Игорь Беляевдин жашоосунан бир күн

10:32, 30 Января 2020

Игорь Беляевди көптөгөн кыргызстандыктар тааныйт, ал жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон. Анын жашоосунун ар бир күнү балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кам көрүүгө толгон. Биз бир күн бою аны менен жүрүп, Игорьдун бир күндө канча жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрөөрүнө күбө болдук.

10.00- Токмок шаары

2018-жылдын июнь айында Игорь жетектеген «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук фонду балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашаган эки Жаштар үйүн ачкан. Активисттин мамлекеттик кызматкерлер арасында тарапташтары пайда болгон. Игорь үчүн бул таң Чүй облусунун жетекчилиги менен жолугушуудан башталды. Губернатор «Жаштар үйү» долбоору үчүн Агро өндүрүштүк колледждин ташталган курулушун бөлүп берүү маселесин карап жатыптыр.

Чүй облусунун губернаторунун орун басары Светлана Волкованын айтымында, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өлкүлчүлүгү балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн жашоого көнүшүнө көмөк көрсөтүү максатында «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук фондуна орун бөлүп берүүдө.

Аталган курулуш 20 жыл бою ээнсиреп турган. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүогүзүү керектелет. Жатаканага 300 адамды жайгаштырууга болот, дал ушунча бала жыл сайын балдар үйлөрүнөн бүтүрүүчү болуп чыгышат. Чүй облусунун жетекчилиги аталган жатакананын базасында жаштар шаарчасын курууну пландап жатат.

12.00 – Бишкек шаары, кеңсе

Ошол эле күнү Игорь эки Жаштор үйүндөгү тартипти караган социалдык кызматкерлерди чогултту. Ал Жаштар үйлөрү караган Новопокровка айылынын поликлиникасынын дарыгерлери балдар менен кыздарды профилактикалык кароого кезекке тургузуп, алардын тиштерин дарылап берүүгө макул экендигин айтып берди.

Социалдык кызматкерлер балдар менен кыздар жөнүндө акыркы жаңылыктар менен бөлүштү. Ким кайсы курска барып, кандай тирүүчүлүк көйгөйлөрү пайда болгондугу тууралуу. Игорь мындай чогулуштарды жумасына бир жолудан өткөрүп турат. Бирок ал социалдык кызматкерлер менен ар дайым байлагышта болот.

14.00 Бишкек, кеңсе

Игорь Беляевди балдар үйлөрүндөгү ар бир бала тааныйт. Алар Игорь кандай көйгөй болбосун, жардам берүүгө даяр экендигин билишет.  Ошондуктан балдар кандайдыр бир маселе болсо, дал ошол Игорьго кайрылышат.

Бул күнү 16 жаштагы Данил аны улуу балдар кез-кез менен уруп, кээ бир тарбиялоочулар тарабынан мазактоолор болуп жаткандыгын айтып, кеңсеге келди. Игорь Данил качып келген балдар үйүнүн педагогикалык жамаатын дароо кабарлады. Бир сааттан кийин Игорьго балдар үйүнүн тарбиялоочусу, милиция кызматкери жана психолог келди.

Игорь Беляев фонддун жетекчиси катары бала жана педагогдор менен аңгеме өткөрдү. Натыйжасында Данил качып кетүүгө жакын оор өспүрүм экен. Бирок, психологиялык өзгөчөлүктөргө карабастан, мугалимдер бала башка мугалимдер жана өспүрүмдөр тарабынан басымга алынбашын көзөмөлдөп туруусу зарыл. Акырында Данилди башка мекемеге которуу мүмкүнчүлүгүн кароо чечимине келишти. Ал эми Игорь бул маселени көзөмөлдөп берүүнү убадалады.

16.00- Бишкек шаары

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн жашоого каражаттары болушу үчүн, «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук фонду тигүүчү цехин ачууну ойлонууда. Бир нече айдын ичинде фонддун кызматкерлери демөөрчүлөрдү жана көңүл кош эмес жарандарды тарта алды. Натыйжасында лоун табылып, тигүүчү цехке ылайыкташтырылып оңдолуп, ал жерге тигүүчү машиналар, үтүктөр жана кайчылар алынды.

Өз күнүн Игорь жабдуулар орнотулуп жаткан цехке баруу менен аяктайт.

«Биздин максат- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү чоң жашоого көнүп, керектүү акча-каражаттарын таба алышына көмөктөшүү. Ал үчүн биз тигүүчү цех ачтык, андан биз балдарды жаңы кесипке үйрөтбөстөн гана, акча табууну да үйрөтөбүз. Биз аларга балыкты бербестен, аны кармоону үйрөткүбүз келет»,- дейт Игорь.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине