Кыштакча

15:53, 10 Ноября 2014

Саясаттан тажап, шаардын ызы-чуусунан баш ооруганда бейкапар жашаган айыл турмушун сагынасың. Жакындан бери «5-каналдын» эфирине чыгып жаткан «Кыштакча» деп аталган теледолбоор мына ушундай айыл жергесин сагынгандар үчүн тартылгандай. Аталган каналдын чыгармачылык тобу бир жарым айдын ичинде Кыргызстандын 30га жакын айылын кыдырып келишкен. Сыртынан окшош көрүнгөнү менен жашоо образдары ар башка жерлер, турмуш үчүн күрөшкөн каармандар жана алардын кичи мекени жөнүндөгү баян – мына ушул «Кыштакчада». Берүү тууралуу анын автору Айдай Аманкулова менен маектештик.

- Долбоорду эмне учун «Кыштакча» деп атадыныз? Айрымдары менин чоң кичи мекенимди кичинекей айылга теңеп коюптур деп таарынып калышпайбы?

-  Эми алардан кечирим сурайм. Менин сүйүктүү мугалимим маркум Мурза Гапаровдун «Кыштакча» деген сонун повести бар. Ошол инсанга таазим ирээтинде долбоорду ушундай атадык. 

- Берүүнү тартып атканда өзүңөр үчүн кандай ачылыштарды жасадыңар? Өзгөчө таасир калтырган көрүнүштөр болдубу?

-- Айылдарды кыдырып жүрүп, бир нерсеге абдан кубандым.  Элдин жашоо-шарттары абдан эле оңолуптур.  Замандаштарыбыз эч кимден жардам күтпөй эле өзүнүн турмушун өздөрү оңдоп, кадыресе эле байгер жашап калыптыр. Керек болсо, кыштоолордо чабандар мурдагыдай малдын аягын санап отурбай, заңгыраган хан сарайларды куруп, үйлөрүнө cуу киргизип, балдарын борбордо, чет өлкөлөрдө окутуп жатышкан экен. Албетте, буга алар оңой эле жетишкен эмес. Ийгилик сыры - эмгек.

- Айылда өзгөчө кызыгууну жараткан адамдар көп болот эмеспи. Силер дагы жолуксаңар керек?

-- Сөзсүз. Мисалы, Нарындын Оорук-Там деген айылына бардык. Жаратылыш шарты катаал. Кар түшөөрү менен алты-жети айга жол жабылат. Бул учурда айылды жалгыз мээрман айым тейлейт. Каармандыгы укмуш эми. Жергиликтүүлөрдүн тең бөлүгү Нарын дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Эжекебиз, бейтаптарды, боюнда барларды көрүш үчүн атка минип чаптырып эле сууну кечип кетет. Нарын киргенде далай жолу агындыда кала жаздаптыр, түнкүсүн адашып, карышкырга жем боло жаздаган күндөрү болгон экен. «Мен иштебесем ким иштейт» деп эле билегин түрүп эмгектенип жүрөт.

Таластын  Өзгөрүш деген айылында бир байкебиз мейманкана ачып койгон экен. Ичине кирсең, кайра чыккың келбейт. Кадимки эле жыгачтын дүмүрлөрүн кертип, керебеттерди жасап коюптур, шаардыктар атайын барып жатып кетүүгө куштар.

Алайдын  Сары-Могол  айылындагылардын ар бири өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Бети колдору шамалга туурулган, кадимки кыштактын жигиттери өз алдынча англис тилин үйрөнүп, туристтерди тартып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу менен алек. Ал жерде Ленин чокусу бар да. Альпинисттер үзүлбөйт. Бизди ал жерге алып барып койсо, эки күн араң чыдамакпыз. Кыш эмес, жайдын саратанында соккон шамалга туруштук бергидей эмессиң. Байкелерибиз өздөрүнө окшогон кайраттуу аттары менен альпинисттердин жүгүн тоого алып чыгып, алып түшүп оокат кылышат. Айылдагы боз балдарды жумуш менен камсыздашат. Сынактан өтүп, сезондо туруктуу иштеген чыйрак жигиттер көп экен. Жакшы иштешсе, жайкысын бир машина минишкидей.

- Чек арадагы айылдарга да бардыңарбы?

--Чек арага жакын айылдар жөнүндө дагы өзүнчө берүүлөрүбүз болот. Тажиктер менен көчөлөш жайгашкан Лейлектин максатындагылар, варухтуктар менен күнүгө жол, суу, жайыт талашкан аксайлыктар, зилзаладан жапа чексе да, чек араны таштап кетпей, жашап калышкан нуралыктар туурасында. 

- Дагы кандай кызыктарга жолуктуңар?

- Кара-Көлдө Токтобек-Сай деген айыл бар экен. Бул айыл өзүнчө эле аралча. 30дай түтүн жашайт экен. Айылга  алып барчу жол жок. Эч кандай унаа каттабайт. Тургундар моторлуу кайыктар менен көлдөн өтүп шаарга барышат. Токтогул каскады аркылуу.  ГЭСтин жигиттери жазгысын тракторлорду паромго салып, кеме менен сүйрөтүп барып,  жерлерин айдатып беришет. Өзүнчө эле ырахат жашоо. Электр энергиясы бир нече жыл мурун барган.  Айрым жерлеринен уюлдук байланыш тартат. Андан башка эмне керек деп калышат. А Жумгалдын Кең-Суу айылына шаардыктар барса, анык эс алчудай. Свет да жок. Уюлдук байланыш жок. Телевизор көрүшпөйт.  Мээң сергийт. Кейиштүүсү мектеп жок, чоң-аталарыбыз болсо ильич шамын бир көрүп калууга зар.

Кадамжайдын Ногордан деген айылында дагы бир эжекебиз кан жолдун боюнан бир сотых жер алып, ошол жерде куштардын түрүн багат. Нары-бери өткөндөр наар сызгыча, торгойлордун сайраганын угуп, улам күзгүгө каранып, түгөйүнө жаккысы келген көгүчкөндөрдүн сүйүүсүнө күбө болушат. Эже чет өлкөдөн дагы канаттууларды топтоп келип, аларды жергиликтүүлөр менен аргындаштырып, илимий тажрыйба менен алек.

Лейлектин Маргун айылында  апалар менен жеңелер жапырт килем токушат. Атүгүл көзү азиз эжекелерден өйдө. Кыздары бышык.  Шаарда жакшы жар таппай жүргөн жигиттерибиз көп эмеспи. Ойлонбой эле ошол айылга барып куда түшүшсө болчудай. Соккон килемдери сыяктуу эле селкилер да назик, сулуу, табышмактуу. 

Дилбар Алимова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине