МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КИМГЕ КЕРЕК?

13:05, 13 Ноября 2014

Кыргызстанда акыркы жыйырма жылда биздин, Орусия, Казакстан, Түркия жана Түштүк Кореяга акча табууга кеткен эмгек мигранттарыбыздын дээрлик бир муун балдары өсүп чыкты. Бул, өз ата-энелерин өтө сейрек көргөн жана көп сандаган туугандары тарабынан тарбияланган балдардын мууну. Бул балдар акча которууларынын аркасында гана өз ата-энелерин унутушкан жок.

Өзгөчө, бул аймактардагы банктардын кеңселеринде,  неберелерин көтөрүп алып,  өз кезегин чыдамкайлык менен күтүп отурган чоң ата-чоң энелерди  байкаганда көзгө урунат, алар колдоруна түшүнүксүз код  жана «anelik», «золотая корона»  жана  «unistream» деген аталыш  жазылган бырышкан кагаздарды томолоктоп алышкан. Кечке күткөн кезегине жеткенде, кодду туура эмес жазган болуп чыгат. Кайрадан  балдарына чалып, эми тогуз сандан турган кодун тууралап жазышы керек. Бирок алар муну үчүн эч кимди күнөөлөшпөйт,  болгону ата-энесинин салган акчасына  неберелерин майрамдатып коюу үчүн күткөнгө көнүп  алышкан.

Мамлекеттеги миграциянын айынан жетимдиктин дагы бир түрү пайда болду, дешет социалдык кызматкерлер, мында балдардын ата-энеси бар, бирок-алар жок жашашат. Алар мамлекет камкордук көргөн эч кандай социалдык топко кирбейт. Жетим эмес, ата-энеси бар, формалдуу түрдө аларды эч ким таштаган жок. Ата-энесинен акча алып турушат, ошондуктан каражат жагынан мамлекеттен көз каранды эмес.  Бирок, ушул эле учурда алар социалдык планда өтө алсыз балдар.

Ата-энесинин бири башка мамлекетте өтө узак жүргөнүнүн аркасында, башка үй-бүлө куруп кеткен учурлар  да аз эмес. Бир күнү капысынан эле акча которуулары туруктуу жана мурдагыдай көп болбой калгыча.  Анын башка үй-бүлө курганын бул жактагы  биринчи үй-бүлөсү билбейт дагы.  

Айлык акы үчүн жаш энелер туугандарына эмчектеги баласын таштап кеткен учурлары да аз эмес. Өлкөнүн түштүгүнө барган иш сапарларымдын биринде Пензага  акча табууга барып келген жаш жуптарга жолукканым бар,  алар өзүнүн эки айлык кызын чоң ата-чоң энесине калтырып кетишкен экен. Алар менин, «тунгуч кызы төрөлгөндөн кийин анчалык эмнеге тез кетип калдыңар?»,- деген суроомо, акча керек, анан зеригип кеттик деп жооп беришти.

 Орусиянын миграциялык изилдөө борборунун маалыматтары боюнча, Кыргызстандан келген мигранттардын 69% көбү үй-бүлөлөрү бар жана 40% көбүнүн жашы жете элек балдары бар.  

40 пайызга жакын ата энелер өздөрү менен балдарын кошо ала кетишет. Алардын мындай кылуусуна аргасыз кылган себептердин арасында, алар балдарынын  башка өлкөнү, башка жашоону көрсүн деген себепти аташат. Бирок, андан сырткары балдарынын аларга жардам берүүсү да акыркы орунда эмес.  Көп учурда балдарды ашкана, кафелерде алмаштырылгыс жардамчы катары колдонушат, ал жерлерден балдар эң оор жана кир жумуштарды аткарышат.

Москва шаарынын билим берүү Департаментинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жергиликтүү мектепте 70  миңден ашык мигранттардын балдары окуйт 

2013 –жылы апрелде  РФнын Мамлекеттик Думасынын  биринчи окуусунда 18 жаштан жаш эмгек мигранттарына иштөөгө уруксат берген  кагаздар менен патенттерди берүүнү тыюу  салган мыйзам чыгарган.  Бирок,эксперттер бул маселенин чечилиши эмес деп эсептейт. Анткени, балдардын басымдуу бөлүгү укук талаасынын сыртында иштешкендиктен, формалдуу түрдө улууларга жардам берген болуп саналат.   

Миграциялык изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча, Орусиядагы   мигранттардын үчтөн бир бөлүгүнө жакын аялдар жашы жете элек балдары менен жашашат  ( 16 жашка чейин), бул учурда балардын 75% балдар бакчысаны орноштурууга мүмкүн эмес, ал  эми мектепке  – 10%  кем эмес. Федералдык миграциялык кызматтын баасы боюнча, Орусияда аялдар эмгек миграциянын 14% түзүшөт. Көз карандысыз эксперттер,  алардын чыныгы үлүшү 25-30% жетээрин айтышат. Ар кайсы маалыматтарга караганда, болжол менен  мигранттардын 40-60 миң балдары мектепке  барышпайт, Тобокел тобуна киришет жана мыйзамсыз эмгек кулчулугуна дуушар болушу мүмкүн.

Орусиялык эксперттердин ою боюнча, акыркы жылдардын ичинде мигранттардын балдарынын  иштөөсүндө бир катар өзгөрүүлөр болуп өттү. Эгер мурда машиналарды жууп, баракчаларды таратуу менен алектенип келишсе,  азыр алардын ордун жергиликтүү балдар ээлешти. 

РФ РАН айыл чарбасын  жоромолдоо Институ тарабынан  мигранттардын арасынан жүргүзүлгүн  сурамжылоолор көргөзгөндөй,  балдардын көбү базарларда иштешет. Баарынан көбү Өзбекстандык балдар, ал эми Украина менен Кыргызстандан келген балдар азыраак. Короо шыпыргычтардын ролунда  сөзсүз түрдө Борбордук Азиядан  келген балдар. Жыйнашат, идиш жуушат, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын балдары да алардын арасында.  Баарынан мурда өз эмгеги үчүн мигранттардын балдары акча алышат. Бирок, 13% кайсы бир жерде баш калкалоо зарылдыгы үчүн иштешет,  а эми 9% пайызы айлык акысын азык түлүк менен алышат. О.э. балдарга киийм кече менен төлөшөт, баңги же ичимдик  берген учурлар да жок эмес. Болжол менен 6% мигранттардын эмгеги таптакыр төлөнбөйт.

Иштеп жаткан мигрант балдарды медициналык тейлөө камтылышы, алардын мыйзамсыз жалданганына байланыштуу  – өтө аз. Жада калса Орусияга ата-энелери менен келген балдардын да медициналык тейлөө абалын канааттандыраарлык деп атоо кыйын. Алардын 22% гана акысыз медициналык тейлөөгө жеткиликтүү, жана   6,5% медициналык камсыздандырууну сатып алышат. Үчтөн бирине жакыны дарыгерге ар бир барганына төлөшөт, болжол менен чейрек мигранттар балдарын өздөрү дарылашат  жана дарыгерлерге кайрылышпайт.  Мигранттар, эмгек мигранттарынын топ болуп  жашаган райондоруна орус клиникалары менен  бейтапканаларынын жетишсиздигинен улам, өздөрүнүн бейтапканалары жана акушердик бөлүмдөрүн ачкан.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, анын ичинде  баланы операциялык жол менен төрөтүү (кесарево сечение), – акысыз. Жаңы төрөлгөн ымыркай энеси менен бирге 5 күнгө чейин энеси менен төрөт үйүндө боло алат. Бирок,  андан кийин башка көйгөйлөр бар. Эгер бала ара төрөлүп калса же төрөттүн өзү айрым кыйынчылыктар менен өтсө, эмне кылуу керек? Ошондуктан, азыр мөөнөтү чукулдап калган аялдар, туулган жеринен төрөп, андан кийин кайра келгенге  Кыргызстанга кетишет.  Мындай учурларда  Орусияга кайтаарда маселе жаралат, анда баласы менен аялды жаңы төрөлгөн баланын орусиялык мыйзамдар боюнча  документи жоктугуна байланыштуу, Оренбург областынан поездден түшүрүп салышат.

Өздөрүнүн мигранттык жашоосундагы көйгөйлөрдөн арыла албай калган ата-энелер, балдарын кайра Кыргызстанга жөнөткөн учурлары да аз эмес. Жети жашар Шухрат менен 5 жашар Дилшадды Борбордук калыптандыруу жана көнүү борборунан 10 күндөн  кийин гана ала алышты, алар ата-энеси ажырашып кеткенден кийин ушул жайга туш болушкан. Бир жыл мурда бул балдар ата энеси, өздөрүнөн улуу 2 агасы менен Ош шаарынан Санкт-Петербургга келишкен эле.  Бир жыл кыйналып, жумуш издөөдөн кийин ата энеси ажырашууну чечишти. Күйөөсү  балдарын багуудан баш тарткан,  анан шаардык транспортто көзөмөлчү болуп иштеген аялы кыйын абалда калды. Ошондуктан, ал өзүнүн төрт баласын кайра Ошко жөнөтөт. Туугандарынын сөзү боюнча, балдарга ишеним кат, алар Кыргызстандын аймагына келгенден кийин бир жумадан кийин гана келген. Бардыгы болуп балдар бул борбордо эки жумага  жакын жашашты. Калгандарын дагы  кийинчерээк Кыргызстанга  жөнөттү.

Ата-энелерди  коркутуу.

Укук коргоо уюмдарына шилтем кылган орусиялык массалы- маалымат каражаттары, миграциялык кызматтар же балдарга камкордук көрүү кызматтары, полициячылар ата-энесинен ар кандай шылтоо менен балдарын алып алып, кайра Борбордук Азия мамлекеттеринин мигрантарын балдары менен коркуткан учурлар бар деп айтып жүрүшөт.  Мындай фактылар орус малымдоочу каражаттарында өтө сейрек жарыяланат. Көбүнэсе, балдарын таштап кеткен же болбосо өзүнүн жаңы төрөлгөн баласынан төрөт үйүндө баш тарткан мигранттардын терс образы көп жарыяланат.

Ачык сүйлөшүүлөрдүн тушунда, эмгек мигранттары:  орусиялык миграция кызматынын өкүлдөрү жана полициялар,  эгер алардын өздүгүн тастыктаган  тиешелүү документтерди бербесеңер  балдарын тартып алабыз деп көп коркутушаарын же болбосо аларды Орусиянын аймагын таштап, балдарын тартып ала электе, ыктыярдуу кетүүнү талап кылышаарын мойнуна алышат. 

 «Московский эксперттеги» журналисттик иликтөөдө Кыргызстандын 19 жашар  жараны менен болгон окуя сүрөттөлгөн. Жаш  келинден эки айлык баласын тартып алышат. Ал, эмне кылаарын билбей, балдар үйүн тегеренип жүрө берет.  Дартка чалдыгып, көп  өтпөй бала да ооруйт. Бир нече күндөн кийин ага баласын кайрып беришип,   «Канатчикового»  алып барышат да, кетирип жиберишет. Башка эненин эки жашар баласын, паспортту талап кылып,  көчөдөн алып кетишет. Энеси паспорту менен миграциялык картасын алып келет, анда уруксат берилген үч айдын болгону эки айын жашаган экен. Бирок, сот ишти карап чыгып, депортация кылуу туурасында чечим чыгарган.    

Талаа четтеги эмгек мигранттарынын тагдыры татаал, бирок алардын балдарына эки эсе оор. Ата –энесинин камкордугу менен тарбиясынан ажыраган балдар же башка өлкөнүн мыйзамдарынын катуулугу менен эрте таанышып, алар тагдырына таарынган,  алсыз,  өздөрүнө нааразы адамдардан болуп чоңойушат. Эми алар Кыргызстанга кайрадан көнө алышабы же ата энесинин тагдырын улап, мекенинен алыс, татаал шарттарда иштеп кетишеби?

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине