каалагандай куруп салууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок демөөрчүлөр чыгып, “Жаштар үйү” жайгашкан имараттын эки жылдык ижарасын төлөп беришти. Эгер долбоор жакшы жыйынтыктарды берсе, демөөрчүлөр ижаранын мөөнөтүн 5 жылга чейин узартып берүүгө даяр экенин билдиришти.

Сүрөттө: Ыңгайлуу, заманбап "Жаштар үйү"

Ошентии 3-июлда Игорь мээрман кожоюн катары Кыргызстандын ар бурчунда жайгашкан балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын 8 бүтүрүүчүсүн, ошондой эле аткаминерлерди жана журналисттерди тосуп алды.

Сүрөттө: “Жаштар үйү” долбоорунун катышуучулары

“Бул долбоор пилоттук болгондуктан биз сынак жарыяладык, билим алуу мүмкүнчүлүгүн өз жашоосуна олуттуу мамиле кылган, максатына умтулган адам алсын дедик. Аны үчүн биз бардык балдар үйлөрүндө эссе сынагын уюштуруп, талапкерлер менен маектештик. Жыйынтыгында бизде 8 кыз жашамай болду, алар Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын балдар үйлөрүнөн болушат”, - дейт Игорь.

Ал бизге ашкананы, эки кабаттуу керебеттери бар уктоочу бөлмөнү, залды жана китепкананы көрсөттү. “Үйдүн полдору жылытма, бардык эмеректерди түсүнө карап тандадык, ал эми ваннада ар бир кыз үчүн өзүнчө парфюмердик топтом каралган”, - деп сыймыктануу менен айтып жатты Игорь.

“Жаштар үйү” долбоорунун катышуучулары чемодандарын, сумкаларын көтөрүнүп алып келишти, алар дагы башка коноктор сыяктуу үйдүн жасалгаланышын суктануу менен карап жатышты.

Таанышып алгыла: 17 жаштагы Наристе лингвист-филологго окуганы Нарындан келди; Военно-Антоновка балдар үйүнөн келген 17 жаштагы Роза дизайнер-модельер болом деп кыялданат; Ысык-Көлдөн келген Жазгүл медайым болом дейт; 17 жаштагы Элиза акушер-гинеколог болгусу келет; Таластан келген 17 жаштагы Гүлиза – келечектеги жизайнер; 18 жаштагы чүйлүк Альмина медик болууну каалайт; Бишкектен келген 17 жаштагы Айпери хирург болом дейт; Чүй областынан келген 17 жаштагы Азизанын эңсегени – мугалим болуу. Ар бир кыздын өз максаты, жашоо планы бар, алардын ишке ашырылышына “Жаштар үйү” чоң жардам бериши мүмкүн. Бул долбоор болбогондо, батирге жана тамакка акча табыш үчүн айлыгы аз кара жумуштарда иштегени аргасыз болот элек дешти кыздар бир ооздон. Окуганга убакыт, мүмкүнчүлүк тапканга кыйла оор болот эле. Балким, шарттары начар жатаканаларда жашашмактыр. Ал эми долбоорго катышуу менен алар сапаттуу билим алганга жакшы мүмкүнчүлүк алышты.

“Агролит”, “Куликовский”, “Той-босс”, “Лион”, "Үй-бүлөлүк салттар ” уюмдары жана да “Мерси фонд” эл аралык кайрымдуулук фондусу бул долбоорго демөөрчү болууга макул болушту. Алардын жардамы менен жашоо, тамактануу жана окуу чыгымдары толугу менен жабылып, ар бир кызга күнүмдүк жашоосуна 5000 сомдон стипендия берилип турмай болду.

“Балдар үйлөрүндө жана интернаттарда тарбияланган жетим балдар башкалардан эч нерсеси менен кем эмес экенин элге көрсөткүм келет. Биздин деле ошондой укуктарыбыз бар, биз дагы коомго пайда алып келе алабыз. Бирок бул балдарга мектепти бүткөндөн кийинки оор мезгилде бир аз жардам керек. 17-18 жаштагы балдар менен кыздардын керектүү билимдери, кесиптери жок, өз алдынча жашоо эмне экенин жакшы билишпейт. Башкысы – аларга чатыр берип, керектүү нерселерге үйрөтүп, коомго аралашып жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Мына ошондо алардын келечеги жакшы болот”, - дейт Игорь Беляев.

Анын жакынкы планы – так ушундай эле “Жаштар үйүн” эми жаш жигиттер үчүн ачуу.

Социалдык мекеменин ачылышына келген аткаминерлер суктангандарын жашырбай, Игорду мактап жатышты. Айрымдары бардык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендерин билдиришти. Жакшы ой-тилегиң бар болсо, жана да энергияң, күчүң бар болсо, мамлекеттен жардам күтпөй, аны ишке ашырса болоорун Игорь жашкы даилдесе да ал тилегине жакындатаар бардык жардамды алууга даяр.

Биздин редакция “Жаштар үйү” долбоорунун катышуучулары кыздардын жашоосуна көз салып турмакчы.

Лейла Саралаева

Даяна Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине