«Жаштар үйүнүн хроникалары». 2-бөлүм. Жаныбек менен Жанболот.

12:39, 10 Февраля 2020

Балдар үйлөрүнүн жана интернаттарынын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры оор, бирок ал балдарга өзгөчө каардуу. Эгерде алардын жакындары жок болсо, аларга билим алып, бир кесиптин ээси болуу дээрлик мүмкүн эмес.

Балдар өмүр бою бөлмөдөгү бир бурч жана бир табак тамак үчүн мушташып келишет. Көпчүлүгү криминалга аралашып, ичип кетип, кайыр сурашат.

Кырдаалды оңдош үчүн балдар үйүнүн мурунку бүтүрүүчүсү Игорь Беляев бир жарым жыл мурда эки «Жаштар үйүн» уюштурган, алардын бири кыздар, ал эми экинчиси балдар үчүн.

«Биздин уюм демөөрчүлөрдүн каражатына ушул үйдү ижарага алды. Ал 8 балага эсептелген. Жашаарга жери жоктор үчүн. Бүгүнкү күндө бул жерде 5 бала жашайт, дагы 3 баланы киргизгени жатабыз. «Жаштар үйү» долбоорунун максаты- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө иштөөгө жана окууга шарт түзүп берүү. Алар эки жылдын ичинде бутуна туруп, өз алдынча жашап кете алуусу үчүн».

Гүлнүра Караталова, социалдык кызматкер: «Бул өтө керек долбоор. Анткени сенин жашай турган жериң, жей турган тамагың жок болсо, жакшы адам бойдон калуу абдан оор. Бул жерде ар кандай балдар жашайт, бирок алардын баардыгы татыктуу жаран болгусу келет».

Жаныбек 18 жашта, ал ымыркайынан бери балдар үйлөрүндө. Өмүрүндө ал качып дагы, кайыр сурап дагы, селсаяк болуп дагы көргөн. Азыркы учурда ал №93-училищесинде ашпозчунун окуусун окуйт.

«Балдар үйлөрүн жабуу керек деп эсептейм. Балдарды үй-бүлөлөргө таратып берүү керек. Балким, алардын тагдыры өзгөрмөк. Башында алар назик, коргоно албагандай көрүнөт. Бирок чоңойгон сайын адилетсиздик, оору, саткынчылык, жокчулукка кабылат. Алар аяктап жатканда абдан кыйналышат. Бул менин башымдан өткөн. Балдар үйүн аяктаган адам оң жумуш таба албайт, бизди толук кандуу адам катары эсептешпейт. Эгерде мени кабыл алышпаса, мен аларга андан бетер жаман мамиле кылам»,-дейт Жаныбек.

Жанболот программисттин окуусун окуйт. Балдар үйү тууралуу салкын эскерет. Ал келечек тууралуу көбүрөөк кыялданат.

«Менде каттоо менен көйгөй бар. Балдар үйлөрүнүн баардыгынын ушундай көйгөү бар, анткени биз мекеме жайгашкан райондо жазылганбыз. Анын айынан жумушка орношуу кыйын»,-дейт Жанболот.

Балдарын экөөсү тең «Жаштар үйү» долбооруна киргендигине кубанычта. Эми алар тынч окуп жана иштей алышат.

«Жаштар үйү» долбоорунун ар бир катышуучусуна орточо эсеп менен 18 миң сом коротулат. Бул суммага турак жайдын ижарасы,тамак-аш, кийим-кече, жол киреге 3 000 сомдук стипендия кирет.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине