Ош: кичинекей Одинаны издөө улантылууда

02:08, 24 Сентября 2014

 8-жашар кыздын ата-энеси бир ай  мурда дайынсыз жоголуп кеткен өздөрүнүн сүйүктүү кызын аман-эсен табууга  болгон үмүтүн жогото элек.  Одина  апасы менен урушуп,эшикке чыгып кеткен бойдон кайтып келген жок. Бул окуя  4-августта болгон,  Раимжановдордун үй-бүлөсү жаңы окуу жылына даярданып жатышкан.  Одина экинчи класска бармак. Ата-энеси кызына жакшынакай китепкап, дептер, калем-саптарын жана мектеп формасын сатып беришкен. Бирок, эмнегедир кызы сатып келгендерге кубанбастан, таарынып эшикке чыгып кеткен. Андан кийин аны эч ким көргөн жок...

Азыр, канча күн өткөндөн кийин да, кыздын ата-энеси үйдөгү ушул кичинекей чыр кыздын дайынсыз жоголушуна себеп болду дегенге ишенгилери келбейт жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен болгон маегинде бул тууралуу эстегилери да келбей, үй-бүлөдө жаңжал болгон эмес дешет. Бирок, Раимжановдордун үй-бүлөсү, ошол августтун таңында  кошуна короодон кыйкырыктарды угушкандыгын айтышат...

Одинанын ата-энеси муну баланын эркелиги деп ойлошкон, бир нече убакыттан кийин үйгө кайтып келет деп күтүшкөн. Бул мектепке көтөрө турган китеп каптын айынан чыккан  кичинекей уруш алардын үй бүлөсү үчүн мындай кайгы алып келет деп, үч уктаса түшүнө кирмек эмес.

Одинанын табышмактуу жоголушу жана аны бүгүнкүгө чейин таба албай жатышкандыгы Оштун жана Ош областынын жашоочуларынын арасында адамдын үрөйүн учурган  ушактардын жайылышына себеп болду.  Аймакта балдарды уурдаган кылмышкерлердин тобу пайда болгонун, алар уурдап кетишип, андан кийин аларды  органдардын донору катары сатышаарын айтып жатышты.

Социалдык тармактарда, негизинен,  «Одноклассникте», колдонуучулар буга окшогон 30-50 окуяны  келтиришти, далил катары  Коомдук телерадиокорпорациянын сайтынын шилтемесин беришти, бирок ал жерде да андай эч нерсе жарыяланган эмес. Ал эми имиштер улам күчөп жайылып жатат.

«Бул жалган маалымат 14-августтан баштап активдүү жайыла баштады. Жада калса, жергиликтүү жүгөрү талаасында союлган кыздын денеси табылганын, анда бир катар органдары жок экендиги туурасында да айтып чыгышты. Муну баары жалган болуп чыкты. Кимдир бирөө жаңы окуу жылынын алдында атайылап мындай имиштерди таратып жатат деп ойлойбуз. Ошондуктан, биз ал ушакты таратууга катышкан адамдарды издеп жатабыз. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, аларга тишелүү чаралар көрүлөт», - деп билдирди  Ош областы боюнча ИИМ Башкы Башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев «ЖЖ» га берген интервьюсунда.

Бардыгы Тельманда болгон

Раимжановдордун үй-бүлөсү Кара-Суу районунун Тельман айылында жашайт. Айылдын чок ортосунан кыймылдуу  жол өтөт, ал  эки шаарды  – Ош  менен Кара-Сууну бириктирип турат, акыркысында Фергана өрөөнү боюнча ири дүң базары жайгашкан,ага жакынкы мамлекеттин соодагерлери жана сатып алуучулары келишет. Айылдын четинде карасуулук нан комбинаты бар, андан кийин Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын тикенектүү зымы тартылган. 

Ушул эле жерден Андижан суу сактагычынан агып чыккан  абдан терең Савай каналы агат, аны менен тегеректеги жүгөрү, пахта жана тамеки талаалары сугарылат. Ошондуктан, баланы уурдап кетишти, же кыз сууга чөгүп кетти деген имиштер жайылып кетти. 

Одина жоголгондон  20 күндөн кийин, өзбек милициясы Оштогу кесиптештерине Наманган областынын жергиликтүү каналынан алар 8 жашар кыздын сөөгүн алып чыккандыгын билдиришкен. Коңшу өлкөнүн укук коргоо органынын кызматкерлери, бул кыз Одина  болушу мүмкүн деп ойлошкон.  Икрамжан Раимжанов чөгүп кеткен кыздын өз кызы эмес экендигин билдирди. Кыздын ата энесине бул сапар абдан кыйынга турду, коңшу мамлекеттин бийлиги бюрократиялык себептерден улам  аларга кирүүгө дароо эле уруксат бере калган жок...

Балдар эмне үчүн үйүнөн кетишет?

Ош областынын ИИБ де балдардын жалпы жоголушунун массалык фактысын четке кагышты, өзгөчө криминалдык  шилтем келтирилгендерге.  Жылдын башынан бери  Ош   милиционерлери дайынсыз жоктордун катарына кирген  35 баланы табышкан. Азыр издөөдө жалгыз  Одина Раимжанова.

Ашырбаевдин сөзү боюнча, бул окуялардын  бардыгы турмуштук мүнөзгө ээ жана негизинен үй-бүлөлүк уруштардан жана пикир келишпестиктерден улам келип чыгат. Өспүрүмдөр ата-энелердин диктатурасына каршылыгын билдирүү максатында үйүнөн кетишет. Кээде,балдар өздөрү каалаган нерсесин сатып бербей койгондугу үчүн таарынып кетишет. Көп учурда үй бүлөдөгү көйгөйдөн улам жана ата – энесинин чатагынан үйүнө келгилери келбейт.

Мындай  «каршылыктардын» аягы жакшы бүтсө анда жакшы. Бишкекте 11-сентябрда Биринчи май районунун ИИБ кызматкерлери 12 жашар Аделя Алымбаеваны табышкан. Кыздын сүрөтү бүт шаарга чапталган, маалымат агенттиктеринин сайттарында  жана соцтармактарда жайгаштырылган. Оперативдүү маалыматтарга ылайык, кыз  10- сентябрда музыка мектебинде сабактан суранып чыгып,  жоголуп кеткен.  Андан кийин, жоголгон күнү кыз «Одноклассникте», кийинки күнү кайтаарын айтып, апасына кат калтырууга үлгүргөн. Кыздын классташтары милиция кызматкерлерине, анын үй-бүлөсүндө көйгөйлөр бар экендигин айтышкан. Мындан сырткары, жоголоордон бир күн мурда кыз кечки саат онго чейин классташыныкында болуп, үйүнө баргысы келбей жаткандыгын айткан... Бул окуянын аягы жакшы аяктады.

Ата-энелердин кенебестиги менен байланышкан дагы бир башка окуя, бул эки жыл мурда Кызыл-Кыя шахтачылардын шаарында болуп өткөн. Бул жерде,  жергиликтүү базарда алтын жасалгаларына абдан кызыгып алган бир аял бейтааныш аялга өзүнүн бир жашар кызын кармап туруусун суранган.  Интернетке жайгаштырылган видеобайкоо жүргүзүү камераларынын жазуусунан улам, аял бир канча убакыт анын жанында туруп тургандыгы көрүнүп турат, андан кийин белгисиз тарапка качып жөнөгөн, ал эми аял баласын унутуп коюп, алтындарды кароосун уланта берген. Милициянын оперативдүү, уюштурулган ишинин аркасында гана уурдалган баланы үй-бүлөгө кайтарууга мүмкүн болду. Бирок, бул окуя дээрлик бир жылга созулду.

Айрым окуяларды элестетүүгө да кыйын.  11- сентябрда жумушка шашып бара жатышкан бишкектиктер, Токомбаев менен Бах көчөлөрүнүн кесилишинде ыйлап, апасын чакырып турган 5 жашар баланы байкашкан. Боорукер шаардыктар милиция чакырышат, иликтөөнүн жүрүшүндө баланын апасы жумушка шашып, беш жашар бала аны ээрчип көчөгө чыкканын байкабай  (!) калгандыны ачыкталган. ..

Расмий түрдө  50 бала издөөдө

1991-жылдан баштап, КР ички иштер министрлигинин маалыматтар базасында 906 бала бар болчу, алардын  860 на карата ар кандай себептер боюнча издөө иштери токтотулган.

Ушул жылдын  июль айына карата КР ИИМ  "Дайынсыз жоголгон жашы жете элек балдарды издөө" расмий сайтында 50 дөн көп бала катталган.  Сайт акыркы жолу  20 –августта жаңыланган. Алардын эң кичинеси  5 жашта. 2013-жылы октябрда бул тизмени дагы 39 ат толуктады.

Сайттагы кургак  статистиканын артында балдардын жан дүйнөсүнүн кыйналгандыгы менен кырсыкка кабылган  ата энелердин орду толгус кайгысы катылып жатат.  Биринчи кезекте өзүнүн күнүмдүк  кайталануусу  менен таң калтырган балдардын жоголуу жагдайы көзгө урунат.

Канымбет  уулу  Жанболот, 1997-жылы туулган, 2003-жылы 10-августта, Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Гумкана айылында жайгашкан үйүнүн жанында ойноп жүргөн кезинде дайынсыз жоголгон.  Байтик Учкунбеков, Токтогул районуну тургуну, дагы табыла элек. Ал Арым жайлоосунан жоголуп кеткенде 5 жашта болчу.  Кайдыбаев Адиль  Ысык-Көл областынын Кара-Кыштоо жайлоосунан  2007-жылы жоголгон. Ал жоголгон учурда болгону  2.5 жашта болчу. Маматсабыр уулу Нурадыл 1995 –жылы туулган, 2011-жылы  28- январда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз.  Лилия Алиева 2002-жылы туулган, 2009-жылы  17- июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон  кайтып келген эмес…

Көптөгөн балдардын күңүрт  түссүз сүрөтү же так эмес түстүү сүрөттөрү жайгаштырылган, алар аркылуу таануу кыйын. Андан сырткары, жоголгон балдар туурасында маалымат толук эмес, бир  жери орус тилинде, дагы бир жери кыргыз тилинде. Кайсы жылдан бери балдар издөөдө экендиги жазылган  эмес.

Балдардын укугун коргоо тармагында иш алып барган жарандык уюмдар, дайынсыз жоголгон балдарды издөө боюнча алгылыктуу натыйжасыз  иш жүргүзгөндүгү үчүн укук коргоо органдарын көптөн бери сындап келишет.

Ошондуктан, аргасы кеткенде ата энелер өздүк кыймылдарды түзүшүп,  жоголгон балдарды издөө боюнча аларга жардам бергендердин жардамдарын бириктирип жатышат. Нарындык  Бакыт Эгембердиев мына ушундай кылган, ал  2010 –жылы өзүнүн  эки баласын жоготуп жиберген. Кылмыштуулук менен күрөшүү жана тартип коргоо, мыйзамдуулук боюнча Парламенттик  комитеттин отурумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө, ал  Кыргызстанда балдарды сатуучу түйүн бар экендигин айткан,  7 миң  долларга жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатышат, ал эми кичине чоңоюп калгандарды – 12 миң доллардан. Мындан сырткары, ал  Кыргызстанда акыркы убакта органдарды алмаштырып салуу активдүү ишкер ашырылып жаткандыгын белгилеп өттү…

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине