Бишкек драмтеатрынын сахнасындагы театралдык феерия

15:49, 26 Сентября 2018

«IMPULSE» аталышындагы Кичи формалардын V эл аралык театралдык фестивалы Кыргызстанда 9-13-октябрь күндөрү А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында өтөт. Бул жылдагы театралдык өнөрдүн майрамы А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 25 жылдык юбилейине жана көрүнүктүү актер, театрдын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Умуралиевдин 85 жылдыгына туура келүүдө.

“Импульс” эл аралык фестивалынын негизги максаты – кыргыз театралдык өнөрүн дүйнөлүк мейкиндикке жуурулуштуруу, фестиваль катышуучуларынын арасында диалогду уюштуруу, маданият аралык долбоорлордун жаралышына дем берүү, көрүүчүлөргө театралдык өнөрдөгү жаңы нерселерди сунуштоо. Фестивалга башка өлкөлөрдөгү драма өнөрүнүн чебер кесипкөйлөрү жана таланттуу өкүлдөрү катышат. Фестивалдын программасында ар түрдүү театрлардын жана театралдык мектептердин оюндары, режиссура жана актердук чеберчилик боюнча мастер-класстар каралган. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча Тегерек стол уюштурулат.

Фестивалдын программасы:

9-октябрь, саат 19:00 – Фестивалдын ачылышы. Э.Э. Шмитт «Менин кичинекей Оскарым» (Байтен Омаровдун “Жас сахна” Алматы театры). Режиссер жана аткаруучу - Марианна Покровская.

Бул айыккыс дарт менен ооруган он жаштагы баланын окуясы. Ал оорусуна карабай кыска бирок өрнөктүү жашоосун татыктуу жашап өткөнгө күч табат. Аны бардык жагынан эң жакын досу Кызыл айым – аны багып караган кары аял – колдоп турат. Ал балага адамдарды жакшы көргөндү жана алардын кемчиликтерин кечиргенди, достошконду жана достукка бекем турууну, жашоонун бардык кырын кабыл алганды, ар бир күнүн баалаганды үйрөтөт. Бул окуя жашоо оорудан да күчтүү болоорун көрсөтөт.

10-октябрь, саат 19:00 - Н.Мазур Гамлеттин түштөрү” (Владимир ш., Орусия). Режиссер - Линас Мариюс Зайкаускас. Аткаруучу – Александр Аладышев.

«Гамлеттин түштөрү» - У.Шекспирдин трагедияларына негизделген моноспектакль-фантазиялар. Гамлет – убакытка багынбаган түшүнүк болгондуктан, жаңы спектаклдын сюжети азыркы заманда жашаган кайсы бир “даниялык ханзааданын” болгон трагедияны түшүнүүгө жана анын кинолентасын артка жылдырууга аракетинен жаралат. Кайтып келүүгө болбой турган АЛ ЖАКТАГЫ пресс-конференция сыяктуу. Антуражын ачылган ноутбук жана толтура микрофондор турган компютердик стол түзөт...

11-октябрь, саат 19:00 – Л.Зорин «Варшава мелодиясы» (Клайпеда ш., Литва). Режиссер - Альвидас Визгирда. Аткаруучулар - Лина Растокаите, Габриэлюс Запалскис.

“Варшава мелодиясы” спектакли мурдагы Советтер Союздун көп жеринде коюлуп, анда эң атактуу актерлор ойношкон. Бул күндөрү ал кайрадан актуалдуулугун көрсөтүп, Клайпеданын “Пилиес” театрында жандандырылды. Согуштан кийинки Орусия. Эки жаш: орус жигити жана поляк кызы Москвада бири-бири менен таанышып калышат. 1947-жылы ССРСте чет элдиктер менен үй-бүлө курууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу. Бул мыйзам эки жаштын ортосунда жаңыдан гана башталып келе жаткан ысык мамилеге бөгөт коет. Он жылдан кийин экөө Варшавада, андан кийин Москвада жолугуп калышат... Пьесанын каармандары эркин жана бактылуу болгондон коркушат. Социалдык түзүмдү өзгөрткөнгө же мыйзамды жокко чыгарганга караганда адамдын психологиясын өзгөртүү, коркуу сезимдеринен жана ар түрдүү комплекстеринен арылтуу алда канча оор нерсе.

12-октябрь, саат 19:00 – Н.Мазур «Эдит Пиаф» (Вологда ш., Орусия). Режиссёр - Яков Рубин. Аткаруучу Орусиянын эмгек сиңирген артисти, Станиславский атындагы Орусия Федерациясынын мамлекеттик премиясынын лауреаты, М.Щуко атындагы премиянын лауреаты, көптөгөн эл аралык жана орусиялык фестивалдардын жеңүүчүсү жана призёру Ирина Жапакова.

Бул окуя улуу француз ырчысынын катуу ооруп калгандагы жашоосунан бир көрүнүш. “Бул мен – Эдит Пиафмын... Ооруканада төшөктө жатам... Эскерүүлөрүмдү жазып жатам...” Анын эч нерсесин жашырбай, ыймандай сырын төгүп, мистикалык детективге окшош жашоосуу тууралуу айтып бергени көп жаркын эпизоддорду жаратат. Алардын ар бири – анын тагдырындагы маанилүү бурулуш. Ырчы тагдыры менен өзгөчө бир мамиледе болоор эле. Анын кайгылуу жана укмуш жашоосундагы ар бир эпизод – керемет ырларын жаратууга себепчи болгон “акыр-чикир” нерселер сыяктуу.

13-октябрь, саат 19:00 – А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын “Бул кичинекей, чоң театр” деген аталыштагы юбилейлик концерти. Режиссер –КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Нурлан Асанбеков.

А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрын КР Эл артисти Арсен Умуралиев жана театр сынчы Уйгүл Умуралиева 1993-жылы мамлекеттик театрлардын академиялык формаларына альтернатива катары түзүшкөн болчу. Театрдын идеялары: театрдык оюнду эстетизация кылуу, калыптанып калган стереотиптерди бузуу, аткаруу өнөрүнүн ар түрдүү түрлөрүндө жана формаларында иштеп көрүү, салттык өнөрлөрдү сактоо жана өнүктүрүү, башка өлкөлөрдүн маданият жана өнөр ишмерлери менен кызматташуу. А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры республикабыздагы чыгармачыл жамаатардын арасында өзүнүн татыктуу ордун таба алды, кыргыз өнөрү менен чет элдиктерди такай тааныштырып келет, Эл аралык фестивалдардын катышуучусу жана уюштуруучусу, театр күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланып, сынчылардын мыкты пикирлерине арзып келет.

Фестивалдын эксперттик тобу:

Нина Мазур – театр сынчысы, ЮНЕСКОнун алдындагы Дүйнөлүк театр институтунун (ITI) монобагытынын вице-президенти (Германия);

Бекпулат Парманов – Казак Эл артисти, режиссер (Казакстан);

Сания Кабдиева – театр сынчысы, профессор, Жургенов атындагы Театр өнөрү академиясынын театртаануу кафедрасынын жетекчиси (Казакстан);

Айгүл Умуралиева, театр сынчысы, А.Умуралиев атындагы БШДТнын көркөм жетекчиси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (Кыргызстан);

Сухроб Мирзоев – М.Вахидов атындагы Мамлекеттик жаштар театрынын директору (Тажикстан);

Камариддин Артыков – театр сынчысы (Өзбекстан).

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине