"Музейлер түнү 2019" бүт региондордо/ 6 жыл Кыргызстанда

12:11, 14 Мая 2019

Быйыл 2019-жылдын 17-майында (18.00 - 24.00) "Музейлер түнү" долбоору

"OYOUM group” чыгармачыл, креативдүү жаштар тобу менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда.

"Музейлер түнү" долбоору салтка айланган иш-чара катары 6 жылдан бери байма-бай эң чоң масштабдагы социалдык  маданий иш-чара катары жүзөгө ашырылууда. Быйыл "Музейлер түнү 2019", долбоорунун алкагында борбор шаарыбызда, Кыргыз Республикасынын бүт региондорунда өтмөкчү.

Жыл сайын "Музейлер түнү" долбоору, адамдардын кызыгуусун жаратып, эл күткөн керемет маданий иш-чарага айланды. Анткени 2018-жылдагы " Музейлер түнүнө"

35 000 адам күбө болуп (6 саат аралыгында), өлкөнүн 6 областын камтыган.

"Музейлер түнү" программасы жыл сайын элдин суроо талабын эске алуу менен бирге иштелип чыгарылат.

Биздин быйылкы жылдагы "Музейлер түнү 2019" долбоору маданиятка карай зымырык жол. Бул иш-чарага атактуу эстрада ырчылары, Кыргыз Республикасында башка өлкөлөрдүн  ыйгарым укуктуу элчилери, музей түнүндө гид болуу базыйпасын аткарышмакчы.

Долбоордун алкагында, ар тараптуу багыттарды бириктирүүгө шарт түзүлүүдө, мисалга алсак:

"Кино искусствосу"

"Театр искусствосу"

"Спорт искусствосу"

"Мода искусствосу"

"Жашоо маданияттуулугу" (эко аң сезим, салттуу билим)", андан сырткары  "Сүрөтчүлөр аллеясы", менен "Жазуучулар аллеясы", "Устачылар аллеясы" орун алмакчы.

Алты саат аралыгында 200 ар кыл тематикадагы, жанрдагы иш- чаралар, белгилүү кесипкөй адистердин, эл аралык ареналарда өлкөнүн маданий тармагынын сап башында турган сүрөтчүлөр, маданият кызматкерлери иш алып бармакчы.

Иш чаранын алкагында белгилүү инсталяциялар көргөзүлүп, музей түнүнүн концепциясы чагылдырылмакчы. Быйыл "Музей түнү 2019" долбоордун алкагында 40 000 жакын адам келээри күтүлүүдө.

2019-жылкы "Музей түнүнүн" концепциясы жөндөн жөн "Назик мурас" деп аталган жок. Акыркы дүйнө жүзүндө болуп жаткан маданий мурас обьектилеринин кыйроосу, адам баласын маданий объектилерин аздектөө керегин таасын көргөздү. Аны Пальмира, Нотр Дам де Пари маданий мурас обьектилеринин мисалында көрүүгө болот.

"Назик мурас” - түбөлүктүү нерсенин баасын, баркын, билбестик аркылуу, маданий объектилерди сактабай, кыйроого учуратуу коркунучтуу жана орду толгус жоготуу экенин эске алуу болуп эсептелет жана сактап, коргоп калуу максатын көздөйт. "Назик мурас" тематикасына музейлер түндүн катышуучулары менен бирге аркыл жааттагы инсталяция, сүрөтчүлөр сунуштаган  тактык жүгүртмөлөр аркылуу маданий мурастарга аяр мамиле жасоону чечмелөөгө мүмкүнчүлүк жасалмакчы.

Сүрөтчүлөрдүн иштери аркылуу маданий мурас обьектилерин, материалдык жана материалдык эмес мурастарды сактоонун кечээ күнү, бүгүн, эртеңкиси туралуу ой жүгүртүлөр орун алмакчы.

"Музейлер түнү" долбоорунун алкагында иш-чаранын экинчи актуалдуу темасы "Аярлуу дүйнө ченеми", адамзаттын дүйнөгө болгон таасири, экология, пластикти колдонуу, бак дарактарды кыйуу, ааламдашуу доорундагы жаратылыш сактоо жана барктоо, жаратылышка кылдат аяр мамиле кылууну чагылдырылган кызыктуу, пайдалуу иш аракеттерди чагылдырмакчыбыз.

Саат 21.00дөн -24.00 гө чейин түндүн ай жарыгында лабиринтте өтүү идеясын сунуштамакчыбыз "Искусствону издөөнү". Сизге айдын жарыгынын жардамы менен, (телефон, фонарик) арт-обьектилерди, чыгармачыл адамдардын эмгектерин, сергек жашоого үндөө жана башка маанилүү темаларды өзүнө камтууну максат кылмакчы.

Белгилей кетчү жагдай "Музей түнү 2019" 17 майда саат 18:00 Курманжан Датка айкелинин алдында салтанатту ачылыш аземи өтөт.

Толук катышуучу музейлердин тизмеси даярдалууда.

Кенен маалымат алыш үчүн тѳмѳнкү  номерлерге байланышсаңыздар болот, долбоордун жумушчу тобуна:

Долбоордун уюштуруучусу, Чолпон Тентиева +996 778 22 13 13

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине