Биз бардыгыбыз балалык дүйнөсүнөнбүз!

09:54, 22 Октября 2014

Балдардын да укугу бар! Ал Кыргызстан 25 жыл мурда кол койгон БУУнун Конвенциясы тарабынан коргоого алынган.

10-октябрда, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр борборунда ЮНИСЕФдин колдоосу менен аталган окуя майрамдалды. Бул окуяга француз жазуучусу  Антуан де Сент-Экзюперинин эң белгилүү чыгармасына автордук сүрөттөр камтылган спектакль коюлду. Жаш көрүүчүлөргө жөнөкөй жана жеткиликтүү түрдө: достук жана сүйүү, милдет жана ишенимдүүлүк, сулуулук жана зулумдукка каршылык көрсөтүүнү баяндаган акылман жана «адамгерчиликтүү» «Кичи ханзаада» насаат-жомогу тартууланды. Спектаклди белгилүү мим, актер, балдардын искусство мектебинин пантомим боюнча окутуучусу Болот Тилебалдиев койгон.

Спектаклге барган балдар, кыймылдабастан сахнага көз салып, окуянын жүрүшүнө кызыгып отурушту. Кичинекей көрүүчүлөр оюндан кийин сүрөт түрүндө даярдалган өздөрүнүн: ден-соолукка, үй-бүлөдөгү орду, билим алуусу, зомбулуктан коргонуу жана башка укуктары жөнүндө Конвенцияны алышты.

«Мен бала кезимде кичинекейлердин дүйнөсү чоңдордукунан кыйла айрымаланаарына таң калчумун», -дейт сүрөттөрдүн автору Сейдана Акунова. Чоңдор бала- өзүнүн дүйнө таанымы бар, өзүнүн каалоосу бар, болуп жаткан окуяга өзүнүн түшүнүгү бар кичинекей киши экенин түшүнүшпөйт жана кабыл алгысы да келбейт. Ата-энелер көп учурда өздөрүнүн тандоосун таңуулайт, бир нерсени күч менен жасаткысы келишет, кээде абдан зулум жана зөөкүр болушат. Ошондуктан, мен сүрөт тартып жатканда, бала кезектеги бардык учурларды, менин досторум, тааныштарым айтып берген учурларды эстедим жана

сүрөттөр аркылуу адилетсиз дүйнөдө бала болуу канчалык кыйын экенин айтып бергим келди. Албетте, ата-энелер балдарына жакшылык аган каалашат. Бирок, көп учурда алар ата-энелик аброю менен үстөмдүк кылып, баласы үчүн чечим кабыл алышат жана бала өмүр бою басмырланган, таарынган боюнча калат», -дейт сүрөтчү.


Балдардын укугу боюнча Конвенцияда 54 берене бар. Ар бир берененин маңызы -окуганды билбеген наристе дагы мамлекеттин жана ата-эненин камсыздоосуна укугу бар экенин, анын эмгегин эч ким пайдалана албай тургандыгын жана ага зордук көрсөткөнгө эч кимдин акысы жок экендиги түшүнгүдөй кылып сүрөт менен баяндалган.

Фото Абылай Саралаевдики

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине