«Жаштар үйү» долбоорунун алгачкы жыйынтыктары жана эстеликке граффити

10:11, 12 Февраля 2020

Балдар үйүнүн мурунку бүтүрүүчүсү Игорь Беляев негиздеген Жаштар үйү жарым жылдан бери иштеп келет. Алгачкы жыйынтыктарды чыгарууга убакыт келди.

Өз ийгтлтктери менен долбоордун эң активдүү жана ийгиликтүү катышуучусу Роза бөлүшөт.

«Жашатр үйүндөгү бул жыл абдан окуяларга бай жана кызыктуу болду. Мен көптөгөн жаңы адамдар менен тааныштым, алардын арасында менин менен теңдер гана эмес, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр, бир топ улуу адамдар дагы болду. Мен ар кайсы жерлерде стажировка өтүп, ыктыярчылык менен алектендим. Бул жерден, «Жаштар үйүнөн» мен чыныгы эже-сиңдилеримди таба алдым, алардын кээ бири өзү алдынча болуп, долбордон чыгышты. Бул жылда мен чоңоюп, өз алдынча болгонду үйрөндүм»,-дейт Роза.

Эң тартиптүү студент Альмина төмөнкүдөй деп бөдүшөт: «Башында мен шаарда жашасам начар жакка өзгөрүп кетемби деп коркчумун. Бирок «Жаштар үйүндө» мен өзүмдү толук коопсуздукта сезем. Бул жерден мен мени көп нерсеге үйрөткөн көптөгөн жакшы адамдарды жолуктурдум. Мен көптөгөн тренингдерге катышып, англис тили жана тигүүчүнүн курстарын аяктадым».

Жакында эле сулуулар сынагына катышкан долбоордун башкы саркечи Гулиза айтат: «Бир жылдын ичинде мен көп нерсени үйрөндүм. Мисалы, мен интернатты жаңы гана аяктаганымда эч кандай тамак жасаганды билчү эмесмин, азыр болсо көптөгөн тамактарды жасаганды билем. Бир жылдын ичинде көптөгөн курстарга бардым. Бул долбоор балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө өз максаттарына жетүүгө жардам берет».

Өз жыйынтыктарын социалдык кызматкерлер дагы чыгарууда. Бейбитгүл Алиева долбоордо башынан тарта эмгектенет.

«Башында биз бири-бирибизге такыр чоочун адам болчубуз. Бирок, мен колдон келишинче кыздар менен жакын болууга аракет кылдым, кыздар дагы аракет кылышты. Башында кыйын болду. Мен тагдыры ушунчалык татаал адамдарга туш болуп көргөн эмесмин. Азыр болсо биз туугандай жакын адамдардан болуп калдык деп айта алам. Бул жылы Айпери, Жазгүл жана Наристе деген үч кыз бүтүп кетишти. Алар 18ге чыгып, өз алдынча жашап, окуп, иштеп, жашоосун пландоону чечишти. Алардын орундарына барарга жери жок жаңы кыздар келишти. Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү турак жай жана социалдашууга муктаж, ошондуктан бул долбоорду өнүктүрүү керек»,-дейт социалдык кызматкер.

«Жаштар үйүнүн» баардык катышуучулары бул долбоор сыяктуу дагы долбоорлор өтө керек деп эсептешет, анткени ал балдар үйүн аяктагандан кийин барууга жер менен камсыздап, жашоого көнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерден алар тынчч жашап, билим алып, кыялданган кесибин өздөштүрө алышат.

«Жаңы Жүздөр» гезитинин редакциясы бир жыл бою «Жаштар үйү» долбоорунун катышуучуларынын жашоосу тууралуу айтып берип, аларга көз салып жатты. Биз кыздарга эстеликке граффити белекке берүүнү чечтик. KYZart чыгармачыл тобунун сүрөтчүлөрү биздин идеяны колдоп, тигүүчү цехтин дубалына дем берүүчү сүрөт тартып беришти.

«Биз «Жаштар үйү» долбоорунун катышуучуларынын сүрөттөрүн Кыргызстандын географиялык картасынын фонунда тарттык. Бул граффити менен биз жаштарга дем берип, өзүнө болгон ишенимин көтөрүп, алар Кыргызстандын келечени экендигин айткыбыз келди. Биз «Жаштар үйүнүн» кыздарына өз жолун таап, коом үчүн пайдалуу болуп, Кыргызстанды алдыга түртүүнү каалайбыз!»-дейт KYZart чыгармачыл тобунун жетекчиси сүрөтчү Сейдана Акунова.

Өз жыйынтыктарын «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун жетекчиси Игорь Беляев дагы чыгарды.

-«Жаштар үйү» долбоорундагы кыздар менен балдар долбоордо өткөргөн убактсынын аралыгында  тамак жасоо, жыйноо деген элементардык күнүмдүк нерселерден сырткары айланадагы адамдар менен тил табууну, үй-бүлөдө жашоону, бири-бирине кам көрүүнү үйрөнө алышты. Алар бюджетти пландап, үнөмдөөнү үйрөнүштү. «Жаштар үйү» долбоору өз функциясын толугу менен аткарып жатат деп айтууга болот. Бул жылы биз толуктоону күтүп жатабыз, 2020-жылкы бүтүрүүчүлөрдөн 8 бала келет. Жана биз 20 орундуу үчүнчү Жаштар үйүн ачуудабыз. Ал жерде балдар үйүлөрүнүн эң алдыга талпынган, ийгиликке жетүүнү каалаган балдары жашайт. Биз ага мүмкүнчүлүк түзүп берүүбүз керек»,-дейт Игорь Беляев.

«Жаңы Жүздөр» гезитинин редакциясы «Жаштар үйү» долбоору жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн тагдырларына көз салууну улантат.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине