Мыкты музыканттар Америка күтүп жатат!

10:20, 10 Октября 2019

«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргыз-Америкалык фонду менен биргеликте классикалык жана фольклордук   жаш музыка аткаруучулар үчүн экинчи Eurasia Emerging Artists музыкалык сынагын өткөрөт.

Жеңүүчүлөрдү 2020-жылдын жай мезгилинде Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү Eurasia Festival аттуу искусство фестивалына катышууга АКШга жолдомо күтүп турат.

Eurasia Festival Emerginig Artists – бул дүйнө жүзүндөгү жаш музыканттардын талантын жана жөндөмүн Нью-Йорк, Вашингтон шаарларындагы кадыр-барктуу концерттик залдарында  эл алдына чыгуусу аркылуу ачуучу уникалдуу аткаруучулук жана агартуу программа.

Eurasia Festival Emerginig Artists программасы бардык улуттагы жана этностогу классикалык жана фольклордук Кыргызстан жарандары болгон жаш музыка аткаруучулар үчүн ачык.

Сынактын шарттары:

Eurasia Festival Emerginig Artists сынагына 18 ден 26 жашка чейинки Кыргызстан жарандары, классикалык жана фольклордук ырчы жана аспапчылар катыша алат.

Талаптар:

— Классикалык жана фольклордук жанрдагы аспапчылар өз тандоосуна жараша жеке программадан турган, убактысы 15 мүнөттүк видеожазма жиберүүсү зарыл.

— Опера ырчылар фортепиано же оркестрдын коштоосунда 3 ар түрдүү опера ариясын  оригинал тилинде ырдалган видеожазманы жиберүүсү керек.

— Фольклордук жанрдагы ыр аткаруучулар аспап же оркестрдын коштоосунда оригинал тилде 3 ырдын видеожазмасын жиберүүсү керек.

Eurasia Festival официалдуу сайты аркылуу жиберилчү билдирмеде төмөнкү материалдар камтылышы зарыл:

  1. Катышуучу жөнүндө маалымат, толтурулган арыз.

  2. Чыгарманын аталышы жана композитордун аты-жөнү камтылган катышуучунун программасы.

  3. Youtube же Vimeoдогу видеожазмага шилтеме.

  4. Паспорт көчүрмөсү.

  5. Кыскача өмүр баян.

  6. Каалаган түстүү эки сүрөт.

Онлайн – арыздар 2019-жылдын 15-ноябрына чейин фестивалдын расмий https://www.eurasiafestival.org/kyrgyzstan баракчасында кабыл алынат . 

Калыс тобу

Сынакка катышуучуларды төмөндөгү эл аралык атактуу музыканттар тобу тандап алышат:

Кристин Вайдингер

Дүйнөлүк опера жылдызы, Барселона Liçeo Theater, Вена State Opera, Берлин Deutsche Operа, Нью Йорктогу The Metropolitan Opera жана башка улуу опера театрларынын мурдагы солисти.

Азамат Сыдыков

Белгилүү пианист жана импресарио, П. И. Чайковского атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын жана Нью-Йорктогу Mannes School of Music бүтурүүчүсү, Кыргыз-америкалык фондунун президенти, ошондой эле Нью-Йорктогу Eurasia Festival  жана New York International Vocal Competition, Wilmington Music Festival  көркөм директору.

Джонатан Левин

Белгилүү америкалык пианист, композитор жана продюсер, Нью-Йорктогу  атактуу Манхэттен музыка мектебинин бүтүрүүчүсү, Түндүк Каролинадагы Clayton Piano Festival  президенти, Кыргыз-америкалык фондунун вице-президенти.

Николета Раллис

Белгилүү америкалык опера сопрано жана продюсер, Түндүк Каролинадагы Wilmington Music Festival президенти жана и Olympya Arts Productions генерал директору, Огайодогу кадыр-барктуу Оберлин консерваториясынын бүтүрүүчүсү.

 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине