Нарындык балдарга Түркиядан белек

16:25, 25 Июля 2022

Түркия Республикасынын Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети менен Нарын шаарынын ортосундагы “бир тууган шаар” мамилелеринин алкагында, 2022-жылынын 23-июлунда Этимесут шаарынын мэри Энвер Демирел жана муниципалитеттин мүчөлөрүнүн катышуусунда Этимегсут муниципалитети тарабынан салынган бала бакчасынын ачылышы болду.

Ачылышка  Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын Мэри Канболат Тутуев, шаардык кеңештин депутаттары жана Нарын шаарынын тургундары катышты.

100 окуучу билим ала турган бала бакчага 650 миң доллар каражат жумшалды.

Нарын бийлиги бала бакча үчүн 1696 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берген.

Бала бакчага Түркия Республикасынын Негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн ысмы ыйгарылды.

Бала бакча Кыргыз эли үчүн ак жолтой болсун!

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине