Кыргыз кинематографынын келечеги барбы?

14:07, 7 Мая 2015

  

Мына ошентип жаш  «Үмүт» кино форуму да аяктады. Форумдун белгиси – ачылууга тийиш болгон роза чанагы. Бул жерде мындай окшоштуруу бекеринен эмес. Жаңы баштаган режиссерлор да убакыттын өтүшү менен ушул роза сыяктуу ачылышат. 2015-жылы аны үчүнчү жолу өткөрүштү. Бул акыркы бир нече жылдан бери пайда болгон кинофорумдардын бири, ушул эле учурда ал башкаларга таптакыр окшобойт. Бул жаңы кинолордун  форуму ушул эле үлгү менен жасалган башка форумдардан эмнеси менен айырмаланып турат? Анда адамдык жүз бар. Ошонусу менен көп жагынан кечирим алат, кээде бардыгынан. Жана бардык акталбаган аракеттерди түшүнүктүү жана кээде татынакай да кылууга жөндөмдүү.

Кыргыз киносунун профессионалдуулугу маанисинде, мүмкүн  бардыгы мындан да мыкты болмок, бирок кубаттуулук, идея жана жандуулук боюнча биз бардык планетанын алдында жүргөндөй сезим бар. Кыргыз кинематографында  неофиттүүлүк да, провинциалдуулук да жок – болгону кубаттуулук  жана болуп көрбөгөндөй чыгармачыл активдүүлүк. Улуттук конкурстарда мамлекеттин акчасы коротулбай тартылган фильмдер катышкандыгы туурасында айтпаганда да: Чынгыз Нарыновдун  «Темир нан»  документалдык фильмин эле алалычы.

Катышуучулардын тарткан тасмаларын  баалоодо обьективдүүлүк үчүн Форумдун убагында калыстар тобунун төрт тобу иштеди: кыска метраждуу оюн фильмдеринин сынагына калыстар, документалдык фильмдердын сынагына калыстар, жаштар калыстар тобу жана студенттик калыстар тобу. Документалдык фильмдердин сынагына калыстар тобунун курамындагы  өз катышуусу туурасында жазуучу Диана Светличная айтып берет.

- Диана, документалдык фильмдердин калысы катары форумга катышуу тажрыйбасы кандай өттү?

- Калыстар тобуна катышууга мени “Үмүт” кинофорумунун идеялык шыктандыруучусу, кино менен жашаган адам- Гүлбара Төлөмүшова чакырды. Мен үчүн мындай мүмкүнчүлүк чындыгында биринчи жолу болду. Албетте, кызыктуу, маалымат берүүчү, бир жагынан оор да болду.  Биринчи кезекте мен өзүм үчүн, биздин жаш режиссерлор клиптерди, оюн тасмаларын жана коммерциялык долбоорлордун ортосунда чоңураак нерсеге кызыгып жатышкандыгын ача алдым. Алар эксперименттерди өткөрүшүп, өздөрүн издеп жатышат. Экинчиден, мен жашоону жыйырма жаштагы адамдардын көзү менен көрө алдым, анткени сынакка катышуучулардын жаш курагы так ушундай эле. Үчүнчүдөн, көптөгөн сезимдерге туш болдум – көңүл калуудан суктанып, ырахат алууга чейин. 

- Сиз тасмаларды кайсы критерийлер менен бааладыңыз?

- Эгер сиз тасма туурасында сурап жатсаңыз, теманын актуалдуулугу, аткарылышы жана бардык техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча – мунун баары эске алынды. Бирок, мунун баары, эгер документалдык кино туурасында, аны  – искусство катары  айтканыбызда, анда таптакыр жетишсиз болуп калат. Идеалдуу фильм – талдоого жатпаган кино. Аны көргөндөн кийин дем жетпей калган кино. Көрүп жатканда жан дүйнөң жалбырттаган кино. Ал биринчи кадрдан баштап өзүнө тартат да, титрлер бүткөндөк кийин да кое бербейт. Мына ушундай кино сунушталды деп айта албайм. Бирок, айрым  авторлор ушуга окшогондорду тартууга аракет кылышыптыр.

- Тасмаларды көрүп жатып кандай сезимдерге туш болдуңуз?

- Сезимдер жетиштүү болду. Кээде  кадрлардын алдын ала белгилүү болгондугу, жанрлардын аралашып калганы, иретсиздиги, шалакылыгы үчүн айрым режиссерлорго кыжырым кайнады. Же болбосо кайсы бир табылгасына, тарткан нерселерине таң калдым. Бир ирет аз жерден ордумдан туруп кете жаздадым – мергенчилердин карыщкырларды кантип өлтүрүп жаткандыгын көрө албай койдум. Кадрда таштандыдан  башка эч нерсе жок болгон учурда, нааразылык да болду. Социалдык темадан башка да бир нерсе болсо дегим келет. Бирок, аны эч ким тартууга аракет кылбаптыр. Жакырчылык, социалдык чарчоо, инсандыктын бузулушу – иштердин негизги тематикасы.

- Кыргыз кинематографынын келечеги барбы?

- Бул форумда өз тасмаларын койгон балдар издөөсүн ушуну менен токтотуп койбойт деп ишенем. Көздөрү жанып турат, жашоо аларга абдан кызыктуу. Документалист үчүн – бул башкысы. Бүгүн кыргыз киносу өзүнүн экинчи туулган күнүн белгилеп жатат.    «Кыргыз укмушунун» алтын доору совет мезгилинде калган, эми кино тартуучулар бардыгын таза барактан баштап жатышат. Жаш режиссерлор өздөрүнүн биринчи кадамдарын жасап жатышат. Алар азырынча ишенимсиз, кылтылдак.  Аларга ийгилик гана каалагым келет. Мен жаңы эч нерсе айтпайм, бирок жолду күчтүүлөр арбытаарын өздөрү да жакшы билишет. 

Мүмкүн, биздин кинофорумдарда олуттуу эч нерсе деле өзгөрбөй  жаткандыр, бирок жанагы биз айткан адамдык жүздөн, болуп жаткандарга алардын нормалдуу жана дени сак мамилесинен улам, бул кимдир бирөөнө керек деген сезим пайда болот. Жаш кинолордун форуму өзүнүн күн көрүүсүн гана актабастан, андан да чоңураак нерсени тартууласа экен дейбиз. Кино тартууга умтулушкан алаңгазарлар өздөрүн бир туңгуюкта калгандай сезишпесе экен.  Мейкиндикке ыргытылган күч түйүндөрү – режиссерлор, продюсерлер, күрөөчүлөр – ушул жерден кубат алышса экен. Болбосо, форум аны күчөтүп, дем бербестен, өз кызматын гана аткарып калат.   

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине