Жаштар үйүнүн балдары театрга барышты

14:42, 10 Февраля 2020

«Жаштар үйүнүн» балдары окуудан баш убактысын ар түрдүү өткөрөт. Эс алуу күндөрү балдар Орус драма театрында «Сегиз» спектаклын көрүштү. Спектакль башталгыча балдар менен режиссер Нелли Плещакова жоолугуп, пъесага эмнени салгандыгын айтып берди.

-Бул спектаклды коюуну 5 жылдай ойлонуп жүрдүм. Идеяны ишке ашыруу кыйын болду, бирок театрдын жетекчилигинин колдоосу менен ал мүмкүн болду. «Сүйгөн сегиз аял» пьесасынын автору улуу драматург Робер Тома аны 50-жылдардын башында жазган. Анын өзүнө бул пьеса жаккан эмес, анткени аны театрда көп актриса иштеп, алардын баардыгына роль жетишпегендиктен гана жазган. Ошондуктан ал жеңил детектив же криминалдык комдедияны жаратып, анда сегиз актрисаны ойноткон. Жыйынтыгында ийгилик жараткан жакшы пьеса пайда болуп, ал азыркы күнгө чейин театрларда коюлуп келет. Ал биздин сахнада дагы жаңыра алды. Ал адамдын жалгыздыгы, биз бири-бирибиз менен сүйлөшө албастыгыбыз жөнүндө. Биздин эгоизм жана адамдар өзү жөнүндө гана ойлой тургандыгы жөнүндө. Жана бул эгоизм кандайдыр бир трагизмге алып келет. Мен комизмдин элементтерин кошууга аракет кылдым. Спектакль абдан музыкалдуу, көргүлүктүү. Анан дагы, кайсы спектакльдан сегиз сулуу айымды көрө аласың? Аны атайын «Сегиз» деп атадым, анткени сегиз- бул бүтпөстүктүн, гармониянын, эркектик жана аялдыктын тең ортолугу, ички жана сырткынын гармониясынын белгиси. Ал тагдырдын жана андан качып кутуластыктын белгиси. Спектакль сизге жагат деген ойдомун»,-деп билдирди балдарга Нелли Плещакова.

Балдар спектакльды чоң кызыгуу менен көрүштү. Акырында алар өз ойлору менен бөлүштү. Алар өмүрүндө биринчи жолу спектакльды акырына чейин көргөндүгүн айтышты.

«Бул спектакль бизге чоң таасир тийгизди, анын тарбиялоочу учурлары абдан көп экен. Мен мындан кийин эми дагы театрга келгим келет»,-деди Наристе.

Бул кечте балдар биринчи жолу драматикалык искусство менен таанышты. Алар постановканы дагы көпкө чейин талкуулап, мындан ары театрга дагы көп келип турууну сүйлөштү.

Маалымдама: «Сегиз айым»-белгилүү француз жазуучусу Робер Томдун пьесасы. 1958-жылы жазылган. Жазуучу өзү бул чыгармасын көп жактыра берген эмес. Пьеса сахнада коюла электе Францияда биринчи жолу экранизацияланган. Андан соң бир жылдан кийин гана Париждин «Эдуард VII» театрынын афишаларында пайда болгон.

СССР жана постсоветтик мейкиндикте пьеса чоң популярдуулукка ээ болгон жана ээ болуп келет. Бизде ал «Сүйгөн сегиз аял» деген ат менен белгилүү. Азыркы учурда пьеса Кичи театрдын (Москва шаары), Роман Витюктун театрынын (Москва шаары) жана башка чоң орус театрларынын репертуарында жүрүүдө. Кыргызстанда бул пьеса 70-жылдары Орус драма театрында бир жолу коюлган.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине