Эненин образы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көзү менен

10:18, 20 Мая 2020

Бүгүн Кыргызстанда апалардын, энелердин, чоң энелердин жана жаңы гана эне болууга даярданып жаткан аялзатынын майрамы.  Буга карата сиздерге ата-мекендик сүрөтчүлөрдүн энелерге арналган чыгармаларын тартуулайбыз.

Сүрөт искусствосунда эненин образын тартуу оңой иш эмес. Мен буга далил боло турган көптөгөн мисалдарды эстеп, чындыгында эле, эненин образы- бул жаратмандардын илхамынын соолубас булагы жана өлчөсө өлчөм жетпеген нерсе экендигине көзүм жетти. Анткени эне- бул жашоо, анын башаты, маазмуну жана келечеги. Ал эми искусствонун көп кылымдык тарыхы ал жашоо менен бирге жаралып, өнүгүп келгендигинен кабар берет.

Мен тээ алгачкы адамды жана ал жасаган аял-эненин скульптурасын элестетүүгө аракет кылам. Ал скульптура кийинчерээк «Виллендорф Венерасы» деп аталган.  Орой, формасын жоготкон, жада калса эстетиканын талаптарына жооп бербеген, бирок ошентсе дагы ал күчтүү сезимдерден улам жаралып, искусствого айланып, символ болуп калган.

Аял-эненин образы, анын ички дүйнөсү жана жашоого болгон мамилеси менен көз карашы ар бир эпохада өзгөчө орунду ээлеген. Кылымдар бою адамдар дүйнөдөгү эң назик жан – Энеге арналаган Рафаэлдин, Дюрердин, Энгрдин, Рембрандттын, Брюлловдун, Репиндин, Суриковдун, Петров-Водкиндин чыгармаларына суктанып келишкен. Жана бул улуу образды ар бири ар убакытта өзүнчө даңазалап келген, алардын кандайдыр бир биргиликтүү, окшош жактары дагы, жана ар бир  доор жана ошол доордогу сүрөтчүгө гана таандык болгон белгилери бар. Жана эненин образын өз алдынча ачуу- бул өтө керемет нерсе. Биздин доордо дагы эненин образынын сырын ачууга аракет кылып көрбөгөн сүрөтчү жок.

Аял-эненин дүйнөсүнүн сулуулугу жана ар кандай татаал сырлары кыргыз скульпторолорунун жана сүрөтчүлөрүнүн дагы көңүлүн ээлеп келген.  Алардын ичинде сүрөтчүлөр Семен Чуйков, Сүймөнкул Чокморов, Мэлис Акынбеков, Сапар Төрөбеков, Айнагүл Садыкова, Талят Миррахимовдор,  скульпторлор Григорий Бурлин, Николай Лодягиндер, графиктер Афанасий Шубин, Лидия Ильиналар жана көптөгөн башкалар да болгон.

Эне күнүнө карата биз окурмандарыбызга Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн эне образына арналып тартылган, ата-мекендик сүрөт искусствосунун «алтын фондуна» кирген чыгармаларын сунуштайбыз.

Елена Воронина, арт-журналист

Т. Миррахимов.

«Эненин портрети». Х., м. 2007.

С. Төрөбеков.

«Эне». Х., м. 1969.

С. Чуйков.

«Өткөндөн келген мотив». Ф., м. 1928.

А. Сыдыкова.

«Шаарбандын чоң энеси». Х., м. 1971.

Фото

С. Чокморов.

«Менин уулум». Х., м. 1972.

Фото

Г. Бурлин.

«Баатыр-эне». Жыгач. 1960.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине